Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 20-апрели № 228
"2015-жылдын 10-мартында Бишкек шаарында кол коюлган “Энергетика секторун өнүктүрүү саясатына колдоо көрсөтүү операциясы" долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине жана «Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелгендер жактырылсын:
- "2015-жылдын 10-мартында Бишкек шаарында кол коюлган “Энергетика секторун өнүктүрүү саясатына колдоо көрсөтүү операциясы" долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- 2015-жылдын 10-мартында Бишкек шаарында кол коюлган “Энергетика секторун өнүктүрүү саясатына колдоо көрсөтүү операциясы" долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы каржылоо жөнүндө макулдашуусуна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен бул мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министри аталган мыйзамдын долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |
Долбоор
1-берене.
2015-жылдын 10-мартында Бишкек шаарында кол коюлган “Энергетика секторун өнүктүрүү саясатына колдоо көрсөтүү операциясы" долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы каржылоо жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Аталган Каржылоо жөнүндө макулдашуунун күчүнө кирүүсү үчүн мамлекет ичиндеги зарыл иштерди Кыргыз Республикасы аткаргандыгы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясына кабарласын.
3-берене.
Бул мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн аяктагандан кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Президенти