Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
токтомуна ылайык күчүн жоготту
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2021-жылдын 5-марты № 80
Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин маселелери жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 23-апрелиндеги № 170, Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 247, 2021-жылдын 20-декабрындагы № 320, 2021-жылдын 24-декабрындагы № 338 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 3-февралындагы № 4357-VI "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" токтомун ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 247 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Төмөнкүлөр түзүлсүн:
1) Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигине караштуу Геология жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик агенттиги;
2) Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигине караштуу Энергетика, тоо-кен көзөмөлү жана өнөр жай коопсуздугу боюнча мамлекеттик инспекция.
3. (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 338 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду "Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ачык акционердик коомунун акцияларынын мамлекеттик пакетин Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигине белгиленген тартипте өткөрүп берсин.
5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 14-ноябрындагы № 650 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин маселелери жөнүндө" токтомунун 2-пункту;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-апрелиндеги № 240 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 17-майындагы № 262 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 2-пункту;
4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-июлундагы № 401 "Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин маселелери жөнүндө" токтомунун 1-пункту;
5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 10-августундагы № 438 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 14-ноябрындагы № 650 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин маселелери жөнүндө" токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтомунун 2-пункту;
6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-декабрындагы № 653 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 11 жана 17-пункттары;
7) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-августундагы № 533 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 2 жана 3-пункттары;
8) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-сентябрындагы № 590 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-июлундагы № 401 "Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому;
9) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-январындагы № 61 "Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 1-пункту;
10) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 16-октябрындагы № 549 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-июлундагы № 401 "Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
11) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-декабрындагы № 730 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 14-ноябрындагы № 650 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому;
12) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-июлундагы № 392 "Тарифтик эмес жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдарды аныктоо маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 3-пункту;
13) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-августундагы № 420 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 14-ноябрындагы № 650 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
14) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-сентябрындагы № 489 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 14-ноябрындагы № 650 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
15) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 15-декабрындагы № 608 "Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы мамлекеттик ишканалардын маселелери жөнүндө" токтомунун 2-пункту.
6. Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин борбордук аппаратын жана ведомстволук бөлүмдөрүн кармоого чыгымдарды каржылоонун булагы болуп республикалык бюджет саналары аныкталсын.
7. Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.
8. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
9. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 25-мартындагы № 25 жарыяланды
Премьер-министр | У.А. Марипов |