Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 18-марты № 130
“Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомунун
мүлкүн улутташтыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
“Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Текебаев Ө.Ч. тарабынан демилгеленген “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомунун мүлкүн улутташтыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын “18” марты № 130 токтому менен жактырылган |
“Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ө.Ч.Текебаев демилгелеген “Кумтор Голд Компани” ЖАКынын мүлкүн улутташтыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун (мындан ары – мыйзамдын долбоору) карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төмөнкүдөй корутундуга келет.
Берилген мыйзамдын долбоорунда “Кумтор Голд Компани” ЖАКынын негизги каражаттар түрүндөгү мүлкүн, өндүрүштүк активдерин, финансылык активдерин, материалдык эмес активдерин, анын ичинде “Кумтөр” долбоорун сатууга байланыштуу Кумтөр кенинин концессиясына укукту улутташтыруу сунушталат.
Ошону менен бирге эле улутташтыруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын талдоонун жыйынтыгы боюнча төмөнкүлөр аныкталды.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 12-беренесине ылайык жарандардын жана юридикалык жактардын менчигинде турган мүлктү мамлекеттик менчикке алуу мындай мүлктүн жана башка чыгымдардын наркын төлөп берүү менен мыйзамдын негизинде жүргүзүлөт.
Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 288-беренесине ылайык жарандарга жана юридикалык жактарга таандык мүлктү аны улутташтыруу аркылуу мамлекеттик менчикке алууга мындай мүлктү улутташтыруу жөнүндө мыйзамдын негизинде гана жана мүлкү улутташтырылган адамга мындай мүлктүн жана алып коюу менен ага келтирилген башка чыгымдардын наркын төлөп берүү менен улутташтырууга жол берилет.
Улутташтырууну жүргүзүүнүн шарттары жана тартиби мыйзамда белгиленет. Ошол эле учурда, эки маселе: мындай төлөп берүүнүн өлчөмү жана аны төлөөнүн мөөнөттөрү чечүүчү маселе болуп саналат.
“Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык инвестициялар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурлардан тышкары да мындай экспроприация коомдук кызыкчылыктарда талаптагыдай мыйзамдуу тартипти сактоо менен басмырлоосуз негизде жүзөгө ашырылат жана өз убагында, талаптагыдай жана реалдуу зыяндын ордун, анын ичинде алынбай калган пайданы төлөп берүү менен жүргүзүлөт.
Төлөп берүү экспроприацияланган инвестициянын объективдүү рыноктук баасына же анын бөлүгүнө, анын ичинде алынбаган пайдага экспроприациялоо жөнүндө чечим кабыл алынган датага карата эквиваленттүү болууга тийиш. Объективдүү рыноктук баа мурда экспроприациялоо жөнүндө маалымдуулуктан улам багытынын кандайдыр бир өзгөрүшүн чагылдырбоого тийиш.
Ордун төлөп берүү реалдуу түрдө ишке ашырылууга, тараптар макулдашкан мөөнөттөрдө аткарылууга тийиш жана эркин конвертирленүүчү валютада төлөнөт. Ордун төлөп берүү Лондон банктар аралык LIBOR сунушунун ставкасы боюнча компенсация чегерилген мөөнөткө ылайыктуу АКШ долларынын пайызын камтыйт. Бир жылдан ашуун мөөнөткө ашырылганда LIBORдун он эки айлык ставкасы пайдаланылат.
Талаптагыдай мыйзамдуу тартип экспроприациянын таасирине дооматтар, анын ичинде анын инвестициясын баалоону жана ушул берененин жоболоруна ылайык ордун төлөп берүүгө болгон учурда Кыргыз Республикасынын сот органы же башка компетенттүү мамлекеттик орган ишти “Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине ылайык инвесторлордун чыгымдарын төлөп берүү тартибин бузбастан тезирээк карашына инвестордун укугун караштырат.
Ошентип, жарандарга жана/же юридикалык жактарга таандык болгон конкреттүү мүлктү улутташтыруу жөнүндө мыйзам улутташтыруучу мүлктүн жана аны алып коюу менен келтирилген башка чыгымдардын наркын төлөөнүн методдоруна жана булактарына тиешелүү жоболорду камтууга тийиш.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 3-бөлүгүнүн ченемдерин эске алуу керек, ага ылайык мамлекеттик бюджеттин эсебинен жабылуучу чыгымдардын көбөйүшүн караштырган мыйзам долбоорлору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү каржылоо булагын аныктагандан кийин кабыл алынышы мүмкүн.
Бирок, сунушталган мыйзам долбоорунда “Кумтор Голд Компани” ЖАКынын мүлкүнүн наркынын ордун төлөп берүүгө байланышкан чыгымдарды жабуунун финансылык булагы каралган эмес.
Ошол эле учурда мыйзам долбоорунун 2-беренесинде “Центерра голд Инк.” компаниясынын зыянынын ордун төлөп берүү “Кумтөр” долбоорунда Кыргыз Республикасына келтирилген бардык чыгымдарды, анын ичинде 2003-жылы “Кумтөр” долбоорун реструктуралагандан кийин кыргыз тарабы албай калган пайданы, 2007-жылы “Түштүк-Батыш” участогунун карьердик запастарын казып алуудагы 9,100 кг алтынды, бардык экологиялык жана тоо-инженердик тобокелдиктеринин жоготууларын, 300 млн м3 мөңгүнүн жок болушун, бош тектердин шилендилеринин социалдык-тиричиликтик, өндүрүштүк объекттерге карай кыймылына байланыштуу зыянды, реабилитациялоо, рекультивациялоо, бош тектердин шилендилерин стабилдештирүү, калдык сактагыч курулуштарынын стабилдүүлүгүн сактоо келечектеги чыгымдарды, мореналык-мөңгү Петров көлүн жырып чыгуусунун экологиялык кыйроо коркунучун жана башкаларды “Кумтөр” алтын кенин сатуудан алынган кирешелердин эсебинен акырындап жүргүзүү сунушталат.
Бирок, “Кумтор Голд Компани” ЖАКынын Кумтөр кенинин “Түштүк-Батыш” участогун иштетүүсү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик берген 2005-жылдын 22-июнундагы № АЕ 147 2008-жылдын 31-декабрына чейин колдонуу мөөнөтүндө жер казынасын иштетүү максатындагы жер казынасын пайдалануу укугунун негизинде ишке ашырылган.
Кумтөр кенинин “Түштүк-Батыш” участогунун геологиялык запастары апробацияланган жана 2005-жылдын 1-январындагы абалы боюнча долбоордук карьердин контурдук мамлекеттик балансында эске алынган (Пайдалуу кендердин запастары боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жыйынынын 2005-жылдын 3-июнундагы № 122 протоколу). Кендин “Түштүк-Батыш” участогунун баланстык (карьердик) запастары 2767 миң тоннага жакынды жана 9100 кг алтынды түзгөн.
Кумтөр кенинин “Түштүк-Батыш” участогун иштетүү үчүн Иштетүүнүн техникалык долбоору иштелип чыккан, ал бардык зарыл экспертизалардан өткөрүлгөн. Кумтөр кенинин “Түштүк-Батыш” участогу 2008-жылдын аягында ачык ыкма менен иштетилген.
Ошентип, Кумтөр кенинин “Түштүк-Батыш” участогун иштетүү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык жүргүзүлгөн.
Мындан тышкары, азыркы учурда Кыргыз Республикасынын сотторунда Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын 2003-жылдагы “Кумтөр” долбоорун реструктуралаштыруунун натыйжасында келтирилген зыяндын ордун төлөө жөнүндө доосу боюнча жана айлана-чөйрөгө келтирилген зыяндын ордун төлөө боюнча “Кумтор Оперейтинг Компани” ЖАКына карата мамлекеттик органдардын доосу боюнча соттук териштирүүлөр жүрүп жаткандыгын эске алуу зарыл.
Ошону менен бирге, “Кыргызалтын” ачык акционердик коому (мындан ары - “Кыргызалтын” ААКы) берген алдын ала эсептөөлөргө (тиркелет) ылайык кыйыр жоготууларды эске албаганда аталган мыйзам долбоорун ишке ашыруу үчүн болжол менен 4 млрд. 592 млн АКШ доллары талап кылынат.
Кыргыз Республикасынын жана “Кыргызалтын” ААКынын атынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен “Центерра Голд Инк.” компаниясы жана “Кумтор Голд Компани” ЖАКы жана “Кумтор Оперейтинг Компани” ЖАКы жана “Камеко” корпорациясынын ортосунда 2009-жылдын 30-апрелиндеги № 142 Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен ратификацияланган “Кумтөр” долбоору боюнча жаңы шарттар жөнүндө макулдашууга ылайык “Центерра Голд Инк.” компаниясы “Кумтор Голд Компани” ЖАКынын акцияларынын 100%ын ээлөөчү болуп саналат.
Ошону менен бирге, көрсөтүлгөн Макулдашууга ылайык Кыргыз Тарап да, Кыргыз Республикасынын эч бир бийлик органы, эч бир кызмат адамы, же Кыргыз Республикасында жайгашкан жалпы мамлекеттик, региондук, муниципалдык, жергиликтүү же администрациялык деңгээлдеги ведомствосу же мамлекеттик мекемеси (чечим кабыл алууга же чечимди мажбурлап ишке ашырууга ыйгарым укуктуу ведомстволор менен мамлекеттик мекемелер дагы) кандайдыр бир экспроприациялык иш-аракеттерди демилгелөөгө, чечүүгө же жасоого тийиш эмес.
Ошондой эле, “Кумтөр” долбоору боюнча учурдагы баардык макулдашууларда “Кумтор Голд Компани” ЖАКда талаш пайда болсо арбитражга кайрылууга мүмкүндүк берүүчү арбитраждык эскертүүлөр бар. Мындан тышкары, жогоруда айтылган 2009-жылдын 6-июнундагы Макулдашууга ылайык Кыргыз Республикасы бир гана арбитрди дайындоо жөнүндө макулдашуу түзгөн. Ошондо тездетилген тартипте арбитраждык териштирүү жүргүзүү максаты үчүн бир гана арбитраж катары профессор Альберт Ян Ван ден Берг аныкталган.
Ошону менен бирге эле, “Кумтөр” долбоору боюнча колдонулуп жаткан макулдашуулардагы арбитраждык эскертүүлөргө көңүл бурмакчыбыз, аларда Кыргыз Республикасынын ушул арбитраждын чечимдерин мажбурлап аткартуу иммунитетинен баш тартуусу да бар. Ага байланыштуу, эгер арбитраж чечимди Кыргыз Республикасынын пайдасына каршы чыгарса, Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттердеги активдери “Центерра Голд Инк.” Компани тараптан дооматтын предмети болуп калышы мүмкүн.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бул макулдашууларды түзүп жатканда талаштарды эл аралык арбитражда кароого макулдук бергендиктен жана иммунитеттен баш тарткандыктан, улутташтыруу ишке ашырылган учурда жана “Кумтор Голд Компани” ЖАК арбитражга кайрылса Кыргыз Республикасынын макулдугун алуу талап кылынбайт.
Ушуну менен бирге эле, мыйзамдын долбоорунун негиздемесинде БУУнун Генералдык Ассамблеясын 1952-жылдын 21-декабрындагы № 626 “Табигый байлыктарды жана ресурстарды эркин эксплуатациялоо укугу жөнүндө”, 1962-жылдын 14-декабрындагы № 1803 (XVII) “Табигый ресурстарга ажыратылгыс эгемендик” жөнүндө, 1973-жылдын 17-декабрындагы № 3171 (XXVIII) “Tабигый ресурстарга туруктуу эгемендик жөнүндө”, 1974-жылдын 1-майындагы № 3201 (S-VI) “Эл аралык жаңы экономикалык тартипти белгилөө жөнүндө декларация тууралуу”, 1974-жылдын 12-декабрындагы № 3281 (XXIX) “Мамлекеттердин экономикалык укуктарынын жана милдеттеринин хартиясы жөнүндө” резолюциялары келтирилген.
Чындыгында көрсөтүлгөн документтер мамлекеттин өзүнүн табигый байлыктарына жана ресурстарына ажыратылгыс эгемендигине укуктарын, ошондой эле анын улутташтыруу жүргүзүүгө укугун бекитет. Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын бул укугун эч ким талашпайт. Ошону менен бирге эле, БУУнун Генералдык Ассамблеясынын резолюциялары БУУга мүчө мамлекеттердин ортосундагы мамилелерди жөнгө салат жана Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Уставынын 13, 55, 66-беренелерине ылайык БУУнун Генералдык Ассамблеясы кабыл алган резолюциялар Коопсуздук кеңешинин чечимдеринен айырмаланып милдеттүү юридикалык күчкө ээ эмес, анткени сунуш кылуучу мүнөзгө ээ жана эч бир улут аларга вето коё албайт.
Жогоруда айтылган резолюцияларга ылайык (мисалы, БУУ ГА 1803-резолюциясынын 4-пункту) компенсация төлөө жөнүндө маселе боюнча талаштар мамлекеттин улуттук соттук инстанцияларында чечилет, бирок андан ары ошол эле пунктта тараптардын макулдашуусу менен арбитраждык тартипте же эл аралык сотто чечүү каралышы мүмкүн деп белгиленген. “Кумтөр” долбоору боюнча 2009-жылдагы макулдашууларда кийинки макулдашуулар боюнча же аларга байланыштуу болгон талаштар арбитраждык тартипте же эл аралык сотто чечилет деп белгиленген. Мында, белгилүү болгондой, талашты чечүүчү жер катары Швециянын Стокгольм шаары аныкталган. Ушул жерде, Кыргыз Республикасынын “Инвестициялар жөнүндө” Мыйзамында 6-беренесинин 1-бөлүгүндө “дискриминациялабоонун негизинде, коомдук кызыкчылыкта мыйзамдык тартипти так сактоо менен ишке ашырылса жана алынбай калган пайданы кошо алганда зыяндын ордун тиешелүү түрдө жана реалдуу толтуруу, өз убагында төлөө менен жүргүзүлсө” экспроприацияга жол берилет.
Кошумча айта турган нерсе, “Кумтор Голд Компани” ЖАКынын мүлкүн белгиленген тартипте улутташтырган учурда, мүлктүн баасынын ордун толтуруудан сырткары, болуучу соттук териштирүүлөрдүн убагында кенде өндүрүш токтоп калуу мүмкүндүгүнө байланыштуу бюджетке салыктан киреше түшпөй калуу тобокели бар.
Ушул айтылгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү сунушталган мыйзамдын долбоорун кабыл алуунун төмөнкүдөй мүмкүн болуучу натыйжаларын белгилейт:
1. “Кумтор Голд Компани” ЖАКынын мүлкүн улутташтыруу айтылып жаткан мүлктүн баасын жана башка чыгымдарды төлөө үчүн мамлекеттик бюджеттен көп каражат бөлүү зарылдыгын жаратат.
2. “Кумтор Голд Компани” ЖАКынын мүлкүн улутташтыруу эл аралык арбитраждык сотторго даттануу мүмкүндүгүн жокко чыгарбайт, бул да бюджеттен каражат бөлүү зарылдыгын жаратышы мүмкүн.
Ушуга байланыштуу азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, “Кыргызалтын” ачык акционердик коомунун жана “Центерра Голд Инк.” компаниясынын ортосунда Кумтөр кенин иштетүү боюнча биргелешкен ишкана түзүү, башкаруу жана иштетүү боюнча сүйлөшүү процесси жүрүп жатканын белгилемекчибиз.
Жогоруда айтылгандарды эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү “Кумтор Голд Компани” ЖАКынын мүлкүн улутташтыруу жөнүндө чечимди жогоруда айтылган жагдайларды эске алуу менен гана кабыл алууга мүмкүн деп эсептейт.
КРнын бюджетине төлөмдөр жана башка милдеттүү чегерүүлөр түрүндөгү КРнын экономикасы үчүн тикелей жоготуулар | |
Дүң кирешеге салык (13 %)[1] | 81,1 млн АКШ доллары (5000 млн сом[2]) |
Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондуна төлөөлөр (дүң кирешеден 1 %) | 6,24 млн АКШ доллары (385 млн сом) |
Кызматкерлерден киреше салыгы (2013-жылдагы иш жүзүндөгү маалыматтар)[3] | 4,36 млн АКШ доллары (269 млн сом) |
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна чегерүүлөрдүн жоготуулары (2013-жылдагы иш жүзүндөгү маалыматтар) | 20,6 млн АКШ доллары (1270 млн сом) |
“Центерра Голд Инк.” компаниясынын акцияларына ээ болуудан дивиденддер | 12 млн АКШ доллары (740 млн сом) |
Башка салыктык жана бажы жыйымдары (2013-жылдагы иш жүзүндөгү маалыматтар) | 2,2 млн АКШ доллары (135,7 млн сом) |
БАРДЫГЫ | 126,5 млн АКШ доллары (7 800 млн сом) |
Кыргыз Республикасынын экономикасы үчүн кыйыр жоготуулар (Кыргыз Республикасында сатып алуулар, башка төлөмдөр) | |
Электр энергиясына, автожолдорду тейлөөгө карата төлөмдөрдү жоготуу (2013-жылдагы иш жүзүндөгү маалыматтар) | 13,5 млн АКШ доллары (832,5 млн сом) |
Кыргыз Республикасындагы сатып алуулар (950гө жакын жергиликтүү компаниялар) (2013-жылдагы иш жүзүндөгү маалыматтар) | 56,1 млн АКШ доллары (3 460 млн сом)
|
Кумтөр кенин иштетүү боюнча ишканалардын кызматкерлеринин жумуш орундарын жана эмгек акыларын жоготуусу (Кыргыз Республикасынын 2,5 миң жараны) (2013-жылдагы иш жүзүндөгү маалыматтар) | 69,4 млн АКШ доллары (4 280 млн сом)
|
Подряддык уюмдарды жоготуулар (Кыргыз Республикасынын 2,1 миң жараны) | 7,3 млн АКШ доллары (450,2 млн сом) |
“Кыргызалтын” ААКынын жоготуулары (аффинаж, алтынды сатуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр ж.б.) | 4,43 млн АКШ доллары (273,2 млн сом) |
Демөөрчүлөрдүн жардамы жана туруктуу өнүктүрүү долбоорлорун каржылоо (2013-жылдагы иш жүзүндөгү маалыматтар) | 6 млн. АКШ доллары (370 млн сом) |
БАРДЫГЫ | 156,7 млн АКШ доллары ( 9666 млн сом) |
Кыргыз Республикасынын аймагындагы 1-жылдагы финансылык жоготуулардын БААРЫ | 283,2 млн АКШ доллары (17 466 млн сом) |
Кыргыз Республикасынын “Центерра Голд Инк.”компаниясындагы акцияларынын пакетин улутташтыруунун натыйжасындагы жоготуулары | |
Кыргызалтындын акцияларынын саны | 77 401 766 даана |
1 акциянын рынок баасы (АКШ доллары) 09.03.2015-жылга карата
| 5,1 АКШ доллары |
Рыноктук баа боюнча акциялардын пакетинин наркы | 394 млн 749 миң АКШ доллары
|
|
|
Улутташтыргандагы пакеттин наркы | 774 миң АКШ доллары (акция үчүн 0,01 $) |
Эл аралык арбитражда териштирүүлөргө байланышкан “Центерра Голд Инк.”компаниясынын пайдасына мүмкүн болуучу башка төлөмдөр | |
Улутташтырган учурдагы активдердин наркынын ордун толтуруу (Кайрадан каралган инвестициялык макулдашуунун (КИМ) 6.1-беренесине ылайык) | 925 млн АКШ доллары |
Колдон чыгарылган пайданын ордун толтуруу (КИМдин 8.3-беренесине ылайык) | 1 655 млн АКШ доллары |
“Концессия жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жоопкерчилик (3, 7, 14, 23, 24-беренелер) | 158,2 млн АКШ доллары (Жердеги алтындын резерви боюнча колдон чыгарылган пайданын көлөмү 30 $ / 1 унциядан 164 тонна) |
“Инвестицияларды коргоо жөнүндө” эки тараптуу макулдашуулар боюнча жоопкерчилик | 810,6 млн АКШ доллары (Калган акционерлердин акцияларынын рыноктук наркына теңелет) |
“Центерра Голд Инк.”компаниясынын жана калган акционерлердин пайдасына төлөмдөрдүн БАРДЫГЫ | 3 549 млн АКШ доллары |
Соттук алым 10 % | 355 млн АКШ доллары |
1 жыл үчүн арбитраждагы юридикалык коштоо | 5 млн АКШ доллары |
Доогерлердин 1 жылдагы соттук чыгымдарынын ордун толтуруу | 5 млн АКШ доллары |
Арбитражга байланышкан төлөмдөрдүн БАРДЫГЫ | 3 914 млн АКШ доллары |
ЖОГОТУУЛАРДЫН БААРЫ | 4 592 млн АКШ доллары |
Кумтөр долбоору үзгүлтүксүз өндүрүштүк циклдеги ишкана болуп саналат. Мында өндүрүштү токтотуу төмөнкү кесепеттерге алып келиши мүмкүн:
a) Мөңгүнүн карьери тарапка тынымсыз жылып бараткан кыймылга контролду жоготуу анын карьерге жылып түшүшүнө алып келиши мүмкүн жана анын натыйжасы катары кенди казып алуунун негизги жумушчу зонасына (SB зонасы) жетүүгө мүмкүн болбой калат. Мында ишти ал түгүл бир эле жумага токтотууда аны кайра жоюу үчүн узак мезгилди талап кылган кесепеттерге алып келет жана кайра калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү олуттуу сарптоолор менен коштолот. Адистердин баалоосу боюнча кесепеттерди жоюу боюнча иштерди аткарууга 6 айга чейинки убакыт керектелиши мүмкүн.
b) Кен жок болгон шартта өндүрүшкө тартылган бардык технологиялык жана көмөкчү жабуулардын (карьердик жабдуулар, ЗИФ, тазалоочу курулмалар, карьерге суу куюучу орнотмолор, суу менен жабдуу ж.б.) ишин убактылуу токтотууга туура келет. Кумтөр кениндеги катаал климаттык шарттарга байланыштуу токтотулган жабдууларды, технологиялык чынжырчаны жана техниканы кайрадан иштетүү узак мезгилди жана тиешелүү сарптоолорду талап кылат.
c) Объекттерди геотехникалык жана экологиялык мониторингдөөнү токтотуу. Мониторингдин жыйынтыгы боюнча тиешелүү чараларды көрбөө кенде экологиялык жана геотехникалык кырдаалдын начарлоосуна алып келет (келип чыккан техникалык жана экологиялык маселелерди чечүү боюнча бардык сарптоолор республикалык бюджеттке жүктөлөт).
d) Өз учурунда тейлөө болбой калганда инфратүзүмдөрдүн объекттери (жолдор, каналдар, көпүрөлөр, имараттар жана курулмалар) жарым-жартылай же толук бузула баштайт, аларды калыбына келтирүү олуттуу сарптоолорду талап кылат.
Өндүрүш токтотулган учурда андан ары аны ишке киргизүү үчүн болжол менен 120-150 млн АКШ доллары, анын ичинде жүгүртүлүүчү капиталга 100 млн АКШ доллары өлчөмүндөгү каражаттар керек болот, бул эки айдын ичинде учурдагы деңгээлдеги эксплуатациялык чыгымдарды каржылоо үчүн жетиштүү болуп эсептелет.
Эксплуатациялык чыгымдар | Күнүнө (миң АКШ доллары) | Айына (миң АКШ доллары) |
Чыгымдалуучу материалдар |
|
|
Дизель отуну/ электр | 342 | 10 260 |
Реагенттер / дөңгөлөктөр / майлоочу материалдар | 213 | 6 390 |
Запастык бөлүктөр | 164 | 4 920 |
Кызматкерлердин эмгек акысы жана кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөө |
|
|
Кызматкерлерге эмгек акы | 219 | 6 570 |
Жеткирип берүүчүлөр / жүк ташуучулар | 226 | 6 780 |
Подрядчылар | 37 | 1 110 |
Башка чыгымдар |
|
|
Салыктар | 275 | 8 250 |
Соц.фонд / өнүктүрүүгө инвестициялар | 67 | 2 010 |
Башка (камсыздандыруу + башкаруучулук кызмат көрсөтүүлөргө акы) | 22 | 660 |
БАРДЫГЫ | 1 565 | 46 950 |
Эскертүү. Таблицада келтирилген орточо чоңдуктар 2014-жыл үчүн “Кумтор Голд Компани” ЖАКынын расмий отчетунун маалыматтарынын негизинде эсептелди.
Азыркы учурда “Кумтор Голд Компани” ЖАКынын ЗИФинде өндүрүлүүчү Доре куймасын аффинаждоо “Кыргызалтын” ААКынын аффинаждоочу заводунда жүргүзүлөт. Кумтөр кениндеги өндүрүштү токтотууда “Кыргызалтын” ААКынын филиалы-аффинаждоо заводу зыян тартып калат, анткени Макмалалтын комбинатынын жана Солтон-Сары кенинин алтынын кайра иштетүү анын рентабелдүүлүккө жетишүүсү үчүн жеткиликсиз. Аффинаждоо заводунун жыйынды жоготуулары 153,9 млн сомду түзөт.
“Кумтөр” долбоору үчүн автотранспорттук кызматтарды көрсөтүүчү “Автотранспорттук ишкананын” филиалынын кирешесин жоготуу 71,1 млн сомду түзөт.
“Кыргызское взморье” санаторийинин” филиалынын жоготуусу 16,4 млн сомду түзөт.
“Кумтор Голд Компани” ЖАКынын ЗИФинде гравитациялык концентраты кайра иштетилүүчү “Кыргызалтын” ААКынын Солтон-Сары кениндеги өндүрүш бир нече айга токтоп калат (башка кайра иштетүүчүгө берилгенге чейин).
“Кыргызалтын” ААКы “Кумтор Голд Компани” ЖАКынын башкаруусуна катышкандыгы үчүн акы түрүндөгү кирешени жоготот, ал 2009-жылдагы макулдашууга ылайык алтындын ар бир сатылган унциясы үчүн 1 АКШ долларына барабар. Тиешелүү түрдө 2015-жыл үчүн ушул берене боюнча жоготуулардын болжолдонгон суммасы 520 миң АКШ долларын түзөт.
“Кыргызалтын” ААКынын бир жылдагы бардык потенциалдык жоготуулары 4,43 млн АКШ доллары менен бааланат (2015-жылдын 12-мартындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу боюнча 241,4 млн сом + 520 миң АКШ доллары).
[1]Дүң кирешеге салыктын эсеби жана Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондуна төлөөнүн эсептөөлөрү 2015-жылы алтынга болгон баанын болжолунун негизинде 1 троя унциясы 1200 АКШ доллары менен жүргүзүлгөн жана өндүрүш көлөмү алтындын 520 миң унциясы (16 720 кг) менен эсептелген.
[2] Бул таблицадагы сомдун суммасы 12.03.2015-жылдагы КРнын Улуттук банкынын расмий курсуна негизделип эсептелди, 1 АКШ доллары 61,67 сомго барабар.
[3] Бул пунктта жана андан ары текст боюнча “(2013-жылдагы иш жүзүндөгү маалыматтар)” 2013-жылдагы “Кумтор Голд Компани” ЖАКынын расмий отчетундагы маалыматтарды билдирет.