Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 435 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 6-апрели № 196
"Кыргызжилкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасынын республикалык адистештирилген комбинатынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-декабрындагы № 849 токтомунун редакциясына ылайык)
"Кыргызжилкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасынын республикалык адистештирилген комбинатынын кызматкерлерине дем берүү, радиоактивдүү калдыктарды зыянсыздандыруу, радионуклиддердин зыяндуу таасиринен калктын жана айлана-чөйрөнүн экологиялык коопсуздугун камсыздоо менен байланышкан ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бекитилсин:
- "Кыргызжилкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасынын республикалык адистештирилген комбинатынын кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын өлчөмдөрү 1-тиркемеге ылайык;
- "Кыргызжилкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасынын республикалык адистештирилген комбинатынын кызматкерлеринин эмгек стажын белгилөө жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык;
- "Кыргызжилкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасынын республикалык адистештирилген комбинатынын кызматкерлерине иштеген жылдары үчүн кызматтык маяналарына пайыздык үстөк акылар 3-тиркемеге ылайык;
- саны 48 адамдан турган "Кыргызжилкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасынын республикалык адистештирилген комбинатынын кызматкерлеринин чектик саны.
2. "Кыргызжилкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасынын республикалык адистештирилген комбинатынын кызматкерлерине төмөнкүлөрдү төлөө белгиленсин:
- өзгөчө шарттарда иштеген адамдарга кызматтык маянадан 45 пайыз өлчөмүндө үстөк (Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 164 жана 224-беренелерине жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык);
- изотоптор менен түздөн-түз иштебеген, бирок "Кыргызжилкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасынын республикалык адистештирилген комбинатынын аймагында иштеген жана радиоактивдүү 1 нурланууларга дуушар болгон кызматкерлерге кызматтык маянадан 30 пайыз өлчөмүндө үстөк акы;
- жыл ичинде кварталдык иштин жыйынтыгы боюнча атайын кийимдерди, өздүк коргонуу каражаттарын дезактивдештирүү, радиоактивдүү калдыктарды көмүү жана изотопторду ташып чыгаруу боюнча келишимдик милдеттенмелерди аткаргандыгы үчүн эмгек акынын төрт айлык фонду өлчөмүндө сый акы;
- эмгектик өргүүгө чыгаарда ден соолукту чыңдоо үчүн эмгек акынын эки айлык фонду өлчөмүндө жөлөкпул.
3. "Кыргызжилкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасынын республикалык адистештирилген комбинатынын жетекчисине укук берилсин:
- эмгектин татаалдыгы, сапаты жана натыйжасы, чыгармачыл, кесипкөй демилге көтөргөндүгү үчүн кызматтык маянадан 50 пайызга чейинки өлчөмдө үстөк акыны белгилөө;
- (абзац КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-декабрындагы № 849 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-декабрындагы № 849 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- ушул токтомдон келип чыккан чараларды көрсүн;
- "Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө мыйзамдын долбоорун белгиленген тартипте даярдасын жана киргизсин.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 3-декабрындагы № 667 "Кыргызжилкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасынын республикалык адистештирилген комбинатынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнү тартипке келтирүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
6. Ушул токтом 2015-жылдын 1-майынан тартып күчүнө кирет.
7. Ушул токтом расмий жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |
1-тиркеме
"Кыргызтуракжайкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасынын республикалык адистештирилген комбинатынын кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын ӨЛЧӨМДӨРҮ
№ | Кызмат орундарынын аталышы | Кызматтык маяналар (сом) |
1 | Директор | 12000 |
2 | Башкы бухгалтер | 8000 |
3 | Экономист-финансист | 7000 |
4 | Радиоактивдүү калдыктарды көмүү пункту участогунун начальниги | 8000 |
5 | Механик | 7000 |
6 | Бухгалтер | 6000 |
7 | Кампа башчысы | 5000 |
8 | Инженер-программист | 6000 |
9 | Инженер-дозиметрист | 7000 |
10 | Дозиметрист | 5000 |
11 | Лаборант-радиометрист | 4000 |
12 | Бууга айландыруучу-электр от казандын оператору | 4000 |
13 | Кир кийимди кабыл алуучу-сорттоочу | 4000 |
14 | Кир жуугуч-дезактиватор | 4000 |
15 | Радиоактивдүү калдыктарды дезактивациялоочу | 4000 |
16 | Кийимдерди үтүктөөчү | 3800 |
17 | Электромонтер | 4000 |
18 | Слесарь-оңдоочу | 4000 |
19 | Газ электр ширетүүчү | 4000 |
20 | Изотопторду ташуу боюнча атайын автомашинанын айдоочусу | 5300 |
21 | Радиоактивдүү калдыктарды көмүү боюнча атайын автомашинанын айдоочусу | 5800 |
22 | Радиоактивдүү калдыктарды көмүү боюнча автокрандын машинисти | 5800 |
23 | Радиоактивдүү булганган кийимдерди ташуу боюнча автомобилдин айдоочусу | 5300 |
24 | Күзөтчүлөрдүн бригадири | 3600 |
25 | Көмүү жана атайын кир жуугуч пунктунун күзөтчүсү | 3300 |
26 | Көмөкчү жумушчу | 3300 |
27 | Өндүрүш жайларын тазалоочу | 3300 |
3-тиркеме
"Кыргызжилкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасынын республикалык адистештирилген комбинатынын кызматкерлерине иштеген жылдары үчүн кызматтык маяналарына ПАЙЫЗДЫК ҮСТӨК АКЫЛАР
№ | Иш стажы | Үстөк акылардын өлчөмү (пайыз менен) |
1 | 1 жылдан 3 жылга чейин | 5 |
2 | 3 жылдан 5 жылга чейин | 10 |
3 | 5 жылдан 10 жылга чейин | 15 |
4 | 10 жылдан 15 жылга чейин | 20 |
5 | 15 жылдан 20 жылга чейин | 25 |
6 | 20 жылдан 25 жылга чейин | 30 |
7 | 25 жылдан жогору | 40 |