Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 8-апрели № 202
"Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Н.Н.Торобеков демилгелеген "Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жөнөтүлсүн.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 8-апрелиндеги № 202 токтому менен жактырылган |
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Н.Н.Торобеков демилге кылган "Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, төмөнкүдөй чечимге келет.
Мыйзамдын долбоорунда башка мамлекеттердин аймагандагы согуш аракеттеринин катышуучуларына жана алардын үй-бүлөлөрүнө кошумча социалдык жардам көрсөтүү жагы каралган.
Атап айтканда Мыйзам долбоорунда башка мамлекеттердин аймагындагы согуш аракеттерине катышып, анын натыйжасында алган жаракаттардын, контузиянын жана оорулардын кесепеттеринен каза болгон үй-бүлөлөрүнө жеңилдиктердин ордуна акчалай компенсация белгилөө жана Афганстандагы аскерлерди чыгаруу күнүнө карата кошумча бир жолку акчалай жөлөкпул төлөө сунушталат.
Ушуну менен бирге Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын жана оруктун эмгекчилеринин, ошондой эле башка мамлекеттердин аймагындагы согуш аракеттеринин катышуучуларынын санынын жыл сайын кыскарышынан бошогон акча каражаттарын кайра бөлүштүрүүнүн эсебинен кошумча социалдык жардам көрсөтүүнү каржылоо сунушталган.
Ошол эле учурда аталган жардамды төмөнкүлөрдүн негизинде көрсөтүү мүмкүн эмес.
Кыргыз Республикасынын социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык Афганстандагы согуштан кайтыш болгон ардагерлердин балдары пенсия же баккан адамынан ажырагандыгы боюнча социалдык жөлөкпул алууга укуктуу, ал эми алардын жесирлери Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын жесирлерине салыштырмалуу көпчүлүгү эмгекке жарактуу куракта жана алар үчүн мамлекеттик колдоо көрсөтүү башка принциптерде (жумушка орноштуруу, микрокредиттөө) жүргүзүлүүгө тийиш.
Башка мамлекеттердин аймагында согуш аракеттеринен курман болгон катышуучулардын үй-бүлөлөрү үчүн Афганстандан аскерлерди чыгаруу күнүнө карата жыл сайын төлөмдөрдү киргизүү Жеңиш күнүн майрамдоо боюнча азыркы учурда жыл сайын бир жолу берилүүчү төлөмдөрдү албаган, Улуу Ата Мекендик согушта кайтыш болгон катышуучулардын жана майыптардын үй-бүлөлөрүнө карата социалдык адилетсиздик болот.
Афганстандан аскерлерди чыгаруу күнүнө карата кайтыш болгон катышуучулардын үй-бүлөлөрүнө гана жыл сайынкы жөлөкпулдарды төлөөгө тандамал мамиле жасоо, Афган согушунун ардагерлеринин башка категорияларына карата да социалдык адилетсиздикке жатат.
Сунушталган мыйзам долбоорун жеңилдиктердин ордуна ай сайын акчалай компенсацияларды жана өмүр бою берилүүчү стипендияны төлөөгө жумшалган каражаттардын эсебинен ишке ашырууга мүмкүн эмес, себеби кийинки жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жеңилдиктердин жана өмүр бою стипендия төлөөнүн ордуна компенсация алуучулардын табигый азаюусунун натыйжасында бошотулган акча каражаттарын эске алуу менен бекитилет.
Башка мамлекеттердин аймагындагы согуш аракеттеринен курман болгон катышуучулардын үй-бүлөлөрүнө жыл сайын жөлөкпул төлөөгө республикалык бюджеттен жылына эки миллиондон ашык сом талап кылынат, ал республикалык бюджеттин тартыштыгынын жогорулашына алып келет.
Ошол эле учурда 2015-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинде Афганстандан аскерлерди чыгаруу күнүнө карата бир жолку жөлөкпул төлөө каралган эмес.
Белгилей кетчү жагдай, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Европалык Союздун ортосунда финансылык макулдашуу келишими бюджеттик секторалдык колдоо боюнча республикадагы калктын жеңилдик категориясынын санынын көбөйүүсүнө жана жеңилдиктердин ордуна компенсациялык төлөмдөрдү жайылтууга Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 13-ноябрындагы № 511 "Энергия булактарына тариф саясатынын өзгөрүшүнө байланыштуу жарандардын айрым категорияларына акчалай компенсацияларды төлөп берүү жөнүндө" Жарлыгында көрсөтүлгөндөрдөн тышкары мораторий киргизилген.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бул келишимдин шарттарын бузушу республикалык бюджетти колдоонун кезектеги траншын берүү маселесине терс таасир этет, анткени ал республикалык бюджеттин дефицитин жабуунун булактарынын бири болуп саналат.
Жогоруда баяндалгандын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Сотунун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун кабыл алуу максатка ылайыксыз деп эсептейт.