Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 9-апрели № 209
«Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен ушул мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Экономика министри ушул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |
Долбоор
1-берене
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 922-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:
521-беренеде:
- 3-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары төмөнкүлөргө укуктуу:
1) салыктык контролдоону жүргүзүүдө салык төлөөчүдөн ушул Кодекстин XIII жана XIV бөлүмдөрүндө, ошондой эле 53 жана 54-главаларында каралган салыктарды төлөө боюнча документтерди берүүнү талап кылууга;
2) банк мекемелери жок болгон Кыргыз Республикасынын алыскы жана жетүүгө кыйын калктуу конуштарында ушул бөлүктүн 1-пунктунда көрсөтүлгөн салыктарды төлөө эсебине накталай акча каражаттарын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте кабыл алууга.»;
- төмөнкүдөй мазмундагы 5-бөлүк менен толукталсын:
«5. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары ушул берененин 4-бөлүгү менен белгиленген милдеттерди аткарбагандыгы же талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.».
2-берене
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүү киргизилсин:
1. 348-статьянын аталышы жана биринчи абзацы «кызматынын» деген сөздөн кийин «жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын» деген сөздөр менен толукталсын.
2. 5341-статьядагы «350» деген цифралар «348, 350, 353» деген цифралар менен алмаштырылсын.
3-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын
Президенти