Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 6-апрели № 195
Иш берүүчү жоюлганда (банкрот болгондо) пенсияларды төлөөгө, кызматкерлерине келтирилген зыяндын ордун толтуруу суммаларына арналган каражаттарды капиталдаштыруунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Иш берүүчү жоюлганда (банкрот болгондо) пенсияларды төлөөгө, кызматкерлерине келтирилген зыяндын ордун толтуруу суммаларына арналган каражаттарды өз убагында капиталдаштырууну камсыздоо максатында, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 255-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Иш берүүчү жоюлганда (банкрот болгондо) пенсияларды төлөөгө, кызматкерлерине келтирилген зыяндын ордун толтуруу суммаларына арналган каражаттарды капиталдаштыруунун тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 30-августундагы № 629 "Каражаттарды капиталдаштыруунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |