Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 23-апрели № 242
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Сауд Аравия Королдугунун Өкмөтүнүн ортосунда 2014-жылдын 2-декабрында Эр-Рияд шаарында кол коюлган Кош салык салуудан качуу жана киреше салыгын төлөөдөн качууну болтурбоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, ички мамлекеттик жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелгендер жактырылсын:
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Сауд Аравия Королдугунун Өкмөтүнүн ортосунда 2014-жылдын 2-декабрында Эр-Рияд шаарында кол коюлган Кош салык салуудан качуу жана киреше салыгын төлөөдөн качууну болтурбоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Сауд Аравия Королдугунун Өкмөтүнүн ортосунда 2014-жылдын 2-декабрында Эр-Рияд шаарында кол коюлган Кош салык салуудан качуу жана киреше салыгын төлөөдөн качууну болтурбоо жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Аталган мыйзамдын долбоор Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Экономика министри Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |
Долбоор
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Сауд Аравия Королдугунун Өкмөтүнүн ортосунда 2014-жылдын 2-декабрында Эр-Рияд шаарында кол коюлган Кош салык салуудан качуу жана киреше салыгын төлөөдөн качууну болтурбоо жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы тууралуу Сауд тарапка кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|