Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 9-апрели № 207
"Калкты кургак учуктан сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Калктын кургак учуктан сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
1-берене.
"Калкты кургак учуктан сактоо жөнүндө'' Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 9, 315-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. Преамбуласы күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Төмөнкүдөй мазмундагы 3-1-статья менен толукталсын:
"3-1- статья. Жөнгө салуу чөйрөсү
Ушул Мыйзам кургак учук менен ооруган жарандардын укуктарын, милдеттерин жана социалдык кепилдиктерин регламенттештирет, Кыргыз Республикасында калкты кургак учуктан сактоо боюнча иш-чараларды уюштуруунун жана укуктук жактан жөнгө салуунун тартибин аныктайт.".
3. 8-статьясы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8-статья. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кургак учукка каршы иш-чараларды уюштуруу боюнча ыйгарым укуктары
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү кургак учукка каршы иш-чараларды уюштуруу максатында:
- Кыргыз Республикасында кургак учукка каршы иш-чараларды жүргүзүү боюнча башкы мекемелерди аныктайт;
- республиканын калкына кургак учукка каршы жардам көрсөтүүнүн тартибин аныктайт;
- республиканын калкына кургак учукка каршы жардам уюштуруу боюнча узак мөөнөттүү комплекстүү программаларды бекитет жана алардын ишке ашырылышын контролдоону уюштуруу тартибин аныктайт;
- кургак учуктун таралуусун алдын-алуу боюнча иш-чараларды уюштуруу жана кургак учуктун таралуусун алдын-алуудагы эпидемиологиялык көзөмөлдөөнү ишке ашырат;
- кургак учуктун таралуусун алдын-алуу жаатындагы статистикалык байкоо жүргүзүүнү уюштурат;
- кургак учуктун таралуусун алдын-алуу жаатындагы эрежелерди, ченемдерди, талаптарды жана стандарттарды иштеп чыгат жана бекитет;
- кургак учукка каршы жардам көрсөтүү тутумун уюштурат;
- кургак учукту диагностикалоо, дарылоо жана профилактикалоо жаатындагы эрежелерди, ченемдерди, талаптарды иштен чыгат жана бекитет;
- кургак учукка каршы жардам көрсөтүүнү контролдоону ишке ашырат;
- айыл чарба жаныбарларынын бардык түрлөрүнө карата аларга кургак учук жуккан-жукпагандыгына дайыма контролдоо жүргүзүүнү камсыздайт.".
4. 9-статьясынын 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Активдүү кургак учуктун бардык жаңы аныкталган учурлары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген тартипте милдеттүү түрдө мамлекеттик катталууга жана эсепке алынууга тийиш.".
5. 11-статьясында:
1) 1, 2, 3, 7, 8, 9 жана 10-бөлүктөрү күчүн жоготту деп таанылсын;
2) 6-бөлүгүндө "ден соолук чыңдоочу" деген сөздөр "профилактикалык" деген сөз менен алмаштырылсын.
6. 12-статьясынын 3-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын.
7. 13-статьясында:
1) 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
'"Айыл чарба жаныбарларынын бардык түрлөрүнө карата аларга кургак учук жуккан-жукпагандыгын дайыма контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте жүргүзүлөт.";
2) 9-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Адамдарга кургак учуктун жугушунун алдын алуу, ошондой эле адамдардын жана айыл чарба жаныбарларынын кургак учук менен ооруп калган учурлары жөнүндө маалымдоону камсыздоо боюнча иш-чаралар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте жүргүзүлөт.".
8. 14-статьясынын 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кургак учуктун алдын алуу, диагноздоо жана дарылоо боюнча илимий изилдөөлөр келишимдик шарттарда каржыланышы мүмкүн.".
9. 15-статьясынын 2-бөлүгүндөгү экинчи сүйлөм төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Бейтап баракчасын көрсөтүлгөн мөөнөттөн ашыкча узартуу же эмгекке туруктуу жарамсыздыгын аныктоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте ишке ашырылат.".
10. 18-статьясында:
1) аталышындагы жана тексттеги ''Министрликтердин, администрациялык ведомстволордун, ишканалардын" деген сөздөр "Ишканалардын" деген сөз менен алмаштырылсын;
2) "бардык түрлөрүндөгү" деген сөздөр "түрлөрүнө карабай" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
3) "ведомстволук" деген сөз алып салынсын.
11. 19-статьясында:
1) "бардык түрлөрүндөгү" деген сөздөр "түрлөрүнө карабай" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) "ведомстволук" деген сөз алып салынсын.
12. 20-статьясы күчүн жоготту деп таанылсын.
13. 23-статьясынын 2-бөлүгүндөгү "жергиликтүү мамлекеттик администрациялар," деген сөздөр алып салынсын.
14. 24-статьясынын 2-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын
Президенти