Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 9-апрели № 208
"Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
1-берене.
"Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 5, 261-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 3-статья төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"Дене тарбиянын ченемдик негиздери - Кыргыз Республикасынын калкын жаш курагына жараша ырааттуу камтуучу дене тарбиясы боюнча даярдыгын баалоонун (ченемдеринин) критерийлеринин топтому.".
2. 4-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4-статья. Дене тарбиясынын ченемдик негиздери
Дене тарбиясынын ченемдик негиздери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан иштелип чыгат жана бекитилет.
Дене тарбиясынын ченемдик негиздери спорттук разряддарды жана наамдарды ыйгаруунун принциптерин, эрежелерин жана тартибин белгилеген Бирдиктүү спорттук классификация менен тыгыз айкалышта пайдаланылат.".
3. 6-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6-статья. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктары
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү дене тарбия жана спорт чөйрөсүндө:
- дене тарбия жана спорт жаатындагы мамлекеттик саясатты жүргүзүүнү камсыздайт;
- маалыматтык камсыздоонун бирдиктүү мамлекеттик тутумун түзүүнү камсыздайт;
- спорттун түрлөрүнүн жана спорттук дисциплиналардын Улуттук реестрин жүргүзүүнүн тартибин аныктайт;
- дене тарбия жана спортту, дене тарбия жана спорт жаатындагы илимий изилдөөлөрдү, дене тарбиясы жана спортсмендерди даярдоо тутумун илимий-методикалык камсыздоону, кесиптик даярдоону, дене тарбия жана спорт жаатындагы адистердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо боюнча иш-чараларды каржылоонун мамлекеттик ченемдерин аныктайт;
- эл аралык спорттук мелдештерде Кыргыз Республикасынын атынан чыгуучу жогорку квалификациялуу спортсмендерди уюштуруу жана даярдоо маселелери боюнча дене тарбия-ден соолукту чыңдоо жана спорттук багыттагы расмий коомдук бирикмелердин ишин координациялайт жана контролдойт;
- дене тарбия-ден соолукту чыңдоо жана спорттук багыттагы коомдук бирикмелерди аккредитациялоонун тартибин аныктайт.".
4. 7-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7-статья. Кыргыз Республикасынын аймагында дене тарбия жана спортту өнүктүрүү
Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык бирдиктеринде дене тарбия жана спортту өнүктүрүү үчүн шарттар түзүлөт жана чаралар көрүлөт.
Дене тарбия жана спортту өнүктүрүү республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.
Административдик-аймактык бирдиктердин жаратылыштык-климаттык шарттарын, калктын санын, инфратүзүмүн эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан дене тарбия жана спортту өнүктүрүүнүн программалары иштелип чыгат.".
5. 8-статьянын 3-бөлүгүндө "Дене тарбия жана спортту башкаруучу республикалык мамлекеттик орган" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
6. 10-статьяда:
- 2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Курама команданын курамы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте түзүлөт.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:
"Мамлекет Кыргыз Республикасынын курама командаларын даярдоону жана алардын республикалык, эл аралык спорттук мелдештерге катышуусун камсыздайт.".
7. 12-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"12-статья. Калктын дене тарбиясы жана спортсмендерди даярдоо боюнча мамлекеттик программалар.
Калктын дене тарбиясы жана спортсмендерди даярдоо боюнча мамлекеттик программалар дене тарбиянын ченемдик негиздеринин жана Бирдиктүү спорттук классификациянын негизинде иштелип чыгат.
Калктын дене тарбиясы жана спортсмендерди даярдоо боюнча мамлекеттик программалар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте иштелип чыгат жана бекитилет.".
8. 13-статьянын 4-бөлүгүндөгү "билим берүүнү башкаруучу республикалык мамлекеттик орган менен дене тарбиясын жана спортту башкаруучу республикалык мамлекеттик орган макулдашып белгилеген тартипте бекитилген" деген сөздөр алып салынсын.
9. 14-статьянын 2-бөлүгүндөгү "дене тарбиясын жана спортту башкаруучу республикалык мамлекеттик орган" деген сөздөр "мамлекет" деген сөз менен алмаштырылсын.
10. 16-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"16-статья. Эл жашаган жана массалык түрдө эс алган жерлерде дене тарбия жана спорт менен машыгуу
Калк жашаган жана массалык түрдө эс алган жерлерде калктын дене тарбия жана спорт менен машыгуусу үчүн шарт түзүп берүү республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен ишке ашырылат.
11. 19-статьянын 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн ишканалар, мекемелер жана уюмдар менен биргелешип ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер жашаган жерде, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин адистештирилген мекемелеринде жана уюмдарында спорттук-ден соолукту чыңдоо ишинин программаларын иштеп чыгышат жана жүзөгө ашырышат.".
12. 20-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"20-статья. Дене тарбия жана спорт менен машыккан адамдарды медициналык камсыздоо
Дене тарбия жана спорт оорулардын алдын алуу жана дарылоо каражаты катары пайдаланылат.
Дене тарбия жана спорт, анын ичинде спорттук-ден соолукту чыңдоочу туризм менен машыккан адамдар врачтар тарабынан контролдонууга тийиш.
Дене тарбия жана спорттун жардамы менен калктын ден соолугун чыңдоо жана реабилитациялоо үчүн Кыргыз Республикасында атайын аппаратура жана медициналык жабдуулар менен жабдылган, калк менен дене тарбия-ден соолукту чыңдоо ишин камсыздоочу диагностикалык-консультациялык пункттар жана кабинеттер, врачтык-дене тарбия диспансерлери түзүлүүдө.
Спорттун ар кандай түрлөрү боюнча Кыргыз Республикасынын курама командалары эл аралык спорттук иш-чараларга даярдануунун алкагында медициналык тейлөө менен камсыздалат.
Мамлекет спорттук медицина жана дарылоочу дене тарбия жаатында адистерди даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу үчүн шарттарды түзөт.".
13. 22-статьяда:
- 2-бөлүктөгү "Дене тарбиясын жана спортту башкаруучу республикалык мамлекеттик орган тарабынан жөнгө салынат" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 6-бөлүктөгү "Кыргыз Республикасынын Улуттук олимпиадалык комитети жана Дене тарбиясын жана спортту башкаруучу республикалык мамлекеттик орган менен макулдашып спорттун түрлөрү боюнча тийиштүү федерациялар" деген сөздөр алып салынсын;
- 7-бөлүктөгү "кесиптик-спорттук иш-аракеттерди жөнгө салган эл аралык спорттук уюмдардын актыларына ылайык Дене тарбиясын жана спортту башкаруучу республикалык мамлекеттик орган" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
14. 23-статьяда:
1-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы бөлүктөр менен алмаштырылсын:
"Республикалык жана эл аралык дене тарбия-ден соолукту чыңдоочу жана спорттук-массалык мелдештердин негизги иш-чараларынын календарлык планы жыл сайын кийинки календарлык жылдын башталышына чейин бекитилет. Жогоруда аталган календарлык планга киргизилбеген иш-чаралар мамлекет тарабынан каржыланбайт.
Кыргыз Республикасынын ири масштабдагы эл аралык спорттук-массалык иш-чараларды өткөрүүгө даярдыгы жөнүндө эл аралык уюмдарга расмий билдирүүгө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн макулдугу менен гана жол берилет.";
- төмөнкүдөй мазмундагы бөлүк менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын чемпионаттарынын, биринчилигинин жана спартакиадаларынын ачылыш аземинде Кыргыз Республикасынын гимни жаңырат.".
15. 25-беренеде:
- 1-бөлүктө расмий тилдеги тексттен ", выданные высшим учебным заведением физической культуры и спорта в установленном порядке" деген сөздөр алып салынсын;
- 3-бөлүктө "дене тарбия жана спорт боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда" деген сөздөр алып салынсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:
"Спорттун интеллектуалдык жана башка кооптуу эмес түрлөрү боюнча окуу-машыгуу сабактарына кыска мөөнөттөгү окуу курстарын бүткөн адамдарга жол берилет. Кыска мөөнөттөгү окуу курстарынан өтүүнүн тартиби жана спорттун интеллектуалдык жана башка кооптуу эмес түрлөрүнүн тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.".
16. 29-статьянын 3-бөлүгүндө "жана Дене тарбиясын жана спортту башкаруучу республикалык мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча спорттун түрлөрү боюнча спорттук федерациялар тарабынан бекитилет" деген сөздөр алып салынсын.
17. 31-статьянын 2-бөлүгүндөгү "Дене тарбиясын жана спортту башкаруучу республикалык мамлекеттик орган тарабынан иштелип чыгат жана бекитилет жана дене тарбиясы - спорттук жогорку кесиптик окуу жайлар" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
18. 39-статьяда "Дене тарбиясын жана спортту башкаруучу республикалык мамлекеттик орган" деген сөздөр "Мамлекет" деген сөз менен алмаштырылсын.
19. 41-статья күчүн жоготту деп таанылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|