Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 6-апрели № 194
“Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу”
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен бул мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |
Долбоор
1-берене
“Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (“Эркин Тоо” гезити, 2014-жылдын 9-майы, № 35) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 7-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 11-пункт менен толукталсын:
“11) ноталар же каттар жана/же алардын долбоорлору - эл аралык келишимди түзгөн ноталарды же каттарды алмашуу жолу менен Жогорку Кеңеш тарабынан кийин ратификацияланууга жаткан мамлекеттер аралык же өкмөттөр аралык эл аралык келишимди түзүү болжолдонгон учурда;”.
2. 8-берененин 4-бөлүгү “эл аралык келишимдин долбоорун” деген сөздөрдөн кийин “(эл аралык келишимди түзгөн ноталарды же каттарды алмашуу жолу менен эл аралык келишимди түзүү болжолдонгон учурда, Кыргыз Республикасынан нотанын же каттын долбоорун)” деген сөздөр менен толукталсын.
3. 11-берененин 3-бөлүгүнүн 1-пункту жана 18-берененин 3-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын.
4. 12-берененин 3-бөлүгүнүн 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“1) эл аралык келишимдин текстинин тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан күбөлөндүрүлгөн (көп тараптуу эл аралык келишимдердин депозитарийлеринен алынган күбөлөндүрүлгөн көчүрмөнүн) көчүрмөсү.
Ноталардын же каттардын тышкы иштер чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү - эгерде эл аралык келишимди түзгөн ноталарды же каттарды алмашуу жолу менен эл аралык келишим түзүлсө;”.
5. Төмөнкүдөй мазмундагы 171 -берене менен толукталсын:
“171-берене. Кошулуу жөнүндө грамота жана аны депозитарийге сактоого берүү
Эгерде бул Кыргыз Республикасы кошулуучу эл аралык келишимдин жоболорунда каралса, ошондой эле ушул эл аралык келишимге кошулуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын же Өкмөттүн токтомунун негизинде тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан Президент кол коюучу жана анын мөөрү менен бекитилүүчү, ал эми андан кийин тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин кол коюлуп, мөөрү менен бекитилүүчү кошулуу жөнүндө грамота чыгарылат.
Эгерде бул Кыргыз Республикасы кошулуучу эл аралык келишимдин жоболорунда каралса, ошондой эле ушул эл аралык келишимге кошулуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын же Өкмөттүн токтомунун негизинде тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же болбосо анын тапшырмасы боюнча Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгү же эл аралык уюмдун алдындагы туруктуу өкүлчүлүгү тарабынан кошулуу жөнүндө грамота депозитарийге (депозитарийлерге) сактоого берилет.
Кошулуу жөнүндө грамоталарды эсепке алуу жана каттоо тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт.”.
6. 38-берененин 3-бөлүгүнүн 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“1) эл аралык келишимдин тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан күбөлөндүрүлгөн (көп тараптуу эл аралык келишимдердин депозитарийлеринен алынган күбөлөндүрүлгөн көчүрмөнүн) көчүрмөсү.
Ноталардын же каттардын тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү - эгерде эл аралык келишимди түзгөн ноталарды же каттарды алмашуу жолу менен эл аралык келишим түзүлсө;”.
2-берене
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын
Президенти