Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 80 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 23-апрели № 240
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 14-ноябрындагы № 650 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө жободо:
- 6-пунктунун он төртүнчү абзацы "иштеп чыгат" деген сөздөрдөн кийин "жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизет" деген сөздөр менен толукталсын;
- 11-пунктунун биринчи жана экинчи абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"11. Мамагенттикте курамына директор (коллегиянын төрагасы), статс-катчы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өкүлү, ошондой эле энергетика чөйрөсүндө саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана энергетика чөйрөсүндө көзөмөл жана контроль боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлдөрү кирген, 5 кишиден турган коллегия түзүлөт. Мамагенттиктин директору жана статс-катчысы кызматы боюнча коллегиянын мүчөлөрү болуп эсептелет.
Коллегия мүчөлөрүнүн жеке курамы, анын курамына кызматы боюнча кирген адамдардан башка, Мамагенттиктин директорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан бекитилет.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 11-1 - 11-3-пункттар менен толукталсын:
"11-1. Коллегия жана жетекчилик кабыл алган чечимдерди алдын ала ар тараптуу жана кесиптик кароо жана даярдоо үчүн Мамагенттикте Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча комиссия иштейт, анын жеке курамы жана ал жөнүндө жобо Мамагенттиктин директору тарабынан бекитилет.
11-2. Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун тең салмактап кароо жана илгерилетүү максатында Мамагенттикте Эксперттик кеңеш түзүлөт, анын жеке курамы жана ал жөнүндө жобо Мамагенттиктин директору тарабынан бекитилет.
11-3. Мамагенттиктин ишине коомдук мониторинг жүргүзүү максатында коомдук башталышта иштеген консультативдик-байкоочу орган болуп эсептелген Коомдук кеңеш түзүлөт.".
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 25-августундагы № 482 "Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтомдун тиркемесинин "Мамлекеттик агенттиктер" бөлүмү төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттик".
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |