Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 21-апрели № 229
2013-жылдын 10-майында Бишкек шаарында кол
коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Бишкек шаарында катуу таштандыларды башкаруу системасын жакшыртуу” долбоорун каржылоо жөнүндө Кредиттик макулдашууну; 2013-жылдын 24-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы, Бишкек шаарынын мэриясы, “Тазалык” муниципалдык ишканасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Бишкек шаарында катуу таштандыларды
башкаруу системасын жакшыртуу” долбоору боюнча ЕРӨБ уюштуруучуларынын атайын фондусунан Инвестициялык грант берүү тууралуу Гранттык макулдашууну; 2015-жылдын 27-январында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы, Бишкек шаарынын мэриясы, “Тазалык” муниципалдык ишканасы, Бишкек санитардык полигону муниципалдык ишканасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Бишкек шаарында катуу тиричилик калдыктарын башкаруу тутумун жакшыртуу” долбоору үчүн Европа союзунун Борбордук Азия боюнча Инвестициялык фондунун (“EUIFCA”) Инвестициялык грантына карата Гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине, “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Тиркелгендер жактырылсын:
- 2013-жылдын 10-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Бишкек шаарында катуу таштандыларды башкаруу системасын жакшыртуу” долбоорун каржылоо жөнүндө Кредиттик макулдашууну; 2013-жылдын 24-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы, Бишкек шаарынын мэриясы, “Тазалык” муниципалдык ишканасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Бишкек шаарында катуу таштандыларды башкаруу системасын жакшыртуу” долбоору боюнча ЕРӨБ уюштуруучуларынын атайын фондусунан Инвестициялык грант берүү тууралуу Гранттык макулдашууну; 2015-жылдын 27-январында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы, Бишкек шаарынын мэриясы, “Тазалык” муниципалдык ишканасы, Бишкек санитардык полигону муниципалдык ишканасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Бишкек шаарында катуу тиричилик калдыктарын башкаруу тутумун жакшыртуу” долбоору үчүн Европа союзунун Борбордук Азия боюнча Инвестициялык фондунун (“EUIFCA”) Инвестициялык грантына карата Гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- 2013-жылдын 10-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Бишкек шаарында катуу таштандыларды башкаруу системасын жакшыртуу” долбоорун каржылоо жөнүндө Кредиттик макулдашууга; 2013-жылдын 24-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы, Бишкек шаарынын мэриясы, “Тазалык” муниципалдык ишканасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Бишкек шаарында катуу таштандыларды башкаруу системасын жакшыртуу” долбоору боюнча ЕРӨБ уюштуруучуларынын атайын фондусунан Инвестициялык грант берүү тууралуу Гранттык макулдашууга; 2015-жылдын 27-январында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы, Бишкек шаарынын мэриясы, “Тазалык” муниципалдык ишканасы, Бишкек санитардык полигону муниципалдык ишканасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Бишкек шаарында катуу тиричилик калдыктарын башкаруу тутумун жакшыртуу” долбоору үчүн Европа союзунун Борбордук Азия боюнча Инвестициялык фондунун (“EUIFCA”) Инвестициялык грантына карата Гранттык макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору жана Бишкек шаарынын мэри (макулдашуу боюнча) аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү болуп дайындалышсын.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |
Долбоор
1-берене
2013-жылдын 10-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Бишкек шаарында катуу таштандыларды башкаруу системасын жакшыртуу” долбоорун каржылоо жөнүндө Кредиттик макулдашуу; 2013-жылдын 24-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы, Бишкек шаарынын мэриясы, “Тазалык” муниципалдык ишканасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Бишкек шаарында катуу таштандыларды башкаруу системасын жакшыртуу” долбоору боюнча ЕРӨБ уюштуруучуларынын атайын фондусунан Инвестициялык грант берүү тууралуу Гранттык макулдашуу; 2015-жылдын 27-январында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы, Бишкек шаарынын мэриясы, “Тазалык” муниципалдык ишканасы, Бишкек санитардык полигону муниципалдык ишканасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Бишкек шаарында катуу тиричилик калдыктарын башкаруу тутумун жакшыртуу” долбоору үчүн Европа союзунун Борбордук Азия боюнча Инвестициялык фондунун (“EUIFCA”) Инвестициялык грантына карата Гранттык макулдашуу ратификациялансын.
2-берене
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкына Кыргыз Республикасынын жогоруда аталган Макулдашуулардын күчүнө кириши зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаргандыгы жөнүндө белгиленген тартипте кабарласын.
3-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Президенти