Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 2-апрели № 186
“Джидда шаарында 2014-жылдын 25-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Ислам өнүктүрүү банкынын (Өнүктүрүү үчүн ислам тилектештиги фондунун администратору катары) ортосундагы “Кыргыз Республикасында айылдарды туруктуу өнүктүрүү” долбоорун каржылоого катышуу боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине, “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелгендер жактырылсын:
- “Джидда шаарында 2014-жылдын 25-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Ислам өнүктүрүү банкынын (Өнүктүрүү үчүн ислам тилектештиги фондунун администратору катары) ортосундагы “Кыргыз Республикасында айылдарды туруктуу өнүктүрүү” долбоорун каржылоого катышуу боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- Джидда шаарында 2014-жылдын 25-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Ислам өнүктүрүү банкынын (Өнүктүрүү үчүн ислам тилектештиги фондунун администратору катары) ортосундагы “Кыргыз Республикасында айылдарды туруктуу өнүктүрүү” долбоорун каржылоого катышуу боюнча кредиттик макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |
Долбоор
1-берене.
Джидда шаарында 2014-жылдын 25-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Ислам өнүктүрүү банкынын (Өнүктүрүү үчүн ислам тилектештиги фондунун администратору катары) ортосундагы “Кыргыз Республикасында айылдарды туруктуу өнүктүрүү” долбоорун каржылоого катышуу боюнча кредиттик макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда аталган Кредиттик макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө белгиленген тартипте Ислам өнүктүрүү банкына (Өнүктүрүү үчүн ислам тилектештиги фондунун администратору катары) кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Президенти