Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-январындагы № 40 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 3-апрелиндеги № 190, 2014-жылдын 4-августундагы № 436 токтомдорунун редакциясына ылайык)
I. Жалпы жоболор
II. Атайын эсепти түзүүнүн булактары
III. Атайын эсептин каражаттарын пайдалануунун жана эсепке алуунун
тартиби
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигинин Кыргыз Республикасынын минералдык-чийки зат базасын өнүктүрүү боюнча атайын эсеби (мындан ары - Атайын эсеп) "Кыргыз Республикасында бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 28-августундагы № 531 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинде турган мекемелердин депозиттик суммалары жана атайын каражаттары жөнүндө" токтомуна ылайык түзүлгөн.
Атайын эсептин каражаттары максаттуу арналышы боюнча гана пайдаланылат.
Атайын эсеп жер казынасындагы пайдалуу казындылардын тындырылган запастарын толтуруу, экономиканын минералдык чийки заттардын жаңы түрлөрүнө болгон муктаждыгын канааттандыруу жана минералдык-чийки заттардын базасын калыбына келтирүү максатында ачылат.
2. Атайын эсеп Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казначылыгында ачылат.
3. Атайын эсептин тескөөчүсү болуп Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директору саналат. Каражаттарды тескөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директору башчылык кылган, курамына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын профилдик бөлүмүнүн, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын М.М.Адышев атындагы геология институтунун өкүлдөрү кирген комиссиянын көпчүлүк добуштар менен кабыл алынуучу чечимдеринин негизинде жүзөгө ашырылат. Комиссиянын курамы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин буйругу менен бекитилет.
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 3-апрели № 190 токтомдун редакциясына ылайык)
4. Атайын эсептин каражаттары төмөнкүлөрдүн эсебинен түзүлөт:
- конкурстун объектисинин жер казынасын пайдалануу укугуна сунуш кылынган жыйынтыктоочу сумманын бонусту (жер казынасын пайдалануу укугуна салыкты) чыгарып койгондон кийин 3 пайызы;
- аукциондун объектисинин жер казынасын пайдалануу укугуна акыркы баанын бонусту (жер казынасын пайдалануу укугуна салыкты) чыгарып койгондон кийин 3 пайызы;
- ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка түшүүлөрдөн.
(КР Өкмөтүнүн 4. Атайын эсептин каражаттары төмөнкүлөрдүн эсебинен түзүлөт:
- конкурстун объектисинин жер казынасын пайдалануу укугуна сунуш кылынган жыйынтыктоочу сумманын бонусту (жер казынасын пайдалануу укугуна салыкты) чыгарып койгондон кийин 3 пайызы;
- аукциондун объектисинин жер казынасын пайдалануу укугуна акыркы баанын бонусту (жер казынасын пайдалануу укугуна салыкты) чыгарып койгондон кийин 3 пайызы;
- ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка түшүүлөрдөн.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-августундагы № 436 токтомунун редакциясына ылайык)
токтомунун редакциясына ылайык)
5. Акча каражаттарынын түшүүсү улуттук валютада нак же накталай эмес түрдө жүргүзүлөт.
6. Атайын эсептин каражаттары төмөнкүлөргө пайдаланылат:
- ведомстволук ишканалардын геологиялык - издөө иштерин жүргүзүүнү каржылоого;
- ведомстволук ишканалардын геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүнү каржылоого;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин ведомстволук ишканалары үчүн геологиялык издөө жана чалгындоо иштерин жүргүзүү боюнча атайын жабдууларды сатып алууга.
7. Атайын эсептин каражаттары ушул Жобого ылайык гана пайдаланылат.
8. Аталган каражаттар Атайын эсепте топтолот.
9. Чыгымдоо сметасын бекитүүгө чейин Атайын эсептин каражаттарын сарптоого жол берилбейт жана бекитилген сметанын чегинде гана жүргүзүлөт. Бекитилген сметадан ашыкча түшкөн каражаттардын чыгымдоо сметасы зарыл учурларда бекитүүгө кошумча берилиши мүмкүн.
10. Атайын эсептин каражаттарынын отчеттук жылдын акырында түзүлгөн калдыктары Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык жөнгө салынат.