Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 17-апрели № 222
Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосунда 2014-жылдын 15-майында Варшава шаарында кол коюлган “Бишкек шаарындагы суу менен жабдууну жана канализацияны реабилитациялоо жөнүндө” насыялык макулдашууну; “Кыргыз Республикасынын, Бишкек шаарынын мэриясынын, “Бишкексууканал” өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармасынын жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосунда 2014-жылдын 6-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган Глобалдык Экологиялык Фонддун Климаттын өзгөрүшү боюнча атайын фонду (SCCF) каржылоочу Инвестициялык грант тууралуу гранттык макулдашууну; “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Швейцария Конфедерациясынын Өкмөтүнүн ортосунда 2014-жылдын 7-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган “Швейцариянын Экономикалык маселелер боюнча катчылыгы (SECO) тарабынан берилүүчү “Бишкек шаарындагы суу менен жабдууну жана канализацияны жакшыртуу (II фаза)” долбоорун финансылык колдоо үчүн грант берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын
Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине, “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелгендер бекитилсин:
- Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосунда 2014-жылдын 15-майында Варшава шаарында кол коюлган “Бишкек шаарындагы суу менен жабдууну жана канализацияны реабилитациялоо жөнүндө” насыялык макулдашууну; “Кыргыз Республикасынын, Бишкек шаарынын мэриясынын, “Бишкексууканал” өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармасынын жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосунда 2014-жылдын 6-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган Глобалдык Экологиялык Фонддун Климаттын өзгөрүшү боюнча атайын фонду (SCCF) каржылоочу Инвестициялык грант тууралуу гранттык макулдашууну; “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Швейцария Конфедерациясынын Өкмөтүнүн ортосунда 2014-жылдын 7-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган “Швейцариянын Экономикалык маселелер боюнча катчылыгы (SECO) тарабынан берилүүчү “Бишкек шаарындагы суу менен жабдууну жана канализацияны жакшыртуу (II фаза)” долбоорун финансылык колдоо үчүн грант берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосунда 2014-жылдын 15-майында Варшава шаарында кол коюлган “Бишкек шаарындагы суу менен жабдууну жана канализацияны реабилитациялоо жөнүндө” насыялык макулдашууну; “Кыргыз Республикасынын, Бишкек шаарынын мэриясынын, “Бишкексууканал” өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармасынын жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосунда 2014-жылдын 6-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган Глобалдык Экологиялык Фонддун Климаттын өзгөрүшү боюнча атайын фонду (SCCF) каржылоочу Инвестициялык грант тууралуу гранттык макулдашууну; “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Швейцария Конфедерациясынын Өкмөтүнүн ортосунда 2014-жылдын 7-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган “Швейцариянын Экономикалык маселелер боюнча катчылыгы (SECO) тарабынан берилүүчү “Бишкек шаарындагы суу менен жабдууну жана канализацияны жакшыртуу (II фаза)” долбоорун финансылык колдоо үчүн грант берүү жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору жана Бишкек шаарынын мэри (макулдашуу боюнча) бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү болуп дайындалышсын.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |
Долбоор
1-берене
Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосунда 2014-жылдын 15-майында Варшава шаарында кол коюлган “Бишкек шаарындагы суу менен жабдууну жана канализацияны реабилитациялоо жөнүндө” насыялык макулдашууну; “Кыргыз Республикасынын, Бишкек шаарынын мэриясынын, “Бишкексууканал” өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармасынын жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосунда 2014-жылдын 6-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган Глобалдык Экологиялык Фонддун Климаттын өзгөрүшү боюнча атайын фонду (SCCF) каржылоочу Инвестициялык грант тууралуу гранттык макулдашууну; “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Швейцария Конфедерациясынын Өкмөтүнүн ортосунда 2014-жылдын 7-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган “Швейцариянын Экономикалык маселелер боюнча катчылыгы (SECO) тарабынан берилүүчү “Бишкек шаарындагы суу менен жабдууну жана канализацияны жакшыртуу (II фаза)” долбоорун финансылык колдоо үчүн грант берүү жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкына Кыргыз Республикасынын жогоруда аталган макулдашуулардын күчүнө кириши үчүн керектүү мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаргандыгы жөнүндө белгиленген тартипте кабарласын.
3-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Президенти