Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 2-апрели № 182
“Ашхабад шаарында 2014-жылдын 11-ноябрында кол коюлган
Кыргыз Республикасынын жана Түркмөнстандын ортосундагы
Достук, өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө
келишимди ратификациялоо тууралуу”
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине, “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелгендер жактырылсын:
- “Ашхабад шаарында 2014-жылдын 11-ноябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын жана Түркмөнстандын ортосундагы Достук, өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- Ашхабад шаарында 2014-жылдын 11-ноябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын жана Түркмөнстандын ортосундагы Достук, өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |
Долбоор
1-берене
Ашхабад шаарында 2014-жылдын 11-ноябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын жана Түркмөнстандын ортосундагы Достук, өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө келишим ратификациялансын.
2-берене
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда аталган Келишимдин күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө түркмөн тарапка кабарласын.
3-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Президенти