Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 22-апрели № 233
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен бул мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Экономика министри бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
1-берене.
"Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 1052-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
1. 3-беренеде:
- үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"табигый монополия - товардын (иштердин, кызмат көрсөтүүлөрдүн) аныкталган түрүнө суроо-талаптарды канааттандыруу үчүн атаандашуу шарттарын түзүү мүмкүн болбогон же өндүрүштүн технологиялык өзгөчөлүктөрүнө жана товардын (иштердин, кызмат көрсөтүүлөрдүн) ушул түрүн өндүрүүгө (көрсөтүүгө) байланыштуу экономикалык жактан максатка ылайыксыз болгон товардын (иштердин, кызмат көрсөтүүлөрдүн) рыногунун абалы;";
- сегизинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"табигый монополиялардын чөйрөсү - ушул Мыйзам менен табигый монополияга киргизилген товарды (иштер, кызмат көрсөтүүлөрдү) жүгүртүү чөйрөсү, мында керектөөчү табигый монополиялардын субъекттеринин товарын (иштерин, кызмат көрсөтүүлөрүн) сатып ала алат;";
- төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма биринчи абзац менен толукталсын:
"киреше - активдердин (акчалай каражаттар, башка мүлк) агымы, өсүшү же катышуучулардын салымдарын кошпогондо табигый монополиянын субъектисинин өздүк капиталынын көбөйүшүнө алып келген милдеттенменин азаюусу.".
2. 4-берененин 6-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6) кызмат көрсөтүү рыногуна жетүү мүмкүнчүлүктөрүнө карата тоскоолдуктарды азайтуу, анын ичинде табигый монополиялар чөйрөсүнө тийиштүү кызмат көрсөтүүлөргө жетүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу жолу менен;".
3. 18-берененин 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Табигый монополиялардын субъекттери тарабынан ушул Мыйзамды бузуунун натыйжасында мыйзамсыз алынган кирешени республикалык бюджетке которуу жөнүндө жазуу жүзүндөгү талапты аткарбаса ыйгарым укуктуу орган бул кирешени өндүрүү жөнүндө сотко доо арыз менен кайрылууга укуктуу.".
2-берене.
"Атаандаштык жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 1019-бер.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 2-берене төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Монополияга каршы мыйзамдар чарба жүргүзүүчү субъекттерге карата алардын уюштуруу-укуктук формасына жана каттоо жерине карабастан окшош түрдө жана бирдей ченемде колдонулат.".
2. 2-1-берене төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү атаандашуу чөйрөсүндө жүргүзүлүп жаткан мамлекеттик саясаттын, анын ичинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын иши жөнүндө маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарына жана Интернет тармактарына жайгаштыруу аркылуу маалыматтык ачыктыкты камсыз кылат.".
3. 3-беренеде:
- экинчи абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма биринчи абзац менен толукталсын:
"макулдашуу - документте же бир нече документтерде камтылган жазуу жүзүндөгү келишүү, ошондой эле оозеки түрүндөгү келишүү;";
- төмөнкүдөй мазмундагы отуз экинчи абзац менен толукталсын:
"экономикалык иштерди координациялоо - чарба жүргүзүүчү субъекттердин бир дагы тобуна кирбеген жана чарба жүргүзүүчү субъекттердин иши макулдашылуучу товардык рынокто (товардык рыноктордо) ишин жүргүзбөгөн үчүнчү жак тарабынан мындай чарба жүргүзүүчү субъекттердин ишин макулдашуу. Вертикалдуу макулдашуулардын алкагында жүзөгө ашырылуучу чарба жүргүзүүчү субъекттердин иш-аракеттери экономикалык ишти координациялоо болуп саналбайт;".
4. 6-беренеде:
- биринчи абзац "аракеттер" деген сөздөн кийин "(аракетсиздиктер)" деген сөз менен толукталсын;
- 7-пункт төмөнкүдөй мазмунда баяндалсын:
"7) товардын монополиялык жогору же монополиялык төмөн баасын коюу жана кармап туруу;";
- 11-пункт күчүн жоготту деп таанылсын.
5. 7-беренеде:
- берененин аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7-берене. Чарба жүргүзүүчү субъекттердин атаандаштыкты чектөөчү макулдашуулары";
- 1-бөлүктө:
биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Атаандаш болгон чарба жүргүзүүчү субъекттердин атаандашууну чектеген же чектеши мүмкүн болгон ар кандай формадагы толук жана жарым-жартылай жетишилген макулдашууларына, анын ичинде төмөнкүлөргө багытталган макулдашууларга тыюу салынат жана алар жараксыз деп таанылат:";
8 жана 11-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын:
- 2-бөлүктүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Атаандашууну чектеген же чектеши мүмкүн болгон ар кандай формадагы толук жана жарым-жартылай жетишилген вертикалдуу макулдашууларына, анын ичинде төмөнкү макулдашууларга тыюу салынат жана алар жараксыз деп таанылат:";
- төмөнкүдөй редакциядагы 2-1-бөлүк менен толукталсын:
"2-1. Ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө аталган кесепеттерге алып келиши мүмкүн болгон, алып келүүчү же алып келген чарба жүргүзүүчү субъекттердин экономикалык ишин координациялоого тыюу салынат.";
- 3 жана 4-бөлүктөр төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Чарба жүргүзүүчү субъект ушул берененин 1-бөлүгүнүн 4, 6, 7, 10-пункттарында жана 2-бөлүгүндө каралган өзү түзгөн макулдашууларга ушул Мыйзамдын 7-2-беренесинин 1 жана 2-бөлүктөрүнө ылайык уруксат берилген деп таанууга мүмкүн экендиги тууралуу далилдерди берүүгө укуктуу.
4. Ушул берененин жоболору Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык бир чарба жүргүзүүчү субъект тарабынан бир учурда аткарууга жол берилбеген иштин түрүн жүзөгө ашырган чарба жүргүзүүчү субъекттердин ортосунда түзүлгөн макулдашууларды кошпогондо, чарба жүргүзүүчү субъекттердин бири тарабынан экинчи чарба жүргүзүүчү субъектиге карата контролдоо белгиленген, же мындай чарба жүргүзүүчү субъекттер бир жактын контролдоосунун алдында турган учурда, жактардын бир тобуна кирген чарба жүргүзүүчү субъекттердин ортосунда түзүлгөн келишимге карата колдонулбайт.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 5 жана 6-бөлүктөр менен толукталсын:
"5. Контролдоо деп ушул мыйзамдын ушул беренесинде жана 7-1-беренесинде төмөндөгү бир же бир нече аракеттер аркылуу башка юридикалык жак тарабынан кабыл алынган чечимдерди жеке же юридикалык жактардын тике же кыйыр (юридикалык жак аркылуу же бир нече юридикалык жак аркылуу) аныктоо мүмкүнчүлүгү түшүнүлөт:
1) юридикалык жактын уставдык капиталын түзгөн добуш берилген акцияларга (үлүш) туура келген добуштардын жалпы санынын элүү пайызынан ашыгын тескөө;
2) юридикалык жактын аткаруу органдарынын функциясын аткаруу.
6. Ушул берененин талаптары интеллектуалдык иштин натыйжасын же жарандык карым-катнашка катышуучуларды жекелештирүү каражаттарын, товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануу укугун берүү жөнүндө жана (же) ажыратуу тууралуу макулдашууга карата колдонулбайт.".
6. Төмөнкүдөй мазмундагы 7-1 жана 7-2-берене менен толукталсын:
"7-1-берене. Чарба жүргүзүүчү субъекттердин атаандаштыкты чектөөчү макулдашылган иш-аракеттери
1. Атаандаш болгон чарба жүргүзүүчү субъекттердин атаандашууну чектеген же чектеши мүмкүн болгон ар кандай формадагы толук жана жарым-жартылай жетишилген макулдашуу иш-аракеттерине, анын ичинде төмөнкүлөргө багытталган макулдашуу иш-аракеттерине тыюу салынат жана алар жараксыз деп таанылат:
1) бааларды (тарифтерди), арзандатууларды, үстөктөрдү (кошумча төлөөнү), үстөк кошууну белгилөөгө (кармап турууга);
2) рынокто жана тооруктарда бааларды жогорулатууга, төмөндөтүүгө же бир деңгээлде кармап турууга;
3) рынокту аймактык принцип боюнча, сатуунун же сатып алуунун көлөмү боюнча, сатылуучу товарлардын ассортименти боюнча, көрсөтүлүүчү кызматтардын түрлөрү боюнча же болбосо сатуучулардын же сатып алуучулардын (тапшырыкчылардын) чөйрөсү боюнча бөлүүгө;
4) башка чарба жүргүзүүчү субъекттерди белгилүү бир товарлардын сатуучулары же сатып алуучулары (тапшырыкчылары) катары рынокко чыгышын чектөөгө же андан сүрүп чыгарууга;
5) суроо-талаптын көлөмүн жасалма өзгөртүү максаты менен өндүрүштүн көлөмүн макулдашууга;
6) белгилүү бир сатуучулар же сатып алуучулар (тапшырыкчылар) менен келишим түзүүдөн негизсиз баш тартууга;
7) баалар боюнча басмырлоону орнотууга;
8) жүйөөсүз себептер боюнча товарларды жөнөтүүнү негизсиз кыскартууга же токтотууга;
9) керектөөчүлөрдү кызыкчылыгы жок абалга койгон же болбосо товарларды жана ушул товарларды өндүрүүчү чарба жүргүзүүчү субъекттерди тандоонун эркиндигин чектеген же келишимдин предметине тиешеси жок жоболорду караштырган келишимдердин типтүү шарттарын белгилөөгө.
2. Чарба жүргүзүүчү субъект ушул берененин 1-бөлүгүнүн 4, 6, 7 жана 9-пункттарында каралган өзүнүн макулдашылган иш-аракеттерине ушул Мыйзамдын 7-2-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык уруксат берилген деп таанууга мүмкүн экендиги тууралуу далилдерди берүүгө укуктуу.
3. Ушул беренеде көрсөтүлгөн тыюулар товардык рынокто жалпы үлүшү жыйырма пайыздан ашпаган жана мында ар биринин үлүшү товардык рынокто сегиз пайыздан ашпаган чарба жүргүзүүчү субъекттеринин макулдашылган иш-аракеттерине карата колдонулбайт.
4. Ушул берененин жоболору чарба жүргүзүүчү субъекттердин бири тарабынан экинчи чарба жүргүзүүчү субъектиге карата контролдоо белгиленген же мындай чарба жүргүзүүчү субъекттер бир жактын контролдоосунун алдында турган учурда, жактардын бир тобуна кирген чарба жүргүзүүчү субъекттердин макулдашылган иш-аракеттерине карата колдонулбайт.
7-2-берене. Макулдашууларга, макулдашылган иш-аракеттерге жол берүү
1. Жазуу жүзүндөгү вертикалдуу макулдашууларга жол берилет (финансы уюмдарынын ортосундагы вертикалдуу макулдашуулардан тышкары):
- эгерде бул макулдашуулар коммерциялык концессиянын келишими болгон болсо;
- эгерде макулдашуунун катышуучусунун ар биринин кандай болбосун товардык рыноктогу үлүшү жыйырма пайыздан ашпаса.
2. Чарба жүргүзүүчү субъекттердин ушул Мыйзамдын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4, 6, 7, 10-пункттарында жана 2-бөлүгүндө жана 7-1-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4, 6, 7, 9-пункттарында көрсөтүлгөн макулдашууларына же макулдашылган иш-аракеттерине жол берилиши мүмкүн, эгерде мындай макулдашуулар жана макулдашылган иш-аракеттер айрым жактар үчүн тийиштүү товардык рынокто атаандашууну жок кылууга мүмкүндүк түзбөсө, алардын катышуучуларына же үчүнчү жактарга чектөөлөр коюлбаса жана мындай макулдашуулардын же макулдашылган иш-аракеттердин натыйжасы болуп төмөнкүлөрдүн жыйындысы саналса:
1) өндүрүштү өркүндөтүү, товарларды сатуу же техникалык, экономикалык прогресске өбөлгө түзүү же болбосо дүйнөлүк рынокто товарлардын атаандашууга жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу;
2) чарба жүргүзүүчү субъекттердин иш-аракеттеринин (аракетсиздигинин), макулдашууларынын жана макулдашылган иш-аракеттеринин, бүтүмдөрүнүн натыйжасында алынган артыкчылыкка (пайда) барабар болгон керектөөчүлөр тарабынан артыкчылык (пайда) алуу.
3. Ушул мыйзамга ылайык жол берилген деп таанылышы мүмкүн болгон макулдашууга жетүүгө ниеттенген чарба жүргүзүүчү субъекттер макулдашуунун долбоорун монополияга каршы мыйзамдардын талаптарына шайкештигин текшерүү жөнүндө арыз менен (жазуу жүзүндө) монополияга каршы органга кайрылууга укуктуу. Арызды кароо тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.".
7. 8-берененин 1-бөлүгүндө:
- 10-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 17-пункт менен толукталсын:
"17) чарба жүргүзүүчү субъекттин өндүргөн же саткан товарларын башка чарба жүргүзүүчү субъект өндүргөн же саткан товар менен туура эмес салыштырууга.";
- 2-бөлүк "өзгөчө укукту" деген сөздөргө чейин "жекелештирүү каражаттарына" деген сөздөр менен толукталсын".
8. 9-берененин 2-бөлүмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Мамлекеттик бийдик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, алардын функцияларын аткарган башка органдардын же уюмдардын ортосунда, же алар менен чарба жүргүзүүчү субъекттердин ортосундагы макулдашууларга тыюу салынат, эгерде мындай макулдашуулар атаандаштыкты болтурбоого, чектөөгө же жоюуга алып келсе.".
9. 11-берененин 1-бөлүгүнүн 2-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"2) табигый монополиялардын субъекттери жоюлганда;".
3-берене.
"Кыргыз Республикасындагы ички соода жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 5, 199-бер.) төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүү киргизилсин:
- 2-берене төмөнкүдөй мазмундагы тогузунчу абзац менен толукталсын:
"бааларды мамлекеттик жөнгө салуу - мамлекеттик бийлик органдары тарабынан бааны (тарифтерди), бааларга (тарифтерге) үстөктөрдү, максималдуу же минималдуу бааларды (тарифтерди), бааларга максималдуу же минималдуу үстөктөрдү белгилөө.";
- 11-берененин үчүнчү жана төртүнчү абзацтарындагы "чекене" деген сөз алып салынсын.
4-берене.
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланууга тийиш жана 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык союзу жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу эл аралык келишим күчүнө кирген күндөн баштап күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|