Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-июнундагы № 263 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 23-апрели № 239
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 25-январындагы № 37 "Үч жылдык мөөнөткө пайда салыгын төлөөдөн бошотулууга тийиш болгон айыл чарба продукцияларын өнөр жайлык кайра иштетүүнү жүргүзүүчү тамак-аш жана кайра иштетүүчү өнөр жай ишканаларынын тизмесин бекитүү жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу
Айыл чарба продукцияларын өнөр жайлык кайра иштетүүнү жүргүзүүчү Кыргыз Республикасынын тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жай ишканаларына мамлекеттик колдоо көрсөтүү жана экономикалык жактан дем берүү максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 212-беренесинин 1-бөлүгүнүн 8-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 25-январындагы № 37 "Үч жылдык мөөнөткө пайда салыгын төлөөдөн бошотулууга тийиш болгон айыл чарба продукцияларын өнөр жайлык кайра иштетүүнү жүргүзүүчү тамак-аш жана кайра иштетүүчү өнөр жай ишканаларынын тизмесин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Үч жылдык мөөнөткө пайда салыгын төлөөдөн бошотулууга тийиш болгон айыл чарба продукцияларын өнөр жайлык кайра иштетүүнү ишке ашыруучу тамак-аш жана кайра иштетүүчү өнөр жай ишканаларынын тизмеси төмөнкүдөй мазмундагы 60-64-пункттар менен толукталсын:
"
60 | "Григорьев багы" дыйкан (фермердик) чарбасы | Бишкек шаары | 10.32.0 | 00704201410242 | Мөмө-жемиштердин жана жашылчалардын ширелерин чыгаруу |
61 | "Кооппромсервис өндүрүштүк ассоциациясы" ЖЧКсы | Ысык-Көл облусу | 10.32.0 | 02812199010021 | Мөмө-жемиштердин жана жашылчалардын ширелерин чыгаруу |
62 | "Карасу-Дан-Азык" ААКы | Ош облусу | 10.61.2 | 01311199810055 | Дан (күрүчтөн башка), жашылча-өсүмдүктөрдөн жана жаңгактан ун тартуу |
63 | "Орион Экстра" ЖЧКсы | Кара-Балта шаары | 10.61.2 | 01509199910140 | Дан (күрүчтөн башка), жашылча-өсүмдүктөрдөн жана жаңгактан ун тартуу |
64 | "Дан-Юг" ЖЧКсы | Жалал-Абад шаары | 10.61.2 | 01609199910013 | Дан (күрүчтөн башка), жашылча-өсүмдүктөрдөн жана жаңгактан ун тартуу |
".
2. Ушул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
3. Ушул токтом 2015-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |