Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-апрелиндеги № 234 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2009-жылдын 19-июнундагы
№ 388 токтому менен
бекитилген
Кыймылсыз мүлк бирдиктерине техникалык
изилдөө жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө
ЖОБО
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 8-апрели № 204, 2015-жылдын 23-июлу № 523,
Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-декабрындагы № 294
токтомдорунун редакциясына ылайык)
I. Жалпы жоболор
II. Кыймылсыз мүлк бирдиктерине техникалык изилдөө
жүргүзүүнүн тартиби
2.1. Кыймылсыз мүлк бирдигин алгачкы изилдөө
2.2. Камералык жумуштар
2.3. Кыймылсыз мүлктүн бирдигин учурдагы текшерүү
2.4. Аткарылган иштердин натыйжасы
III. Өз билемдик менен курулган курулуштарды техникалык текшерүү
№ 1 тиркеме. Кыймылсыз мүлк бирдигине техникалык изилдөө
жүргүзүүгө арыз
№ 2 тиркеме. Кыймылсыз мүлк бирдигине техникалык изилдөө
жүргүзүүгө арыздарды кабыл алуу жана документтерди
берүү журналы
№ 3 тиркеме. Кыймылсыз мүлк бирдигинин техникалык паспорту
№ 4 тиркеме. Кыймылсыз мүлк бирдигинин техникалык паспортунун
ведомосту
1. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо Кыймылсыз мүлк бирдиктерине техникалык изилдөө жүргү-
зүүнүн тартибин белгилейт.
Кыймылсыз мүлк бирдиктерине техникалык изилдөө өзүнө төмөнкүлөрдү
камтыйт:
- кыймылсыз мүлк объекттерине техникалык изилдөө жүргүзүүнү;
- техникалык паспорт берүүнү.
Техникалык паспорт акы төлөнүүчү негизде берилет.
2. Кыймылсыз мүлк бирдиктерине техникалык изилдөөнү кыймылсыз мүлк
бирдиги жайгашкан жердеги жергиликтүү каттоочу органдар жүргүзүшөт.
Кыймылсыз мүлк бирдиктерине техникалык изилдөө арыздын негизинде ишке
ашырылат (№1 тиркеме).
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 23-июлу № 523 токтомдун редакциясына ылайык)
3. Кыймылсыз мүлк бирдиктерине техникалык изилдөө өзүнө алгачкы
жана кийинки изилдөөлөрдү камтыйт.
Алгачкы изилдөө жањы түзүлгөн кыймылсыз мүлккө жүргүзүлөт. Алгачкы
изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча техникалык паспорт түзүлөт.
Кийинки изилдөө реконструкциянын, планын өзгөртүүнүн, профилин
өзгөртүүнүн натыйжасында имараттардын, курулмалардын, квартиралардын же
башка кыймылсыз мүлктүн техникалык мүнөздөмөлөрү өзгөргөндө укук ээси-
нин арызы боюнча милдеттүү тартипте, ошондой эле укук ээсинин каалоосу
боюнча ыктыярдуу тартипте жүргүзүлөт.
4. Техникалык изилдөөнү аткарууда жумуштардын төмөнкүдөй иретин
кармануу керек, алар:
- архивдик документтерди изилдөө;
- талаа жумуштары;
- камералык жумуштар;
- акы төлөнгөнү жөнүндө документти түзүү.
4-1. Техникалык изилдөө жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча жергиликтүү
каттоо органынын түзүмдүк бөлүнүшүнүн жетекчиси айына бир жолу тандап
контролдук ченөө жүргүзөт жана бул жөнүндө жергиликтүү каттоо органынын
жетекчилигине билдирет.
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 23-июлу № 523 токтомдун редакциясына ылайык)
4-2. Кыймылсыз мүлк бирдигинин дареги өзгөргөндө, адис техникалык
паспорттун төмөнкү оң бурчуна өзгөрүү датасын көрсөтүү менен даректин
өзгөргөндүгү жөнүндө жазуу жүргүзөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-декабрындагы № 294
токтомунун редакциясына ылайык)
5. Бул Жободо пайдаланылчу терминдер жана аныктамалар:
Кыймылсыз мүлктүн бирдиги - белгиленген чек арасы бар жана Кыргыз
Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке адамдардын же юридикалык жак-
тардын менчигинде же пайдалануусунда, мамлекеттик же муниципалдык мен-
чикте турган жер участогу, имарат, курулма, квартира же башка кыймылсыз
мүлк. Эгер жер участогунда бир эле менчик ээсине таандык бир нече има-
рат, курулмалар же башка кыймылсыз мүлк объекттери бар болсо анда ал
объекттер жана жер участогу чогуусу менен бир кыймылсыз мүлк объектин
түзүшөт.
Кыймылсыз мүлк бирдиктерин техникалык изилдөө - имараттардын, ку-
рулмалардын, квартиралардын же башка кыймылсыз мүлктүн техникалык
мүнөздөмөлөрүн, ошондой эле жер участоктун чыныгы чек араларын аныктоо.
Техникалык паспорт - кыймылсыз мүлк бирдигин техникалык изилдөөнүн
жыйынтыгында түзүлгөн, белгиленген формадагы документ.
Кадастрлык план - кыймылсыз мүлк бирдигинин масштаб менен түзүлгөн
планы, анда кыймылсыз мүлктүн чек аралары, чектөөлөрү, анын бурулуш че-
киттери жана алардын ортосундагы аралыктар көрсөтүлөт.
Кадастрлык тартуу - жер участоктордун чек араларын аныктоо, аларды
координациялоо жана кадастрлык карталар менен пландарда чагылдыруу үчүн
аткарылчу топографиялык сүрөткө тартуунун түрү.
Камералык жумуштар - талаа жумуштарынын процессинде топтолгон ма-
териалдарды иштетүү.
Курулма - өзүнчө курулган имарат, курулма, үй же башка объект. Чо-
гуулуктун белгилери жалпы дубал жана фундамент, курулманын жалпы арна-
лышы болот.
Курулмалар турак жай жана турак жай эмес деп бөлүнүшөт; кызмат
өтөө касиети боюнча - негизги жана көмөкчү болот, алардын тротуардын
чекесине же жербайга карата жайгашкан аралыгына жараша жер үстүндөгү,
цоколь (жарым подвал), подвал, мансард кабат деп бөлүнүшөт.
Турак жай курулма - адамдар жашашы үчүн узак пайдаланууга арнал-
ган, туруктуу типтеги капиталдык курулма.
Турак эмес жай - өндүрүштүк, соодалык, маданий-агартуучулук, дары-
лоочу-санитардык, коммуналдык-тиричиликтик, администрациялык жана башка
максаттар үчүн арналган курулма.
Негизги курулма - башкалардын ичинде өзүнүн арналышынын негизгили-
ги менен айырмаланган курулма. Бир жер участокто бир же андан көп не-
гизги курулма болушу мүмкүн.
Көмөкчү курулуш - тийиштүү жер участогундагы негизги курулмага ка-
раганда экинчи даражадагы мааниге ээ курулма. Көмөкчү курулмаларды тех-
никалык паспорттоштурууда алардын ички жайлары ченелбейт. Турак жай
сектордо көмөкчү курулмалардын катарына: сарайлар, гараждар (жеке пай-
далануудагылар), бастырмалар, жертөлөлөр ж.у.с. кирет.
Жер үстүндөгү курулма - астанасынын дењгээли тротуардын же жербай-
дын чегинен төмөн эмес курулма.
Цоколь (жарым подвал) курулма - астанасынын дењгээли тротуардын же
жербайдын чегинен ички бийиктигинин жарымынан ашпаган төмөндүктөгү ку-
рулма.
Подвал курулма - астанасынын дењгээли тротуардын же жербайдын че-
гинен ички бийиктигинин жарымынан ашык төмөндүктөгү курулма.
Мансарда курулма - бөлмөлөрү чатырдын ичинде жайгашкан курулма,
мында анын бөлмөлөрүнүн шыбынын горизонталь бөлүгүнүн аянты астананын
аянтынын жарымынан кем эмес, ал эми дубалдарынын шыптын жантайган чети-
не чейинки бийиктиги 1,6 м кем эмес болууга тийиш.
Кошумча курулуш - тышкы дубалдардын контурунан сыртта жайгашкан
курулманын бөлүгү. Кошумча курулманын көбүндө негизги курулма менен ич-
ки байланыш болот. Кошумча курулманын аянты негизги курулманын жалпы
аянтынын ичине киргизилип эсептелет.
Бөлмөлөр - курулманын ичиндеги өзүнчө, жанаша башка бөлмөлөрдөн
жылчыксыз дубалдар же жылчыксыз тосмолор менен бөлүнгөн жана көчөгө,
короого, жалпы пайдалануудагы коридорго же тепкич аянтка өзүнчө чыгуучу
бөлүгү. Бөлмөлөр арналышы боюнча турак жай жана турак жай эмес болуп
бөлүнүшөт.
Жатакана - адамдардын жашашы үчүн атайын курулган же ылайыкташты-
рып жабдылган турак жай. Жатаканага берилген курулмаларда ашкана, буфет
жана ушул сыяктуу жайлар тийиштүү типке (соодалык, маданий-агартуучу
жана башка жайлар) киргизилүүгө тийиш. Алардын аталыштары жана аянттары
эгер жасала турган болсо, планга жана экспликацияга жазылууга тийиш.
II. Кыймылсыз мүлк бирдиктерине техникалык
изилдөө жүргүзүүнүн тартиби
2.1. Кыймылсыз мүлк бирдигин алгачкы изилдөө
6. Кыймылсыз мүлк бирдигин алгачкы изилдөө кыймылсыз мүлк бирдигин
жерине барып изилдөөдөн башталат.
7. Кыймылсыз мүлк бирдиктерин изилдөө жер участогун, курулмаларды
кадастрлык сүрөткө тартууну жана абрис түзүүнү камтыйт.
8. Жер участокту кадастрлык сүрөткө тартуу кыймылсыз мүлккө укук-
тарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган белгилеген тар-
типте ишке ашырылат.
9. Курулмаларды кадастрлык тартуу изилденчү объекттердин жана ку-
рулмалардын арналышын аныктоодон башталат. Ченөө болот же тасма рулетка
менен жасалат.
Имараттын сыртын ченөө милдеттүү түрдө цоколдон өйдөтөн, терезе-
лердин дењгээлинде 10 см чейинки тактык менен жасалат.
Рулетканын болот тасмасы боюнча отчетторду туура окуу жана иштин
ыњгайлуу болушу үчүн имараттардын тышын саат жебесине каршы ченөө, ал
эми ичин ченөөнү - иштин шартына жараша жасоо сунушталат.
Курулманын линияларын ченөөнүн акыркы чекити болуп ченөө башталган
объекттин бурчу, 0,40 см ашык сењир, дубалдын горизонталь линиясындагы
мүмкүн болгон ар кандай сењирлер же дөмпөктөр эсептелет.
Диагоналдарды чоњ бөлмө-жайларда жана тик бурчтуу эмес формадагы
жайларда ченөө сунушталат (негизинен).
Курулмалардын чиймесин чийүүдө бардык дубалдардын жана тосмолордун
калыњдыктарын билүү зарыл.
Бөлмөлөрдүн ичин ченөө астанадан 1,10-1,30 см бийиктикте дубалдар-
дын бүткүл периметри боюнча 10 см чейин тактыкта, каалгаларды, сењир-
лерди жана башка элементтерди кошо ченөө менен жүргүзүлөт. Эшиктердин
жана терезелердин көњдөйлөрү жарыктын түшкөнүнө жараша ченелет.
Бөлмөнүн өзүнөн тышкары тепкичтин клеткаларын ченөөдө аянтчалары чене-
лет жана абристе тепкичтердин саны жана марштардын көтөрүлүү багыттары
көрсөтүлөт.
Курулманын кабаттуулугу жер үстүндөгү кабаттардын саны боюнча
аныкталат.
Жер үстүндөгү биринчи кабат болуп астанасы тегизделген жердин
(жербайдын же тротуардын) дењгээлинен төмөн эмес кабат эсептелет. Эгер
курулманын айрым бөлүктөрүндө жер үстүндөгү кабаттардын саны ар башкача
болсо, анын кабаттуулугу имараттагы кабаттардын көптүк саны менен анык-
талат.
10. Курулманы тышкы ченөө боюнча жумуштар аткарылгандан кийин
ичиндеги бөлмөлөрүнүн абриси түзүлөт.
Абрис бардык бөлмөлөргө бир убакта же бара-бара, өзүнчө
бөлмөлөрдүн ченелишине жараша түзүлөт. Бул эки учурда тењ абристи түзүү
ички капиталдык дубалдарды, тосмолорду, эшиктерди, терезелерди
сүрөттөөдөн башталууга тийиш.
Курулманын абриси эркин, карандаш менен тартылат. Абристе курулма-
нын бардык бөлүктөрү анын ченелишине жараша көрсөтүлөт, алардын
өлчөмдөрү коюлат.
Көп кабаттуу курулмаларды ченөөдө абрис ар бир кабатка, подвал ка-
баттан баштап акыркы кабатка (турак жайда - мансардага) чейин тартылат.
Типтүү долбоордогу курулмаларда абриске техникалык кабаттын, би-
ринчи жана типтүү кабаттардын ченемдери, ошондой эле акыркы кабаттардын
бөлмөлөрүнүн ченемдери киргизилет.
11. Курулманын абрисин тартуунун жана ченөөнүн ырааттуулугу:
- курулманын капиталдык сырткы дубалдарынын контурун, кошунду ку-
рулуштардын контурун, ошондой эле эшиктердин жана терезелердин
көњдөйлөрүн негизги курулманын жана кошунду курулуштардын бүткүл пери-
метри боюнча абриске тартуу;
- курулманын тышкы бурчтарынын биринен баштап эшиктердин же тере-
зелердин көњдөйлөрүнүн башталышына жана аягына чейин же негизги курул-
манын жана кошунду курулуштардын бүткүл периметри боюнча алардын окто-
рун өлчөмдөрүн жазып ченөө.
Жанаша турган башка курулмаларга байланыштуу дубалдарды бүткүл пе-
риметри боюнча ченөөгө мүмкүн болбогон жерлерде дубалдын узундугун
бөлмөлөрдүн ички ченемдерин жана дубалдардын калыњдыгын кошуу жолу ме-
нен аныктаса болот.
2.2. Камералык жумуштар
12. Жер участоктун кадастрлык планын түзүү кыймылсыз мүлккө укук-
тарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган белгилеген тар-
типте жүргүзүлөт.
13. Курулмалардын кабаттар боюнча пландарын түзүү абристердин маа-
лыматтарынын негизинде жүргүзүлөт.
Пландар чийме кагазга тыкан чийилет. План форматканын четтерине
симметриялуу тартылат.
Кабаттар боюнча пландар 1:100 масштабда чийилет. Узундугу 70 м
ашык чоњ имараттардын планы эрежеден тышкары 1:200 масштабда тартылат.
1:100 масштабдагы негизги курулмалардын планы +/-0,5 мм чейинки
тактыкта чийилүүгө тийиш.
Кабаттар боюнча планда абристердеги өлчөмдөргө ылайык масштабда
төмөнкүлөр чийилет:
- дубалдар жана тосмолор;
- терезелер жана эшиктер.
14. Кабаттардын пландары бир форматкага, подвал кабаттан баштап
биринин астына бири жайгаштырылат. Зарыл болсо кабаттардын пландары
өзүнчө форматкаларга тартылат.
Кабаттардын пландарын чийүүгө киришерден мурда эскиздин ченемдерин
дубалдардын сырттан алынган ченемдери курулманын ичинен тандап алынган
тараптагы дубалдарынын калыњдыктары менен суммада алынган ченемдеринин
өлчөмдөрүнө туура келээрин арифметикалык жактан текшерүү зарыл. Эгер
туура келсе, фасаддык линияны масштабга абдан тууралап чийүү жана бурч
бөлмөлөрдөн алынган байламталар боюнча курулманын каптал линиясын тар-
туу зарыл, мында бурчтарды 1:100 масштабда чийүү жењилирээк.
Планды чийүүнү биринчи кабаттын планынан, подвал кабат үчүн үстү
жагынан орун калтырып (эгер ал бар болсо) баштоо зарыл. Чиймедеги кон-
фигурация курулманын натуралай конфигурациясына абдан шайкеш келүүгө
тийиш. Андан соњ ирети менен бардык капиталдык дубалдар (диагоналын ка-
туу сактоо менен) чийилет. Алардын чиймеге туура тартылганы ошол эле
жерден, капиталдык дубалдардын ортосундагы натуралай жасалган контрол-
дук ченөөлөр боюнча текшерилет.
Андан кийин тосмолор, тешиктер белгиленген жерлердеги байламталар
боюнча абдан туураланып жана кабыл алынган шарттуу белгилерге так ыла-
йыкталып чийилет.
Кабаттын планынын ортосуна, форматканын өйдө жагына кабатты, под-
валды, жарым подвалды, 1-кабатты ж.б. көрсөтүү менен штамп коюлат.
Жабык далистер, галереялар, тамбурлар ичинен ченелет жана кабат-
тардын пландарына чийилет. Ачык далистер, галереялар, балкондор планда
контур түрүндө көрсөтүлөт.
Дубалдары профилинде сењир болуп чыгып турган кабаттардын планда-
рын чийүүдө сењирлердин проекциясын бардык горизонталь өлчөмдөрү менен
пунктир менен көрсөтүп, дубалдын бөлөкчөлөнүп турган бөлүгүн (астанадан
1,2 м бийиктикте) гана боео зарыл.
15. Курулмалардын пландарынын литерлениши жер участоктун планында-
гы литерлөөгө, бөлмөлөрдүн номерлери - ар бир бөлмөнүн планындагы но-
мерге шайкеш келүүгө тийиш. Бөлмөлөрдүн номерлери жана алардын аянты
бөлчөк менен көрсөтүлөт. Алымында бөлмөнүн номери кызыл түс менен, ти-
реден кийин бөлмөнүн номери кара түс менен көрсөтүлөт, ал эми бөлүмүндө
бөлмөнүн аянты кара түс менен жазылат.
16. Жалпы пайдаланылчу коридор, ошондой эле квартиралардын арасын-
дагы көмөкчү арналыштагы жайлар рим цифралары менен номерленет. Алардын
аянттары курулманын абрисинде ар бир кабатта аягына, негизги бардык
бөлмө-жайлардын жазууларынан кийин көрсөтүлөт.
17. Тик бурчтуу эмес формадагы курулмалардын планын чийүүдө курул-
манын планын мүмкүн болушунча ырааты боюнча тартипте жасоо керек. План-
да төмөнкүдөй өлчөмдөр ондон бир белги менен коюлат:
- биринчи кабаттын, курулманын астындагы подвалдын жана жарым под-
валдын пландарында, бардык кабаттардын пландарында, мансарданын планда-
рында - өлчөмдөр негизги курулманын жана кошунду курулмалардын дубалда-
рынын тышкы периметри боюнча;
- бардык кабаттардын пландарында, подвалдарда жана жарым подвал-
дарда, мансардаларда - бардык бөлмө-жайлардын өлчөмдөрү (узундугу жана
эни), ал эми тик бурчтуу эмес формадагы бөлмө-жайларда - дубалдардын
бүткүл ички периметри боюнча өлчөмдөрү көрсөтүлөт.
18. Планда кабаттардын жана жайлардын аталыштары, ошондой эле аянт
жөнүндө жазуу толук боюнча аткаруучу тарабынан жүргүзүлөт.
19. Курулуштардын аянттарын эсептөө төмөндө келтирилген аныктама-
ларга ылайык ишке ашырылат.
Курулуш аянты - курулуш объектинин алдында калган аянт. Курулуштун
жалпы аянты - имараттагы жайлардын, орнотулган шкафтардын, ошондой эле
лоджиялардын, балкондордун, верандалардын, террассалардын ж.б. аянтта-
рынын суммасы.
Өндүрүш аянты - өндүрүш муктаждыктары үчүн ээленген аянт.
Турак жай аянты - турак бөлмөлөрдүн аянттарынын суммасы.
Турак жайдын жалпы аянты - балкондорду, лоджияларды, верандаларды жана
террасаларды кошпогондо, турак жайдын турак жана турак эмес аянттарынын
суммасы.
Курулуштардын аянттарын эсептөө курулуштун абриси боюнча жүргүзүлөт.
Эсептөөдө түздөн-түз ченөө учурунда алынган чоңдуктарды пайдалануу керек,
эсептөөлөр бир ондук белгиге чейинки тактыкта жүргүзүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-декабрындагы № 294 токтомунун
редакциясына ылайык)
20. Тик бурчтуу формадагы курулуштардын аянты узундугун туурасына
көбөйтүү менен эсептелет. Туура эмес формадагы курулуштардын аянты тие-
шелүү геометриянын формулалардын негизинде эсептелет. Турак жай имара-
тынын аянтын тышкы дубалдарынын ички беттеринин чектеринде ченелген
имараттын кабаттарынын аянттарынын суммасы катары аныктоо керек.
21. Турак үйдүн квартира ичиндеги тепкичтеринин аянты тепкич жай-
гашкан жайдын аянтына кошулат. Турак үйдүн лифттик жана башка шахтала-
рынын тепкич жерлеринин аянты ушул кабаттын дењгээлинде алардын аянтта-
рын эске алуу менен кабаттын аянтына кошулат.
22. Тик бурчтуу бөлмөлөргө аянттарды эсептөө баракчалары
түзүлбөйт, аянт план жана абрис боюнча эсептелет жана аткаруучу тарабы-
нан планга коюлат.
23. Тик бурчтуу формадагы бөлмөлөрдүн аянттарын жана айрым жайлар-
ды, ошондой эле көп сандагы пилястрлар бар ж.б. аянттарды эсептөө үчүн
формулаларды жазуу курулуш абрисинин четине же аркасына жүргүзүлөт.
24. Тик бурчтуу эмес бөлмөлөрдүн (жайлардын) аянттарын эсептөө
үчүн формулаларды түзүүдө бөлмөнүн планы жөнөкөй геометриялык фигура-
ларга (тик бурчтуктар, трапециялар, тик бурчтуу үч бурчтуктар ж.б.)
бөлүнөт.
25. Жатаканалардын жана башка имараттардын жалпы аянты орнотулган
шкафтардын жана турак бөлмөлөрдүн алдындагы аянттарды жана маданий-ти-
ричиликтик багыттагы жана медициналык тейлөөчү жайларды кошкондо турак
бөлмөлөрдүн, көмөкчү жайлардын суммасы катары аныкталат.
26. Планга алдын ала жазылган жайлардын (квартиралардын) аянттары
жөнүндөгү маалыматтар курулма боюнча суммаланат жана техникалык пас-
порттун тиешелүү бөлүмүнө жазылат. Ошол эле учурда ошол эле бөлүмгө -
жайлардын (квартиралардын) саны, турак бөлмөлөрдүн саны эсептелет жана
жазылат.
27. Жайлардын аянттары жөнүндөгү маалыматтарды бекемдөөгө тек-
шерүүдөн жана бар болсо мүмкүн болгон каталарды оњдогондон кийин гана
уруксат берилет.
28. Бийиктиги 1,8 м жана андан ашык болгон нишалардын аянты ал
жайгашкан жайдын аянтына кошулат.
29. Эшик оюгунун чегинде жайгашкан аянт жайдын аянтына кошулбайт.
30. Узундугу 2 м жана андан ашык аркалар жайдын аянтына кошулат.
31. Квартираларды (жайларды) номерлөө техникалык текшерүүдө түзү-
лүүчү ар бир кабаттын пландарына коюлат.
32. Техникалык паспорттун ар бир кабаттагы планына квартиралардын
(жайлардын) номерлери натурада квартираларга (жайларга) берилген номер-
лерге так дал келүүгө тийиш.
33. Квартиралардын (жайлардын) номерлери төмөнкүдөй түрдө коюлат:
- чоњ эмес имараттар үчүн техникалык паспорттун планына, квартира-
га (жайга) негизги кире беришинин жанына анын номери коюлат;
- чоњ көп кабаттуу имараттардын техникалык паспортунун планына
тепкич аянтына квартирага (жайга) кире беришинин жанына анын номери ко-
юлат.
34. Турак жана турак эмес айрым бөлмөлөрдү номерлөө кире бериштен
баштап саат жебеси менен ар бир квартира (жай) боюнча өзүнчө араб циф-
ралары менен жүргүзүлөт.
2.3. Кыймылсыз мүлктүн бирдигин учурдагы текшерүү
35. Кыймылсыз мүлктүн бирдигин учурдагы текшерүүнү адистер объект
турган жерге барып ишке жүргүзүшөт.
36. Кыймылсыз мүлккө укуктар өткөндө техникалык паспортко, ведо-
мостко, документтердин тизмесине ж.б. жањы жазууларды киргизүү жолу ме-
нен өзгөртүүлөр киргизилет. Жањы жазуулар ушул үчүн бөлүнгөн кошумча
саптарга жазылат.
37. Кыймылсыз мүлктүн бирдигин учурдагы паспорттоштурууда архив
үчүн документтерди комплектилөө болгон документтерге жањы материалдарды
кошуу жолу менен жүргүзүлөт. Материалдар чогултулат жана каттоо ишине
тигилет. Материалдын бардык барактары алар жайгашкан тартипте номерле-
нет, ушул документтердин тизмесине киргизилет. Толуктоолорду киргизүүчү
адис күндү, аты-жөнүн жана колун коет.
38. Негизги жана көмөкчү курулуштардагы, жер участкаларындагы
өзгөртүүлөр пландарды жана тизмелерде жазылган эски маалыматтарды кый-
мылсыз мүлктү түздөн-түз жеринде изилдөө жолу менен объекттердин учур-
дагы абалы менен салыштырылып белгиленет.
Зарыл болгон оњдоолор адегенде абриске киргизилип, андан кийин ар-
хивдик документтерге (пландар, тизмелер, каттоо карточкалары жана экс-
пликациялар) көчүрүлөт.
39. Оњдоо пландарына эгерде пландарды окуу татаалданбаса, эски
контурларды чийип, жањыларын киргизүү менен жазылат. Тескерисинче бол-
гон учурда, башкача айтканда оњдоолор өтө эле көп болгондо пландар кай-
радан чийилет.
40. Цифралык маалыматтар жана пландардагы жана экспликациялардагы
жазуулар аларды чийүү жана башка түстөгү сыя менен жазуу аркылуу оњдо-
лот.
41. Кыймылсыз мүлктүн планын же техникалык паспортун алмаштыруу
алар өтө эле булганып жана эскирип калган учурларда жүргүзүлөт.
42. Техникалык паспорт укук ээсинин арызы боюнча алмаштырылып, эс-
ки жана тытылып калган техникалык паспорттордун ордуна белгиленген тар-
типте жањы техникалык паспорт берилет.
2.4. Аткарылган иштердин натыйжасы
43. Иштин жыйынтыгын жергиликтүү каттоо органы аныктачу жетекчи
кабыл алат.
Текшерүүнү каттоо же техникалык текшерүү бөлүмүнүн начальниги
жүргүзөт.
44. Талаа иштеринин жыйынтыгын кароодо сүрөткө тартуунун толуктугу
текшерилет, кыймылсыз мүлктүн ар бир бирдигинин конфигурациясынын так-
тыгы, тууралыгы, алардын болушу жана планда жайгашуусу аныкталат, бай-
ламта жерлеринин болушу жана тууралыгы аныкталат.
Табылган так эместиктер эскизге кызыл түс менен белгиленет.
Камералык иштердин жыйынтыгын текшерүүдө жергиликтүү каттоо органы
аныктачу жетекчи жер участогунун, курулуштардын пландарынын компановка-
ланышын, көп кабаттуу үйлөрдүн пландарын түзүүнүн тууралыгын, шрифттик
жазуулардын, масштабдын, шарттуу белгилердин туура келишин, бардык за-
рыл өлчөмдөрдүн, жазуулардын болушун текшерет. Мурда түзүлгөн техника-
лык паспорттордогу литеровканын курулуш литеровкасына шайкештигин, аян-
ттарды эсептөөлөрдүн жана жер участогунун планына карата экспликацияны
түзүүнүн тууралыгын текшерет, акыркы документти эскиздик ишке салышты-
рат, акы төлөө жөнүндө нарядды түзүүнүн тууралыгын текшерет.
45. Кыймылсыз мүлктүн бирдигине алгачкы текшерүү жүргүзүүнүн жы-
йынтыгы боюнча төмөнкүлөр түзүлөт:
- кыймылсыз мүлктүн бирдигинин техникалык паспорту(№ 3 тиркеме),ал менчик ээсине берилет;
- кыймылсыз мүлктүн бирдигинин техникалык паспортунун ведомосту
(№4 тиркеме), ал каттоо ишинин архивдик нускасына тиркелет.
46. Кыймылсыз мүлктүн бирдигинин техникалык паспорту жана техника-
лык паспортунун ведомосту төмөнкүлөрдөн турат:
- жер участоктун кадастрдык планынан;
- участокто жайгашкан негизги курулуштардын ар бир кабат боюнча
пландарынан;
- бардык негизги жана көмөкчү курулуштардын жана курулмалардын
конструкциялык элементтерин баяндоодон;
- жер участоктордун, курулуштардын аянттарын эсептөө иштеринен жа-
на текшерүүнүн жыйынтыгынын маалыматтарын кыймылсыз мүлктүн техникалык
паспортуна киргизүүдөн.
46-1. Цоколдук (жарым жер төлө) курулушка техникалык паспорт көп
батирлүү үйдүн турак жана турак эмес жайларынын менчик ээлеринин жалпы
жыйналышынын чечими менен берилет.
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 23-июлу № 523 токтомдун редакциясына ылайык)
III. Өз билемдик менен курулган курулуштарды техникалык текшерүү
47. Өз алдынча курулган курулуш болуп ушул максаттар үчүн
бөлүнбөгөн жер участокторуна, ошондой эле зарыл болгон уруксаттарды ал-
бастан же болбосо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген шаар
куруу жана курулуш нормаларын жана эрежелерин орчундуу бузуу менен ку-
рулган турак үй, башка курулуш, курулма же башка кыймылсыз мүлк эсепте-
лет.
48. Изилдөөдө курулуш максаттары үчүн жер участогуна укуктарды
белгилөөчү жана укуктарды күбөлөндүрүүчү документтери жок адамдардын
өз алдынча курулуштары аныкталса, алар техникалык изилдөөдөн өтүүгө
тийиш, бул туурасында кыймылсыз мүлк бирдигинин техникалык паспортунда
жана архивдик иш материалдарында жазуу жазылат. Мында жергиликтүү каттоо
органы тарабынан тиешелүү акт түзүлөт, ал бир жумалык мөөнөттө жергиликтүү
өз алдынча башкаруунун аткаруучу органына же архитектуралык-курулуш
көзөмөлдөө жана контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга жиберилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-декабрындагы № 294 токтомунун
редакциясына ылайык)
49. Өз алдынча курулуштун болушу техникалык паспортту берүү үчүн
тоскоолдук болуп эсептелбейт. Бул учурда "Пайдалануучу" графасына техникалык
паспорт арыз боюнча даярдалганы белгиленет жана жеке адамдын аты-жөнү
же юридикалык жактын толук аталышы көрсөтүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-декабрындагы № 294 токтомунун
редакциясына ылайык)
50. Эгерде курулма курулуш максатында бөлүнгөн жер участогунда тургузулса
жана укук ээсинин жер участогуна укук белгилөөчү жана укук күбөлөндүрүүчү
документтери бар болсо, бирок курулушка уруксат берүүчү документтери жок
болсо, техникалык паспорт берүү менен техникалык изилдөө жүргүзүлөт.
Мындай учурда техникалык паспортто курулманын эксплуатациялоого кабыл алына
электиги жөнүндө белгиленүүгө тийиш.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-декабрындагы № 294 токтомунун
редакциясына ылайык)
@1 Кыймылсыз мүлк объекттерине
техникалык изилдөө жүргүзүүнүн
тартиби жөнүндө жобого
№ 1 тиркеме
Кыймылсыз мүлк бирдигине
техникалык изилдөө жүргүзүүгө
АРЫЗ
Жеке жак үчүн:
Арыз ээсинин аты-жөнү ____________________________________________
Жашаган жери (дареги): _________________________ тел. ____________
Ким экенин ырастаган документ: түрү _________ серия N ____________
берген мекеме _________________________ берилген күн _____________
________________________________________________________________ атынан
____________-ж. "___"____ берилген ишеним каттын негизинде аракеттенет.
Юридикалык жак үчүн:
Юридикалык жактын толук аталышы __________________________________
Күбөлүгүнүн каттоо номери ________________________________________
Почта дареги ____________________________________ тел. ___________
Аты-жөнү (жетекчинин же ыйгарым укуктуу өкүлдүн) _________________
_______________________________________________________________________
(кайсы документтин) негизинде _________________________________________
Техникалык паспортоштурууну суранам.
---
--- учурдагы аны жүргүзүүнүн зарылдыгы көрсөтүлөт ___________
---
--- негизги (керектүүсү "V" белги менен белгиленет)
Тез арада __________________ (графа техникалык паспорттоштуруу тез
арыз ээсинин колу
арада зарыл болгон учурда толтурулат)
Төмөнкү даректе жайгашкан кыймылсыз мүлк бирдигине: ______________
_______________________________________________________________________
Кыймылсыз мүлк бирдигинин идентификациялык коду
--- ----- ----- --------- --------- ----- -------
| |-| | |-| | |-| | | | |-| | | | |-| | |-| | | |
--- ----- ----- --------- --------- ----- -------
Арызга тиркелгендер- (документтин аталышы, сериясы, номери, ким
жана качан берген)
1. Акы төлөгөнү жөнүндө документ: N ______ суммасы _______________
2. _______________________________________________________________
3. _______________________________________________________________
4. _______________________________________________________________
5. _______________________________________________________________
Күнү ______________________ Арыз ээсинин колу: __________
Документтер текшерилди:
Документтерди кабыл алуу жана берүү боюнча адистин аты-жөнү жана
колу __________________________________________________________________
Арыз алынган күн "____" _____________________-ж.
@2 Кыймылсыз мүлк объекттерине
техникалык изилдөө жүргүзүүнүн
тартиби жөнүндө жобого
№ 2 тиркеме
Кыймылсыз мүлк бирдигине техникалык
изилдөө жүргүзүүгө арыздарды кабыл
алуу жана документтерди берүү
ЖУРНАЛЫ
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 23-июлу № 523 токтомуна ылайык кγчγн жоготту)
@3 Кыймылсыз мүлк объекттерине
техникалык изилдөө жүргүзүүнүн
тартиби жөнүндө жобого
№ 3 тиркеме
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МАМКАТТООСУНУН
_________________________ ЖЕР ЖАЙГАШТЫРУУ ЖАНА
КЫЙМЫЛСЫЗ МҮЛККӨ УКУКТАРДЫ КАТТОО БОЮНЧА
БАШКАРМАСЫ
Идентификациялык коду
--- ----- ----- --------- --------- ----- -------
| |-| | |-| | |-| | | | |-| | | | |-| | |-| | | |
--- ----- ----- --------- --------- ----- -------
Дареги ___________________________________________________________
Кыймылсыз мүлк бирдигинин толук дареги
_______________________________________________________________________
(шаар, айыл, көчө, үй, кв.)
КЫЙМЫЛСЫЗ МҮЛК БИРДИГИНИН
ТЕХНИКАЛЫК ПАСПОРТУ
_________________________________________________________________
Кыймылсыз мүлктүн арналышы
-----------------------------------------------------------------------
| Менчик ээси | Бөлүгү | Менчик укугуна документтер |
| | (үлүш) | |
|------------------------------|--------|-----------------------------|
|------------------------------|--------|-----------------------------|
|------------------------------|--------|-----------------------------|
|------------------------------|--------|-----------------------------|
|------------------------------|--------|-----------------------------|
-----------------------------------------------------------------------
-----------------------------------------------------------------------
| Пайдалануучу | Бөлүгү | Пайдалануу укугуна |
| | (үлүш) | документтер |
|------------------------------|--------|-----------------------------|
|------------------------------|--------|-----------------------------|
|------------------------------|--------|-----------------------------|
|------------------------------|--------|-----------------------------|
|------------------------------|--------|-----------------------------|
-----------------------------------------------------------------------
Башкарманын начальниги ________________________________/ ________/
Аты-жөнү колу
Паспорт түзүлгөн күн "___" _____________ 200__-ж.
МО
Эскертүү:
Кыймылсыз мүлк бирдигинин техникалык параметрлеринде өзгөрүүлөр
табылганда менчик ээсине бул паспорттун ордуна жањы техникалык паспорт
берилет.
№ 1 таблица
Негизги курулмалардын планына экспликация
-----------------------------------------------------------------------
|Литерлер|Кабат|Жайдын|Кварти-| Жайдын аталышы |Ички ченөө
| | | N |ранын N| |боюнча аянт
| | | | | | (кв.м)
| | | | | |----------------
| | | | | |Жалпы |Мекеме-|
| | | | | |аянты | лик |
| | | | | | | |
|--------|-----|------|-------|-----------------------|-------|-------|
| 1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 |

|
|
|
----------------------------------------------------------------------|
|Администр.|Турак|Соодалык|Кампа|Өндүрүштүк| Мад.- |Кызматтык|Башка-|
| | жай | | | | тирич. | | лар |
| | | | | | | | |
|----------|-----|--------|-----|----------|---------|---------|------|
| 8 | 9 | 10 | 11 | 12 | 13 | 14 | 15 |
|----------|-----|--------|-----|----------|---------|---------|------|
|----------|-----|--------|-----|----------|---------|---------|------|
|----------|-----|--------|-----|----------|---------|---------|------|
|----------|-----|--------|-----|----------|---------|---------|------|
|----------|-----|--------|-----|----------|---------|---------|------|
|----------|-----|--------|-----|----------|---------|---------|------|
-----------------------------------------------------------------------
ЖЕР УЧАСТОГУНУН КАДАСТРДЫК ПЛАНЫ
КУРУЛМАНЫН КАБАТТАР БОЮНЧА ПЛАНЫ
№ 2 таблица
Курулмалардын жана имараттардын тышкы
ченөөлөр боюнча мүнөздөмөлөрү
-----------------------------------------------------------------------
|Литер| Курулмалардын |Курулган|фундаменти|дубалдары|чатыры|аянты|
| | аталышы | жылы | | | | |
|-----|--------------------|--------|----------|---------|------|-----|
|-----|--------------------|--------|----------|---------|------|-----|
|-----|--------------------|--------|----------|---------|------|-----|
|-----|--------------------|--------|----------|---------|------|-----|
|-----|--------------------|--------|----------|---------|------|-----|
|-----|--------------------|--------|----------|---------|------|-----|
|-----|--------------------|--------|----------|---------|------|-----|
-----------------------------------------------------------------------
№ 3 таблица
Жер участоктун экспликациясы, кв.м
-----------------------------------------------------------------------
| Бардыгы: | Анын ичинде факт боюнча: |
|------------------------------------|--------------------------------|
| Укук белгилөөчү | Иш жүзүндө | Курулган | Курулган эмес |
| документтер боюнча | | | |
|---------------------|--------------|---------------|----------------|
-----------------------------------------------------------------------
"____" ________ 200_-ж. Ишти аткарган ___________________________
Аты-жөнү
"____" ________ 200_-ж. Текшерген сектор башчысы ________________
Аты-жөнү
"____" ________ 200_-ж. Кабыл алган бөлүмдүн нач. _______________
Аты-жөнү
№ 4 таблица
Кыймылсыз мүлктүн текшерилгендиги жөнүндө белги
-----------------------------------------------------------------------
| Текшерген күн |200__-ж.|200__-ж.|200__-ж.|200__-ж.|200__-ж.|
|------------------------|--------|--------|--------|--------|--------|
|Аткаруучу | | | | | |
|------------------------|--------|--------|--------|--------|--------|
|Сектор башчы | | | | | |
|------------------------|--------|--------|--------|--------|--------|
|Бөлүмдүн нач. | | | | | |
-----------------------------------------------------------------------
@4 Кыймылсыз мүлк объекттерине
техникалык изилдөө жүргүзүүнүн
тартиби жөнүндө жобого
№ 4 тиркеме
Идентификациялык код
--- ----- ----- --------- --------- ----- -------
| |-| | |-| | |-| | | | |-| | | | |-| | |-| | | |
--- ----- ----- --------- --------- ----- -------
Району ___________________________________________________________
Калктуу конуштун аталышы _________________________________________
Кыймылсыз мүлк бирдигинин
техникалык паспортунун
ВЕДОМОСТУ
№ 1 таблица
Участоктун жайгашкан жери
-----------------------------------------------------------------------
|Кыймылсыз мүлктүн дареги|Менчиктин формасы|Кыймылсыз мүлктүн арналышы|
|------------------------|-----------------|--------------------------|
|------------------------|-----------------|--------------------------|
| | |Типтик серия |
|------------------------|-----------------|--------------------------|
-----------------------------------------------------------------------
№ 2 таблица
Кыймылсыз мүлк бирдигин каттоо
-----------------------------------------------------------------------
| Катталган күн | Менчик ээсинин аты-жөнү | Менчик укугуна документ |
|---------------|---------------------------|-------------------------|

| Катталган күн | Пайдалануучунун аты-жөнү | Пайдалануу укугуна |
| | | документ |
|---------------|---------------------------|-------------------------|
|---------------|---------------------------|-------------------------|
|---------------|---------------------------|-------------------------|
|---------------|---------------------------|-------------------------|
|---------------|---------------------------|-------------------------|
-----------------------------------------------------------------------
№ 3 таблица
Техникалык мүнөздөмө:
Аянты боюнча негизги көрсөткүчтөр
-----------------------------------------------------------------------
| Жер | Арналышы |Литеровка| Техникалык текшерүү |
|участогу| | | аткарылган күн |
|--------|---------------------|---------|----------------------------|
|Курулган|Мекемелик | | | | | | | | |
|бөлүгү |---------------------|---------|---|---|---|---|---|---|----|
|кв.м |Администрац. | | | | | | | | |
| |---------------------|---------|---|---|---|---|---|---|----|
| |Турак жай | | | | | | | | |
| |---------------------|---------|---|---|---|---|---|---|----|
| |Соодалык | | | | | | | | |
| |---------------------|---------|---|---|---|---|---|---|----|
| |Кампа | | | | | | | | |
| |---------------------|---------|---|---|---|---|---|---|----|
| |Өнөр жайлык | | | | | | | | |
| |---------------------|---------|---|---|---|---|---|---|----|
| |Мад.-тиричиликтик | | | | | | | | |
| |---------------------|---------|---|---|---|---|---|---|----|
| |Курулганы, бардыгы | | | | | | | | |
|--------|---------------------|---------|---|---|---|---|---|---|----|
|Курула |Курула элек бөлүгү | | | | | | | | |
|элек |---------------------|---------|---|---|---|---|---|---|----|
|бөлүгү, |Бак | | | | | | | | |
|кв.м |---------------------|---------|---|---|---|---|---|---|----|
| |Курула элек, бардыгы | | | | | | | | |
|------------------------------|---------|---|---|---|---|---|---|----|
|Жыйынтыгы | | | | | | | | |
|---------------------------------------------------------------------|
|1. Укукту белгилечү документтер боюнча жер участогунун аянты: _______|
|_________________________ кв.м. |
|2. Жер участогунун иш жүзүндөгү аянты __________________________ кв.м|
-----------------------------------------------------------------------
№ 4 таблица
Негизги курулмалардын планына экспликация
-----------------------------------------------------------------------
|Литерлер|Кабат|Жайдын|Кварти-| Жайдын аталышы |Ички ченөө
| | | N |ранын N| |боюнча аянт
| | | | | | (кв.м)
| | | | | |----------------
| | | | | |Жалпы |Мекеме-|
| | | | | |аянт | лик |
| | | | | | | |
|--------|-----|------|-------|-----------------------|-------|-------|
| 1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 |
|--------|-----|------|-------|-----------------------|-------|-------|
|--------|-----|------|-------|-----------------------|-------|-------|
|--------|-----|------|-------|-----------------------|-------|-------|
|--------|-----|------|-------|-----------------------|-------|-------|
|--------|-----|------|-------|-----------------------|-------|-------|
|--------|-----|------|-------|-----------------------|-------|-------|
-----------------------------------------------------------------------
-----------------------------------------------------------------------
|
|
|
----------------------------------------------------------------------|
|Администр.|Турак|Соодалык|Кам- |Өндүрүштүк| Мад.- |Кызматтык|Башка |
| | жай | |палык| | тирич. | | |
| | | | | | | | |
|----------|-----|--------|-----|----------|---------|---------|------|
| 8 | 9 | 10 | 11 | 12 | 13 | 14 | 15 |
|----------|-----|--------|-----|----------|---------|---------|------|
|----------|-----|--------|-----|----------|---------|---------|------|
|----------|-----|--------|-----|----------|---------|---------|------|
|----------|-----|--------|-----|----------|---------|---------|------|
|----------|-----|--------|-----|----------|---------|---------|------|
|----------|-----|--------|-----|----------|---------|---------|------|
-----------------------------------------------------------------------
№ 5 таблица
Участоктогу курулгандар жана алардын абатталышы
-----------------------------------------------------------------------
|Жазган|План | Турак үйлөрдүн турак аянты же башка курулмалардын |
| күн |боюнча| жалпы пайдалуу аянты, жабдылган кв.м |
| |литер-|-------------------------------------------------------|
| |лер |Суу|Ка-|Бор- |Ван- |Электр|Газ|Ысык|анын |Те-|Лифт|Му |
| | |тү-|на-|бор- |на |жарыгы|ме-|суу |ичин-|ле-|ме- |сор |
| | |түк|ли-|дук |(душ)|менен |нен|ме- |де |фон|нен |сал-|
| | |ме-|за-|жылы-|менен| | |нен |бор- |ме-| |гыч |
| | |нен|ция|туу | | | | |бор- |нен| |ме- |
| | | |ме-|менен| | | | |дош- | | |нен |
| | | |нен| | | | | |ту- | | | |
| | | | | | | | | |рул- | | | |
| | | | | | | | | |ган | | | |
|------|------|---|---|-----|-----|------|---|----|-----|---|----|----|
|------|------|---|---|-----|-----|------|---|----|-----|---|----|----|
|------|------|---|---|-----|-----|------|---|----|-----|---|----|----|
-----------------------------------------------------------------------
ЖЕР УЧАСТОГУНУН КАДАСТРДЫК ПЛАНЫ
КУРУЛМАНЫН КАБАТТАР БОЮНЧА ПЛАНЫ
№ 6 таблица
Негизги курулмалардын конструкциясынын
материалдарынын сүрөттөлүшү
-----------------------------------------------------------------------
| Курулманын | Литер | Литер | Литер | Литер | Литер | Литер |
| негизги |--------|--------|--------|--------|--------|--------|
| элементтеринин|Матер. |Матер. |Матер. |Матер. |Матер. |Матер. |
| аталышы |жана |жана |жана |жана |жана |жана |
| |конст- |конст- |конст- |конст- |конст- |конст- |
| |рукция- |рукция- |рукция- |рукция- |рукция- |рукция- |
| |лар |лар |лар |лар |лар |лар |
|---------------|--------|--------|--------|--------|--------|--------|
|Фундамент | | | | | | |
|---------------|--------|--------|--------|--------|--------|--------|
|Цоколь | | | | | | |
|---------------|--------|--------|--------|--------|--------|--------|
|Тышкы дубалдар | | | | | | |
|---------------|--------|--------|--------|--------|--------|--------|
|Ички дубалдар | | | | | | |
|---------------|--------|--------|--------|--------|--------|--------|
|Астаналар | | | | | | |
|---------------|--------|--------|--------|--------|--------|--------|
|Тосмолор | | | | | | |
|---------------|--------|--------|--------|--------|--------|--------|
|Чатыры | | | | | | |
|---------------|--------|--------|--------|--------|--------|--------|
|Терезелери | | | | | | |
|---------------|--------|--------|--------|--------|--------|--------|
|Эшиктери | | | | | | |
|---------------|--------|--------|--------|--------|--------|--------|
|Жылытуусу | | | | | | |
-----------------------------------------------------------------------
№ 7 таблица
Негизги курулмага жанаша кошунду
курулмалардын сүрөттөлүшү
-----------------------------------------------------------------------
|Кошунду |Ли-|Фун-|Цо- |Дубал|Аста-|Тосмо-|Чаты-|Тере-|Эшик-|Жылы-|
|курулмалар- |тер|дам.|коль| |налар|лор |ры |зелер|тер |туусу|
|дын аталышы | | | | | | | | | | |
|------------|---|----|----|-----|-----|------|-----|-----|-----|-----|
|------------|---|----|----|-----|-----|------|-----|-----|-----|-----|
|------------|---|----|----|-----|-----|------|-----|-----|-----|-----|
|------------|---|----|----|-----|-----|------|-----|-----|-----|-----|
|------------|---|----|----|-----|-----|------|-----|-----|-----|-----|
-----------------------------------------------------------------------
№ 8 таблица
Негизги курулманын жана жанаша
кошунду курулмалардын тышкы параметрлери
-----------------------------------------------------------------------
| Жазган | Курулманын аталышы |Литерлер|Аянт,| Бийиктиги, |Курулган |
| күн | | |кв.м | кв.м | жылы |
|--------|----------------------|--------|-----|------------|---------|
|--------|----------------------|--------|-----|------------|---------|
|--------|----------------------|--------|-----|------------|---------|
-----------------------------------------------------------------------
№ 9 таблица
Имараттар жана майда курулмалар
-----------------------------------------------------------------------
|Жазган| Аталышы |Литерлер| Материалдар |Негизги|Бийик-|
| күн | | |-------------------------|аянты, |тиги, |
| | | |Фун-|Ду- |Ас-|Тос- |Чаты-| кв.м |м |
| | | |дам.|бал-|та-|молор|ры | | |
| | | | |дар |на-| | | | |
| | | | | |лар| | | | |
|------|------------|--------|----|----|---|-----|-----|-------|------|
|------|------------|--------|----|----|---|-----|-----|-------|------|
|------|------------|--------|----|----|---|-----|-----|-------|------|
|------|------------|--------|----|----|---|-----|-----|-------|------|
|------|------------|--------|----|----|---|-----|-----|-------|------|
-----------------------------------------------------------------------
"____" ________ 200_-ж. Жумушту аткарган ________________________
"____" ________ 200_-ж. Текшерген сектор башчы __________________
"____" ________ 200_-ж. Кабыл алган, бөлүм. нач. ________________
№ 10 таблица
Кийин киргизилген өзгөртүүлөр жөнүндө белги
-----------------------------------------------------------------------
| Кийинки |200_ж.|200_-ж.|200_-ж.|200_-ж.|200_-ж.|200_-ж.|200_-ж.|
| өзгөртүүлөр | | | | | | | |
| киргизилди | | | | | | | |
|--------------|------|-------|-------|-------|-------|-------|-------|
|Аткаруучу | | | | | | | |
|--------------|------|-------|-------|-------|-------|-------|-------|
|Сектор башчы | | | | | | | |
|--------------|------|-------|-------|-------|-------|-------|-------|
|Бөлүмдүн нач. | | | | | | | |
-----------------------------------------------------------------------