Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 236 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 30-марты № 169
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-октябрындагы № 653 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин ченемдеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу
Жаратылыш газын пайдаланууда акыркы пайдалануучу үчүн чыгымды азайтуу максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 324-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-октябрындагы № 653 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин ченемдеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Салык салуу объектиси болуп саналбаган мүлк объекттеринин тизмегинде:
- 5.1-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 7-пункт менен толукталсын:
"
7 | Газ ташуучу жана газ бөлүштүрүүчү тутумдардын объектилери |
7.1 | газ бөлүштүрүүчү станциялар |
7.2 | газ өткөргүчтөр |
7.3 | газ жүргүчтөр |
7.4 | жер алдындагы газ сактагычтар жана чыгаруучу компрессордук станциялар |
7.5 | компрессордук станциялар |
7.6 | компрессордук станцияларды магистралдык газ түтүктөрүнө кошуучу түйүндөр |
7.7 | газ түтүктөрүн электрохимиялык коргоочу түзүлүштөр |
7.8 | газ түтүктөрүнүн тазалоочу түзүлүштөрүн кабыл алуучу жана ишке киргизүүчү түйүндөр |
7.9 | газды редукциялоо түйүндөрү |
7.10 | газды өлчөө түйүндөрү |
7.11 | газ бөлүштүрүүчү станциялардын жана газ өлчөөчү түйүндөрдүн операторлорунун үйлөрү |
7.12 | газ өткөргүчтөрдү линиялык кыдыруучулардын үйлөрү |
7.13 | газды жөнгө салуучу пункттар |
7.14 | автомобилдик газ толтуруучу компрессордук станциялар |
7.15 | газ ташуучу жана газ бөлүштүрүүчү тутумдардын объектилерине кирме жолдор |
".
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |