Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-январындагы № 40 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 3-апрели № 190
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 12-январындагы № 12 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин Кыргыз Республикасынын минералдык-чийки зат базасын өнүктүрүү боюнча атайын эсеби жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын минералдык-чийки зат базасын натыйжалуу өнүктүрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 12-январындагы № 12 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин Кыргыз Республикасынын минералдык-чийки зат базасын өнүктүрүү боюнча атайын эсеби жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин Кыргыз Республикасынын минералдык-чийки зат базасын өнүктүрүү боюнча атайын эсеби жөнүндө жободо:
3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Атайын эсептин тескөөчүсү болуп Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директору саналат. Каражаттарды тескөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директору башчылык кылган, курамына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын профилдик бөлүмүнүн, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын М.М.Адышев атындагы геология институтунун өкүлдөрү кирген комиссиянын көпчүлүк добуштар менен кабыл алынуучу чечимдеринин негизинде жүзөгө ашырылат. Комиссиянын курамы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин буйругу менен бекитилет.".
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |