Загрузка документа…
ИЧКИ ИШТЕР МИНИСТРЛИГИ
БУЙРУК
2015-жылдын 18-марты № 265
Кыргыз Республикасынын ички иштер
органдарынын куралдануусунда турган
атайын каражаттардын Тизмесин
жана Ички иштер органдарынын
кызматкерлеринин атайын
каражаттарды колдонуу
эрежелерин бекитүү жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрдагы № 530 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченемдик ыйгарым укуктарын бир катар аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө» токтомуна ылайык,
БУЙРУК КЫЛАМ:
1. Бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын куралдануусунда турган атайын каражаттардын Тизмеси (тиркеме 1);
- Ички иштер органдарынын кызматкерлеринин атайын каражаттарды колдонуу эрежелери (тиркеме 2).
2. Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигиндеги (ИИМ) башкы башкармалыктардын, башкармалыктардын, өз алдынча бөлүмдөрдүн, кызматтардын жана окуу жайлардын, Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыктын (ББ), Бишкек шаарынын, Чуй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын (ИИББ), облустардын жана райондордун ички иштер башкармалыктарынын (ИИБ), шаарлардын жана райондордун ички иштер бөлүмдөрүнүн (ШРИИБ) башчылары жана атайын багыттагы полктун (АБП) жана тез чара көрүүчү атайын отряддын (ТЧКАО) командирлери кызматтык даярдык көрүүдө өздүк курам менен ички иштер органдарынын кызматкерлеринин атайын каражаттарды колдонуу эрежелерин окуп чыгууну жана алардын билимин камсыз кылууну.
3. Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин каржы чарба башкармалыгынын башчысына.
3.1. Атайын каражаттарды камсыз кылуу, тапшыруу, эсепке алуу, сактоо, ташып жеткирүү жана жок кылуу тартиптерин көзөмөлгө алсын.
3.2. Бул буйрукту тиркемеси менен басмакана ыкмасында 80 нускада даярдап чыгарсын.
4. Бул буйрук расмий түрдө жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет, “Эркин-Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасысын ИИМдин веб-сайтына расмий жарыя кылуу Кыргыз Республикасынын ИИМдин Басма сөз кызматынын башчысына жүктөлсүн.
5. Ушул буйруктун аткарылышы боюнча жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын ИИМдин башкы башкармалыктарынын, башкармалыктарынын, өз алдынча бөлүмдөрдүн, кызматтардын жана окуу жайлардын, Ош шаары жана Ош облусу боюнча ИИМдин ББнын, Бишкек ш., Чуй облусунун ИИББнын, облустардын жана райондордун ИИБнын, ШРИИБнун башчыларына, АБПнын жана ТЧКАОнун командирлерине жүктөлсүн.
6. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |
КР ИИМнин
«18» марты 2015- ж.
№ 265 буйругуна
1-тиркеме
1. Полипропилендик, поликарбонаттык, желим, пластикалык, дюралдык, металлдан жана башка материалдардан жасалган түз жана капталында кармоочусу бар бүтүн, телескопиялык таяктар:
- Тонфа, РТ-73 жана ушуга окшоштор.
2. Денеге кирип кетпеген октор жана атуулар;
- “Волна-Р” аталыштагы 23мм резина ок жана ушуга окшоштор;
- атайын гранатометтор үчүн алаксытуучу жана эстен тандыруучу атылчулар;
- 12мм, 16мм, 20мм, 28мм, 32мм резина октор;
- 12мм, 16мм, 20мм, 28мм, 32мм резина жана металлдан эмес дүрмөтү (картечь) октору;
3. Көздөн жаш агызуучу газ (дүүлүктүрүүчү атайын каражаттар);
3.1. Аэрозолдук чачылмалар:
- “Черемуха-10М”, “Сирень-10”, Контроль-М”, “Контроль-ММ”, “Контроль-МК”, “Резеда-10”, “Резеда-10М” жана ушуга окшош аэрозолдук чачылмалар.
3.2. Жогорку басымдагы чачылмалар, ранцалык аппараттар:
- “РВД” тибиндеги жогорку басымдагы чачылмалар;
- АР-16 “Примула”, “Облака” тибиндеги окшоштор, аэрозолдук жана ранцалык чачылмалар;
- “Овод” тибиндеги чачыратмалар;
- “РВД”, АР-16 “Облако”, “Овод”, “Примула” курамындагы чачмалар жана ушуга окшоштор.
3.3. Көздөн жаш агызуучу, дүүлүктүрүүчү таасирдеги кол гранаталары:
- “Дрейф”, РГ-60-А “Дрейф-2” тибиндеги окшош аэрозолдук кол гранаталар;
- көздөн жаш агызуучу, газ толтурулган гранаталар;
- ар кандай таасир этүүчү кол гранаталар;
- түтөтмө кол гранаталары жана жардыруучу пакеттер;
- тез аракеттеги атылуучу түтүн жана газ толтурулган гранаталары;
- “Черемуха-12” кубаттуулугу күчөтүлгөн атайын көздөн жаш агызуучу граната;
- “Сирень-12”, “Сирень-6” дүүлүктүрүүчү газ толтурулган кол гранаталары жана ушуга окшогондор;
- “Кроль”тибиндеги дүүлүктүрүүчү, эстен тандыруучу кол гранаталары жана ушуга окшогондор;
3.4. Октор жана дүүлүктүрүүчү (көздөн жаш агызчу), эстен тандыруучу атылгычтар, газ окторду атуучу тапанчалар жана мылтыктар:
- “Черемуха-7”, “Черемуха-7м” көздөн жаш агызуучу, газ толтурулган патрон гранаталары;
- көздөн жаш агызуучу 23мм патрон гранаталар;
- “Сирень-7” дүлүктүрүүчү 23мм патрон гранаталар;
- “Гвоздь” дүүлүктүрүүчү 40мм атуучу гранаталары;
- көздөн жаш агызуучу кошулмасы бар 38 мм патрондор;
- эстен тандыруучу жана дүүлүктүрүп көздөн жаш агызуучу атылма граната;
- газ толтурулган патрондор;
- травматикалык патрондор;
- газ тапанча ок дарысы менен;
- газ патрондор менен атуучу 38мм, 40мм, 50мм дүрмөттүү узун-кыска стволдуу жана башка дүрмөттүү мылтыктар;
4. “Полынь” тибиндеги пиротехникалык газ генераторлору.
5. БР, БР-С, БКС-1, БОС бир жолу колдонуучу кол кишендер жана ушуга окшоштор.
6. Алаксытуу аракетиндеги жарык, үн берүүчү каражаттар:
- “Заря-2”, “Факел-С”, жарык үн берүүчү тибиндеги кол гранаталар жана ушуга окшоштор;
- жарык, үн берүүчү кол гранаталар;
- “Факел” тибиндеги көп элементүү жарык, үн берүүчү кол гранаталар жана ушуга окшоштор;
- “Гном”, “Туча” тибиндеги жарык үн берүүчү, ар кандай таасир этүүчү кассеттик элементтерди атуучу каражаттар жана ушуга окшоштор;
- “Пламя” стационардык ыкчам-техникалык каражат;
- жарык, үн чыгарып атылчуу граната;
7. Тосмолорду жок кылуучу каражаттар:
- “Ключ”, “Импульс” тибиндеги аз көлөмдөгү жарылуучу заттар жана ушуга окшоштор;
- ГВ-50 жана РГС-50 түзүлүшүндөгү атайын граната атуучу комплекстери;
8. Мажбурлоо жолу менен транспорт токтотуучу учтуу ленталар, спирал түрүндөгү каражаттар:
- “Еж”, “Диана” түзүлүшүндөгү транспорт токтотуучу каражаттар жана ушуга окшоштор;
- “Гарпун” авто тоскучу;
- АКЛ, АСКЛ, АМКЛ спиралдары;
- МКЛ-1, МКЛ-2, МКЛ-3 жаңыланган учтуу ленталары;
- “Невод” биологиялык таасири бар кыймылды чектөөчү каражатар жана ушуга окшоштор;
9. Суу менен атуучу, ок өтпөс машиналар:
- ар түрдүү модификациядагы суу атуучу машиналар;
- БТР-60ПБ, БТР-70, БТР-80, БТР-80А ок өтпөс транспортерлор;
- БРДМ-2 күжүрмөн чалгындоочу машина;
- БМП-1 күжүрмөн машина;
11. Атайын боегуч каражаттар.
12. Кызматтык жаныбарлар (иттер, аттар).
13. Эстен тандыруучу каражаттар:
- ток менен эстен тандыруучу түзүлүштөр;
- “Тайзер”, “АИР-107 У” тибиндеги эстен тандыруучу түзүлүштөр жана ушуга окшоштор;
- “ЭШУ-200” тибиндеги эстен тандыруучу каражаттар жана ушуга окшоштор;
14. Коргонуучу каражаттар:
- “Витраж” тибиндеги калкандар жана ушуга окшоштор;
- БЗТ-75, БЗС-75, “Забор” тибиндеги оор, тактикалык жана кыймыл убагында колдонуучу ок өтпөс калкандар жана ушуга окшоштор;
- ЖЗЛ-74 тибиндеги жеңил жилеттер жана ушуга окшоштор;
- 1-6 класстагы сырттан жана ичтен кийилчүү ок өтпөс жилеттер;
- “Кора”, “Модуль”, “Корунд”, “Штурм”, “Базальт” тибиндеги ок өтпөс жилеттер жана ушуга окшоштор;
- жеңилдетилген жилеттер;
- жеңилдетилген ок өтпөс жилеттер;
-“Маска”, “ЗШ-1”. ССШ-94, “Сфера-С” тибиндеги окко чыдамдуу шлемдер жана ушуга окшоштор;
- окко чыдамдуу шлемдер;
- СШ-68 осколка өтпөс шлем-каска;
- ПШ-97 “Джета”, “Маска-2” тибиндеги тосмосу бар соккудан сактоочу шлемдер жана ушуга окшоштор;
- соккудан коргоочу тосмосу бар шлемдер;
- “Робокоп”, “Щиток” тибиндеги массалык баш-аламандыкта соккудан сактоочу костюмдар;
- соккудан сактоочу калкандын комплекстери;
- чабуулдан коргоочу комплекс;
- “ВЭК-Грот” жардыруучу техникадан коргонуучу костюму;
- “Грот” сапёрдун коргонуучу костюму;
- “Зов” жардыруучу түзүлүштү өчүрүүчү техникалык каражат;
- ар түрдүү модификациядагы противогаздар;
- ар түрдүү модификациядагы химиялык коргонуу костюмдары;
- “ВЭК-Щит” ок өтпөс жылып жүрүүчү комплекси.
КР ИИМдин
“18” марты 2015-жыл
№ 265 буйругуна
2-тиркеме
1. Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндөгү мыйзамында каралган ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан атайын каражаттарды колдонуунун тартиби ушул Эрежелердин негизинде аныкталат.
2. Атайын каражаттарды колдонууга атайын даярдыктардан жана окуудан өткөн, укуктук негиз, коопсуздук чаралары, тактика жана атайын каражаттарды колдонуунун өзгөчөлүктөрү боюнча сынак тапшырган Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын кызматкерлери укуктуу.
Сынактан өтпөгөн Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын кызматкерлерине атайын каражаттарды колдонууга тыюу салынат.
3. Окууну уюштурууга, атайын каражаттарды колдонуу боюнча аракеттерге Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын кызматкерлеринин кесипкөй даярдыгына Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнүн тийиштүү жетекчилери жооп берет.
Эгерде алар тараптан киши өмүрүнө коркунуч алып келүү үчүн кол салуу, топтошкон кол салуу жана ок атуучу курал менен каршылык көрсөтүү болбосо, аялдарга, жаш балдарга, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга карата атайын каражаттарды колдонууга тыюу салынат.
4. Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын кызматкерлери атайын каражаттарды сактоонун жана колдонуунун эрежелерин сактоого милдеттүү.
Эгерде, атайын каражаттарды колдонуу менен иш-чаралар, машыгуулар (даярдыктар) өткөрүлсө алдын ала медициналык тез жардам көрсөтүү үчүн, ИИМдин медициналык бөлүктөрүнүн кызматкерлерин же болбосо башка медициналык мекемелердин кызматкерлерин камсыз кылуу керек.
Атайын каражаттар төмөндөгүчө классификацияланат:
- жеке коргонуу каражаттары;
- активдүү коргонуу каражаттары (күч колдонуу менен);
- атайын операцияларды камсыздоо каражаттары.
Жеке коргонуу каражаттары
1) Башты сактоо - тосмосу бар жана тосмосу жок, соккуга, окко жана октун чачырандысына туруштук берүүчү ар-кандай шлемдер.
2) Денени сактоочу - коргоочу женил жилеттер, сыртынан жана ичинен кийүүчү 1-6- класстагы бронжилеттер, женил ок өтпөс жилеттер.
3) Толук баштан аяк сактоочу - массалык башаламандыктарда, соккудан сактоочу “Робокоп” сыяктуу коргоочу костюмдар, соккуга каршы баардык калкандар, чабуулда коргоочу комплекстер, жардыруучулардын жана сапёрлордун сактануучу костюмдары.
4) Соккуга каршы, окко каршы, тактикалык учурда, оор салмактуу, өзү менен алып жүрө турган калкандар.
Активдүү коргонуу каражаттар
1) Полипропилендүү, поликарбонаттуу, резина, желим, дюраль, темир, жана башка материалдардан, бүтүн, капталында ручкасы бар түз телескопиялуу таяктар.
2) Октор жана катуу сокку берүүчү тешип кетпеген таасирдеги атуулар.
- соккудан – өзүн жоготуп коюучу жана калдастап калуучу таасир берүүчү атуулар.
3) Көздөн жаш агызуучу газ (ар кандай дүүлүктүрүүчү атайын каражаттар).
- аэрозолдук чачкычтар;
- жогорку басымдуулуктагы чачкычтар, ранцевдик аппараттар;
- дүүлүктүрүүчү (көздөн жаш агызчу) жана ар түрдүү таасир берүүчү кол гранатасы;
- түтөтмө гранаталар;
- дүүлүктүрүүчү (көздөн жаш агызчу ) октор, соккудан – өзүн жоготуп коючу таасир берүүчү, эстен тандырчуу газ менен атуучу тапанчалар жана мылтыктар;
- пиротехникалык газ генераторлору.
4) Электрошок берүүчү каражаттар.
Атайын операцияларды камсыздоо каражаттары
- көңүл бурдуруучу үн, жарык чыгара турган каражаттар;
- тосмолорду талкалоочу каражаттар;
- автоунаа каражаттарын күч менен токтотуучу каражаттар;
- водометтор жана ок өтпөс автоунаалар;
- атайын боегуч каражаттар;
- кызматтык жаныбарлар (иттер, аттар).
5. Атайын каражаттардын түрү жана аларды колдонуунун тездиги укук бузуунун мүнөзүн жана укук бузуган адамдын өздүгүн, болуп жаткан кырдаалды эске алуу менен аныкталат.
6. Көп адамдардын тобуна жана белгилүү бир аралыктагы эскертүү үндү бийик чыгаруучу апараттарды колдонуунун жардамы менен кайрылуу иретинде мамлекеттик же расмий тилде жасалат. Эскертүү берилгенден (кайрылуудан) кийин тартипти бузуучуларга ойлонууга жетиштүү убакыт берилет.
7. Эгерде күч колдонбой туруп коомдук тартипти камсыз кылууда милдеттерди аткарууга мүмкүн болбой калган учурда укук бузуулардын алдын алууда жана бөгөт коюууда ошондой эле башка тартип бузуучуларга, жана аларды кармоодо, өзүн коргоодо ички иштер органдарынын мыйзамдуу талаптарына каршылыктар көрсөтүлсө ички иштер органдарынын кызматкерлери мыйзамдын негизинде атайын каражаттары колдонуусу мүмкүн.
8. Ички иштер органдарынын кызматкерлери атайын каражаттарды колдонууда:
- жараксыз, бузулган жана мөөнөтү өткөн атайын каражаттарды колдонууга тыюу салынат;
- башка, моюнга, акырекке, ичке, ашказанга, жыныстык органга жана негизги маанилүү органдарга тонфа жана желим таяктар менен урууга тыюу салынат. Таяктарды колдонууда жеңил жаракат алуу менен эле чектелүүчү органдарга гана урууга аракет кылуу зарыл (бут, кол жана булчуңдарга);
- тартип бузгандарга гранатанын газ огу менен мээлеп атууга тыюу салынат. Атуу бурчу түз тийгизбөө керек;
- атайын колдонуучу каражаттардын тактикалык-техникалык жактан белгиленген мүнөздөгү параметрлерин жана алардын коопсуздук чараларын бузууга тыюу салынат;
- өзүн жоготуп койдуруучу ок менен атуучу куралды (20-25м) колдонууда белгиленген коопсуздук аралыкты бузууга тыюу салынат. Тартип бузуучунун бут жагына атууга болот;
- алаксытып таасир этүүчү үн чыгаруучу каражаттар үчүн белгиленген коопсуздук аралыкты бузууга тыюу салынат. Жарык үн чыгаруучу гранатаны колдонуу учурунда коопсуздукту сактоо үчүн тартип бузуучудан 6 м алыс аралыкта, ылдый тараптан тоголотуп ыргытуу ыкмасын колдонуу керек;
- эгерде ал жерде барымтага алынган киши имараттын ичинде жардыруучу жерге 2 м. жакын аралыкта турган болсо, имараттарды талкалоого колодонуучу каражаттарды (кичи көлөмдүү жардыруучу заттарды) колдонууга тыюу салынат;
- коомдук автоунааларды жана жүргүнчүлөрдү ташууга ылайыкташтырган жүк ташуучу автоунааларды (ичинде жүргүнчүлөрү болсо), дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн автоунааларын, мотоциклдерди, мопеддерди, андан тышкары тоодогу жолдордо, же жол аймагы жакшы көрүнбөгөн жайларда, темир жол өткөөлдөрүндө, көпүрө жана туннелдерде мажбурлап унаа токтотуучу атайын каражаттарды колдонуу менен токтотууга тыюу салынат;
- нөлдөн ылдыйкы температурада массалык башаламандыктын катышуучуларын суу менен атууга тыюу салынат.
9. Атайын каражаттарды колдонууда мыйзамдын, аныкталган эрежелердин жана коопсуздук чараларынын сакталышына башкаруучудан баштап аткаруучуга чейинки кызматкерлер жооптуу.
Иш-чара (машыгуу) бүткөндөн кийин Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын кызматкерлери жабыр тарткандарды табуу, иштебей (жарылбай) калган атайын каражаттарды жыйноо же жокко чыгаруу, күйгөн оттун калдыктарын жана башка зыян алып келүүчү шарттарды аныктоо, андан тышкары кетирилген кемчиликтерди калыбына келтирүү максатында бөлмөлөрдүн ичин жана ошол аймактарды кароодон өткөрөт, милдеттүү түрдө кароо жүргүзөт.
Атайын каражаттарды колдонууда Эрежеде көрсөтүлгөн тартип бузулса, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде жоопкерчилик каралат.