Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 236 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 19-октябры №653
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин ченемдеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 30-марты № 169 токтомдун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 324-беренесин ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген Салык салуу объекттери болуп саналбаган мүлк объекттеринин тизмеси бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 736 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин ченемдеринин талаптарын турмушка ашыруу чаралары жөнүндө" токтомуна төмөндөгү өзгөртүүлөр киргизилсин:
- преамбуладагы "324," деген сан алып салынсын;
- 1-пункттун он экинчи абзацы күчүн жоготту деп эсептелсин;
- аталган токтом менен бекитилген Салык салуу объекти болуп саналбаган мүлк объекттеринин тизмеси күчүн жоготту деп табылсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу |
Ө.Бабанов |
| Кыргыз Республикасынын Ɵкмөтүнүн 2011-жылдын 19-октябрындагы № 653 токтому менен бекитилген |
Салык салуу объектиси болуп саналбаган мүлк объекттеринин ТИЗМЕСИ
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 30-марты № 169 токтомдун редакциясына ылайык)
┌────┬────────────────────────────────────────────────────────────────┐
│ № │ Мүлк объекттери │
│ │ │
├────┼────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│1 │Гидроэлектр станциялардын, жылуулук электр станциялардын, от │
│ │казан жана гидротехникалык курулмалардын объекттери │
├────┼────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│1.1 │Плотиналар, тоннелдер, шахталар, суу агызгычтар, суу │
│ │кабылдагычтар, коллекторлор, суу тундургучтар жана суу өткөрүүчү│
│ │курулмалар, күл жыйнагычтар, кычкылтек станциялары, химиялык суу│
│ │тазалоо объекттери жана гидро жана жылуулук энергетика │
│ │комплексинин башка объекттери │
├────┼────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│1.2 │Жээкти бекемдөөчү жана жээкти коргоочу курулмалар │
├────┼────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│1.3 │Ички чарбалык, чарбалар аралык сугат тармактары жана суу түтүк │
│ │канализациялык чарба курулмалары: │
├────┼────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ │- каналдар, ачык жер каналдарынан ички чарбалык жана чарбалар │
│ │аралык суу топтоп-кое берүүчү тармактар; │
│ │- жерге бекемделбеген ички чарбалык жана чарбалар аралык │
│ │коллектордук-дренаждык каналдар; │
│ │- темир-бетон ноолордон турган каналдар; │
│ │- асбест-цемент жана болот түтүктөрдөн турган каналдар; │
│ │- стационардык суу алуучу жана сууну басым менен жиберүүчү │
│ │станциялар, резервуарлар; │
│ │- дамбалар, сууну соруп берүүчү насос станциялары; │
│ │- тазалоо курулмалары; │
│ │- скважиналар │
├────┼────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│1.4 │Гидроэлектр станцияларынын, жылуулук электр станцияларынын, от │
│ │казандардын негизи жана көмөкчү өндүрүшүнүн конструкциялары жана│
│ │курулмалары, гидротехникалык курулмалар │
├────┼────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│1.5 │Жылуулук пункттары (жылуулук менен жабдуу системаларынын ишин │
│ │жана керектөөчүлөрдүн жашоо-турмушун камсыздоочу жылуулук │
│ │булактарын трансформациялоочу жана параметрлерди өлчөөчү │
│ │технологиялык жабдуулар жайгашкан жайлар, курулмалар) жана │
│ │жылуулук тармактарынын насос станциялары │
├────┼────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│2 │Транспорт чарбасынын, байланыш жана башка тармактардын │
│ │курулмалары │
├────┼────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│2.1 │Бардык түрдөгү жана конструкциядагы көпүрөлөр жана эстакадалар │
├────┼────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│2.2 │Таштан, бетондон жана темир-бетондон жасалган колдоочу жана │
│ │коргоочу курулмалар (жер көчкүгө каршы, кар көчкүгө каршы, │
│ │жердин урашына каршы, тирөөчү, каптоочу, тосулуучу дубалдар, │
│ │галереялар, сел кое бергичтер, траншеялардын текчелери ж.б.) │
├────┼────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│2.3 │Темир жол платформалары │
├────┼────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│2.4 │Темир жолдордун нугунун үстүңкү курулуштары (балласт, шпалдар, │
│ │бекиткичи бар рельстер, которгуч жебелер жана башка элементтер) │
├────┼────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│2.5 │Ичке нуктагы темир жолдор │
├────┼────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│2.6 │Автомобиль жолдору │
├────┼────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│2.7 │Учуп-конуучу тилкелер, аэродромдордун үстүңкү бети │
├────┼────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│2.8 │Самолет учуучу жолдор, токтоп туруучу жерлер, перрондук жана │
│ │ангардын алдындагы аянтчалар │
├────┼────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│2.9 │Авиациялык-техникалык базанын перронунда аба кемелерин тейлөөчү │
│ │жерлер │
├────┼────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│3 │Спорттук курулмалар │
├────┼────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│3.1 │Стадиондор │
├────┼────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│3.2 │Стадиондордогу спорттук курулмалар │
├────┼────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│4 │Электр берүү жана байланыш жабдуулары │
├────┼────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│4.1 │Троллейбус жана темир жол контакттык тармагы │
├────┼────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│4.2 │Аба менен электр берүү линиялары, сырткы жарык берүүчү электр │
│ │линиялары │
├────┼────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│4.3 │Кабель менен электр берүү линиялары │
├────┼────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│4.4 │Электр бөлүштүрүүчү жабдуулар │
├────┼────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│5 │Түтүк өткөргүчтөр │
├────┼────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│5.1 │(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 30-марты № 169 токтомдун редакциясына │
│ │ылайык кγчγн жоготту) │
├────┼────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│5.2 │Канализация тармактары │
├────┼────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│5.3 │Суу өткөрүү тармактары (муздак, жылуу суу жана жылытуу түтүк │
│ │өткөргүчтөрү) │
├────┼────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│5.4 │Мунай заттары үчүн түтүк өткөргүчтөр │
├────┼────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│5.5 │От казандар, элеватор түйүндөрү │
├────┼────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│5.6 │Жылуулук тармагынын түтүк түйүндөрү │
├────┼────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│5.7 │Күл калдык түтүктөрү │
├────┼────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│5.8 │Түтүн түтүктөрү │
├────┼────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│6 │Башка обьекттер │
├────┼────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│6.1 │Бомбадан жашынуучу жай │
├────┼────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│6.2 │Көмүр тоңун эритүүчү жабдуулар жана вагонды которуп түшүргүчтөр │
├────┼────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│6.3 │2- жана 3-топтордун мүлк объекттери: │
├────┼────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ │- коруктар, резерваторлор, жаратылыш, улуттук жана │
│ │дендрологиялык парктар, ботаникалык жана зоологиялык бактар, │
│ │заказниктер, жаратылыш эстеликтери, тарыхий-маданий багыттагы, │
│ │суу жана токой фондуларынын объекттери, ишкердик жүргүзүү үчүн │
│ │берилгендерден башкасы │
├────┼────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│6.4 │Көрүстөндөр │
├────┼────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│6.5 │Диний-табынуу объекттери │
├────┼────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│6.6 │Жаратылышты коргоо, санитардык-тазалоо максатында жана өрт │
│ │коопсуздугу үчүн пайдаланылуучу обьекттер │
├────┼────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│6.7 │Продукт өткөргүч түтүктөр, катнаш жолдору (анын ичинде │
│ │автомобиль жолдору), байланыш жана электр берүү линиялары, │
│ │подстанциялар, ошондой эле аларды эксплуатациялык абалда кармап │
│ │туруу максатында тургузулган курулмалар │
├────┼────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│6.8 │Шаардык жүргүнчүлөр транспорту (таксиден, аны ичинде маршруттук │
│ │таксиден тышкары). Шаар четиндеги каттамда жүргүнчүлөрдү ташууда│
│ │жалпы пайдаланылган автомобиль транспорту (таксиден, аны ичинде │
│ │маршруттук таксиден тышкары) │
├────┼────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│6.9 │Коммуналдык транспорт (таштанды ташыгыч, суу сепкич жана кар │
│ │тазалагыч машиналар) │
├────┼────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│6.10│Эгин жыйноочу комбайндар │
├────┼────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│6.11│Лифттер │
├────┼────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│6.12│Салык төлөөчүлөрдүн балансында турган жана ишкердикте │
│ │пайдаланылбаган жарандык коргонуу жана мобилизациялык максаттагы│
│ │объекттер │
├────┼────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│6.13│Айыл чарба өндүрүшчүлөрүнүн (дыйканчылык, малчылык, балыкчылык, │
│ │балык өстүрүүчүлүк, канаттууларды өстүрүү) 2 жана 3-топтордогу │
│ │мүлк объекттери │
├────┼────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│6.14│Электр-жылуулук, телекоммуникациялар түйүндөрүндө изин суутпай │
│ │издөө иш-чаралар системасынын техникалык каражаттары │
├────┼────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│6.15│Жалпы жарандык багыттагы турак жай-коммуналдык жана башка │
│ │шаардык чарба объекттери (шаардык тротуарлар, парктар, шаардык │
│ │скверлер, фонтандар) │
├────┼────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│6.16│Менчик турак үйгө үлүшүк укугу бар шериктештик жана турак-жай │
│ │кооперативинин мүлк объекттери │
7 | Газ ташуучу жана газ бөлүштүрүүчү тутумдардын объектилери |
7.1 | газ бөлүштүрүүчү станциялар |
7.2 | газ өткөргүчтөр |
7.3 | газ жүргүчтөр |
7.4 | жер алдындагы газ сактагычтар жана чыгаруучу компрессордук станциялар |
7.5 | компрессордук станциялар |
7.6 | компрессордук станцияларды магистралдык газ түтүктөрүнө кошуучу түйүндөр |
7.7 | газ түтүктөрүн электрохимиялык коргоочу түзүлүштөр |
7.8 | газ түтүктөрүнүн тазалоочу түзүлүштөрүн кабыл алуучу жана ишке киргизүүчү түйүндөр |
7.9 | газды редукциялоо түйүндөрү |
7.10 | газды өлчөө түйүндөрү |
7.11 | газ бөлүштүрүүчү станциялардын жана газ өлчөөчү түйүндөрдүн операторлорунун үйлөрү |
7.12 | газ өткөргүчтөрдү линиялык кыдыруучулардын үйлөрү |
7.13 | газды жөнгө салуучу пункттар |
7.14 | автомобилдик газ толтуруучу компрессордук станциялар |
7.15 | газ ташуучу жана газ бөлүштүрүүчү тутумдардын объектилерине кирме жолдор |