Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 27-марты № 165
Кыргыз Республикасынын жарандарынын биометриялык маалыматтарын топтоого тартылган адамдарга компенсациялардын өлчөмүн белгилөө, компенсацияларды төлөө үчүн жана Кыргыз Республикасынын жарандарынын биометриялык маалыматтарын чогултуу маселеси боюнча маалыматтык-түшүндүрүүчү кампанияны жүргүзүүгө акча каражаттарын бөлүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын жарандарынын биометриялык маалыматтарын топтоонун натыйжалуулугун камсыз кылуу, “Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 182-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкерлеринен бөлөк Кыргыз Республикасынын жарандарынын биометриялык маалыматтарын топтоого тартылган адамдарга төлөнүүчү компенсациялардын өлчөмү күнүнө 250 (эки жүз элүү) сомдон белгиленсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкерлеринен бөлөк Кыргыз Республикасынын жарандарынын биометриялык маалыматтарын топтоого тартылган адамдарга компенсацияларды төлөө үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарына, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларына 9 194 250 (тогуз миллион жүз токсон төрт миң эки жүз элүү) сом суммасында акча каражатын тиркемеге ылайык бөлүп берсин;
- Кыргыз Республикасынын жарандарынын биометриялык маалыматтарын топтоо маселеси боюнча калк арасында маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө байланышкан чыгымдарды жабуу үчүн Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине 800 000 (сегиз жүз миң) сом бөлүп берсин;
- “Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын тийиштүү оңдоолорду караштырган долбоорун белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери (макулдашуу боюнча) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан бөлүнгөн каражаттардан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкерлеринен бөлөк Кыргыз Республикасынын жарандарынын биометриялык маалыматтарын топтоого тартылган адамдарга 2014-жылы Кыргыз Республикасынын жарандарынын биометриялык маалыматтарын топтоо боюнча иштери үчүн компенсацияларды төлөөнү белгиленген тартипте жүргүзүшсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери (макулдашуу боюнча):
- бөлүнгөн бюджеттик каражаттарды максаттуу пайдаланууну камсыздашсын;
- 2015-жылдын аягына чейин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине бөлүнгөн бюджеттик каражаттарды пайдалануу жөнүндө маалыматты беришсин.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине 2015-жылы аткарылуучу Кыргыз Республикасынын жарандарынын биометриялык маалыматтарын топтоо боюнча иштер үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкерлеринен бөлөк, Кыргыз Республикасынын жарандарынын биометриялык маалыматтарын топтоого тартылган адамдарга компенсацияларды төлөө үчүн зарыл болгон бюджеттик каражаттарга кошумча керектөө жөнүндө эсептөөлөрдү Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине берсин.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнө, финансы жана кредиттик саясат бөлүмүнө, уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнө жүктөлсүн.
7. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |
Тиркеме
№ | Шаарлардын мэриялары жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары | Суммасы (сом менен) |
1. | Бишкек шаарынын мэриясы | 741 750 |
2. | Ош шаарынын мэриясы | 379 500 |
3. | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты | 1 771 000 |
4. | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты | 1 023 500 |
5. | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты | 1 328 250 |
6. | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты | 1 667 500 |
7. | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты | 862 500 |
8. | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты | 471 500 |
9. | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты | 948 750 |
| Бардыгы: | 9 194 250 |