Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 24-августундагы № 441 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 16-марты № 125
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 2-апрелиндеги № 164 "Чоңдуктар бирдиктеринин улуттук жана баштапкы эталондорун бекитүү, Кыргыз Республикасынын улуттук эталондорунун мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартибин бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин "Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 2-апрелиндеги № 164 "Чоңдуктар бирдиктеринин улуттук жана баштапкы эталондорун бекитүү, Кыргыз Республикасынын улуттук жана баштапкы эталондорунун мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартибин бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- аталышындагы жана 1-пунктундагы "улуттук жана баштапкы эталондордун мамлекеттик реестри" деген сөздөр "Улуттук эталондордун мамлекеттик реестри" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- кириш сөзүндөгү "7" деген цифра "6" деген цифра менен алмаштырылсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Чоңдуктардын бирдиктеринин улуттук жана баштапкы эталондорун бекитүү, Кыргыз Республикасынын улуттук жана баштапкы эталондорунун мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартибинде:
- аталышында жана бүткүл тексти боюнча ар түрдүү жөндөмөлөрдөгү "улуттук жана баштапкы эталондорунун мамлекеттик реестри" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Улуттук эталондордун мамлекеттик реестри" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- бүткүл текстиндеги ар түрдүү жөндөмөлөрдөгү "метрология боюнча ыйгарым укуктуу орган" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөлөрдөгү "метрология боюнча улуттук орган" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- эталон - чоңдуктардын бирдигин же өлчөөлөрдүн шкалаларын кайра көрсөтүү же алуу, сактоо жана берүү үчүн арналган өлчөм каражаты;
- баштапкы эталон - эң чоң метрологиялык касиетке ээ болгон (өлкөдө, региондо, уюмда, лабораторияда) жана эталондорго жана өлчөм каражаттарына баш ийдирилген чоңдуктарды же өлчөм шкалаларын билдирүүчү эталон;
- улуттук эталон - өлчөмдөр бирдигин камсыз кылуу боюнча мамлекеттик орган тарабынан мамлекетте же экономикада өлкө үчүн баштапкы катары пайдалануу үчүн таанылган эталон;
- эталондорду сактоо - эталондорго карата милдеттүү метрологиялык жана техникалык талаптарды, ошондой эле алардын мазмунуна жана колдонулушуна карата талаптарды аткарууну камсыз кылуу үчүн зарыл болгон операциялардын жыйындысы.";
- 3 жана 13-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын;
- 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Улуттук эталондор Кыргыз Республикасынын менчиги болуп саналат жана менчиктештирилүүгө жатпайт.";
- 6-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6. Башка уюмдарда сакталып турган Кыргыз Республикасынын физикалык чоңдуктарынын айрым бирдиктеринин баштапкы эталондоруна ушул Тартипке ылайык улуттук эталондордун статусу берилет.";
- 8, 35 жана 40-пункттардагы ар түрдүү жөндөмөлөрдөгү "жана баштапкы" деген сөздөр алып салынсын;
- бүткүл текст боюнча ар түрдүү жөндөмөлөрдөгү "илимий-техникалык отчет" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөлөрдөгү "техникалык тапшырма" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 12-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"12. Эталонду улуттук катары бекитүүгө берүү үчүн эталондордун сактоочусу документтердин төмөнкүдөй пакетин даярдайт:
- эталонду түзүү боюнча техникалык тапшырманы;
- эталондун паспортун.";
- 15-пункттун бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- эксплуатацияга берүү датасы;";
- 27-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"27. Эталонго баштапкы статусун берүү үчүн метрология боюнча улуттук органга эталондун паспорту көрсөтүлөт.";
- 38-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"38. Кыргыз Республикасынын улуттук эталондорун каттоодо төмөнкүлөрдөн турган белги ыйгарылат:
- КG 417 - Дүйнө өлкөлөрүнүн мамлекеттер аралык классификатору боюнча Кыргыз Республикасынын коду;
- 01 - юридикалык жактын метрологиялык кызматынын - эталондун сактоочусунун коду;
- 0000 - өлчөмдүн түрүнө шайкеш номур;
- 000 - каттоонун катар номуру;
- 20... - катар номурдан кош чекит менен ажыратылган бекитилген жылы;
- НЭ - эталондун статусунун индекси.
Жазуу мисалы: - КG 417/01.3001.012:2012НЭ.";
- жогоруда аталган Тартипке 1-тиркеме төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Чоңдуктардын бирдиктеринин улуттук жана баштапкы эталондорун бекитүү, Кыргыз Республикасынын улуттук эталондорунун мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартибине 1-тиркеме |
Улуттук эталонду түзүү боюнча техникалык тапшырмага карата талаптар
Эталонду түзүүгө техникалык тапшырма эталондун абалын жана аны сактоонун шарттарын талдоонун негизинде түзүлөт. Техникалык тапшырма өзүнө төмөнкү документтердин тизмегин камтышы керек:
- эталондун абалын талдоону, изилдөөлөрдүн, текшерүүлөрдүн жана/же башка өлкөлөрдүн эталондору менен калибровкалоонун натыйжаларын;
- лабораториялык жайлардын абалдарына талдоону жана сактоо жана колдонуу шарттарына карата талаптарды;
- жабдууларга, кондициялоо системасына техникалык спецификацияны.
"Эталондун абалын талдоо, изилдөөлөрдүн, текшерүүлөрдүн жана/же башка өлкөлөрдүн эталондору менен калибровкалоонун натыйжалары" бөлүмүндө төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- эталондун аталышы;
- эталонду эксплуатацияга киргизүү датасы;
- эталондун курамы;
- эталонду сактоочу уюмдун жайгашкан жери жана аталышы;
- эталондун сыпаттамасы жана иштөө принциби;
- эталондун метрологиялык мүнөздөмөсү (чоңдуктун диапазону же номиналдык мааниси, өлчөмдөрдүн аныкталбагандыгы, метрологиялык мүнөздөмөлөрдү изилдөөнүн усулдары);
- ушул эталонду башка өлкөлөрдүн эталондору менен салыштыруунун натыйжалары жана алынган натыйжаларды салыштыруу;
- эталонду сактоонун жана колдонуунун шарттары.";
жогоруда аталган Тартиптин 2, 5 жана 8-тиркемелери күчүн жоготту деп таанылсын;
- жогоруда аталган Тартиптин 3-тиркемесинин тогузунчу-он төртүнчү абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |