Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 20-апрели № 227
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы бул Мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
4. "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 335 токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |
Долбоор
1-берене.
"Кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" гезити, 2008-жылдын 12-августу, № 59-60) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 6-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6-берене. Кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мамлекеттик көзөмөл жана контроль
Кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мамлекеттик көзөмөлдү жана контролду жүзөгө ашыруунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.".
2. 7-берененин 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Кооптуу жүктөрдү ташууга уруксат кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруунун колдонуудагы келишими (мындан ары - камсыздандыруу келишими) болгондо гана берилет.
Кооптуу жүктөрдү ташууга уруксат берүүнүн тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.".
3. 10-беренеде:
- 2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Камсыздандыруу келишиминде үчүнчү жактарга зыян келтирүүнүн натыйжасында келип чыккан милдеттенмелер боюнча камсыздандыруу төлөмүн төлөп берүүнү жүзөгө ашыруу каралат, буга моралдык зыянды, алынбай калган пайданы жана үстөк төлөмдү төлөп берүү кошулбайт.";
- 3-бөлүктүн үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.
4. 11-беренеде:
- 1-бөлүктүн 5-пункту "үчүнчү жактын" деген сөздөрдүн алдында "курчап турган чөйрөгө," деген сөздөр менен толукталсын;
- 2-бөлүктө:
4-пункттагы "кечиктирбестен, бирок" деген сөздөр алып салынсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 9-пункт менен толукталсын:
"9) кооптуу жүктү ташыганга чейин камсыздандыруу келишимин түзүүгө".
5. 12-беренеде:
- 1-бөлүктүн 2-пункту "үчүнчү жактын" деген сөздөрдүн алдында "курчап турган чөйрөгө," деген сөздөр менен толукталсын;
- 2-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 9 жана 10-пункттар менен толукталсын:
9) камсыздандырылуучунун демилгеси боюнча камсыздандыруу келишими мөөнөтүнөн мурда бузулган учурда пайдапанылбаган камсыздандыруу мезгили үчүн камсыздандыруу сыйлыгынын суммасынан 20 пайыз өлчөмүндө камсыздандыруу уюмунун чыгымдары эсептеп чыгарылгандан кийин камсыздандырылуучунун алыш-бериш эсебине которуу жолу менен же болбосо бухгалтердик эсеп чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка жолдор менен камсыздандыруу сыйлыктарын кайтарып берүүгө;
10) милдеттүү камсыздандыруу келишими камсыздандырылуучу тарабынан мөөнөтүнөн мурда бузулгандыгы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган мамлекеттик органдарга билдирүүгө.".
6. 14-берененин 2-бөлүгү "түрүнө" деген сөздөн кийин ", ташылуучу жүктүн санына" деген сөздөр менен толукталсын.
7. 18-берененин 1-бөлүгүнүн 1-пункту "ден-соолукка" деген сөздөн кийин "жана курчап турган чөйрөгө" деген сөздөр менен толукталсын.
8. 19-берене күчүн жоготту деп таанылсын.
2-берене.
"Ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" гезити, 2008-жылдын 12-августу, № 59-60) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 6-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6-берене. Ташуучунун жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жаатындагы мамлекеттик көзөмөл жана контроль
Ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жаатындагы мамлекеттик көзөмөлдү жана контролду жүзөгө ашыруунун тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.".
2. 7-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Жүргүнчүлөрдү ташуучу транспорттук каражатты башкарган адам өз жанына ташуучунун жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу полисин алып жүрүүгө жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган мамлекеттик органдардын кызмат адамдары текшергенде жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аны көрсөтүүгө милдеттүү.".
3. 8-берене күчүн жоготту деп таанылсын.
4. 9-берененин 3-бөлүгүнүн үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.
5. 12-берененин 2-бөлүгүндө:
- 5-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте мамлекеттик органдарга камсыздандыруу окуясы жана жабырлануучу адамдар жөнүндө билдирүүгө;".
- төмөнкүдөй мазмундагы 8-пункт менен толукталсын:
"8) жүргүнчүлөрдү ташууга чейин камсыздандыруу келишимин түзүүгө.".
6. 13-беренеде:
- 1-бөлүктүн 2-пунктундагы "тиешелүү мамлекеттик органдардан жана уюмдардан" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган мамлекеттик органдардан" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 2-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 8 жана 9-пункттар менен толукталсын:
"8) камсыздандырылуучунун демилгеси боюнча камсыздандыруу келишими мөөнөтүнөн мурда бузулган учурда пайдаланылбаган камсыздандыруу мезгили үчүн камсыздандыруу сыйлыгынын суммасынан 20 пайыз өлчөмүндө камсыздандыруу уюмунун чыгымдары эсептеп чыгарылгандан кийин камсыздандырылуучунун алыш-бериш эсебине которуу жолу менен же болбосо бухгалтердик эсеп чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка жолдор менен камсыздандыруу сыйлыктарын кайтарып берүүгө;
9) милдеттүү камсыздандыруу келишими камсыздандырылуучу тарабынан мөөнөтүнөн мурда бузулгандыгы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган мамлекеттик органдарга билдирүүгө.".
3-берене.
"Эмгектик (кызматтык) милдеттерин аткарууда кызматкердин өмүрүнө жана ден-соолугуна зыян келгендиги үчүн жумуш берүүчүнүн жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" гезити, 2008-жылдын 12-августу, № 59-60) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 1-беренеде:
- сегизинчи, онунчу жана жыйырма алтынчы абзацтар күчүн жоготту деп таанылсын;
- он төртүнчү жана он бешинчи абзацтар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"кесиптик эмгекке жарамдуулукту жоготкондук даражасы - Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык аныкталган камсыздандыруу окуясы болгондон кийин кызматкердин эмгектик (кызматтык) милдеттерди аткарууга жарамдуулугунун азайыш деңгээли;
камсыздандырылуучу - камсыздандыруу уюму (камсыздандыруучу) менен милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзгөн жумуш берүүчү;";
- жыйырманчы жана жыйырма биринчи абзацтар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"камсыздандыруу окуясы - жумуш берүүчүнүн жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишими күчүндө турган мезгилде кызматкердин өзүнүн эмгектик (кызматтык) милдеттенмелерин аткарууга байланыштуу анын эмгектик майыптыгы, кесиптик оорусу же ден-соолугунун бузулушу менен байланышкан кызматкердин өмүрүнө жана ден-соолугуна келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча жумуш берүүчүнүн жарандык жоопкерчилиги башталгандыгы жөнүндө белгиленген тартипте ырасталган факт;
камсыздандыруучу - эмгектик (кызматтык) милдеттерин аткарууда кызматкердин өмүрүнө жана ден-соолугуна зыян келгендиги үчүн жумуш берүүчүнүн жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандырууну жүзөгө ашырууга атайын уруксаты (лицензиясы) бар юридикалык жак;";
- жыйырма төртүнчү жана жыйырма бешинчи абзацтар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"камсыздандыруу тарифтери - камсыздандыруу суммасына карата пайыздар менен көрсөтүлгөн жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген камсыздандыруу сый акысынын коюму;
кесиптик эмгекке жарамдуулук - кызматкердин белгилүү квалификациядагы, көлөмдөгү жана сапаттагы жумушту аткарууга жарамдуулугу;";
- төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма жетинчи-отуз үчүнчү абзацтар менен толукталсын:
"жабырлануучунун эмгек акысы - зыяндын ордун толтуруунун өлчөмүн эсептөөдө эске алына турган жабырлануучунун эмгек акысынын баардык түрлөрү. Алынбай калган эмгек акынын курамы жана аны эсептөөнүн тартиби Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык аныкталат;
жабырлануучу - эмгектик (кызматтык) милдеттерди аткарууда кырсыкка жана/же кесиптик ооруга байланыштуу ден соолугуна зыян келтирилген кызматкер;
административдик башкаруу персоналдын кызматкерлери - ишкананын администрациясына кирген башкаруу аппаратынын кызматкерлери, ошондой эле жумуш берүүчүнүн ички ченемдик документтеринин негизинде бул категорияга таандык жогорку квалификациялуу кызматкерлер;
өндүрүш персоналынын кызматкерлери - ишканадагы (уюмдагы) негизги иштин түрүн аткарган жумуш берүүчүнүн ички ченемдик документтеринин негизинде бул категорияга таандык жумушчулар, кызматкерлер, адистер жана административдик башкаруучу жана көмөкчү персоналдын курамына кирбегендер;
көмөкчү персоналдын кызматкерлери - административдик башкаруу кызматкерлердин жана өндүрүштүк кызматкерлердин негизги жумуштарынын иштешин камсыз кылган жумуш берүүчүнүн ички ченемдик документтеринин негизинде бул категорияга таандык кызматкерлер;
жумуш берүүчү - жумушчулар менен эмгек мамилесине кирген жеке же юридикалык жак;
пайда табуучу - жабырланган жумушчу пайда табуучу болуп саналат (ал каза болгон учурда - жумушчунун каза болгондугуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирилген зыянды төлөтүп алууга укугу бар адам), ошондой эле ушул мыйзам менен белгиленген камсыздандыруучунун жоопкерчиликтеринин көлөмүнүн чегинде келтирилген зыянды төлөп берген камсыздандыруучу же камсыздандыруу төлөмдөрүнө укук алган башка жак.".
2. 2-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын;
"2. Ушул Мыйзам мамлекеттик кызматкерлердин, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин, аскер кызматчыларынын жана башка жактардын өмүрүнө жана ден соолугуна зыян келтирилгендиги үчүн жумуш берүүчүнүн жарандык жоопкерчилигин жөнгө салбайт, аларды милдеттүү камсыздандыруу башка ченемдик укуктук актылар менен жөнгө салынат.".
3. 4-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4-берене. Эмгектик (кызматтык) милдеттерин аткарууда кызматкердин өмүрүнө жана ден-соолугуна келтирген зыян үчүн жумуш берүүчүнүн жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жаатындагы мамлекеттик көзөмөл жана контроль
Эмгектик (кызматтык) милдеттерин аткарууда кызматкердин өмүрүнө жана ден-соолугуна келген зыян үчүн жумуш берүүчүнүн жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жаатында мамлекеттик көзөмөлдү жана контролду жүзөгө ашыруунун тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.".
4. 8-берененин 2-бөлүгүндө:
- 4-пункттагы "кечиктирбестен, бирок" деген сөздөр алып салынсын;
- 5-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
5) камсыздандыруу окуясынын болушунун жагдайларын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган мамлекеттик органдын өкүлдөрүнүн, пайда табуучунун же анын мыйзамдуу өкүлүнүн, ошондой эле камсыздандыруучунун милдеттүү катышуусу менен иликтөөнү камсыз кылууга;";
- 15-пункт "түзүүгө" деген сөздөн кийин "тараптар менен макулдашуу боюнча" деген сөздөр менен толукталсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 16-пункт менен толукталсын:
"16. тиешелүү камсыздандыруу мезгили бүткөндө камсыздандыруу сыйлыктарын кайра эсептөө үчүн тиешелүү көрсөткүчтөрдүн (жумушчулардын саны, эмгек акы фонду) иш жүзүндөгү чоңдугу жөнүндө маалыматтарды камсыздандыруучуга билдирүүгө.".
5. 9-беренеде:
- 1-бөлүктүн 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3) камсыздандыруу окуялары боюнча маалыматты текшерүүгө жана зарыл болгон учурларда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган мамлекеттик органдарга суроо-талаптарды жиберүүгө;";
- 2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Камсыздандыруучу төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) камсыздандырылуучу кайрылган учурда аны менен жумуш берүүчүнүн жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзүүгө;
2) жумуш берүүчүнүн жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишиминин шарттары менен камсыздандырылуучуну тааныштырууга жана келишимден келип чыгуучу анын укуктарын жана милдеттерин түшүндүрүүгө;
3) камсыздандыруу окуясы болгондо чечим кабыл алууга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мөөнөттө камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөп берүүгө, эгерде камсыздандыруу келишиминде башка каралбаса;
4) өзүнүн иш-аракетинин натыйжасында камсыздандырылуучу жана пайда табуучу тууралуу алынган маалыматтардын купуялуулугун камсыз кылууга;
5) камсыздандыруу окуясы болгондо камсыздандырылуучу тарабынан зыянды азайтуу үчүн сарпталган чыгымдардын ордун толтурууга;
6) камсыздандыруу төлөмүн төлөп берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынган учурда камсыздандырылуучуга (пайда табуучуга) баш тартуунун себептерин көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мөөнөттө кат жиберүүгө, эгерде камсыздандыруу келишиминде башка каралбаса;
7) камсыздандырылуучу жоюлган учурда капиталдаштырылган төлөмдөрдү (камсыздандыруу сый акыларын) топтоого;
8) жумуш берүүчүнүн жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча кабыл алынган милдеттенменин аткарылышын камсыз кылуу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен жана камсыздандыруу келишими менен бекитилген камсыздандыруу уюмдарынын камсыздандыруу (техникалык) резервдерин жайгаштыруу эрежесинде белгиленген тартипте жана көлөмдө түзүлгөн камсыздандыруу (техникалык) резервдерге ээлик кылууга.".
6. 10-беренеде:
- 3 жана 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
3) камсыздандыруу окуясын иликтөө маселелери боюнча чечимдерди Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган мамлекеттик органга же сотко даттанууга;
4) медициналык-социалдык экспертиза маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрүнө кайрылууга;".
7. 11-беренеде:
- 2-бөлүктүн үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- үчүнчү бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү жана бешинчи абзацтар менен толукталсын:
"Милдеттүү камсыздандыруу (камсыздандыруу полисине) келишимине Жумуш берүүчүнүн жоопкерчилигин камсыздандыруу эрежеси тиркелет, ал жөнүндө милдеттүү камсыздандыруу келишимине (камсыздандыруу полисине) жазылат.
Түзүлүп жаткан милдеттүү камсыздандыруу келишиминин шарттары ушул Мыйзамдын, Камсыздандыруу эрежесинин талаптарына ылайык келүүгө жана камсыздандыруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбөөгө тийиш.".
8. 16-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"16-берене. Камсыздандыруу суммасы
Камсыздандыруу суммасы жумуш берүүчүнүн жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишиминде аныкталат, бирок персоналдын категориялары (өндүрүштүк, административдик-башкаруу, көмөкчү) боюнча алганда жумуш берүүчүнүн жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишими түзүлгөнгө чейинки өткөн 12 айдагы, атап айтканда: эмгек акынын баардык түрлөрү, анын ичинде мөөнөтүнөн ашыкча иштегендиги, дем алыш жана майрам күндөрү иштегендиги, ошондой эле бир эле жумуш берүүчүдө иштерди айкалыштыргандыгы үчүн бардык кызматкерлердин жылдык эмгек акы фондусунун өлчөмүнөн кем болбошу керек.".
9. 18-берененин 2-бөлүгү "кызматкердин" деген сөздүн алдына "кесипкөй" деген сөз менен толукталсын.
10. 19-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Кызматкердин эмгекке жарамдуулугун туруктуу жоготкондугунан же өлүмүнөн улам эмгек акысынан айрылгандыгына байланышкан зыяндын өлчөмү Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарынын талаптарына ылайык аныкталат жана алар өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) анын кесиптик эмгекке жөндөмдүүлүгүн жоготуу даражасын эске алуу менен жабырлануучунун албай калган эмгек акысын ай сайын төлөп турууну;
2) жумушчу өлүп калган учурда мындай төлөмдөрдү алууга Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык укугу бар адамдардын алынбай калган эмгек акысын ай сайын төлөп турууну;
3) майыптыгы белгиленген учурда жумушчуга бир жолку жөлөк пулду;
4) жумушчу өлгөн учурда Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык мындай төлөмдөрдү алууга укугу бар адамдарга берилүүчү бир жолку жөлөк пулду;
5) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык мындай төлөмдөрдү алууга укугу бар жабырлануучу жардамдардын кошумча түрлөрүн төлөөнү;
6) иш жүзүндөгү сарптоолордун өлчөмүндөгү көмүү чыгымдарын, бирок, Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында белгиленген жыйырма минималдуу эмгек акыдан ашык эмес. Көмүүгө сарпталган чыгымдар камсыздандыруучу ордун толтурган өлчөмдөн ашык болгон учурда, иш жүзүндө сарпталган чыгымдардын ортосундагы айырма жумуш берүүчү тарабынан толтурулат.".
11. 20-беренеде:
- 2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөп берүү жөнүндө арызга төмөнкү документтер (алардын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү) тиркелет:
1) кесиптик эмгекке жарамдуулук туруктуу жоголгондугу аныкталган учурда:
- камсыздандыруу келишими (камсыздандыруу полиси);
- өндүрүштө болгон кырсык жөнүндө актынын көчүрмөсү (форма Н-1) же кесиптик оору жөнүндө акт;
- жабырлануучунун эмгекке жарамдуулугун убактылуу жоготушу жөнүндө баракчанын көчүрмөсү;
- жабырлануучунун орточо айлык эмгек акысы жөнүндө маалымкат;
- жабырлануучуга кошумча көрсөтүлгөн жардамдардын түрлөрүнүн өлчөмдөрүн ырастаган, Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын талаптарына ылайык таризделген документтер;
- жабырлануучунун кесиптик эмгекке жөндөмдү жоготуу даражасы жөнүндө медициналык-социалдык эксперттик комиссиялар мекемесинин бүтүмү;
- жабырлануучунун эмгектен майып болушун таануу жөнүндө медициналык-социалдык эксперттик комиссиялар мекемесинин бүтүмү;
- жабырлануучунун медициналык жардамдын кошумча түрлөрүнө муктаждыгы, жабырлануучунун кесиптик реабилитациядан өтүү зарылчылыгы жөнүндө медициналык-социалдык эксперттик комиссиялар мекемесинин бүтүмү;
2) кызматкер өлүп калган учурда:
- камсыздандыруу келишими (камсыздандыруу полиси);
- өндүрүштө болгон кырсык жөнүндө актынын көчүрмөсү (форма Н-1) же кесиптик оору жөнүндө акт;
- жабырлануучунун орточо айлык эмгек акысы жөнүндө маалымкат;
- өлгөндүгү жөнүндө нотариус күбөлөндүргөн күбөлүк;
- өлгөн кызматкердин үй-бүлөсүнүн курамы жөнүндө справка, анын багуусундагы адамдарды көрсөтүү менен;
- балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөлөрү;
- өлгөн адамдын үй-бүлө мүчөсүнүн иштебестиги жана анын балдарын, неберелерин, бир туугандарын жана карындаш-эжелерин багышы жөнүндө маалымкат;
- зыяндын ордун төлөтүп алууга укугу бар 18ден 23 жаш куракка чейинки билим берүү мекемелеринде күндүзү окуган адамдар жөнүндө маалымкат;
- өлгөн күнгө чейин анын багуусунда болгон эмгекке жөндөмсүз адамдар жөнүндө справка. Өлгөн адамдын багуусунда болууну ырастаган документтер жок болсо же аларды калыбына келтирүү мүмкүн болбосо, анда багууда болуучулук фактысы сот тарабынан аныкталат.
Камсыздандыруучунун камсыздандырылуучудан (пайда табуучудан) кошумча башка документтерди талап кылуусуна жол берилбейт.".
- 3 жана 4-бөлүктөр күчүн жоготту деп таанылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 6-бөлүк менен толукталсын:
"6. Бардык керектүү документтер кошо тиркелген камсыздандырылуучунун (пайда табуучунун) камсыздандыруу төлөмдөрүн (сумманы) төлөө арызы белгиленген тартипте камсыздандыруучу тарабынан катталат. Керектүү баардык документтер берилбеген учурда жетишпеген документтер жөнүндө билдирүүнү 5 (беш) жумушчу күндүн ичинде кол койдуртуп алып берүүгө камсыздандыруучу милдеттүү.".
12. 28-берененин 3-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын.
4-берене.
"Кооптуу өндүрүш объекттерин пайдалануучу уюмдардын жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" гезити, 2008-жылдын 19-августу, № 62) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 5 жана 6-беренелер төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
5-берене. Кооптуу өндүрүш объектилер
1. Кооптуу өндүрүш объектилерге өнөр жай коопсуздугу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган объектилер кирет.
2. Эгерде кооптуу өндүрүш объектини пайдалануучу уюмдун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишимин (мындан ары - милдеттүү камсыздандыруу келишими) колдонуу мөөнөтүнүн ичинде объект ушул берененин 1-пунктуна ылайык келбей калса, анда камсыздандыруучу бул жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган мамлекеттик органга билдирүүгө милдеттүү.
3. Кооптуу өндүрүш объектилерин мамлекеттик реестрден алып салуу жөнүндө чечимди кабыл алуу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
6-берене. Кооптуу өндүрүш объекттерин пайдалануучу уюмдардын жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жаатындагы мамлекеттик көзөмөл
Кооптуу өндүрүш объектилерин пайдалануучу уюмдардын жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жаатындагы мамлекеттик көзөмөлдү жана контролду жүзөгө ашыруунун тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.".
3. 7-беренеде:
- 1-бөлүк "келишимдин" деген сөздүн алдында "милдеттүү камсыздандыруу" деген сөздөр менен толукталсын;
- 2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Милдеттүү камсыздандыруу келишими менен үчүнчү жактын өмүрүнө, ден соолугуна жана (же) мүлкүнө, ошондой эле кооптуу өндүрүш объекттеринде болгон авариянын кесепетинен айлана-чөйрөгө келтирилген зыяндын себебинен пайда болгон милдеттенме боюнча камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөп берүүнү жүзөгө ашыруу каралат, моралдык зыяндын, алынбай калган пайданын ордун толтурууну жана туумдарды төлөөнү кошпогондо.";
- 3-бөлүктүн үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 7-бөлүк менен толукталсын:
"7. Кооптуу өндүрүштүк объекттердин ар бир түрү боюнча камсыздандыруу келишими өз-өзүнчө түзүлөт. Ушуну менен бирге, эгерде кооптуу өндүрүштүк обьект аймактарга бөлүнсө же бир тектеги заттардын (механизмдердин, курулуштардын, казандардын, машиналардын) топтому болсо анда ал бир объект деп эсептелинет. Эгерде кооптуу өндүрүш объекттерин пайдалануучу уюмдун филиалдары бар болсо, анда башкы кеңсе менен гана бир камсыздандыруу келишими түзүлөт.''.
4. 10-берененин 2-бөлүгүндө:
- 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4) камсыздандыруу окуясы жана жабыркаган адамдар жөнүндө ага белгилүү болгондон тартып үч жумушчу күндөн кечиктирбестен камсыздандыруучуга билдирүүгө жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте мамлекеттик органдарга каттатууга;";
- 9-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"9) кооптуу өндүрүш объекттеринин өзгөчөлүгүнө байланыштуу өнөр жай коопсуздугу чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жоболорун сактоого.".
5. 11-беренеде:
- 1-бөлүктүн 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган мамлекеттик органдардан камсыздандыруу окуясынын болуу фактысын жана жабырлануучуга келтирилген зыяндын өлчөмүн ырастаган документтерди сурап алууга;";
- 2-бөлүктө:
- 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
- "3) камсыздандыруу окуясынын болушу жөнүндө билдирүү алынган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте аны каттатууга. эгерде мындай каттатууну камсыздандырылуучу аткарбаса;";
- төмөнкүдөй мазмундагы 9 жана 10-пункттар менен толукталсын:
"9) камсыздандырылуучунун демилгеси боюнча камсыздандыруу келишими мөөнөтүнөн мурда бузулган учурда пайдаланылбаган камсыздандыруу мезгили үчүн камсыздандыруу сыйлыгы суммасынан 20 пайыз өлчөмүндө камсыздандыруу уюмунун чыгымдары эсептеп чыгарылгандан кийин камсыздандырылуучунун алыш-бериш эсебине которуу жолу менен же болбосо бухгалтердик эсеп чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка жолдор менен камсыздандыруу сыйлыктары кайтарылып берүүгө;
10) милдеттүү камсыздандыруу келишими камсыздандырылуучу тарабынан мөөнөтүнөн мурда бузулгандыгы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган мамлекеттик органдарга билдирүүгө;";
6. 13-беренедеги "өлчөмдөрү" деген сөз "минималдуу өлчөмдөрү" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
7. 14-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"14-берене. Камсыздандыруу сыйлыктарынын өлчөмдөрү
Камсыздандыруу сыйлыктарынын өлчөмдөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген камсыздандыруу тарифтеринин негизинде кызыкдар тараптар менен макулдашуу боюнча өндүрүштүн шарттарын жана көлөмдөрүн, кооптуу өндүрүштүк объектинин турган жерин, аны пайдалануунун башка факторлорун, аныкталган көлөмдөгү кооптуу заттарды объектте алууну, пайдаланууну, кайра иштетүүнү жана сактоону жана камсыздандыруу объектисинин башка шарттарын эске алуу менен кооптуу өндүрүштүк объектидеги тобокелдиктин даражасына жараша аныкталат.".
5-берене.
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзам күчүнө кирген учурдан тартып алты айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|