Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 13-декабрындагы № 675
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 26-марты № 164-2/1
2015-жылга карата экономикалык саясаттын негизги багыттарын аныктоо жана ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10, 17-беренелерине жана "Кыргыз Республикасынан Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы
ТОКТОМ КЫЛЫШАТ:
1. Тиркелген: Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2015-жылга карата экономикалык саясаттын негизги багыттары жөнүндө биргелешкен билдирүүсү жактырылсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы төрагасынын милдетин аткаруучу |
Дж.Оторбаев |
| Н.Жениш |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2015-жылдын 26-мартындагы № 164-2/1 токтому менен жактырылган |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү (мындан ары - Өкмөт) менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары - Улуттук банк) 2014-жылы жүргүзгөн экономикалык саясаты дүйнөлүк экономиканын, анын ичинде негизги соода өнөктөштөрү болгон өлкөлөр - Россия Федерациясынын жана Казакстандын экономикасынын басаңдашынын улануусунун терс таасирине карабастан, экономиканын өнүгүүсүндө байкала баштаган оң динамиканы, өлкөдөгү макроэкономикалык жана социалдык туруктуулукту сактоого мүмкүндүк берди.
2014-жылдын жыйынтыгында, баштапкы баалоо боюнча республиканын экономикалык өсүшү 103,6 пайызды түздү.
2014-жылы инфляция 3,6 пайыздан 10,5 пайызга чейинки диапазондо өзгөрүп турду, ал эми анын жылдык орточо мааниси 7,5 пайызды түздү. Эндогендик (жаратылыш-климаттык шарттардан улам айыл чарбасындагы өндүрүштүн төмөндөшү; турак жай-коммуналдык чарбалардын кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтин жогорулашы, Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык союзуна кошулуусуна байланыштуу инфляциялык күтүүлөрдүн өсүшү), ошондой эле экзогендик (сомго жана башка валюталарга карата АКШ долларынын чыңдалышы; Россиянын мунайды иштетүүчү заводдору тарабынан күйүүчү-майлоочу материалдарды берүү баасынын кымбаттатылышы; Казакстанда дан эгиндеринин түшүмүнүн көлөмүнүн кыскарышына байланыштуу импорттолуучу буудайдын наркынын жогорулашы) факторлор менен шартталган инфляциялык процесстердин өлкөдө тездешине байланыштуу Өкмөт менен Улуттук банктын биргелешкен аракети бааны турукташтырууга багытталган.
Дүйнөдөгү түзүлгөн АКШ долларынын курсунун бекемделүү тенденциясы, ошондой эле Россиянын экономикасында болуп жаткан окуялар республикада инфляциялык күтүүлөрдүн күчөшүнө алып келди, бул чет өлкөлүк валютага карата ашыкча суроо-талаптарга алып келди жана өз кезегинде алмаштыруу курсуна таасирин тийгизди. Мындай шарттарда Өкмөт менен Улуттук банк тарабынан өлкөнүн социалдык-экономикалык өсүшүнүн көрсөткүчтөрүн өзгөртүүгө таасирин тийгизүүчү тобокелдиктерди минималдаштыруу боюнча ыкчам чаралар көрүлдү. Улуттук валютанын алмашуу курсунун кескин өзгөрүшүн жөнгө салуу, ички валюта рыногундагы алып-сатардык операцияларды алдын алуу, товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө карата баанын кескин жогорулашына жол бербөө максатында Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги тарабынан министрликтер жана ведомстволор менен бирдикте биринчи кезектеги чаралардын планы иштелип чыкты. Улуттук банк тарабынан валюталык интервенция жүргүзүү, 10,50 пайызга (2014-жылдын башында эсеп коюму 4,16 пайызды түзгөн) чейин эсептик коюмду жогорулатуу, коммерциялык банктарга милдеттүү резервдик талаптардын күндөлүк минималдуу чектик деңгээлин киргизүү аркылуу алмашуу курсундагы кескин өзгөрүүлөрдү жөнгө салуу боюнча чаралар көрүлдү.
Банк сектору өнүктүрүүнүн туруктуу динамикасын көрсөтүп, ал банк системасынын суммалык активдеринин 2014-жылы 23,9 пайызга өсүп, 137,6 млрд. сомду түзүүсү менен коштолду. Банк секторунун жалпы депозиттик базасы 82,5 млрд. сомду түзүп, жылдын башынан бери 22,6 пайызга өстү, анын ичинде калктын депозити 22,1 пайызга өстү.
2014-жылдын 31-декабрына карата банк секторунун кредиттик портфелинин көлөмү (банктарга жана башка финансылык-кредиттик мекемелерге берилген насыяларды эсепке албастан) жылдын башынан бери 45,9 пайызга өсүп, 78,8 млрд. сомду түздү.
Экономикалык өсүштүн оң динамикасын бекемдөө 2013-2017-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүгө өткөрүү боюнча программаны ишке ашырууга карата көпчүлүк бөлүгү экономиканын стратегиялык тармактарын өнүктүрүү үчүн бизнес жүргүзүүнүн шарттарын жөнөкөйлөтүүгө жана тоскоолдуктарды жок кылууга, улуттук масштабдагы инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга багытталган 2014-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Иш-чаралар планынын алкагында активдүү илгериледи. 2014-жылы 15 долбоор, анын ичинен 7 долбоор агрардык өнөр жай комплексинде, 4 долбоор энергетикалык сектордо, 4 долбоор - транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндө ишке ашырылган.
Айыл чарба өндүрүшүн өбөлгөлөө максатында "Айыл чарбасын каржылоо-2" долбоору ишке ашырылды (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 31-январындагы № 61 токтому), анын алкагында республиканын алты банкы тарабынан фермерлерге жеңилдетилген 15525 насыя бөлүнгөн, анын жалпы суммасы 5300 млн. сомду түздү.
Ишкердик жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жана аларды колдоо боюнча иштер улантылды. Мамлекеттик контролдоочу органдарга объекттердин тобокелдикке учуроо даражасын жана текшерүүлөрдүн санын азайтууга, негизсиз жана ашыкча текшерүүлөрдү кыскартууга мүмкүндүк берүүчү текшерүүлөрдү башкаруунун маалыматтык системасы түзүлдү. Объекттер тобокелдин деңгээлине карата текшерилет: "тобокел деңгээли жогору" - жылына бир жолудан кем эмес, "деңгээли орточо" - үч жылда бир жолудан көп эмес жана "маанилүү эмес деңгээлдегилер" - беш жылда бир жолудан көп эмес. Текшерүү жүргүзүүнүн мөөнөтү эки эсеге кыскартылды - юридикалык жактар үчүн 15 күнгө чейин, чакан бизнестин субъекттери үчүн - 5 иш күнгө чейин. Ишкердик жүргүзүүнү жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын сапатын жакшыртуу максатында, ишкердик жүргүзүүгө ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн Ишкер субъекттердин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоонун жаңы методикасы кабыл алынды (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы № 559 токтому).
Жүргүзүлүп жаткан фискалдык саясаттын алкагында жүргүзүлүп жаткан салыктык саясатты, салыктык жана бажылык башкаруу системасын өркүндөтүү үчүн бир катар ченемдик укуктук актылар кабыл алынды. "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 11-апрелиндеги № 57 Мыйзамын кабыл алуу жарандарга (мамлекеттик кызматкерлерге дагы) акча каражаттарын, кыймылсыз мүлкүн, баалуу кагаздарын, ишканалардагы капиталдын ага таандык үлүшүн, кыймылдуу мүлктүн башка түрлөрүн буга чейинки бардык отчеттук мезгилдер үчүн ыктыярдуу декларациялоо жолу менен өзүнүн кирешесин мыйзамдаштырууга мүмкүндүк түздү.
2014-жылга карата белгиленген параметрлерге ылайык, мамлекеттин социалдык кепилдиктерин толук жана өз убагында каржылоо камсыздалды.
Евразия экономикалык союзун (мындан ары - ЕАЭС) түзүүнү эске алуу менен Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын жана Россия Федерациясынын Бирдиктүү экономикалык мейкиндигине Кыргыз Республикасынын кошулуусу боюнча Жогорку Евразия экономикалык кеңештин 2014-жылдын 10-октябрындагы № 75 чечими менен бекитилген Иш-чаралар планы ("жол картасы") жигердүү ишке ашырылды. Улуттук мыйзамдарды ЕАЭСтин ченемдик базасына ылайык келтирүү боюнча масштабдуу иш жүргүзүлдү, анын алкагында 112 ченемдик укуктук актыларга (38 мыйзамга, башка 74 ченемдик укуктук актыларга) өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди.
2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык союзуна Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө келишимге 2014-жылдын 23-декабрында кол коюлушу жылдын эң негизги окуясы болду. 2015-жылдын 1-январында постсоветтик мейкиндикте ири интеграциялык бирикме - ЕАЭБ иштеп баштады, ал катышуучу өлкөлөрдүн ортосунда товарлардын, кызматтардын, капиталдын жана эмгек ресурстарынын кыймылынын эркиндигин камсыздайт. Бардык жол-жоболор аяктагандан кийин, 2015-жылдын май айында Кыргызстандын ЕАЭСтин толук укуктуу мүчөсү болушу күтүлүүдө. Республика үчүн бул экономикалык интеграциянын жаңы тепкичи. Өлкөбүзгө социалдык-экономикалык өнүгүү үчүн жаңы горизонттор ачылат; экономикада ишкердик активдүүлүктү күчөтүү үчүн өбөлгөлөр түзүлөт, ошондой эле ата мекендик айыл чарба өндүрүшү, тамак-аш жана кайра иштетүүчү ишканалар, бизнес үчүн шарттар жаралат.
Ошентип, 2014-жылы бир катар натыйжаларга жетишилди. Ошондой болсо да, 2015-жылы өлкөнүн экономикасынын өнүгүүсүнө таасирин тийгизүүчү ички жана тышкы опурталдар сакталууда.
Дүйнөлүк экономикада төмөндөөнүн тенденциясы сакталууда. Дүйнөлүк экономиканын өнүгүүсүндө 2015-жылга карата божомол мурдагы болжолдонгон 4,0 пайыз өсүштөн 3,8 пайызга чейин азаяры, еврозонада - апрелдеги 1,5 пайыздан 1,3 пайызга төмөндөөрү каралып чыкты (Дүйнөлүк валюталык фонддун болжолу). Ошондой эле Кыргыз Республикасынын негизги соодалык өнөктөрү болгон өлкөлөрдө экономикалык өсүштүн деңгээлинин 2015-жылга карата көрсөткүчтөрү азаюу жагын карай кайрадан каралып чыкты.
Негизги соода өнөктөшүбүз болгон өлкөлөрдөгү кийинки геосаясий жана геоэкономикалык өзгөрүүлөр Кыргызстандын экономикасынын тышкы факторлорго көз карандылыгынын даражасын дагы бир жолу далилдеп турат. Мисалы, Россияда дүйнөлүк чийки зат рыногундагы баалар олуттуу төмөндөдү; Brend мунайга болгон баа 2014-жылы 46,57 пайызга төмөндөдү (107,7 долл./баррелден 57,54 долл./баррелге чейин, 2015-жылы мунайга болгон баанын дагы төмөндөшүнө тобокелдиктер сакталууда); 2014-жылы АКШ доллары рублга карата 71,89 пайызга бекемдеди; инфляция тездеп, 2014-жылдын 31-декабрына карата 11,4 пайызды түздү, капиталдын чыгуусу күчөдү.
2015-жылы Россиянын экономикасы стагнация фазасынан рецессия фазасына өтүүсү мүмкүн (РФББнын баалоосу боюнча мунайга болгон баррелдин орточо жылдык баасы 60 АКШ долларын түзсө, ИДПнын төмөндөшү (-) 4,8 пайызды түзүшү мүмкүн, бул болсо ЕАЭСке мүчө өлкөлөрдүн, анын ичинде Кыргыз Республикасынын дагы экономикалык өсүш темпин андан ары төмөндөөгө алып келет.
Мындай жагдайлардын айдыңында социалдык-экономикалык өнүгүүгө негизги таасир берүүчү факторлор болуп төмөнкүлөр саналат: инфляциялык басымдын өсүшү; ЕАЭСтин алкагындагы интеграциялык процесстер; импорттук товарларга болгон баанын жогорулашы, бул дүң жана чекене сооданын, транспорт кызматынын өсүш темпи төмөндөшүнө; жеке трансферттердин келүүсүнүн азайышына алып келет.
Ушундай шарттарда 2015-жылы экономикалык саясаттын башкы максаттары болуп макроэкономикалык туруктуулукту сактоо жана экономикалык өсүштүн оң динамикасына жетүү саналат.
2015-жылы экономикалык саясаттын негизги багыттары төмөнкүлөр болот:
- экономикалык өсүштүн оң тенденциясын сактоо үчүн базалык шарттарды түзүү;
- мамлекеттик бюджеттин тартыштыгын финансылык туруктуулукту камсыздоочу деңгээлде кармап туруу менен макроэкономикалык туруктуулукту сактоо;
- Өкмөт менен Улуттук банктын макулдашылган экономикалык саясатын жүргүзүүнүн натыйжасында баалардын туруктуулугуна жетишүү жана аны сактоо менен макроэкономикалык туруктуулукту сактоо;
- ЕАЭС алкагында интеграциялык процесстерди улантуу үчүн иш-чараларды активдүү илгерилетүү;
- мамлекеттик башкаруунун натыйжалуу системасын түзүү;
- калктын тиричилигин камсыз кылууга багытталган конкреттүү чараларды көрүү жана иштерди аткаруу аркылуу социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу.
2015-жылы өлкөнү экономикалык өнүктүрүү Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 21-январындагы № 11 Жарлыгы менен бекитилген 2013-2017-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында каралган (мындан ары - ТӨУС) багыттардын жана Кыргыз Республикасынын ЕАЭСке кошулуу шарттарынын негизинде түзүлөт.
Туруктуу экономикалык өсүштү камсыздоо үчүн Өкмөт 77 ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууну улантат; экспорттук потенциалды чыңдоо максатында агрардык сектордо атаандашуу жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу жана тамак-ашты кайра иштетүүнү өнүктүрүү багытында айыл чарбасын масштабдуу модернизациялоо башталат. "Экспортко багытталган өндүрүштү каржылоо" долбоору ишке киришет.
Өлкөнүн жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууга негизделген туруктуу экономикалык өсүштү камсыз кылуу максатында Өкмөт тарабынан Кыргыз Республикасынын кен казуу өнөр жайын өнүктүрүү боюнча 2013-2017-жылдарга карата программа, Кыргыз Республикасында энергияны үнөмдөө жана энергиянын натыйжалуулук саясатын пландоо боюнча 2013-2017-жылдарга карата программа ишке ашырылат, алардын алкагында жаратылыш ресурстарын башкаруунун, энергия сыйымдуулугун азайтуунун жана экономиканын энергиялык натыйжалуулугун жогорулатуунун, энергиянын жаңылануучу булактарын өнүктүрүүнүн жана айлана-чөйрөнүн булганышын азайтуунун принциптүү жаңы системасын түзүү башталат.
Ишкерлерге ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн Өкмөттүн аракети Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 18-декабрындагы № 3694-V токтому менен бекитилген 2013-2017-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүгө өткөрүү боюнча программага киргизилген иш-чараларды өз учурунда жана сапаттуу аткарууга багытталат.
2015-жылы жалпысынан фискалдык саясат туруктуу болот жана төмөнкүдөй чараларды ишке ашырууга багытталат: салык мыйзамдарын өркүндөтүү; Евразия экономикалык союзуна мүчө мамлекеттер менен ийгиликтүү интеграцияны камсыз кылган, башкаруунун колдонуудагы инструменттерин өнүктүрүү жана жаңыларын өздөштүрүү; салыктык жүктү максимум тегиздөө; салыктык жыйноолордун толуктугун камсыз кылуу; салыктык отчеттуулук системасын өркүндөтүү жана автоматташтыруу.
2015-жылы мамлекеттик чыгымдар саясаты бюджетти пландоону өркүндөтүү аркылуу натыйжасыз жана келечеги жок чыгымдарды кыскартуу менен социалдык багыттагы мамлекеттик чыгымдарды сактоого; Кыргыз Республикасынын Өкмөтү сарптоолордун катуу тартибин камсыздоого жана чет өлкөлүк карыздарды тартууга карата жүргүзүп жаткан иштерди эске алуу менен республиканын тышкы карыздарын тескөөгө; ТМИ портфелинин тышкы жана ички каражаттарын пайдаланууну башкарууга жана контролдоого; мамлекеттик бюджеттин тартыштыгын алгылыктуу деңгээлде камсыз кылууга багытталат.
Мамлекеттик карызды тескөө иши мамлекеттик карыздын туруктуу деңгээлин сактоо жана карыздын оорчулугун бара-бара жеңилдетүү, анын ичинде тышкы карыз боюнча белгиленген төлөө графигин сактоо менен сырттан карыз алууларды кыскартуу багытында жүзөгө ашырылат.
2015-жылы тышкы экономикалык иштер республиканын экспорттук потенциалын өстүрүү жана өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталат. Кыргыз Республикасынын ЕАЭСке кошулуу процессин жана кошулуу боюнча жол-жоболордун аткарылышын камсыздоо, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын ЕАЭСтин документтери менен айкалыштыруу, кызматташууну кеңейтүү жана интеграциялык бирикмелердин жана эки тараптуу кызматташуунун алкагында Кыргызстандын кызыкчылыктарын активдүү илгерилетүү, либералдуу соода-экономикалык мамилелерди түзүү, экономикалык максатка ылайыктуулукту эске алуу менен өкмөттөр аралык соода-экономикалык комиссиянын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу негизги багыттар болуп калат.
"Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Мыйзамга ылайык тиешелүү акча-кредиттик саясатты жүргүзүү менен баалардын туруктуулугуна жетишүү жана аны кармап туруу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ишинин максаты болуп саналат. Акча-кредиттик саясаттын тандалып алынган режиминде каралган стратегиялык чаралар жана инструменттер ТӨУСта аныкталган милдеттерди ишке ашырууга багытталат.
Соодада өнөктөш өлкөлөрдүн макроэкономикалык көрсөткүчтөрүнүн болжолдору 2015-жылы алардагы жагдайлар татаал бойдон калаары тууралуу күбөлөндүрүүдө, бул биздин өлкөдө жогорку инфляциялык басымдын сакталышын аныктайт. Кыргыз Республикасынын интеграциялык бирикмелерге кошулуусу баалардын кошумча өсүшүнө алып келиши мүмкүн, анын натыйжасы кыска мөөнөттүк мүнөзгө ээ. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 20-ноябрындагы № 660 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын 2014-2017-жылдарга карата электр жана жылуулук энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатына ылайык 2014-жылы башталган тарифтик жогорулоо 2015-жылы да уланат.
Керектөө себетиндеги азык-түлүк товарлардын көпчүлүк үлүшүн жана импортко болгон көз карандылыкты эске алуу менен, баалардагы туруктуулуктун орчундуу фактору болуп азык-түлүктүн дүйнөлүк рынокторундагы баалардын динамикасы жана ички рыноктун бул топтогу товарларга толуу деңгээли саналат. Мындай шарттарда баага карата жагдайларга өлкөнүн айыл чарба өндүрүшүнүн көрсөткүчтөрү жана тышкы экономикалык конъюнктура таасирин тийгизет.
Инфляциялык басымдын тышкы жана ички факторлорун сактоону, геосаясаттык факторлордун таасиринен улам соодадагы негизги өнөктөш өлкөлөрдө өнүгүүнүн макроэкономикалык болжолдорундагы олуттуу өзгөрүүлөрдү эске алуу менен, 2015-жылдын ичинде инфляция Туруктуу өнүктүрүүгө өткөрүүнүн Улуттук стратегиясында аныкталгандай, 5-7 пайыз орто мөөнөттүк багыттан жогору болот. Акча-кредиттик саясаттагы чаралар 2015-жылы инфляциянын деңгээлин 11 пайыздан төмөндөтүүгө багытталат. Ушундай динамика инфляцияны мындан ары белгиленген багытка алып келүүгө тийиш.
Акча-насыя саясатынын каражаттарын өнүктүрүү боюнча орто аралыктагы багыт катары эсептик коюмду жана акча-насыя саясатынын пайдаланылуучу каражаттарын модернизациялоону пайдалануучу иш улантылат. Бул орто мөөнөттөгү келечекте пайыздык трансмиссиялык каналдын ишин жана Улуттук банктын негизги эсептик коюмунун рыноктук коюмдарга болгон таасирин күчөтүүгө тийиш.
Улуттук банк Кыргыз Республикасы тарабынан кабыл алынган өзгөрүлмө алмашуу курсунун режимин сактоону улантат жана улуттук валютанын алмашуу курсунун кескин өзгөрүшүн жумшартуу максатында гана интервенцияларды жүргүзөт. Эл аралык резервдерди башкаруу ликвиддүүлүктү колдоонун негизги принциптерин сактоо жана резервдик активдердин коопсуздугун камсыз кылууну эске алуу менен жүргүзүлөт.
Өлкөнүн ички рыногунда улуттук валютага алтынды сатып алуу боюнча операциялар дүйнөлүк финансы рыногундагы жагдайды эске алуу менен эл аралык резервдердин көлөмүн толуктоо максатында жүргүзүлөт. 2015-жылы банктык баалуу металлдар рыногун түзүү жана өнүктүрүү жолу менен калк үчүн инвестициялоо жана аманаттардын альтернативалуу инструменттерин түзүү максатында чендик уютмалардагы алтын куймалары чыгарылат.
Улуттук банк Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен бирдикте туруктуу негизде иштөөчү Ведомстволор аралык координациялык кеңештин алкагында акча-кредиттик жана бюджеттик-салыктык саясаттын чараларын туруктуу негизде макулдашууну жүргүзүүнү улантат.
Активдүү коммуникациялык саясатты жүргүзүү практикасы сакталат, ал жүргүзүлүп жаткан акча-кредиттик саясат жөнүндө маалыматтын жеткиликтүүлүгүн камсыздайт. Коомчулукту өз убагында жана транспаренттүү маалымдоо калктын инфляциялык күтүүлөрүн төмөндөтүүгө көмөк түзөт.
Изилдөөчү институттар, эл аралык уюмдар, башка мамлекеттердин борбордук банктары менен кызматташтыкта экономикалык изилдөөлөрдү уюштуруу жана өткөрүү боюнча иштер улантылат.
Акча-кредит саясатынын өткөрүү механизмин күчөтүү максатында накталай акча эмес эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү боюнча чаралар улантылат. Бул багытта Өкмөттүн жана Улуттук банктын 2012-жылдын 14-майындагы № 289/5/1 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн арттыруу боюнча 2012-2017-жылдарга мамлекеттик программанын иш-чараларынын жүзөгө ашырылышын андан ары координациялоо жана контролдоо жүргүзүлөт. Чекене төлөм рыногун өнүктүрүү, төлөм кызматтарынын Кыргыз Республикасынын аймагына сиңүүсүнүн деңгээлин жогорулатуу артыкчылыктуу багыт болуп саналат.
Банк секторунда мыйзамдык реформаны жүргүзүүнүн алкагында Улуттук банк Өкмөт менен бирдикте Кыргыз Республикасынын Банк кодексинин долбоорун илгерилетүү боюнча иш-чараларды жүргүзөт, анын кабыл алынышы өлкөнүн банктык мыйзамдарын жаңы сапаттык деңгээлге жогорулатууга, болуп жаткан карама-каршылыктарды жана өксүктөрдү жоюуга, банк ишин жүзөгө ашырууда жана жөнгө салууда мамилелерди мыйзамдык жактан так жөнгө салууга өбөлгө түзөт.
Туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында финансылык сектордо атаандаштык чөйрөнү өнүктүрүү, коммерциялык банктардын жана башка финансылык-кредиттик мекемелердин кредиттери боюнча пайыздык коюмдарды төмөндөтүү боюнча механизмдерди жайылтуу бөлүгүндө аныкталган негизги милдеттерди ишке ашыруу улантылат, бул 2015-жылы финансылык-кредиттик мекемелердин финансылык ортомчулугунун деңгээлин жогорулатуу үчүн шарттарды түзөт.
Банк системасынын туруктуулугун жана бүтүндүгүн сактоо максатында 2017-жылга карата иштеп жаткан банктар үчүн да, ошондой эле жаңы ачылуучу банктар үчүн да капиталга бирдей талаптарды белгилөө максатында банктардын минимум уставдык капиталына талаптарды 2015-жылы этап менен 300 млн. сомго чейин жогорулатуу жагын карай өзгөртүү боюнча иш улантылат. Банктык, микрофинансылык жана төлөм кызматтарын керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоону күчөтүү, коммерциялык банктарда тобокелдиктерди башкаруунун сапатын жана тобокелдин даражасын баалоону караштыруучу тобокелдикке багытталган көзөмөлдү киргизүү ушул секторду өнүктүрүүгө шарт түзөт.
2015-жылы Улуттук банк Өкмөт менен бирдикте жана эл аралык финансылык уюмдарынын колдоосу менен Элдин финансылык сабаттуулугунун деңгээлин жогорулатуунун улуттук программасынын долбоорун иштеп чыгууну улантат.
Өкмөт жана Улуттук банк тарабынан координацияланган макроэкономикалык саясатты жүргүзүү экономиканын бардык секторлорунун туруктуу иштешин камсыздайт, бул өлкөнүн жарандарынын алдындагы социалдык милдеттерди аткарууга мүмкүндүк берет.
Социалдык саясат социалдык коргоонун, билим берүүнүн жана саламаттык сактоонун системасын андан ары өнүктүрүү, пенсиялык системаны өркүндөтүү аркылуу адамдык капиталдын сапаттык өсүшүн улантууга багытталат.
2015-жылы социалдык өнүктүрүү саясаты социалдык кепилдиктерди жана милдеттенмелерди, анын ичинде жарандардын социалдык жактан корголбогон категорияларына колдоо көрсөтүүнү толук көлөмдө камсыздоого; турмуштук кыйын кырдаалдагы балдардын жана үй-бүлөлөрдүн өнүгүүсү үчүн шарттарды түзүүгө жана аларды сапаттуу социалдык кызматтар менен камсыздоого; аз камсыз болгон балалуу үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөк пулдардын даректүүлүгүн күчөтүүгө жана алардын өлчөмүн жогорулатууга; ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын базалык кызмат көрсөтүүлөргө тең укукта жетүүсүн камсыз кылууга жана алардын коомго натыйжалуу интеграциясы үчүн жашоо-тиричилигине жеткиликтүү чөйрөнү түзүүгө; ар бир улгайган жаранды социалдык төлөмдөр жана сапаттуу социалдык кызмат көрсөтүүлөр менен камсыз кылууга; социалдык өнүктүрүү системасынын оң динамикасын сактоого жана андан ары өнүктүрүүгө багытталат.
Пенсия системасынын финансылык туруктуулугун камсыздоо, пенсияларды көбөйтүү жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жаатындагы укуктук мамилелерди өркүндөтүү боюнча чаралар ишке ашырылат; ошондой эле пенсиялык топтолгон каражаттарды инвестициялоо пландалууда.
Мурункудай эле экономикалык өсүштүн тышкы факторлордон, соодадагы негизги өнөктөш өлкөлөрдүн экономикасындагы өнүгүү тенденцияларына көз карандылыгы сакталат. Өкмөт жана Улуттук банк тарабынан дүйнөлүк конъюнктуранын начарлашына жана пайда болуучу ички жагымсыз шарттарга байланыштуу терс процесстердин экономикага таасирин тийгизиши мүмкүн болгон катуу соккуларды жеңилдетүүгө багытталган чаралардын системасы иштелип чыгат.
Ошентип, Өкмөт жана Улуттук банк тарабынан 2015-жылы жүргүзүлө турган экономикалык саясат инфляцияны солгун темпте кармап туруу менен жана өлкөнүн ИДПсын түзүүчү экономиканын бардык тармактары тарабынан колдоого алынып, экономикалык өсүштүн оң деңгээлине жетүүгө мүмкүндүк берет.
Макроэкономикалык туруктуулукка жетишүү үчүн негизги шарттар болуп өлкөдө коомдук-саясий туруктуулукту камсыз кылуу, ички ресурстарды жана жеке потенциалды натыйжалуу пайдалануу, мамлекеттик башкаруунун натыйжалуу системасын түзүү саналат.