Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 435 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
2-тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-апрелиндеги № 196 токтому менен бекитилген |
"Кыргызжилкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасынын республикалык адистештирилген комбинатынын кызматкерлеринин эмгек стажын белгилөө жөнүндө ЖОБО
1. Ушул Жобо "Кыргызжилкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасынын республикалык адистештирилген комбинатынын кызматкерлеринин эмгек стажын жана иштеген жылдары үчүн кызматтык маяналарына үстөк акыларды белгилөө тартибин аныктайт (мындан ары - Адистештирилген комбинат).
2. Адистештирилген комбинаттын кызматкерлеринин иштеген жылдары үчүн кызматтык маяналарына Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген үстөк акылар ай сайын төлөнөт.
3. Иштеген жылдары үчүн кызматтык маяналарына ай сайын үстөк акыны төлөө үчүн эмгек стажы эмгек стажын белгилөө боюнча комиссия тарабынан аныкталат, Комиссиянын курамы Адистештирилген комбинаттын директорунун буйругу менен бекитилет.
4. Иштеген жылдары үчүн үстөк акы алууга укук берүүчү эмгек стажына "Кыргызжилкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасынын системасында жана радиоактивдүү калдыктарды зыянсыздандыруу боюнча жаратылышты коргоо иши менен алектенген мекемелерде жана уюмдарда иштеген бардык мезгили кошулат.
5. Адистештирилген комбинаттын жумушка кайрадан кабыл алынган кызматкерлерине иштеген жылдары үчүн үстөк акы алууга укук берүүчү эмгек стажы жумушка кабыл алынган күндөн тартып эсептелет.
6. Иштеген жылдары үчүн кызматтык маянага пайыздык үстөк акы алууга укук берүүчү эмгек стажына төмөнкүлөр кирет:
- эгерде кызматкер аскер кызматына чакырылганга чейин жаратылышты коргоо иши менен алектенген мекемелерде жана уюмдарда иштеген болсо жана запаска бошотулгандан кийин иштеген жерине чейин жол жүргөн убакытты эсептебегенде, үч айдын ичинде ошол эле уюмдагы жумушуна кайтып келсе, мөөнөттүү анык аскер кызматындагы мезгили;
- "Кыргызжилкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасынын системасында жана радиоактивдүү калдыктарды зыянсыздандыруу боюнча жаратылышты коргоо ишин жүргүзгөн мекемелер жана уюмдар менен эмгек мамилелерде турган, баласы бир жарым жашка же жумуш берүүчү менен макулдашуу боюнча - 3 жашка чыкканга чейин бала багуу боюнча өргүүдө болгон мезгили;
- эгерде кызматчы чет өлкөгө барардан мурда жаратылышты коргоо ишин жүргүзгөн "Кыргызжилкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасынын системасында иштесе жана ишине келгенге чейинки жолдо жүрүү убактысын эсептебегенде, чет өлкөдөн кайтып келген күндөн тартып эки айдын ичинде ошол эле системага жумушка кирсе, чет өлкөдө иштеген мезгили.