Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 22-апрели № 236
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-августундагы № 523 "2012-2015-жылдардагы Кыргыз Республикасындагы сейсмикалык коопсуздук" мамлекеттик программасын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Экономикалык зыянды азайтуу жана өлкөнүн калкынын коопсуздугун жогорулатуу, сейсмикалык коопсуздукту камсыз кылууга багытталган сейсмикага каршы алдын ала иш-чараларды ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 21-январындагы № 11 Жарлыгы менен бекитилген 2013-2017-жылдардын мезгилинде Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-августундагы № 523 "2012-2015-жылдардагы Кыргыз Республикасындагы сейсмикалык коопсуздук" мамлекеттик программасын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- аталышындагы, 1-пунктунун экинчи абзацындагы жана 2-пунктундагы "2015" деген цифралар "2019" деген цифралар менен алмаштырылсын;
- 1-пунктунун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Мамлекеттик программаны ишке ашыруу боюнча 2015-2019-жылдарга иш-чаралардын планы";
- 2-пунктундагы "Архитектура жана курулуш" деген сөздөр "Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги менен бирдикте 2015-2019-жылдары Мамлекеттик программаны ишке ашыруу үчүн эл аралык донор уюмдардын каражаттарын тартуу боюнча зарыл иштерди жүргүзүшсүн.";
- 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.";
жогоруда аталган токтом менен бекитилген "2012-2015-жылдардагы Кыргыз Республикасындагы сейсмикалык коопсуздук" мамлекеттик программасында:
- мазмунундагы "14" деген цифралар "13" деген цифралар менен алмаштырылсын;
- 1-главадагы, 5.2, 8.1-пункттарындагы "Архитектура жана курулуш" деген сөздөр "Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 7-главада:
биринчи абзацындагы "2013" деген цифралар "2015" деген цифралар менен алмаштырылсын;
экинчи абзацындагы "2014" деген цифралар "2016" деген цифралар менен алмаштырылсын;
төртүнчү абзацындагы "2015" деген цифралар "2019" деген цифралар менен алмаштырылсын;
- 14-главадагы "14" жана "2015" деген цифралар тиешелүү түрдө "13" жана "2019" деген цифралар менен алмаштырылсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген "2012-2015-жылдардагы Кыргыз Республикасындагы сейсмикалык коопсуздук" мамлекеттик программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| Дж.Оторбаев |
Тиркеме
№ | Иштердин аталышы | Аткаруучулар | Аткаруу мөөнөтү | Каржылоонун көлөмү (миң сом) | Каржылоо булагы | Акыркы жыйынтыгы | ||||||
Башталышы | Аякталышы | Жалпы | анын ичинен жыл боюнча: | |||||||||
2015 | 2016 | 2017 | 2018 | 2019 | ||||||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 | 12 | 13 |
1 | Бишкек жана Ош шш. турак жай курулуштарынын, 9 жана андан жогору балл болгон сейсмикалуу зоналарда жер титирөөгө туруктуулук деңгээлин баалоо жана электрондук маалыматтар базасын түзүү | БАЖПИИ (макулдашуу боюнча), КРСУ, КМКТАУ (макулдашуу боюнча), УИА СИ (макулдашуу боюнча), ЖТКИДМИ, МШАДИ | 2012 | 2016 | 5000 | 2500 | 2500 | - | - | - | Республикалык бюджет | Турак жай курулуш имараттары, алардын техникалык абалы боюнча маалыматтары жана жер титирөөгө туруктуулук деңгээлин баалоо боюнча маалыматтар банкы |
2 | Кыргыз Республикасынын жер титирөө коркунучу жогору зоналарда жайгашкан калктуу конуштарында турак жай курулуштарынын жер титирөөгө туруктуулук деңгээлин баалоо. Жер титирөөлөрдөн мүмкүн болуучу зыяндарды болжолдоо | БАЖПИИ (макулдашуу боюнча), КРСУ, УИА СИ (макулдашуу боюнча), КМКТАУ (макулдашуу боюнча), ЖТКИДМИ, ШКАДМИ | 2015 | 2017 | 15000 | 5000 | 5000 | 5000 | - | - | Жер титирөө коркунучу жогору зоналардагы турак жай курулуш имараттары боюнча алардын техникалык абалы жөнүндө маалыматтары менен жана жер титирөөгө туруктуулук деңгээлин баалоо боюнча маалыматтар банкы | |
3 | Кыргыз Республикасынын ири калктуу конуштарынын аймактарын (облустун жана райондук борборлорунун) чакан сейсмикалык райондоштуруу картасын иштеп чыгуу | ШКАДМИ, УИА СИ (макулдашуу боюнча), БАЖПИИ (макулдашуу боюнча) | 2015 | 2017 | 6000 | 2000 | 2000 | 2000 | - | - | Ири калктуу конуштары (облустун жана райондордун борборлору) үчүн чакан сейсмикалык райондоштуруу карталары | |
4 | Ири калктуу конуштардын аймактарынын (облустун жана райондордун борборун) сейсмикалык коркунучун баалоо жана мүмкүн болгон зыяндарды азайтуу максатында коркунучту башкаруу боюнча чараларды иштеп чыгуу | ЖТКИДМИ, ӨКМ, УИА СИ (макулдашуу боюнча) | 2015 | 2016 | 5000 | 2500 | 2500 | - | - | - | Коркунучту азайтуу боюнча иш-чаралардын комплекси жана аларды башкаруу. Экономикалык жана социалдык зыяндарды азайтуу | |
5 | Жер титирөөгө туруктуу курулуш жаатында ченемдик-техникалык документтерди оңдоо | ЖТКИДМИ, КРСУ, УИА СИ (макулдашуу боюнча) | 2015 | 2017 | 1200 | 400 | 400 | 400 | - | - | Республикалык бюджет | Эл аралык талаптарга жооп берүүчү жер титирөөгө туруктуу курулуш жаатында заманбап ченемдик документтер |
6 | Кыргыз Республикасынын барууга кыйын жана сейсмикалык кооптуу региондору үчүн тез курулчу курама-ажыратма конструкциялардан көчмө жаңы конструкцияларды иштеп чыгуу | КМТУ, КРСУ, "КМК" ДИ АК (макулдашуу боюнча), ЖТКИДМИ | 2017 | 2018 | 3000 | - | - | 1500 | 1500 | - | Дубалдардын жана жабуулардын элементтеринин ошондой эле байланыш түйүндөрүнүн тажрыйбалуу үлгүлөрү. Курама- ажыратма имараттарды долбоорлоо, даярдоо, транспортировкалоо жана монтаждоо боюнча сунуштамалар | |
7 | Жер титирөөлөрдөн кийин имараттардын бузулушунун каталогун жана аларды чыңдоо боюнча техникалык чечилиштерди иштеп чыгуу | "КМК" ДИ АК (макулдашуу боюнча), МСКДИ, ШКАДМИ | 2016 | 2017 | 2000 | - | 1000 | 1000 | - | - | Имараттардын бузулушунун каталогу жана аларды чыңдоо боюнча техникалык чечимдер | |
8 | Турак жай имараттардын жана жалпы курулуштардын түйүндөрүн жана конструкцияларын чыңдоо боюнча техникалык чечилиштердин каталогун иштеп чыгуу | "КМК" ДИ АК (макулдашуу боюнча), МСКДИ, ШКАДМИ | 2017 | 2018 | 2000 | - | - | 1000 | 1000 | - | Имараттарды чыңдоо, оңдоо жана реконструкциялоо боюнча конструкциялык жана техникалык чечилиштердин каталогу | |
9 | Өзгөчө маанидеги мамлекеттик өнөр жай объекттеринин жер титирөөгө туруктуулугун баалоо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тизмелери боюнча) | КРСУ, УИА СИ (макулдашуу боюнча), МСКДИ | 2017 | 2019 | 9000 | - | - | 3000 | 3000 | 3000 | Республикалык бюджет | Турак жай курулуш имараттары, алардын техникалык абалы боюнча маалыматтары жана жер титирөөгө туруктуулук деңгээлин баалоо боюнча маалыматтар банкы. Өзгөчө маанидеги объекттердин жер титирөөгө туруктуулугун жогорулатуу боюнча сунуштамалар |
10 | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен макулдашуу боюнча "Жер титирөөгө туруктуу курулуштун негиздери", "Жер титирөө активдүү аймактардагы калкты коргоо", "Жер титирөөгө туруктуу имараттарды жана курулмаларды долбоорлоонун негиздери" сабагы боюнча окуу китептерин жана окуу куралдарын иштеп чыгуу | КМКТАУ (макулдашуу боюнча), КМТУ, КРСУ, "КМТ" ДИ АК (макулдашуу боюнча) | 2018 | 2019 | 800 | - | - | - | 400 | 400 | ЖОЖдор жана Кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо борборлору үчүн окуу китептери, окуу үчүн жана маалыматтык колдонмолор, методикалык колдонмолор | |
11 | Мамкурулуштун ведомстволук уюмдарынын сыноо лабораторияларын модернизациялоо | Мамкурулуш | 2016 | 2017 | 2000 | - | 1000 | 1000 | - |
| Республикалык бюджет | Курулуш лабораторияларын модернизациялоо |
12 | Жыйынтыгы: | - | 2015 | 2019 | 51000 | 12400 | 14400 | 14900 | 5900 | 3400 | - | |
2015-2019-жылдарга Мамлекеттик программа боюнча жыйынтыгы 51000000,0 сом анын ичинде жылдар боюнча:
2015-жылга | 12400000,0 сом |
2016-жылга | 14400000,0 сом |
2017-жылга | 14900000,0 сом |
2018-жылга | 5900000,0 сом |
2019-жылга | 3400000,0 сом |
Эскертүү:
Аткаруучулар графасында төмөнкүдөй кыскартуулар пайдаланылды:
Мамкурулуш | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги |
ӨКМ | - | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги |
ЖТКИДМИ | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту |
ШКАДМИ | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Шаар куруу жана архитектура долбоорлоо мамлекеттик институту |
УИА СИ | - | Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту |
"КМК" ДИ АК | - | "Кыргызмамжердолбоорлоо" долбоорлоо институту акционердик коому |
КМКТАУ | - | Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университети |
КРСУ | - | Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университети |
КМТУ | - | И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети |
БАЖПИИ | - | Борбордук Азиялык Жерди прикладдык изилдөөлөр институту |