Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 7-апрели № 200
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2008-жылдын 15-январындагы № 7 “Cоциалдык
чөйрө мекемелеринде тамак-аштын
акчалай ченемдери жөнүндө” токтомуна өзгөртүү
жана толуктоо киргизүү тууралуу
Жалпы типтеги жатак-мектептердин тарбиялануучуларын социалдык жактан коргоо максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2008-жылдын 15-январындагы № 7 “Cоциалдык чөйрө мекемелеринде тамак-аштын акчалай ченемдери жөнүндө” токтомуна тѳмѳнкүдѳй ѳзгѳртүү жана толуктоо киргизилсин:
жогоруда аталган токтомдун тиркемесинде:
2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“
2 | Жалпы типтеги жалпы билим берүүчү мектеп-интернаттарда (санаториядан тышкары) | 60 |
”
- төмөнкүдөй мазмундагы 21-пункт менен толукталсын:
“
21 | Кесиптик-техникалык окуу жайларда (камкорчулукка (көзөмөлчүлүккө) алынган окуучуларды кошкондо) | 30 |
”
2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги:
- ушул токтомдун 1-пунктун ишке ашырууга байланышкан чыгымдарды министрликтин тиешелүү жылга каралган бюджетинин чегинде жүргүзсүн;
- ушул токтомдон келип чыккан зарыл чараларды көрсүн.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |