Загрузка документа…
| КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 26-мартындагы № 163 токтому менен бекитилди |
Доха шаары, 2014-жылдын 8-декабры
Мындан ары "Тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги жана Катар Мамлекетинин Өкмөтүнүн атынан Катар Мамлекетинин Жаштар жана спорт министрлиги эки өлкөнүн ортосундагы эки тараптуу достук мамилелерди өнүктүрүү жана илгерилетүү, жаштар саясаты чөйрөсүндөгү кызматташтыкты күчөтүү максатында, эки мамлекетте колдонулган мыйзамдарды жана ченемдерди көңүлгө алып, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене. Максаттар
1. Жаштар саясаты чөйрөсүндө эксперттердин, адистердин жана жаштар уюмдарынын ортосунда тажрыйба алмашууну илгерилетүү.
2. Жаштардын дене-тарбиялык жана экономикалык жигердүүлүгү менен байланышкан, ошондой эле өз ара кызыкчылыктарды жараткан башка жааттарда маалыматтарды жана көз караштарды алмашуу.
3. Тараптардын мамлекеттеринде жүргүзүлүүчү жаштар саясатынын маселелерине тийиштүү болгон жолугушууларга, конференцияларга, лекцияларга, семинарларга жана академиялык форумдарга катышуу үчүн чакырууларды алмашуу.
4. Жаштар уюмдарын, борборлорду жана окуу жайларын тартуу менен жаштар арасындагы спорттук мелдештерди жана маданий иш-чараларды өткөрүү боюнча сунуштарды алмашуу.
5. Эл аралык деңгээлде жаштардын көйгөйлөрү боюнча биргелешкен позицияларды иштеп чыгуу жана координациялоо.
2-берене. Кызматташуу чөйрөлөрү
Тараптар төмөнкүлөрдү кошкондо, жаштар саясатын өнүктүрүү жана жаштар менен иш алып баруу жаатында кызматташат:
- Тараптардын мамлекеттеринин ортосунда жаштардын кызматташууларына түрткү берүүчү жаштардын маселелерине тийиштүү болгон маалыматтарды жана пландарды, жаштар чөйрөсүндөгү изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын алмашуу;
- кызматташууну өнүктүрүү үчүн Тараптардын мамлекеттериндеги жаштар уюмдары жөнүндө маалыматтарды алмашуу;
- Тараптардын мамлекеттеринде өткөрүлүүчү жаштардын эл аралык иш-чараларына чакырууларды алмашуу;
- жаштарды визиттер менен жиберишүү, Тараптардын мамлекеттеринин жаштар саясаты чөйрөсүндөгү мамлекеттик кызматкерлерди жана эксперттерди визиттер менен жиберишүү;
- Тараптардын мамлекеттеринин ортосунда достукту чыңдоонун алкагында жаштардын кыймылына жана аны өнүктүрүүгө тиешелүү болгон бардык чөйрөлөрдө кызматташуу;
- жаштарды ишке орноштуруу менен байланышкан маселелерде маалымат алмашуу жана кызматташуу;
- жаштарга тиешелүү болгон кызматташуунун башка чөйрөлөрү.
3-берене. Иш сапарлар
Жаштар саясаты чөйрөсүндө кызматташууларды өнүктүрүү үчүн расмий делегациялардын иш сапарлары Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарына ылайык расмий чакыруулардын негизинде уюштурулат.
4-берене. Биргелешкен комиссия
1. Тараптар ушул Меморандумдун жоболорун аткаруу, бул Меморандумдун алкагында биргелешкен иштерди уюштуруу, координациялоо жана жаштар саясаты жаатындагы кызматташууну жакшыртууга багытталган сунуштарды иштеп чыгуу үчүн биргелешкен комиссия түзүшөт.
2. Биргелешкен комиссиянын курамын, функцияларын жана мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарын Тараптар аныктайт жана дипломатиялык каналдар боюнча жиберилет. Биргелешкен комиссия Тараптардын мамлекеттеринин биринин аймагында кезек-кезеги менен жылына бир жолу чогулат. Биргелешкен комиссиянын жыйынын убактысы жана боло турган жери Тараптардын дипломатиялык каналдары боюнча аныкталат.
5-берене. Финансылык чыгымдар
1. Тараптар өз делегацияларынын баруусу, ошондой эле тамактануусу жана жашап туруусу менен байланышкан чыгымдарды, эгерде Тараптардын ортосунда башкача сүйлөшүлбөсө, эл аралык кызматташууну өнүктүрүүгө каралган өздөрүнүн бюджеттик каражаттарынын алкагында өз алдынча көтөрүшөт.
2. Бул Меморандумда каралган иш-чараларга катышуу жана аларды каржылоо эгерде, каржылоонун башка шарттары сүйлөшүлбөсө, Тараптардын бюджетинин жана мүмкүнчүлүктөрүнүн алкагында жүргүзүлөт.
3. Зарыл болгон учурда жиберүүчү Тарап өлкө ичинде жүрүү үчүн транспорт берүүгө көмөктөшөт ошондой эле шашылыш кырдаалдарда медициналык жардам көрсөтөт.
6-берене. Кайчы пикирлерди чечүү
Бул Меморандумду чечмелөөгө жана колдонууга тиешелүү кайчы пикирлер Тараптардын консультацияларды жана сүйлөшүүлөрү жүргүзүүсү аркылуу чечилет.
7-берене. Оңдоолор
Тараптардын өз ара макулдугу боюнча бул Меморандумга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар ушул Меморандумдун ажырагыс бөлүгү болуп саналган өзүнчө протоколдор менен таризделет.
8-берене. Күчүнө кириши жана колдонуу мөөнөтү
Бул Меморандум ар бир тарап дипломатиялык каналдар аркылуу ушул Меморандум күчүнө кириши үчүн ички мамлекеттик жол-жоболордун аяктагандыгын ырастаган жазуу жүзүндөгү акыркы кабарламаны алган күндөн тартып күчүнө кирет жана 4 жыл колдонулат жана эгерде, Тараптардын бири дагы экинчи Тарапка дипломатиялык каналдар аркылуу ушул Меморандумдун колдонулушун токтотуу ниети жөнүндө алты айдан кечиктирбестен кат жүзүндө кабарлама жибербесе, дароо ушунча мөөнөткө/мөөнөттөргө узартылат.
Мындай токтотуу, эгерде башкача сүйлөшүлбөсө, ушул Меморандумдун алкагында ал аяктаганга чейин боло турган бардык иш-чаралардын, программалардын, иш-чаралардын ырааттамасынын жокко чыгарылышына таасирин тийгизбеши керек.
Доха шаарында 2014-жылдын "___" ____________ ар бири кыргыз, араб, орус жана англис тилдеринде эки түп нускада түзүлдү. Тексттерди чечмелөөдө кайчы пикирлер келип чыккан учурда, Тараптар англис тилиндеги текстке кайрылышат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн |
| Катар Мамлекетинин Өкмөтү үчүн |