Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 27-марты № 166
"Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлердү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин биринчи орун басары бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |
Долбоор
1-берене
"Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору. 1994-ж., № 3, 76-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 7-статья төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:
"Ички иштер органдарынын кызматкерлеринин тартиптик жоопкерчилиги жана аларды сыйлоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын тартиптик уставы менен жөнгө салынат.".
2. 72-статьяда:
1-бөлүктүн 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4) илимий даражасы же илимий наамы бар ички иштер органдарынын окуу жайларындагы окутуучулук кызмат орундарын ээлегендер:
- 60 жашка чейин кызматга болууга укуктуу.";
2-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын.
3. II бөлүм төмөнкүдөй мазмундагы 73 -статья менен толукталсын:
"73-статья. Ички иштер органдарынын кызматкеринин анты
Ички иштер органдарына кызматка биринчи жолу кирип жаткан кызматкер төмөнкүдөй Ант берет:
"Мен (аты-жөнү), Кыргыз Республикасынын жараны, ички иштер органдарына мамлекеттик кызматка киришип жатып, элиме берилгендигиме ишендирүү менен:
Конституциянын тапаптарын кынтыксыз аткарууга, мыйзамдуулукту сактоого;
жарандардын укуктарын. эркиндиктерин, мыйзамдуу кызыкчылыктарын кылмыштуу жана башка мыйзамга каршы кол салуулардан өз өмүрүмдү аябастан коргоого;
ак ниет, кыраакы кызматкер болууга, адамдарга карата сый мамиле кылууга, мамлекеттик жана кызматтык сырды сактоого;
кызматтык парзымды жана мага тапшырылган милдеттерди ак ниет аткарууга;
иштин кызыкчылыгы учүн зарыл болгон жерлерде кызмат өтөөгө салтанаттуу Ант берем.
Антымды бузсам, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартууга даярмын".
Ант берген адам Анттын текстине кол коёт жана аны берген датасын көрсөтөт. Анттын тексти кызматкердин өздук ишинде сакталат.
Ант берүүнүн тартибин министр аныктайт.".
4. 18-статьянын 3-бөлүгүндөгу "(өмүр бою)" деген сөздөр алып салынсын, "анын бир айлык эмгек акысынын өлчөмүндөгү" деген сөздөр «мыйзамдарга ылайык" деген сѳздѳр менен алмаштырылсын.
2-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын
Президента