Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 1-апрелиндеги № 211 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 17-апрели № 224
Кыргыз Республикасында баалуу кагаздардын листингине
минималдуу талаптарды бекитүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 15-январындагы № 22, 2019-жылдын 28-январындагы № 24 , КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 18-майындагы № 266 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
“Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 50-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасында баалуу кагаздардын листингине минималдуу талаптар тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |
Тиркеме
Кыргыз Республикасында баалуу кагаздардын листингине коюлуучу МИНИМАЛДУУ ТАЛАПТАР
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 15-январындагы № 22, 2019-жылдын 28-январындагы № 24 ,КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 18-майындагы № 266 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы талаптар
1. Листинг фондулук биржанын өзгөчө тизмесине баалуу кагаздарды киргизүү жол-жобосу болуп эсептелет, ал экиден кем эмес категориядан: биринчи (эң жогорку) категориядан жана экинчи (эң жогоркудан кийинки) категориядан турат.
Фондулук биржа Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык листингдин эң жогорку жана эң жогоркудан кийинки категорияларына киргизилүүчү баалуу кагаздарга жана алардын эмитенттерине кошумча талаптарды белгилөөгө укуктуу. Листингдин биринчи эң жогорку жана экинчи (эң жогоркудан кийинки) категорияларынан башка категорияларга киргизилүүчү баалуу кагаздарга жана алардын эмитенттерине талаптар фондулук биржанын ички документтери менен белгиленет.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары чыгарган карыздык баалуу кагаздар, ушул минималдуу талаптардын 3-главасында көрсөтүлгөн талаптарды сактоо менен фондулук биржанын баалуу кагаздарынын листингиндеги экинчи (эң жогоркудан кийинки) категорияга киргизилет.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги эмиссиялаган баалуу кагаздар фондулук биржада жайгаштырууда жана жүгүртүүдө, ушул минималдуу талаптардын 3-главасында көрсөтүлгөн талаптар сакталган шартта, фондулук биржанын биринчи (эң жогорку) категориядагы баалуу кагаздар листингине киргизилет.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 15-январындагы № 22, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 18-майындагы № 266 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2. Эмитентке жана анын баалуу кагаздарына коюлуучу талаптар аларды листинг кылууда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы чыгарган баалуу кагаздарга жайылтылбайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 18-майындагы № 266 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Негизги пайдаланылуучу түшүнүктөр:
- фондулук биржанын листингдик талаптары - листингден өтүүгө арыз берген эмитент же мындай жол-жободон өткөн, баалуу кагаздары фондулук биржалардын өзгөчө тизмесине киргизилген эмитент ылайык келүүгө тийиш болгон критерийлердин жана ченемдердин жыйындысы;
- фондулук биржанын өзгөчө тизмеси - листингдин жол-жобосунан өткөн баалуу кагаздары листингдин тиешелүү категориясына киргизилген биржа документи;
- делистинг - баалуу кагаздарды фондулук биржанын өзгөчө тизмесинен чыгаруу жол-жобосу.
Делистингдин эрежеси фондулук биржа тарабынан белгиленет.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-январындагы № 24 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Фондулук биржанын баалуу кагаздарынын листингинде биринчи (эң жогорку) жана экинчи (эң жогоркудан кийинки) категорияларында (анын ичинде киргизилгендер) болуу үчүн эмитент өз ишин акционердик коомдун же жоопкерчилиги чектелген коомдун уюштуруу - укуктук түрүндө жүргүзсө, же болбосо, эгерде эмитент Кыргыз Республикасынын чегинен сыртта юридикалык жак болуп катталса, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ачык акционердик коомго эквиваленттүү болгон ал катталган өлкөнүн мыйзамдарына ылайык юридикалык статуска ээ болсо, анда ал Кыргыз Республикасынын юридикалык жагы болуп саналууга тийиш.
Муниципалдык баалуу кагаздардын фондулук биржанын баалуу кагаздарынын листингинде экинчи (эң жогоркудан кийинки) категорияда болушу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары эмитент болууга тийиш.
Үлүштүк инвестициялык фонддун башкаруучу компаниясы акционердик коомго караганда ишин башка уюштуруу-укуктук түрдө жүргүзө алат.
Фондулук биржанын баалуу кагаздарынын листингинде болуу үчүн биринчи (эң жогорку) категорияда мамлекеттик баалуу кагаздардын эмитенти болуп Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги саналат.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 15-январындагы № 22, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 18-майындагы № 266 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
5. Эмитент фондулук биржанын баалуу кагаздарынын листингинин кыйла жогорку категорияларындагы листингдик талаптарга ылайык келсе, анда анын баалуу кагаздары листингдин кыйла жогорку категориясына которулат.
Эгерде эмитенттин баалуу кагаздары киргизилген фондулук биржанын баалуу кагаздарынын листингинин ошол категориясынын листингдик талаптарына эмитент жооп бербей калса, мындай баалуу кагаздар листингдин бир топ төмөнкү категориясына которулууга, же болбосо делистинг жол-жобосунан өткөрүлүүгө тийиш.
2. Фондулук биржанын баалуу кагаздар листингине киргизилүүчү жана киргизилген акцияларга жана алардын эмитенттерине талаптар
6. Эмитенттин акциялары фондулук биржанын листингинин биринчи (эң жогорку) категориясында болушу үчүн бул баалуу кагаздар жана алардын эмитенти төмөнкү талаптарга ылайык келүүгө тийиш:
а) фондулук биржанын баалуу кагаздарынын листингине эмитенттин баалуу кагаздарын киргизүү жөнүндө арызды бергенге чейинки үч жылдан кем эмес мезгилде ал мамлекеттик каттоого алынса;
б) эмитент акционердик коом түрүндө иштөөгө жана ачык компаниялар үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык келүүгө тийиш;
в) эмитенттин өздүк капиталы 300 млн. сомдон кем болбоого тийиш;
г) эмитент акыркы отчеттук жылда же акыркы үч жылдык сумма боюнча чыгашасыз болууга тийиш;
д) эмитент өзүнүн финансылык отчетун Финансылык отчеттун эл аралык стандарттарына ылайык түзүүгө тийиш. Финансылык отчет көз карандысыз аудитордук уюмдун (компаниянын) корутундусу менен бекитилүүгө тийиш.
7. Эмитенттин акциялары фондулук биржанын листингинин экинчи (эң жогоркудан кийинки) категориясында болушу үчүн бул баалуу кагаздар жана алардын эмитенттери төмөнкү талаптарга ылайык келүүгө тийиш:
а) фондулук биржанын баалуу кагаздарынын листингине эмитенттин баалуу кагаздарын киргизүү жөнүндө арызды бергенге чейинки бир жылдан кем эмес мезгилде ал мамлекеттик каттоого алынса. Эгерде эмитент кайра уюштуруунун натыйжасында түзүлсө, кайра уюштуруп түзүүнүн натыйжасында түзүлгөн эмитент юридикалык жак (жактар) түзүлгөн учурдан тартып анын иштөө мөөнөтү эсептелет;
б) эмитент акционердик коом түрүндө иштөөгө жана ачык компаниялар үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык келүүгө тийиш;
в) эмитенттин өздүк капиталы 50 млн. сомдон кем болбоого тийиш;
г) эмитент акыркы отчеттук жылда же акыркы эки жылдык сумма боюнча чыгашасыз болууга тийиш;
д) эмитент өзүнүн финансылык отчетун Финансылык отчеттун эл аралык стандарттарына ылайык түзүүгө тийиш. Финансылык отчет көз карандысыз аудитордук уюмдун (компаниянын) корутундусу менен бекитилүүгө тийиш.
3. Фондулук биржанын баалуу кагаздар листингине киргизилүүчү жана киргизилген карыздык баалуу кагаздарга жана алардын эмитенттерине талаптар
8. Эмитенттин карыздык баалуу кагаздары фондулук биржанын листингинин биринчи (эң жогорку) категориясында болушу үчүн бул карыздык баалуу кагаздар жана алардын эмитенти төмөнкү талаптарга ылайык келүүгө тийиш:
а) фондулук биржанын баалуу кагаздарынын листингине эмитенттин баалуу кагазын киргизүү жөнүндө арызды бергенге чейинки үч жылдан кем эмес мезгилде ал мамлекеттик каттоого алынса;
б) эмитент акционердик коом же жоопкерчилиги чектелген коом түрүндө иштөөгө жана ачык компаниялар үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык келүүгө тийиш;
в) эмитенттин өздүк капиталы 300 млн. сомдон кем болбоого тийиш;
г) эмитент акыркы отчеттук жылда же акыркы үч жылдык сумма боюнча чыгашасыз болууга тийиш;
д) эмитент өзүнүн финансылык отчетун Финансылык отчеттун эл аралык стандарттарына ылайык түзүүгө тийиш. Финансылык отчет көз карандысыз аудитордук уюмдун (компаниянын) корутундусу менен бекитилүүгө тийиш.
8-1. Мамлекеттик баалуу кагаздарды листингинин биринчи (эң жогорку) категориясына киргизүү үчүн баалуу кагаздар жана алардын эмитенти төмөнкүдөй талаптарга ылайык келүүгө тийиш:
а) эмитент чыгарылган баалуу кагаздарды эркин сатууну чектеген кандайдыр бир шарттарды белгилебөөгө тийиш;
б) баалуу кагаздарга карата жабуу боюнча же болбосо купондук төлөөлөр боюнча эмитенттин мөөнөтү өткөн милдеттенмелери болбоого тийиш;
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 18-майындагы № 266 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Эмитенттин карыздык баалуу кагаздары фондулук биржанын листингинин экинчи (эң жогоркудан кийинки) категориясында болушу үчүн бул баалуу кагаздар жана алардын эмитенти төмөнкү талаптарга ылайык келүүгө тийиш:
а) фондулук биржанын баалуу кагаздарынын листингине эмитенттин баалуу кагазын киргизүү жөнүндө арызды бергенге чейинки бир жылдан кем эмес мезгилде ал мамлекеттик каттоого алынса;
б) эмитент акционердик коом же жоопкерчилиги чектелген коом түрүндө иштөөгө жана ачык компаниялар үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык келүүгө тийиш;
в) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана ченемдик укуктук актыларынын ченемдерине ылайык аныкталган эмитенттин өздүк капиталы 50 млн. сомдон кем болбоого тийиш;
г) эмитент акыркы отчеттук жылда же акыркы эки жылдык сумма боюнча чыгашасыз болууга тийиш;
д) эмитент өзүнүн финансылык отчетун Финансылык отчеттун эл аралык стандарттарына ылайык түзүүгө тийиш. Финансылык отчет көз карандысыз аудитордук уюмдун (компаниянын) корутундусу менен бекитилүүгө тийиш.
9-1 Эмитенттин карыздык баалуу кагаздарынын фондулук биржанын листингинде экинчи (эң жогоркудан кийинки) категорияда болушу үчүн карыздык баалуу кагаздар жана алардын эмитенти төмөнкү талаптарга ылайык келүүгө тийиш:
а) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары чыгарган карыздык баалуу кагаздардын чыгарылган көлөмү 1 млн. сомдон кем болбоого тийиш;
б) карыздык баалуу кагаздарды жабуу боюнча милдеттенме, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын алдындагы милдеттенмелерди кошуп алганда, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жылдык кирешесинин көлөмүнүн зайымдын натыйжасында тартылган каражаттарды эсепке албаганда 20 пайызынан ашпоого тийиш;
в) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы чыгарган карыздык баалуу кагаздардын номиналдык наркы төмөнкүдөй болууга тийиш:
- аукцион өткөрүүдө 10 эсептик көрсөткүчтөн кем эмес;
- жеке эмиссияда (жекече сунуш кылууда) 100 эсептик көрсөткүчтөн кем эмес.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 15-январындагы № 22 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Инвестициялык фонддордун баалуу кагаздары үчүн талаптар
10. Инвестициялык фонддун баалуу кагаздары фондулук биржанын листингинин биринчи (эң жогорку) категориясында болушу үчүн бул баалуу кагаздар жана алардын эмитенти төмөнкү талаптарга ылайык келүүгө тийиш:
а) үлүштүк инвестициялык фонддун башкаруучу компаниясы же акционердик инвестициялык фонд фондулук биржанын баалуу кагаздарынын листингине анын баалуу кагаздарын киргизүү жөнүндө арызды бергенге чейинки үч жылдан кем эмес мезгилде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик каттоого алынууга тийиш;
б) акционердик жана үлүштүк инвестициялык фонддун таза активдеринин наркы 50 млн. сомдон кем болбоого тийиш;
в) үлүштүк инвестициялык фонддун башкаруучу компаниясынын өздүк капиталы 30 млн. сомдон кем болбоого тийиш;
г) үлүштүк инвестициялык фонддун башкаруучу компаниясы же акционердик инвестициялык фонд акыркы отчеттук жылдын жыйынтыгы боюнча же акыркы үч жылдык мезгилдеги сумма боюнча чыгашасыз болууга тийиш;
д) эмитент өзүнүн финансылык отчетун Финансылык отчеттун эл аралык стандарттарына ылайык түзүүгө тийиш. Финансылык отчет көз карандысыз аудитордук уюмдун (компаниянын) корутундусу менен бекитилүүгө тийиш.
11. Инвестициялык фонддун баалуу кагаздары фондулук биржанын листингинин экинчи (эң жогоркудан кийинки) категориясында болушу үчүн бул баалуу кагаздар жана алардын эмитенти төмөнкү талаптарга ылайык келүүгө тийиш:
а) үлүштүк инвестициялык фонддун башкаруучу компаниясы же акционердик инвестициялык фонд фондулук биржанын баалуу кагаздарынын листингине анын баалуу кагаздарын киргизүү жөнүндө арызды бергенге чейинки үч айдан кем эмес мезгилде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик каттоого алынууга тийиш;
б) акционердик жана үлүштүк инвестициялык фонддун таза активдеринин наркы 10 млн. сомдон кем болбоого тийиш;
в) үлүштүк инвестициялык фонддун башкаруучу компаниясынын өздүк капиталы 10 млн. сомдон кем болбоого тийиш;
г) үлүштүк инвестициялык фонддун башкаруучу компаниясы же акционердик инвестициялык фонд акыркы отчеттук мезгилдин (жылдын жана/же кварталдын) жыйынтыгы боюнча чыгашасыз болууга тийиш;
д) акционердик инвестициялык фонд өзүнүн финансылык отчетун Финансылык отчеттун эл аралык стандартына ылайык түзүүгө тийиш. Финансылык отчет көз карандысыз аудитордук уюмдун (компаниянын) корутундусу менен бекитилүүгө тийиш.