КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 16-апрели № 220
“Бишкек шаарында 2015-жылдын 13-мартында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европада жана Борбордук Азияда мамлекеттик финансыны башкаруу үчүн Программалык максаттуу донор фондунун администратору катары чыгуучу Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын, Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Гранттык макулдашууну (Жергиликтүү өз алдынча башкаруу деңгээлиндеги мамлекеттик финансы чөйрөсүндө “теңме-тең” принциби боюнча окутуу практикасын кеңейтүү долбоору) ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, 80-беренесинин 2-бөлүгүнө, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине жана “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелгендер жактырылсын:
- “Бишкек шаарында 2015-жылдын 13-мартында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европада жана Борбордук Азияда мамлекеттик финансыны башкаруу үчүн Программалык максаттуу донор фондунун администратору катары чыгуучу Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Гранттык макулдашууну (Жергиликтүү өз алдынча башкаруу деңгээлиндеги мамлекеттик финансы чөйрөсүндө “теңме-тең” принциби боюнча окутуу практикасын кеңейтүү долбоору) ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- Бишкек шаарында 2015-жылдын 13-мартында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европада жана Борбордук Азияда мамлекеттик финансыны башкаруу үчүн Программалык максаттуу донор фондунун администратору катары чыгуучу Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Гранттык макулдашууга (Жергиликтүү өз алдынча башкаруу деңгээлиндеги мамлекеттик финансы чөйрөсүндө “теңме-тең” принциби боюнча окутуу практикасын кеңейтүү долбоору) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен бул мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директору бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Бишкек шаарында 2015-жылдын 13-мартында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европада жана Борбордук Азияда мамлекеттик финансыны башкаруу үчүн Программалык максаттуу донор фондунун администратору катары чыгуучу Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Гранттык макулдашууну (Жергиликтүү өз алдынча башкаруу деңгээлиндеги мамлекеттик финансы чөйрөсүндө “теңме-тең” принциби боюнча окутуу практикасын кеңейтүү долбоору) ратификациялоо жөнүндө
1-берене
Бишкек шаарында 2015-жылдын 13-мартында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европада жана Борбордук Азияда мамлекеттик финансыны башкаруу үчүн Программалык максаттуу донор фондунун администратору катары чыгуучу Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Гранттык макулдашуу (Жергиликтүү өз алдынча башкаруу деңгээлиндеги мамлекеттик финансы чөйрөсүндө “теңме-тең” принциби боюнча окутуу практикасын кеңейтүү долбоору) ратификациялансын.
2-берене
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жогоруда аталган Гранттык макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкына жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясына билдирсин.
3-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Президенти