Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 2-апрели № 184
2014-жылдын 8-декабрында Доха шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Катар Мамлекетинин Өкмөтүнүн ортосундагы Маданий кызматташуу жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген: 2014-жылдын 8-декабрында Доха шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Катар Мамлекетинин Өкмөтүнүн ортосундагы маданий кызматташуу жөнүндө макулдашуу бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө Катар тарапка билдирсин.
3. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги аталган Макулдашууну ишке ашыруу үчүн жооптуу орган болуп аныкталсын.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |
| КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-апрелиндеги № 184 токтому менен бекитилди |
Доха шаары, 2014-жылдын 8-декабры
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Катар Мамлекетинин Өкмөтү (мындан ары "Тараптар" деп аталуучу),
достук мамиледеги эки өлкөнүн ортосундагы маданият жана башка өз ара байланыштагы тармактар жаатындагы өз ара кызматташтыкты андан ары өнүктүрүүнү жана чыңдоону каалап, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене.
Тараптар эки мамлекеттин ортосундагы кызматташтыкты маданий жумалыктарды, сүрөт искусствосунун көргөзмөлөрүн уюштуруу, артисттерди, театралдык жана музыкалык жамааттарды жиберишүү аркылуу колдошот жана чыңдашат.
2-берене.
Тараптар маданий маалыматтарды, жарыялоолорду, брошюраларды жана сүрөттөрдү алмашат, ошондой эле Тараптардын мамлекеттеринин улуттук китепканаларынын ортосундагы кызматташтыкты кеңейтишет. Тараптар ошондой эле Тараптардын мамлекеттеринин аймагында өткөрүлүүчү китеп көргөзмөлөрүнө-жарманкелерине улуттук китепканалардын жана тиешелүү уюмдардын катышуусун кеңейтишет.
3-берене.
Тараптар алардын маданияттарын өнүктүрүү менен байланышкан адабий, маданий жана көркөмдүк акыркы иштерди которуу менен алектенишет. Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына жана эл аралык келишимдерге ылайык Тараптар автордук укуктарды сакташат.
4-берене.
Ушул Макулдашуунун жоболорун аткарууну камсыз кылуу максатында, жана андан чыккан маселелерди жана маданият кызматташуу пландарды жана программаларды изилдөө максатында, Тараптар Бирдиктүү комиссияны (мындан ары - "Комиссия") түзүшөт. Аталган Комиссия жылына бир жолудан кем эмес, кезек менен өткөрүлөт.
Ошону менен бирге, өткөрүлгөн жери, убактысы, финансы жана башка маселелер дипломаттык каналдар аркылуу макулдашылат.
5-берене.
Эки өлкөнүн аймагында өткөрүлүүчү визиттердин финансы жана башка шарттары Тараптардын мамлекеттик органдарынын ортосунда ар бир конкреттүү учурда макулдашылат.
6-берене.
Тараптардын өз ара макулдугу боюнча ушул Макулдашууга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар анын ажырагыс бөлүгү болуп эсептелген өзүнчө Протоколдор менен 7-таризделет.
7-берене.
Ушул Макулдашуу 3 жылдык мөөнөткө түзүлөт жана дипломатиялык каналдар боюнча анын күчүнө кириши үнүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболорду Тараптардын аткаргандыгы жөнүндө акыркы жазуу жүзүндөгү билдирүү алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Тараптардын бири Макулдашууну колдонууну токтотсо, ал тарап Макулдашуунун мөөнөтү аяктаганда же жаңыртуу мөөнөтүнө чейин 3 ай калганда, дипломаттык каналдар аркылуу тиешелүү кабарлоо жиберет.
Ушул Макулдашууну бузуу иштеп жаткан программаларга жана долбоорго таасирин тийгизбейт.
Жогоруда айтылгандарга таянуу менен эки өлкөнүн өкүлдөрү ушул Макулдашууга кол коюшат.
Доха шаарында 2014-жылдын 8-декабрында эки түп нускада кыргыз, араб, орус жана англис тилинде түзүлдү. Чечмелөөдө пикир келишпестиктер пайда болгон учурда англис тилиндеги текстке артыкчылык берилет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн |
| Катар Мамлекетинин Өкмөтү үчүн |