Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 31-июлу № 430
Кыргыз Республикасы мүчө болгон эл аралык уюмдарга жана КМШнын алкагындагы интеграциялык бирикмелерге 2014-жылы үлүштүк төгүмдөрдү төлөө жөнүндө
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 8-апрели № 206 токтомдун редакциясына ылайык)
Эл аралык милдеттенмелерди аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2014-жылга республикалык бюджеттин каражатынан биринчи кезектеги тартипте:
- Кыргыз Республикасы катышкан эл аралык уюмдарга жана алардын органдарына мүчөлүк, үлүштүк төгүмдөрдү тиркелген тизмекке ылайык төлөсүн;
- КМШга катышкан мамлекеттердин өкмөт башчыларынын Кеңешине караштуу Интернационалист жоокерлердин иши боюнча комитеттин 1979-1989-жылдарда Афганистандагы согуш мезгилинде дайынсыз жоголгон аскер кызматчыларды издөөнү улантууга, алардын сөөгү көмүлгөн жерлерди издөөгө, эксгумациялоого, идентификациялоого жана аларды Мекенинде кайра көмүүгө байланыштуу чыгымдарына 80882,35 (сексен миң сегиз жγз сексен эки сом 35 тыйын) сом өлчөмдө акы төлөсүн.
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 8-апрели № 206 токтомдун редакциясына ылайык)
2. Ушул токтомдун 1-пунктунда каралган тизмекке киргизилбеген, эл аралык уюмдарга жана КМШ алкагындагы интеграциялык бирикмелерге финансылык милдеттенмелери бар болгон министрликтер, мамлекеттик комитет, административдик ведомстволор, аткаруу бийлигинин башка органдары акыны аларга бөлүнгөн бюджеттик каражаттын чегинде же атайын каражаттардын эсебинен төлөшсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын) контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнө тапшырылсын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 31-июлундагы № 430 токтомуна тиркеме |
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 8-апрели № 206 токтомдун редакциясына ылайык)
№ | Уюмдардын аталышы | 2014-жылдын бюджетинде каралган (сом) |
1. | Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин бирдиктүү бюджети | 4 346 663,40 |
2.
| Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин органдарындагы Кыргыз Республикасынын туруктуу ыйгарым укуктуу өкүлдөрү | 5 489 665,04
|
3.
| Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Коргоо министрлер кеңешинин алдындагы Аба чабуулунан коргонуу маселеси боюнча координациялык комитет | 2 157 466,72
|
4.
| Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык ассамблеясы | 12 457 994,64
|
5. | Евразия экономикалык коомдоштугу | 3 010 600 |
6. | Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюму | 25 303 194 |
7. | Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму | 1 900 000 |
8. | Миграция боюнча эл аралык уюм | 306 135,60 |
9. | Парламенттер аралык союз | 621 300 |
10. | Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюм | 3 371 621,44 |
11. | Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмдун Парламенттик ассамблеясы | 109 244,04 |
12. | Экономикалык кызматташтык уюму | 7 330 670,58 |
13. | Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму | 4 329 601,68 |
14. | Бириккен Улуттар Уюмунун туруктуу бюджети | 3 264 105,83 |
15. | Бириккен Улуттар Уюмунун Билим берүү жана маданият маселелери боюнча уюму | 1 615 375,88 |
16. | Шанхай кызматташтык уюму | 10 944 811,92 |
17. | Шанхай кызматташтык уюмунун Региондук терроризмге каршы түзүмү | 8 116 968,72 |
18. | Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясы | 4 540 925,45 |
19. | Дүйнөлүк соода уюму | 1 767 059,38 |
20. | Укук аркылуу демократия үчүн Европалык комиссия | 526 963,55 |
21. | Түрк маданияты эл аралык уюму | 16 462 541,33 |
22. | Азия өнүктүрүү банкы | 60 946 208,43 |
| Жыйынтыгы: | 178 919 117,63 |