Редакцияот 26.03.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY

ТОКТОМ

2015-жылдын 26-марты № 163

Доха шаарында 2014-жылдын 8-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Катар мамлекетинин Өкмөтүнүн ортосундагы Жаштар саясаты чөйрөсүндөгү кызматташтык жөнүндө меморандумду бекитүү тууралуу

Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркелген: Доха шаарында 2014-жылдын 8-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Катар Мамлекетинин Өкмөтүнүн ортосундагы Жаштар саясаты чөйрөсүндөгү кызматташтык жөнүндө меморандум бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган Меморандумдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө катар тарапка билдирсин.

3. Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги аталган Меморандумду аткаруу үчүн жооптуу орган болуп аныкталсын.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

Дж.К.Оторбаев