Загрузка документа…
Тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-апрелиндеги № 195 токтому менен бекитилген |
Иш берүүчү жоюлганда (банкрот болгондо) пенсияларды төлөөгө, кызматкерлерине келтирилген зыяндын ордун толтуруу суммаларына арналган каражаттарды капиталдаштыруунун тартиби жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо иш берүүчү жоюлганда (банкрот болгондо) төмөнкүлөрдү дайындоого жана төлөп берүүгө арналган каражаттарды капиталдаштыруунун тартибин жөнгө салат:
- жеңилдетилген шарттарда курагы боюнча (карылыгы боюнча) пенсияга чыгууга укук берүүчү өндүрүштөрдүн, жумуштардын, кесиптердин, кызмат орундарынын жана зыяндуу жана оор шарттагы жумуштардын көрсөткүчтөрүнүн № 2 тизмеси боюнча пенсиялар, ошондой эле текстиль өндүрүшүнүн кызматкерлеринин пенсияга чыгуусу (мындан ары - № 2 тизме боюнча);
- эмгектик мертинүү, кесиптик оору же ден-соолугуна башка зыян келтирүү боюнча зыяндын ордун толтуруу суммалары (мындан ары - зыяндын ордун толтуруу суммалары).
2. Ушул Жобонун максаттары төмөнкүлөр болуп саналат:
- пенсияларды төлөөгө, кызматкерлерге келтирилген зыяндын ордун толтуруу суммаларына арналган каражаттарды өз убагында капиталдаштырууну камсыз кылуу үчүн укуктук шарттарды түзүү;
- жоюучу комиссия (жоюучу) же атайын администратор тарабынан жоюлуучу иш берүүчүнүн каражаттарын Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна (мындан ары - Социалдык фонд) капиталдаштыруунун тартибин регламенттөө;
- иш берүүчү жоюлгандан (банкрот болгондон) кийин кызматкерлердин жана башка адамдардын тийиштүү төлөмдөрдү алуу укуктарынын кепилдиктерин белгилөө.
3. Ушул Жободо колдонулган негизги түшүнүктөр жана аныктамалар:
капиталдаштыруу - эгерде жоюлган иш берүүчүнүн укуктары жана милдеттемелери укук мураскоруна өткөрүлүп берилбесе, № 2 тизме боюнча пенсияларды дайындоого жана төлөөгө каралган акча каражаттарын, ошондой эле эмгектик мертинүү боюнча зыяндын ордун толтуруу суммаларын эсептөөнүн жана Социалдык фондго киргизүүнүн мыйзам тарабынан белгиленген тартиби;
жоюлуучу иш берүүчүнүн капиталдаштырылуучу каражаттары - төмөнкүлөрдү дайындоого жана төлөп берүүгө каралган:
- жеңилдетилген шарттарда курагы боюнча (карылыгы боюнча) пенсияга чыгууга укук берүүчү өндүрүштөрдүн, жумуштардын, кесиптердин, кызмат орундарынын жана зыяндуу жана оор шарттагы жумуштардын көрсөткүчтөрүнүн № 2 тизмеси боюнча пенсиялар, ошондой эле текстиль өндүрүшүнүн кызматкерлеринин пенсияга чыгуусу (мындан ары - № 2 тизме боюнча);
- эмгектик мертинүү, кесиптик оору же ден-соолугуна башка зыян келтирүү боюнча зыяндын ордун толтурууга суммаларды (мындан ары - зыяндын ордун толтуруу суммалары).
жоюлуучу иш берүүчү - жоюлушу (банкроттук) жөнүндө чечим кабыл алынган юридикалык жак (уюштуруучулук-укуктук түрүнө жана менчигинин түрүнө карабастан ишкана, уюм, мекеме же башка чарбалык субъект), өз ишин юридикалык жакты түзбөстөн жүргүзгөн жеке ишкер;
кесиптик оору - анын пайда болушуна өндүрүштүк чөйрөнүн жана эмгек процессинин жагымсыз факторлорунун таасири чечүүчү ролду ойногон оору;
иш берүүчү - кызматкер менен эмгектик мамиле түзгөн жеке жана юридикалык жак (уюм). Мыйзамдарда белгиленген учурларда иш берүүчү катары эмгек келишимдерин түзүү укугу берилген башка субъект болушу мүмкүн;
зыяндын ордун толтуруу суммалары - эмгектик мертинүү жана кесиптик оору боюнча зыяндын ордун толтурууда кызматкерге иш берүүчү тарабынан төлөнүүчү акчалай сумма;
эмгектик мертинүү - кызматкерлерге кесиптик милдеттерин аткарууга байланыштуу мертинүү, кесиптик оору же ден-соолугунун башка жабыр тартуусу менен келтирилген (мындан ары - эмгектик мертинүү) жана иш берүүчүнүн аймагында жана анын чегинен тышкарыда, ошондой эле иш берүүчү тарабынан берилген транспортто кызматкердин жумуш ордуна келе жаткандагы же жумуштан кетип жаткандагы зыян тартуусу.
4. Жоюу (банкроттук) жүргүзүлгөндүгү жөнүндө маалымат жоюуну (банкроттукту) баштоо жөнүндө чечим чыгарылган күндөн тартып 5 календардык күндүн ичинде жоюулуучу иш берүүчүнүн катталган жери боюнча Социалдык фонддун региондук органына жазуу жүзүндө жиберилет.
5. Тийиштүү төлөмгө укуктуу адамдын арызы боюнча бардык капиталдаштырылган төлөмдөрдү бир жолу төлөөгө жол берилбейт.
6. Бардык капиталдаштырылган төлөмдөр Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, өзгөчө учурларда соттун чечими боюнча гана үч жылдан ашык эмес мөөнөттө бир жолу төлөнөт.
7. Социалдык фонддун региондук органы капиталдаштырылган каражаттарды жана № 2 тизме боюнча пенсия төлөөгө жана зыяндын ордун толтуруу суммаларына укуктуу адамдарды (эмгектик мертинүүдөн улам майыптыгы боюнча пенсияларды кошуп эсептегенде) төлөм өлчөмдөрүн чагылдыруу менен өз алдынча эсепке алууну жүргүзөт.
2. № 2 тизме боюнча пенсияларды төлөөгө капиталдаштырылган каражаттарды, ошондой эле эмгектик мертинүү боюнча зыяндын ордун толтуруу суммаларын (эмгектик мертинүүдөн улам майыптыгы боюнча пенсиялары менен кошо эсептегенде) эсептөөнүн тартиби
8. Капиталдаштыруучу каражаттарды эсептөө ушул Жобого ылайык жоюучу комиссия (жоюучу) же атайын администратор тарабынан Социалдык фонддун региондук органы менен биргелешип түзүлөт.
9. Капиталдаштырылуучу каражаттарды эсептөө жоюу жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн же иш берүүчү банкрот деп таанылган күндөн баштап жоюу, атайын башкаруу мезгилинде жүргүзүлөт.
10. Капиталдаштырылуучу суммаларды эсептөө жоюучу комиссия (жоюучу) же атайын администратор тарабынан аныкталган ушул Жобонун 1-пунктунда көрсөтүлгөн төлөм алууга укуктуу адамдардын тизмесине ылайык жүргүзүлөт жана Социалдык фонддун региондук органына төмөнкү маалыматтарды көрсөтүү менен берилет:
- иш берүүчү менен эмгек мамилесин түзгөн же мурда түзгөн ар бир кызматкер боюнча, алардын жалпы эмгек (камсыздандыруу) стажын, 1996-жылдын 1-январына чейинки стажын, № 2 тизме боюнча, анын ичинде ушул жоюлуучу иш берүүчүдө иштеген стажын жана 1996-жылга чейинки удаасы менен 60 айлык эмгек акысын, ал эми кызматкер аз иштеген учурда, анда иш жүзүндө иштеген мезгилин көрсөтүү менен;
- пенсиянын бир айлык өлчөмүн көрсөтүү менен жалпы белгиленген пенсия курагына чейин жеңилдетилген (№ 2 тизме боюнча жана текстиль өндүрүшүнүн кызматкерлерине) пенсиялар дайындалган жана төлөнүп келген адамдар жөнүндө;
- бул төлөмдөрдүн бир айлык өлчөмдөрүн көрсөтүү менен майыптыгы боюнча пенсия жана эмгектик мертинүү боюнча зыяндын ордун толтуруунун суммаларын алуучулар жөнүндө;
- бул төлөмдөрдүн бир айлык өлчөмдөрүн көрсөтүү менен баккан адамынан айрылгандыгы боюнча пенсиялар жана эмгектик мертинүүдөн улам, багуусундагыларга зыяндын ордун толтуруунун суммаларын алуучулар жөнүндө маалыматтар.
11. Камсыздоонун (эмгектик мертинүү боюнча, ушул себептен баккан адамынан айрылгандыгы боюнча, № 2 тизме боюнча жана текстиль өндүрүшүнүн кызматкерлерине) ар бир түрү боюнча капиталдаштырууга жаткан суммаларынын өлчөмдөрүн, ошондой эле эмгектик мертинүү боюнча зыяндын ордун толтуруу суммаларын эсептөө төлөө мөөнөтүнө карата жүргүзүлөт:
а) эмгектик мертинүүдөн улам майыптыгы боюнча төлөнө турган пенсиялар - ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар (майыптар) жалпы белгиленген пенсиялык куракка жеткенге чейин;
б) эмгектик мертинүүдөн улам баккан адамынан айрылган учурдагы төлөнө турган пенсиялар боюнча:
- балдарга - он сегиз жашка толгонго чейин, он сегиз жаштан улуу окугандарга - окутуунун күндүзгү формасы боюнча жогорку окуу жайларда окуусу аяктаганга чейин, бирок жыйырма үч жашка чейин. Мында үч баласынын баары окутуунун күндүзгү формасы боюнча жогорку окуу жайларында окууларын улантаары шарттуу алынат;
- багуучунун багуусунда турган эмгекке жарамсыз адамдарга (бала кезинен майыптар) - жалпы белгиленген пенсиялык куракка жеткенге чейин;
в) № 2 тизме боюнча жана текстиль өндүрүшүнүн кызматкерлеринин пенсиялары боюнча:
- жоюлган күнгө карата пенсия дайындалып жана төлөнүп жаткан адамдарга - төлөм токтогон айдан тартып жалпы белгиленген пенсиялык куракка жеткенге чейин;
- № 2 тизме боюнча пенсия дайындоого укук берген куракка жете элек адамдарга жана текстиль өндүрүшүнүн кызматкерлерине - бул пенсияга укугу келген күндөн баштап жана жалпы белгиленген пенсиялык куракка жеткенге чейин;
г) эмгектик мертинүүдөн улам зыяндын ордун толтуруу суммалары төлөнгөн адамдарга:
- жашоонун орточо узактыгына (Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин маалыматтары боюнча) жеткенге чейин, ал эми бул куракка жеткен адамдарга - дагы 5 жылга. 5 жыл аяктаган соң, төлөнүүгө жаткан суммалар Социалдык фонд тарабынан капиталдаштыруу фондунун каражаттарынын эсебинен төлөнөт;
д) эмгектик мертинүү боюнча баккан адамынан айрылгандыгынан улам зыяндын ордун толтуруу суммалары төлөнгөн адамдарга:
- балдарга - он сегиз жашка толгонго чейин, он сегиз жаштан улуу окугандарга - окутуунун күндүзгү формасы боюнча окуу жайларында окуусу аяктаганга чейин, бирок жыйырма үч жашка чейин, мында балдарынын баары окутуунун күндүзгү формасы боюнча жогорку окуу жайларында окууларын уланткан шартта кабыл алынат;
- багуучунун багуусунда турган эмгекке жарамсыз адамдарга (бала кезинен майыптарга) - болжолдонуп жаткан жашоонун узактыгын эске алып (Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин маалыматтары боюнча) жоюу (банкроттуулук) жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып жашоо узактыгынын мезгилине, ал эми бул чекке жеткен адамдарга дагы 5 жылга.
12. Жалпы белгиленген пенсиялык куракка жеткенге чейин кызматкердин шарттуу пенсиясын (№ 2 тизме боюнча жана текстиль өндүрүшүнүн кызматкерлерине), ошондой эле майыптыгы боюнча жана эмгектик мертинүү боюнча баккан адамынан айрылгандыгы боюнча пенсиялардын жалпы суммасын жана эмгектик мертинүү боюнча (анын ичинде ушул себептен улам баккан адамынан айрылгандыгы боюнча) зыяндын ордун толтуруу суммаларынын төлөмдөрүн эсептөө Жобонун 11-пунктунда көрсөтүлгөн берилген маалыматтарга ылайык жоюучу комиссия (жоюучу) же атайын администратор менен биргеликте Социалдык фонддун региондук органы тарабынан жүргүзүлөт.
13. Капиталдаштырылган сумманын өлчөмү № 2 тизме боюнча иштеп тапкан стажынын үлүшүн жана жоюлуучу иш берүүчүдө текстиль өндүрүшүнүн кызматкерлеринин стажын жана кызматкерлер жеңилдетилген пенсиялык куракка жеткенде пенсия дайындоо жана төлөө (№ 2 тизме боюнча жана текстиль өндүрүшүнүн кызматкерлерине) үчүн каралган бир айлык шарттуу пенсиясынын өлчөмүн жана мурда дайындалган (№ 2 тизме боюнча жана текстиль өндүрүшүнүн кызматкерлерине) жана жалпы белгиленген пенсиялык куракка жеткенге чейин төлөнө турган пенсиясынын өлчөмүн, ошондой эле майыптарга жана эмгектик мертинүүдөн улам, баккан адамынан айрылгандарга пенсиянын жана зыяндын ордун толтуруу суммаларынын өлчөмдөрүн эске алуу менен аныкталат. Шарттуу пенсиялардын эсеби индексацияны эске алып капиталдаштыруунун эсеби түзүлгөн күнгө карата белгиленген маалыматтарга ылайык жүргүзүлөт.
14. Эмгектик мертинүү боюнча капиталдаштырылган каражаттар төмөнкү пенсиялардан жана суммалардан түзүлөт:
а) пенсиялар: эмгектик мертинүүдөн улам майыптыгы боюнча; ушул себептен баккан адамынан айрылгандыгы боюнча;
б) эмгектик мертинүүдөн улам зыяндын ордун толтуруу боюнча суммалар (кесиптик эмгекке жөндөмдүүлүгүн жоготкондугунун пайызы боюнча);
в) ден соолугун чыңдоого (санатордук-курорттук дарыланууга) жана профилактикалык дарыланууга суммалар;
г) багуусундагыларга төлөнгөн эмгектик мертинүүдөн улам зыяндын ордун толтуруу суммалары.
Иш берүүчүдөн эмгектик мертинүүдөн улам зыяндын ордун толтуруу суммаларын гана алган адамдарга иш берүүчү жоюлганда капиталдаштырылган каражаттардын суммасы ушул пункттун "б", "в" жана "г" пунктчаларында каралган чыгымдардан түзүлөт.
15. Эмгектик мертинүүдөн улам майыптыгы жана ушул себептен баккан адамынан айрылгандыгы боюнча пенсиялардын капиталдаштырылуучу суммалары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте аныкталат.
16. Эмгектик мертинүү алган же кесиптик ооруга чалдыккан адамга зыяндын ордун толтуруу боюнча капиталдаштырылган сумма эмгектик мертинүү же кесиптик ооруга чалдыккан күнгө карата кесиптик эмгекке жөндөмдүүлүгүн жоготкон пайызына жана жабыр тарткандын болжолдонгон жашоо узактыгын эске алып айлардын санына көбөйтүлгөн жоюу, банкроттук жарыяланган датага анын индексациясын эске алуу менен орточо бир айлык эмгек акысынан аныкталат.
17. Эмгектик мертинүүдөн улам, кошумча чыгым катарында иш берүүчү тарабынан компенсациялоого жаткан санатордук-курорттук дарыланууга каражаттарды капиталдаштыруунун эсеби жабыр тарткан адамдарга үч жылда 1 жолу берилген жиберүүнү эске алуу менен эсеп жүргүзүлгөн күнгө карата санатордук-курорттук мекемелерине жолдомонун жана бараар жерине чейинки жана кайта кайтуу жол киренин наркын жабуу менен жүргүзүлөт.
18. № 2 тизме боюнча жана текстиль өндүрүшүнүн кызматкерлерине капиталдаштырылган суммалардын өлчөмү иш берүүчү жоюлганга (банкроттуулукка) чейин пенсиянын бул түрлөрү төлөнгөн адамдардын бардыгын жана № 2 тизме боюнча эмгек стажын иштеп тапкан адамдарды (№ 2 тизме боюнча аялдар - 3 жылдан ашык, эркектер - 4 жылдан ашык, текстиль өндүрүшүнүн кызматкерлери - 6 жылдан ашык) эске алуу менен жүргүзүлөт.
19. № 2 тизме боюнча жана текстиль өндүрүшүнүн кызматкерлерине капиталдаштырылуучу суммалар эсептелүүчү шарттуу пенсиянын өлчөмү ар бир кызматкер үчүн эсептелет.
20. Шарттуу пенсиянын өлчөмү ШП = (БП + ЖЭ1) * ИК + ПБК формуласы боюнча эсептелет, мында БП - пенсиянын базалык бөлүгү жана ЖЭ1 - пенсиянын биринчи камсыздандыруу бөлүгү, ИК - индексация коэффициенти жана ПБК - почта байланышынын кызматтары.
21. Капиталдаштырылуучу каражаттардын өлчөмүн эсептөө үчүн зарыл болгон айлардын саны кызматкерлердин № 2 тизме боюнча ээ болгон камсыздандыруу (эмгек) стажынын санына жараша аныкталат:
а) 35 жыл жана андан ашуучу жалпы камсыздандыруу (эмгек) стажына жана анын ичинен 17,5 жыл жана андан ашык камсыздандыруу (эмгек) стажына (жеңилдетилген стажына) № 2 тизме боюнча ээ болгон эркектерге (аялдарга 30 жыл жана андан ашык, алардын ичинен 15 жыл жана андан ашыгын № 2 тизме боюнча) 96 ай үчүн капиталдаштыруу жүргүзүү керек, анткени бул адамдар "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө", Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-1-статьясына ылайык эркектерге 55 жаштан, аялдарга 50 жаш курагы боюнча жеңилдетилген пенсия алуу укугуна ээ болушат;
б) 25 жыл жалпы камсыздандыруу (эмгек) стажына жана анын ичинен 12,5 жыл жана андан ашык камсыздандыруу (эмгек) стажына (жеңилдетилген стажды) № 2 тизме боюнча ээ болгон эркектерге (аялдарга 20 жыл жана андан ашык, алардын ичинен 10 жыл жана андан ашыгын № 2 тизме боюнча) 60 ай үчүн капиталдаштыруу жүргүзүү керек, анткени бул адамдар "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-статьясына ылайык эркектерге 58 жаштан, аялдарга 53 жаштан курагы боюнча жеңилдетилген пенсия алуу укугуна ээ болушат;
в) текстиль өндүрүшүндө 20 жылдан ашык камсыздандыруу (эмгек) стажына ээ болгон аялдарга 60 ай үчүн капиталдаштыруу жүргүзүү керек, анткени бул адамдар 53 жаштан курагы боюнча жеңилдетилген пенсия алуу укугуна ээ болушат;
г) эгерде аял жоюлган (банкрот болгон) күнгө карата 100 пайыздык өлчөмдө жеңилдетилген пенсияга укук берген № 2 тизме боюнча зарыл болгон жеңилдетилген стаждын 10 жылынан № 2 тизме боюнча 3 жылдан ашык камсыздандыруу (эмгек) стажын, эркектер - 12,5 жылдык № 2 тизме боюнча зарыл болгон камсыздандыруу (эмгек) стажынын - 4 жана андан ашык жылын иштесе, анда 60 ай үчүн капиталдаштыруу жүргүзүлөт, анткени аларга № 2 тизме боюнча зарыл болгон жеңилдетилген стажын толук иштегенде пенсия дайындалат жана иштеген жеңилдетилген стажына пропорциялуу капиталдаштырылган суммалардан № 2 тизме боюнча пенсиянын бир бөлүгү төлөнөт.
22. Камсыз кылуунун ар бир түрү боюнча эмгектик мертинүү, ушул себептен баккан адамынан айрылгандыгы боюнча, № 2 тизме боюнча жана текстиль өндүрүшүнүн кызматкерлерине капиталдаштырылуучу каражаттардын өлчөмүнүн эсеби (мындан ары - Капиталдаштырылуучу каражаттардын эсеби) ушул Жобонун 1, 2, 3-тиркемелерине ылайык формалар боюнча таризделет. Жоюулуучу иш берүүчү боюнча каражаттарды капиталдаштыруунун жалпы эсеби ушул Жобонун 4-тиркемесине ылайык форма боюнча каражаттарды капиталдаштыруу эсеби жөнүндө Акт түрүндө таризделет (мындан ары - Акт).
23. Каражаттарды капиталдаштыруу эсеби жака Акт эки нускада түзүлүп, жоюучу комиссия (жоюучу) же атайын администратор жана Социалдык фонддун региондук органынын жетекчиси тарабынан кол коюлуп, тараптардын мөөрү менен күбөлөндүрүлөт. Бир түп нускасы жоюлган иш берүүчүнүн документтери менен бирге архивдик мекемеге өткөрүп берүү үчүн жоюучу комиссияга (жоюучуга) же атайын администраторго, актынын экинчи түп нускасы Социалдык фонддун региондук органына берилет.
24. Каражаттарды капиталдаштыруу эсеби жана Акт төмөнкүлөрдү көрсөтүү менен милдеттүү түрдө маалымкат менен коштолот: иштеп тапкан жалпы эмгек (камсыздандыруу) стажы, анын ичинде 1996-жылдын 1-январына чейин, № 2 тизме боюнча жана текстиль өндүрүшүнүн кызматкерлеринин стажы, анын ичинде жоюлган иш берүүчүдө иштеген стажы жана 1996-жылдын 1-январына чейин катары менен иштеген каалаган 60 айы үчүн же накта иштеген мезгили үчүн эмгек акысы, ушул Жобонун 1-пунктунда көрсөтүлгөн № 2 тизме боюнча жана текстиль өндүрүшүнүн кызматкерлеринин иштеп тапкан стажы ар бир кызматкер боюнча шарттуу пенсиянын бир айлык өлчөмү жана төлөмдөрдүн бир айлык өлчөмү көрсөтүлүп эмгектик мертинүү боюнча жана баккан адамынан айрылгандыгы боюнча төлөмдөрдү алган адамдардын тизмеси.
25. Капиталдаштырылган суммалардын эсептеринин жана Актынын жана башка документтердин көчүрмөсү Социалдык фондунун региондук органдары тарабынан пенсия дайындоого жана төлөп берүүгө укугу бар адамдарга (№ 2 тизме боюнча жана текстиль өндүрүшүнүн кызматкерлерине, эмгектик мертинүүдөн улам майыптыгы же ушул себептен баккан адамынан айрылгандыгы боюнча) жана капиталдаштырылган каражаттардан пенсияларды жана зыяндын ордун толтуруу суммаларын алууга укуктуу адамдарга берилет.
26. Капиталдаштырылган суммалардын өлчөмдөрү жана/же киргизүү мөөнөттөрү боюнча жоюучу комиссия (жоюучу) же атайын администратор менен камсыздоочунун ортосунда кайчы пикирлер келип чыкканда маселе тараптардын өкүлдөрүнөн (Социалдык фонддун өкүлү жана жоюулуучу иш берүүчүнүн өкүлү) түзүлгөн макулдашуу комиссиясы тарабынан каралат. Макулдукка жетишилбесе - талаш Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте сот тарабынан каралат.
3. Корутунду жоболор
27. Капиталдаштыруучу каражаттар жоюулуучу иш берүүчүнүн мүлкү сатылган мезгилден баштап 30 календардык күндүн ичинде жеткирүүнү жүзөгө ашырган органдардын маалыматтары боюнча почта байланыш кызматын төлөөгө чыгымдарды эске алуу менен (2013-жылы республиканын чегинде - 1,3%) жоюучу комиссия (жоюучу) же атайын администратор тарабынан Социалдык фондго киргизилет.
28. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун региондук органы жоюлуучу иш берүүчү тарабынан № 2 тизме боюнча жеңилдетилген пенсия дайындалган кызматкерлердин кесиптеринин ылайыктыгына текшерүү жүргүзөт.
№ 2 тизме боюнча жеңилдетилген стажды иштеп тапкан адамдарды же № 2 тизме боюнча пенсия алуучуларды, жоюулуучу иш берүүчүдө эмгектик мертинүү боюнча төлөмдөрдү алуучуларды жашырган учурда (же документтер толук эмес берилгенде) анын натыйжасында зарыл болгон каражаттар капиталдаштырылбаса жоопкерчиликти Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоюучу комиссия (жоюучу) же атайын администратор тартат.
Жоюулууда (банкроттукта), аныкталган учурлар боюнча капиталдаштырылган каражаттарга кошумча эсептөө жүргүзүлөт жана белгиленген тартипте Социалдык фонддун региондук органына берилет.
29. Жоюу отчету жоюучу комиссия (жоюучу) же атайын администратор тарабынан капиталдаштыруучу каражаттар Социалдык фондго толук киргизилгенден кийин гана Социалдык фонддун региондук органы менен макулдашылат.
30. № 2 тизме боюнча пенсияларды жана зыяндын ордун толтуруу суммаларын төлөө (эмгектик мертинүүдөн улам майыптыгы боюнча пенсияларды кошуп эсептегенде) Социалдык фонддун эсебине капиталдаштырылган каражаттар түшкөн мезгилден тартып Социалдык фонддун региондук органы тарабынан жүргүзүлөт.
31. Жоюулуучу иш берүүчүнүн мүлкү жок болсо же жетишсиз болгон учурда, жетишсиз жана капиталдаштырууга жаткан каражаттар Социалдык фондго республикалык бюджеттин каражаттарынан бир жолу же жылдар боюнча төлөнөт.
1-тиркеме
Форма |
|
|
"Бекитилсин" Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун региондук органынын жетекчиси |
| Жоюучу комиссия (жоюучу) же атайын администратор |
___________________ (колу) |
| ___________________ (колу) |
___________________ аты-жөнү |
| ___________________ аты-жөнү |
М.О. |
| М.О. |
20__- ж. "__" - _________ |
| 20__- ж. "__" - _________ |
Өндүрүштөгү кокустук кырсыктан зыян тарткан адамдарга каралган каражаттарды капиталдаштырууга жатуучу суммалардын өлчөмүн ЭСЕПТӨӨ
№ | Пенсия жана зыяндын ордун жабуу суммаларын алуучу адамдын аты-жөнү | Туулган жылы | Капиталдаштыруу күнүнө алган суммаларынын бир айлык өлчөмү (сом) | Зыян тарткандын ар биринин ден соолугун чыңдоо чыгымдары | Төлөнүүчү жылдардын саны (12ге көбөйтүү менен айлардын санына эсептөө керек) | Капиталдаштырууга жатуучу суммасы (сом) | Капиталдаштыруунун жалпы суммасы (к+л) (сом) | ||||
Пенсиясы | Зыяндын ордун жабуу боюнча | Санат.-курорттук дарылануу | Дарылануу | Пенсиясы | Зыяндын ордун жабуу боюнча | Пенсиясы | Зыяндын ордун жабуу боюнча | ||||
а | б | в | г | д | е | ж | з | и | к | л | м |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Жыйынтык суммасы |
|
|
|
|
|
|
|
|
| ||
2-тиркеме
Форма |
|
|
"Бекитилсин" Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун региондук органынын жетекчиси |
| Жоюучу комиссия (жоюучу) же атайын администратор |
___________________ (колу) |
| ___________________ (колу) |
___________________ аты-жөнү |
| ___________________ аты-жөнү |
М.О. |
| М.О. |
20__- ж. "__" - _________ |
| 20__- ж. "__" - _________ |
Өндүрүштөгү кокустук кырсыктан багуучусунан ажыраган адамдарга каралган каражаттарды капиталдаштырууга жатуучу суммалардын өлчөмүн ЭСЕПТӨӨ
№ | Пенсия жана зыяндын ордун жабуу суммаларын алуучу адамдын аты-жөнү | Туулган жылы | Капиталдаштырылган күндө алынуучу суммалардын бир айлык өлчөмү (сом) | Төлөнүүчү жылдардын саны (эсептөө айлардын санына жүргүзүлөт) | 18 жашка чейинки капиталдаштырууга жатуучу сумма (сом) | 18 жаштан 23 жашка чейин айларга төлөнүп жаткан сумманын 1/3 өлчөмү | Капиталдаштыруунун жалпы суммасы (и+к+л+м) (сом) | |||||
Пенсиялар | Зыян. ордун жабуу боюнча | Пенсиясы боюнча | Зыян. ордун жабуу боюнча | Пенсиясы боюнча (г+д)*е (сом) | Зыян. ордун жабуу боюнча | Пенсиясы боюнча | Зыян. ордун жабуу боюнча | |||||
ББ | ЖЭ1 | |||||||||||
а | б | в | г | д | ж | е | з | и | к | л | м | н |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Жыйынтык суммасы |
|
|
|
|
|
|
|
|
| |||
3-тиркеме
Форма |
|
|
"Бекитилсин" Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун региондук органынын жетекчиси |
| Жоюучу комиссия (жоюучу) же атайын администратор |
___________________ (колу) |
| ___________________ (колу) |
___________________ аты-жөнү |
| ___________________ аты-жөнү |
М.О. |
| М.О. |
20__- ж. "__" - _________ |
| 20__- ж. "__" - _________ |
Банкроттук күнүнө бул жумуш берүүчүдө камсыздандыруу стажын иштеп тапкан же № 2 тизме боюнча пенсия алган адамдардын пенсияларынын капиталдаштырууга жатуучу суммалардын өлчөмүн ЭСЕПТӨӨ
№ | № 2 тизме боюнча пенсия дайындоого укуктуу же № 2 тизме боюнча пенсия алуучу адамдын аты-жөнү | Туулган жылы | Иштеп тапкан камсыздандыруу стажынын жылдарынын саны, анын ичинде № 2 тизме боюнча | шарттуу пенсиянын өлчөмү | Жеңилдик боюнча пенсия дайындалган дата | Жалпы белгиленген пенсия курагына жеткенге чейинки төлөнүүчү айлардын саны | Капиталдаштыруунун жалпы суммасы (сом) | ||||
Жалпы стажы | Тийиштүүсү | Бул жумуш берүүчүдө | 1996-жылга чейин | Базалык бөлүгү | Биринчи камсыздандыруу бөлүгү | ||||||
а | б | в | г | д | ж | е | з | и | к | л | м |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Жыйынтык суммасы |
|
|
|
|
|
|
|
|
| ||
4-тиркеме
Капиталдаштырылуучу сумманы эсептөө АКТЫСЫ
__________________________ (түзүлгөн жери) |
| 20__-ж. "__" - __________ |
I. Биз, ____________________ жоюучу комиссиясы (жоюучусу) же атайын ________________ иш берүүчүнүн аталышы, администратору____________ аты-жөнү, жана Социалдык фондунун региондук органынын жетекчиси ____________________________ аты-жөнү, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 20__- жылдын "__" - ____________ № ________ "Иш берүүчү жоюлганда (банкрот болгондо) пенсияларды төлөөгө, кызматкерлерине келтирилген зыяндын ордун толтуруу суммаларына арналган каражаттарды капиталдаштыруунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралу" токтому менен бекитилген Жобого ылайык пенсияларды жана келтирилген зыяндын ордуна төлөнүүчү суммаларын дайындоого жана төлөөгө арналган капиталдаштыруучу каражаттарды эсептөөнү жүргүздүк:
1. Өндүрүштө мертинүүгө кабылган адамдарга: ___________ адамга (тизмеси тиркелет), жалпысынан _________ сом;
2. Өндүрүштөгү эмгектик мертинүүдөн улам баккан адамынан айрылган адамдарга: ___________ адамга (тизмеси тиркелет), жалпысынан _____________ сом;
3. № 2 тизме боюнча жана текстиль өндүрүшүнүн кызматкерлерине келечекте пенсия дайындоого: _________ адамга (тизмеси тиркелет), жалпысынан __________ сом;
4. № 2 тизме боюнча, текстиль өндүрүшүнүн кызматкерлеринин алып жаткан пенсияларына: ___________ адамга (тизмеси тиркелет), жалпысынан __________ сом;
Капиталдаштырууга жаткан жалпы сумма _________ сом.
II. __________________________ жумуш берүүчүнүн аталышы, жоюучу комиссиясы (жоюучусу) же атайын администратору ___________________________ аты-жөнү, капиталдаштырууга жатуучу суммаларды _____________________ эсептешүү счетуна _________________ мезгилдин ичинде которуп берүүгө милдеттенет.
Жоюучу комиссия (жоюучу) же атайын администратор |
| Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун региондук органынын жетекчиси |
_______________________ (колу) |
| _______________________ (колу) |
_______________________ аты-жөнү |
| _______________________ аты-жөнү |
М.О. |
| М.О. |
20__- ж. "__" - _________ |
| 20__- ж. "__" - _________ |