Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-августундагы № 474 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
3-тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 7-апрелиндеги № 201 токтому менен бекитилген |
Токой жана аңчылык чарбаларынын, мамлекеттик жаратылыш коруктарынын жана мамлекеттик жаратылыш парктарынын кызматкерлеринин эмгек стажын белгилөөнүн тартиби жөнүндө жобо
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-январындагы № 44, 2020-жылдын 13-мартындагы № 154 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Бул Жобо Токой тармагын өнүктүрүүнүн республикалык жана жергиликтүү фонддорунун, токой жана аңчылык чарбаларынын, мамлекеттик жаратылыш коруктарынын жана мамлекеттик жаратылыш парктарынын кызматкерлеринин иш стажын жана иштеген жылдары үчүн маяналарына үстөк акыларды төлөөнүн тартибин аныктайт.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-январындагы № 44, 2020-жылдын 13-мартындагы № 154 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2. Иштеген жылдары үчүн кызматтык маянасына ай сайын пайыздык үстөк акы алууга укук берүүчү кызматкерлердин иш стажына төмөнкү мезгилдер кошулат:
- мамлекеттик токой чарба мекемелеринде жана уюмдарында (токойду башкаруу же токой чарба башкармалыгы), токой чарбаларында, мамлекеттик жаратылыш коруктарында жана мамлекеттик жаратылыш парктарында, аңчылык чарбаларында, токойчулуктарда, токойду жайгаштырууда, профилдик институттарда жана алардын бөлүмчөлөрүндө иштеген мезгили;
- эгерде кызматкер аскердик кызматка чакырылганга чейин Жаратылышты коргоо жана токой тармагын өнүктүрүүнүн республикалык жана жергиликтүү фонддорунда, токой чарбаларында, мамлекеттик жаратылыш коруктарында жана мамлекеттик жаратылыш парктарында, аңчылык чарбаларында, токойчулуктарда, токой жайгаштырууда иштесе мөөнөттүү анык аскер кызматындагы мезгили;
- эгерде кызматкер чет өлкөгө кетээрдин алдында токой чарбаларында, мамлекеттик жаратылыш коруктарында жана мамлекеттик жаратылыш парктарында, аңчылык чарбаларында, токойчулуктарда, токой жайгаштырууда иштесе жана жолдо жүрүү убактысын кошпогондо, чет өлкөдөн кайтып келген күндөн баштап эки айдын ичинде ошол эле ишканага же уюмга кайра ишке кирсе чет өлкөдөгү иштеген мезгили;
- (абзац КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-мартындагы № 154 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-январындагы № 44, 2020-жылдын 13-мартындагы № 154 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
3. Иштеген жылдары үчүн кызматтык маянасына ай сайын пайыздык үстөк акынын өлчөмү курамы мекеменин жетекчисинин буйругу менен бекитилген комиссия тарабынан аныкталат.
4. Иштеген жылдары үчүн кызматтык маянасына ай сайын пайыздык үстөк акынын өлчөмү эмгек китепчесиндеги жазуулардын негизинде аныкталат. Мындай жазуу жок болгон, анда туура эмес же так эмес жазуулар болгон учурда маалымкаттар, буйруктардан көчүрмөлөр, жеке эсептери, эмгек акысы жөнүндө ведомосттордон көчүрмөлөр эмгек стажын ырастоо үчүн кабыл алынат.
5. Иштеген жылдары үчүн кызматтык маянасына үстөк акы алууга укук берүүчү кызматкердин иш стажын белгилөө тууралуу комиссиянын чечими протокол менен таризделет. Комиссиянын чечиминин көчүрмөсү төмөнкүлөргө берилет: бир нускасы иштеген жылдары үчүн кызматтык маянасына ай сайын пайыздык үстөк акыны эсептөө үчүн бухгалтерияга, экинчиси кызматкерге тааныштыруу жана өздүк ишине тиркөө үчүн кадрлар бөлүмүнө берилет.