Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-апрелиндеги № 234 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY

ТОКТОМ

2015-жылдын 8-апрели № 204

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын

19-июнундагы № 388 “Кыймылсыз мүлк объекттерине техникалык изилдөө жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине шайкеш келтирүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-июнундагы № 388 “Кыймылсыз мүлк объекттерине техникалык изилдөө жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жогоруда аталган токтому менен бекитилген Кыймылсыз мүлк объекттерине техникалык изилдөө жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жободо:

- III главасынын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“III. Өз билемдик менен курулган курулуштарды техникалык текшерүү”;

- 48 жана 49-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“48. Эгерде жаӊы курулган кыймылсыз мүлктү алгачкы текшерүүдө анын өз билемдик менен курулгандыгы аныкталса, ага техникалык паспорт түзүлбөйт. Мындай учурда тиешелүү акт түзүлүп, ал чара көрүү үчүн техникалык коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга бир жумалык мөөнөттө жиберилет.

49. Өз билемдик менен курулган курулушту текшерүү жөнүндө арыз берген адамга себебин көрсөтүү менен техникалык паспорт түзүүдөн баш тартылгандыгы жөнүндө жазуу жүзүндө кат жиберилет.”.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

Дж.К.Оторбаев