Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 8-апрели № 206
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын
31-июлундагы № 430 “Кыргыз Республикасы мүчө болгон
эл аралык уюмдарга жана КМШнын алкагындагы
интеграциялык бирикмелерге 2014-жылы үлүштүк
төгүмдөрдү төлөө жөнүндө” токтомуна
өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасы мүчө болгон эл аралык уюмдарга жана КМШнын алкагындагы интеграциялык бирикмелерге мүчөлүк, үлүштүк төгүмдөрдү төлөө менен байланышкан маселелерди жөнгө салуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 31-июлундагы № 430 “Кыргыз Республикасы мүчө болгон эл аралык уюмдарга жана КМШнын алкагындагы интеграциялык бирикмелерге 2014-жылы үлүштүк төгүмдөрдү төлөө жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пунктунун үчүнчү абзацындагы «82 500 (сексен эки миң беш жүз)» деген цифралар жана сөздөр «80 882,35 (сексен миң сегиз жүз сексен эки сом 35 тыйын)» деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын;
- жогоруда аталган токтомдун тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |
Тиркеме
№ | Уюмдардын аталышы | 2014-жылдын бюджетинде каралган (сом) |
1. | Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин бирдиктүү бюджети | 4 346 663,40 |
2.
| Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин органдарындагы Кыргыз Республикасынын туруктуу ыйгарым укуктуу өкүлдөрү | 5 489 665,04
|
3.
| Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Коргоо министрлер кеңешинин алдындагы Аба чабуулунан коргонуу маселеси боюнча координациялык комитет | 2 157 466,72
|
4.
| Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык ассамблеясы | 12 457 994,64
|
5. | Евразия экономикалык коомдоштугу | 3 010 600 |
6. | Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюму | 25 303 194 |
7. | Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму | 1 900 000 |
8. | Миграция боюнча эл аралык уюм | 306 135,60 |
9. | Парламенттер аралык союз | 621 300 |
10. | Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюм | 3 371 621,44 |
11. | Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмдун Парламенттик ассамблеясы | 109 244,04 |
12. | Экономикалык кызматташтык уюму | 7 330 670,58 |
13. | Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму | 4 329 601,68 |
14. | Бириккен Улуттар Уюмунун туруктуу бюджети | 3 264 105,83 |
15. | Бириккен Улуттар Уюмунун Билим берүү жана маданият маселелери боюнча уюму | 1 615 375,88 |
16. | Шанхай кызматташтык уюму | 10 944 811,92 |
17. | Шанхай кызматташтык уюмунун Региондук терроризмге каршы түзүмү | 8 116 968,72 |
18. | Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясы | 4 540 925,45 |
19. | Дүйнөлүк соода уюму | 1 767 059,38 |
20. | Укук аркылуу демократия үчүн Европалык комиссия | 526 963,55 |
21. | Түрк маданияты эл аралык уюму | 16 462 541,33 |
22. | Азия өнүктүрүү банкы | 60 946 208,43 |
| Жыйынтыгы: | 178 919 117,63 |