Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 23-апрели № 251
“Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө” Кыргыз
Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министри аталган мыйзамдын долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |
Долбоор
Ушул Мыйзам мамлекеттик социалдык заказды түзүүнүн, жайгаштыруунун жана ишке ашыруунун укуктук, уюштуруучулук жана финансылык негиздерин аныктайт.
1-берене. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр жана алардын аныктамалары
Ушул Мыйзамдын максатында төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр жана алардын аныктамалары пайдаланылат:
мамлекеттик социалдык заказ – республикалык же жергиликтүү бюджеттен каржылоо менен камсыздалган, келишимдик мамилелерге негизделген, жүзөгө ашырууда юридикалык жактарды жана жеке ишкерлерди тартуу жолу менен калкка социалдык кызматтарды көрсөтүүгө же башка коомдук пайдалуу максаттарга жетүүгө багытталган республикалык, тармактык, региондук же муниципалдык социалдык программалардын бир бөлүгүн ишке ашыруу механизми;
мамлекеттик социалдык заказ программасы – ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан бекитилген жана калкка социалдык кызматтарды көрсөтүүгө жана/же мамлекеттик социалдык заказды жайгаштыруу аркылуу коомдук пайдалуу долбоорлорду жүзөгө ашырууга багытталган уюштуруучулук, экономикалык жана техникалык чаралардын жыйындысы;
ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган – ыйгарым укуктарына калкка социалдык кызматтарды көрсөтүү же ушул Мыйзамдын 5-беренесинде каралган чөйрөлөрдө коомго пайдалуу башка максаттарга жетүү кирген мамлекеттик орган;
мамлекеттик заказчы – мамлекеттик социалдык заказды жайгаштыруучу жана анын аткарылышын контролдоочу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (же анын аймактык бөлүмү) же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы;
мамлекеттик социалдык заказды аткаруучу – мамлекеттик социалдык заказды ишке ашырууга мамлекеттик заказчы менен келишим түзгөн юридикалык жак же жеке ишкер; мамлекеттик социалдык заказды аткаруучулардын чөйрөсү мамлекеттик социалдык заказдын түрүнө жараша айырмаланышы мүмкүн;
коомдук пайдалуу долбоор – коомдук пайдалуу максаттарга жетүүгө багытталган, ишке ашыруунун белгиленген мөөнөттөрү, ошондой эле ичинде зарыл ресурстар бар башка параметрлери менен иш-чаралардын комплекси;
социалдык кызмат – жыргалчылыктар, пайда менен камсыздоо же жарандардын руханий, интеллектуалдык муктаждыктарын канааттандырууга жана/же оор турмуштук кырдаалды жеңүүгө же нормалдуу жашоо тиричилигин колдоого багытталган ишмердик;
социалдык талон (ваучер) – жеке адамдын социалдык кызматтарды алуу укугун жана бул кызматты көрсөтүүчү юридикалык жактын же жеке ишкердин социалдык кызмат көрсөтүүгө түзүлгөн келишимде каралган тартипте жана өлчөмдөрдө социалдык талондор аркылуу бюджеттик каражаттардан аны төлөө укугун ырастаган документ;
социалдык кызматтарды алуучу – ушул Мыйзамга ылайык жана анын 5-беренесинде саналып өткөн чөйрөлөрдөгү мамилелерди жөнгө салган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык социалдык кызматтарды алуучу жеке адам.
2-берене. Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары
Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары ушул Мыйзамдан, мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар жөнүндө мыйзамдардан жана аларга ылайык кабыл алынуучу Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынан турат.
3-берене. Мамлекеттик социалдык заказдын максаттары жана милдеттери
1. Мамлекеттик социалдык заказдын максаттары республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен, ошондой эле юридикалык жактардын, жеке ишкерлердин жана жарандардын интеллектуалдык, кадрдык, материалдык жана башка ресурстарын тартуу жолу менен коомдун социалдык маанилүү көйгөйлөрүн чечүү жана коомдук пайдалуу максаттарга жетүү болуп саналат.
2. Мамлекеттик социалдык заказдын милдеттери:
1) республикалык, тармактык, региондук жана муниципалдык социалдык программаларды ишке ашыруунун натыйжалуулугун жана сапатын жогорулатуу;
2) адамдын укуктарын жана эркиндиктерин камсыздоо чөйрөсүндө мамлекеттин милдеттенмелерин гендердик теңдикти эске алуу менен аткаруу;
3) социалдык кызматтарды көрсөтүү жана коомдук пайдалуу долбоорлорду жүзөгө ашыруу боюнча юридикалык жактардын жана жеке ишкерлердин ишмердигин өбөлгөлөө;
4) социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө юридикалык жактарды, жеке ишкерлерди жана жарандарды кеңири тартуу;
5) мамлекеттик органдардын жана/же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердиги менен камтылбаган же жетишсиз камтылган социалдык көйгөйлөрдү чечүү;
6) социалдык чөйрөгө кошумча адамдык, материалдык, финансылык жана башка ресурстарды тартуу;
7) калкка социалдык кызматтарды натыйжалуу көрсөтүү үчүн альтернативдүү механизмдерди түзүү;
8) социалдык кызматтардын сапатын жогорулатуу;
9) социалдык программаларды ишке ашыруу үчүн колдонулуучу мамлекеттик каражаттарды натыйжалуу пайдалануу;
10) тсоциалдык кызматтардын рыногун түзүү.
4-берене. Мамлекеттик социалдык заказды түзүүнүн жана жайгаштыруунун принциптери
Мамлекеттик социалдык заказ төмөнкүлөрдүн негизинде түзүлөт жана жайгаштырылат:
1) жарандардын чечүүнү талап кылган кыйла маанилүү социалдык көйгөйлөрдү табууга жана коомдук пайдалуу максаттарды аныктоого катышуусуна;
2) мамлекеттик социалдык заказды жайгаштыруу жол-жоболорунун ачыктыгына жана айкындыгына;
3) мамлекеттик социалдык заказды жайгаштыруунун бардык этаптарында баалоонун объективдүүлүгүнө, талаптардын бирдейлигине жана бирдей шарттарды түзүүгө;
4) мамлекеттик социалдык заказды жайгаштыруу жана ишке ашыруу жөнүндө маалыматка бирдей жана эркин жеткиликтүүлүгүнө;
5) мыйзамдуулукка жана адилеттүүлүккө;
6) социалдык кызматтарды алуучуларга жеке мамиле, алардын өзгөчө муктаждыктарын жана керектөөлөрүн эске алууга;
7) калктын аярлуу катмарларына социалдык кызматтарды көрсөтүүгө багытталган программалардын артыкчылыгына.
5-берене. Мамлекеттик социалдык заказды ишке ашыруу чөйрөлөрү
Мамлекеттик социалдык заказ төмөнкүдөй чөйрөлөрдө жүзөгө ашырылат:
1) жарандардын социалдык жактан корголбогон категорияларын, алардын ичинде турмуштук кыйын кырдаалдагы үй-бүлөлөргө жана балдарга, улгайган адамдарга жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жардам, коргоо;
2) жаштарды колдоо;
3) билим берүү жана агартуу;
4) ден соолук жана дене саламаттыгы;
5) медициналык жардам;
6) социалдык ишкердик (коомдук пайдалуу максаттардагы ишкердик иши);
7) жакырчылыктын деңгээлин кыскартуу;
8) курчап турган чөйрөнү сактоо, анын ичинде жоголуп бараткан өсүмдүктөрдү жана жаныбарларды коргоо;
9) дене тарбиясы жана ышкыбоздор спорту;
10) илим;
11) адабият;
12) искусство;
13) маданият;
14) туризм;
15) адам укуктары, анын ичинде расалык, этностук, диний, гендердик же басмырлоонун башка бардык түрлөрүн жоюу;
16) коомдук тартип жана коомдук ынтымак;
17) мигранттарга, аргасыз көчүп келгендерге жана качкындарга жардам.
6-берене. Мамлекеттик социалдык заказды ишке ашыруу формалары
1. Мамлекеттик социалдык заказ төмөнкүдөй формаларда жүзөгө ашырылат:
1) социалдык кызматтарды мамлекеттик сатып алуулар;
2) коомдук пайдалуу долбоорлорду мамлекеттик каржылоо;
3) социалдык талондор аркылуу социалдык кызматтарды көрсөтүү.
2. Социалдык кызматтарды мамлекеттик сатып алуулар формасындагы мамлекеттик социалдык заказ мамлекеттик заказчыга сатып алына турган жана социалдык кызматтарды алуучуларга көрсөтүү керек болгон кызматтардын түрлөрү белгилүү болгондо, социалдык кызматтарды сатып алуу үчүн колдонулат. Социалдык кызматтарды мамлекеттик сатып алуулар формасындагы мамлекеттик социалдык заказ ушул Мыйзамдын 2-бабында каралган тартипте жүзөгө ашырылат.
3. Коомдук пайдалуу долбоорлорду мамлекеттик каржылоо формасындагы мамлекеттик социалдык заказ жетүүгө тийиш болгон социалдык максаттар белгилүү жана аларга ийгиликтүү жетүү үчүн коммерциялык эмес уюмдардын натыйжалуу жана/же инновациялык идеялары жана сунуштары талап кылынган учурларда колдонулат. Коюлган максаттарга жетүү үчүн мамлекеттик заказчы коммерциялык эмес уюмдардын арасында сынак жарыялайт, алар өздөрүнүн долбоордук сунуштарында ушул максаттарга жетүүнүн ыкмаларын сунуштайт. Коюлган максаттарга жетүүнүн мыкты ыкмаларын сунуштаган коммерциялык эмес уюмдар сынактын жеңүүчүлөрү деп таанылат. Коомдук пайдалуу долбоорлорду мамлекеттик каржылоо формасындагы мамлекеттик социалдык заказды ишке ашыруу ушул Мыйзамдын 3-бабында каралган тартипте жүргүзүлөт.
4. Социалдык талондор аркылуу социалдык кызматтарды көрсөтүү формасындагы мамлекеттик социалдык заказ социалдык кызматтарды аткаруучулардын тармагы болгондо социалдык кызматтарды сатып алуу үчүн колдонулат. Социалдык кызматтарды социалдык талондор аркылуу көрсөтүү формасындагы мамлекеттик социалдык заказды ишке ашыруу ушул Мыйзамдын 4-бабында каралган тартипте жүргүзүлөт.
7-берене. Социалдык көйгөйлөрдүн жана коомдук пайдалуу максаттардын маалыматтар базасы
1. Мамлекеттик социалдык заказды ишке ашырууну пландаган же ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы социалдык көйгөйлөрдүн жана коомдук пайдалуу максаттардын маалыматтар базасын түзөт, аларга мамлекеттик социалдык заказды ишке ашыруу жолу аркылуу чечүүгө жана жетүүгө болот. Социалдык көйгөйлөрдүн жана коомдук пайдалуу максаттардын маалыматтар базасы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана/же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын расмий сайты же коомчулук үчүн жеткиликтүүлүгүн камсыздаган башка ыкма аркылуу туруктуу негизде калкка жеткиликтүү болууга тийиш.
2. Жарандар жана уюмдар социалдык көйгөйлөрдүн жана коомдук пайдалуу максаттардын маалыматтар базасына киргизүү үчүн өз сунуштарын жөнөтүүгө укуктуу. Социалдык көйгөйлөрдүн жана коомдук пайдалуу максаттардын маалыматтар базасын түзгөн ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы, жарандардын жана уюмдардын сунуштарын кабыл алууга жана кароого, ошондой эле аларды алган күндөн баштап отуз календардык күндөн кеч эмес ага рационалдуу сунуштарды киргизүүгө милдеттүү.
8-берене. Мамлекеттик социалдык заказдын программасынын долбоорун даярдоо
1. Мамлекеттик социалдык заказды жүзөгө ашырууну пландаган ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы мамлекеттик социалдык заказдын программасынын долбоорун (мындан ары – программанын долбоору) иштеп чыгат.
2. Программанын долбоору 1 жылдан 5 жылга чейинки мөөнөткө иштелип чыгат.
3. Программанын долбоору ушул Мыйзамдын 6-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган мамлекеттик социалдык заказдын түрдүү формаларынын колдонууну караштырышы мүмкүн.
4. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы программанын долбоорун даярдоо максатында калктын мамлекеттик социалдык заказ аркылуу көрсөтүүгө болуучу социалдык кызматтарга муктаждыктарын аныктоо боюнча изилдөө жүргүзөт. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы изилдөө жүргүзүүгө ушул Мыйзамдын 5-беренесинде каралган чөйрөлөрдө иш жүргүзүүчү көз карандысыз адистерди жана/же уюмдарды, ошондой эле эл аралык уюмдарды тартууга укуктуу.
5. Ушул берененин 4-бөлүгүндө көрсөтүлгөн көз карандысыз адистердин жана уюмдардын кызматтары тараптардын макулдашуусу боюнча акы төлөп же акысыз негизде көрсөтүлөт.
6. Мамлекеттик каражаттардын эсебинен кызматтар акы төлөнүп көрсөтүлгөн учурда, көз карандысыз адистердин жана уюмдардын кызматтарын сатып алуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашат.
7. Көз карандысыз адистер жана уюмдар тарабынан акысыз негизде кызматтар көрсөтүлгөн учурда, көз карандысыз адистер жана уюмдар тооруктарды (тендерлерди) өткөрбөстөн тартылышы мүмкүн.
8. Жүргүзүлгөн изилдөөнүн жыйынтыктары ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын расмий сайтында, ал эми расмий сайт болбогон учурда - маалымат тактасында жайгаштырылат.
9. Программанын долбоору жүргүзүлгөн изилдөөнү, калктын муктаждыктарын жана керектөөлөрүн баалоону, ошондой эле социалдык көйгөйлөрдүн жана коомдук пайдалуу максаттардын маалыматтар базасына түшкөн жарандардын жана уюмдардын сунуштарын эске алуу менен иштелип чыгат.
10. Программанын долбоору төмөнкүлөрдү караштырууга тийиш:
1) азыркы убактагы актуалдуу социалдык көйгөйлөрдү жана коомдук пайдалуу максаттарды (негиздемеси, тийиштүү эсептөөлөрү, статистикалык жана башка маалыматтары менен) тигил же бул социалдык көйгөй же коомдук пайдалуу максаттар боюнча аймактык айырмачылыктар болгон учурда аларды административдик-аймактык бирдиктерге жана калктуу конуштарга бөлүштүрүү менен сүрөттөө;
2) социалдык көйгөйлөрдү чечүү же программанын коомдук пайдалуу максаттарына жетүү үчүн колдонулуучу мамлекеттик социалдык заказдын формалары;
3) программаны каржылоого зарыл жана колдонуу планданган мамлекеттик социалдык заказдын формалары боюнча бөлүнгөн, ошондой эле эгер программа административдик-аймактык бирдиктер жана калктуу конуштар үчүн ар кандай социалдык көйгөйлөрдү чечүүнү же ар кандай коомдук пайдалуу максаттарга жетүүнү караштырса, анда ушул административдик-аймактык бирдиктер жана калктуу конуштар боюнча да бөлүнгөн каражаттардын жалпы суммасы;
4) программаны ишке ашыруу аймагынын чектери жөнүндө маалымат;
5) программаны ишке ашыруунун мөөнөттөрү, анын ичинде мамлекеттик социалдык заказдын түрдүү формалары боюнча бөлүштүрүү менен;
6) социалдык кызматтарды алуучулардын топтору;
7) программаны ишке ашыруунун сандык жана сапаттык индикаторлору менен өлчөнүүчү күтүлгөн жыйынтыктары.
11. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын программасынын долбоору төмөнкүлөрдү өзүнө камтышы мүмкүн:
1) программаны толук көлөмдө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өзүнүн ишке ашыруусу; же
2) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмү тарабынан белгилүү бир административдик-аймактык бирдик үчүн тигил же бул социалдык көйгөйдүн жана/же коомдук пайдалуу максаттын актуалдуулугуна жараша программанын бир бөлүгүн же баарын жүзөгө ашыруу;
3) тигил же бул социалдык көйгөйлөрдүн жана/же коомдук пайдалуу максаттардын белгилүү бир калктуу конуштар үчүн актуалдуулугуна жараша жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттик ыйгарым укуктарды өкүлдөө жөнүндө мыйзамдарга ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына программанын бир бөлүгүн же баарын жүзөгө ашырууну өкүлдөө;
4) ушул бөлүктүн 2-3-пункттарында саналган программаны ишке ашыруунун түрдүү варианттарынын айкалышуусун караштырган ыкма менен программаны жүзөгө ашыруу.
12. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын программасынын долбоору бир нече (интеграцияланган) социалдык кызматтарды бир убакта көрсөтүү зарылдыгында башка ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жана/же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирге программанын бир бөлүгүн же баарын ишке ашырууну караштыра алат.
13. Программанын долбоору 5 жылга чейинки мөөнөт менен мамлекеттик социалдык заказды жүзөгө ашырууга келишимдерди түзүү мүмкүндүгүн караштыра алат.
14. Ар бир кийинки календардык жылга бюджет бекитилгенден кийин келишимди жыл сайын узартып туруу шарты менен, эгерде бекитилген бюджетте мындай келишимди каржылоого каражаттар каралса, мамлекеттик социалдык заказды жүзөгө ашырууга келишимге кол коюлгандан кийин биринчи жылы жана андан ары (биринчи жыл аяктагандан кийин) мамлекеттик социалдык заказды каржылоо шарты менен 1 жылдан ашык мөөнөткө келишимдер түзүлөт.
9-берене. Программанын долбоорун коомдук талкуулоо
1. Программанын долбоору мамлекеттик жана/же расмий тилдерде коомдук угууларды өткөрүү күнүнө чейин 15 календардык күн мурун ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын расмий сайтында жарыяланышы керек, ал эми расмий сайт болбогон учурда – анын маалымат тактасында жайгаштырылууга тийиш.
2. Программанын долбоорун жарыялоо менен бир убакта ошол эле ыкма менен төмөндөгү маалыматтар жарыяланууга тийиш:
1) программанын долбоору боюнча коомдук угууларды өткөрүү күнү, убактысы жана орду;
2) коомдук угууларга катышуу үчүн кызыкдар адамдар каттала ала турган телефон номери жана электрондук почта дареги;
3) программанын долбоору боюнча кызыкдар адамдар өз сунуштарын жөнөтө ала турган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын электрондук почтасынын дареги жана почта дареги;
4) коомдук угууларга катышуу үчүн каттоонун аяктаган датасы жана убактысы.
3. Кызыкдар адамдар программанын долбоору боюнча сунуштарын жана сын-пикирлерин киргизүүгө укуктуу. Программанын долбоору боюнча түшкөн сунуштар жана сын-пикирлер катталат жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө мыйзамдарда белгиленген тартипте каралат. Сунушту же пикирди кабыл алуудан баш тарткан учурда ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы сунуш кат түрүндө арыз ээсине жүйөөлүү жооп берет.
4. Программанын долбоору боюнча коомдук угуулар төмөнкүдөй тартипте өткөрүлөт:
1) ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы катышкандарга жүргүзүлгөн изилдөөнүн жыйынтыктары, программанын долбоору жарыяланган учурдан баштап келип түшкөн сунуштар жана пикирлер жөнүндө маалымдайт жана программанын долбоору менен тааныштырат, катышуучулардан түшкөн суроолорго жооп берет;
2) катышуучулар программанын долбоору боюнча өз сунуштарын киргизүүгө укуктуу;
3) катышуучулар программанын долбоорун жана түшкөн сунуштарды талкуулашат;
5. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы коомдук талкуулоонун жыйынтыктары боюнча келип түшкөн сунуштарды эске алуу менен программанын долбоорун жеткире иштеп чыгат.
10-берене. Программаны бекитүү жана жарыялоо
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы коомдук угуулар өткөрүлгөн күндөн тартып 15 календардык күндөн кеч эмес мамлекеттик социалдык заказдын программасын бекитет жана өзүнүн расмий сайтында жана жалпыга маалымдоо каражаттарында, ал эми расмий сайт болбогон учурда - өзүнүн маалыматтык тактасында жарыялайт.
11-берене. Мамлекеттик социалдык заказды каржылоо
1. Мамлекеттик социалдык заказды каржылоо республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.
2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген бюджеттик процесске ылайык мамлекеттик социалдык заказ программасын каржылоого республикалык бюджеттен каражат алуу үчүн жыл сайын өз суроо-талаптарын жөнөтөт.
3. Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар үчүн мамлекеттик социалдык заказдын программасын каржылоого жыл сайын каражаттар каралат.
4. Мамлекеттик социалдык заказды республикалык бюджеттен каржылоого каражаттар бөлүнгөн ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ушул каражаттардын 5 пайыздан көп эмесин төмөнкү максаттарда пайдаланууга укугу бар:
1) өзүнүн расмий сайтында мамлекеттик социалдык заказ боюнча бетти түзүү жана колдоо;
2) жалпыга маалымдоо каражаттарында мамлекеттик социалдык заказды ишке ашырууга сынакты өткөрүү жөнүндө кулактандырууларды жайгаштыруу;
3) долбоордук сунуштарды баалоо жана/же коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууга мониторинг жана баалоо боюнча көз карандысыз эксперттердин кызматтарына акы төлөө;
4) коомдук пайдалуу долбоорлорду жүзөгө ашырууга мониторинг жүргүзүү жана баалоо үчүн иш сапарларына байланыштуу мамлекеттик заказчынын өкүлдөрүнө иш сапар чыгымдарын төлөп берүү;
5) жарандык коомдон гранттык комиссиянын мүчөлүгүнө транспорттук чыгымдарды компенсациялоо;
6) мамлекеттик социалдык заказды ишке ашыруу боюнча талаш-тартыштарды сот тартибинде чечүү менен байланышкан чыгымдарды жабуу;
7) социалдык талондун нак наркын аныктоо;
8) гранттык комиссиянын жана көз карандысыз эксперттердин ишин камсыздоо менен байланыштуу чыгымдарды жабуу.
5. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын программасы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына программанын бир бөлүгүн ишке ашырууну өкүлдөөнү караштырган учурларда ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган каралган каражаттарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына келишимдин негизинде берет. Мында ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мамлекеттик социалдык заказды жүзөгө ашыруунун үстүнөн контролдоо функциясын өзүнө калтырат, ал эми жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга түзүлгөн келишимдин шарттарына ылайык сыпаттоочу жана финансылык отчетторду берүүгө милдеттүү.
6. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жергиликтүү бюджетте мамлекеттик социалдык заказдын программасын каржылоого каражаттарды кароого жана аны ушул Мыйзамда каралган тартипте ишке ашырууга укуктуу.
12-берене. Программаны ишке ашыруу планы
1. Мамлекеттик социалдык заказ программасын каржылоого каражаттар каралган тиешелүү бюджетти бекитүү жөнүндө акт күчүнө кирген күндөн тартып ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы мамлекеттик заказчынын статусун алат.
2. Мамлекеттик заказчы тийиштүү бюджетти бекитүү жөнүндө акт күчүнө кирген күндөн тартып 21 календардык күндөн кеч эмес мөөнөттө программаны ишке ашыруунун планын иштеп чыгат жана бекитет.
3. Программаны ишке ашыруу планы төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
1) ушул Мыйзамдын 6-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган мамлекеттик социалдык заказдын ар бир формасын ишке ашыруу үчүн арналган, программада колдонулган каражаттар;
2) ушул Мыйзамдын 11-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык мамлекеттик социалдык заказды уюштуруу боюнча чыгымдарды жабуу үчүн каралган каражаттар.
4. Ушул Мыйзамдын 6-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган мамлекеттик социалдык заказдын ар бир формасы боюнча (программада колдонулган формалар боюнча) программаны ишке ашыруунун планында ушул форма аркылуу мамлекеттик социалдык заказды ишке ашыруунун тартиби толук берилген, анын ичинде төмөндөгү маалыматтар камтылган атайын бөлүм болууга тийиш:
1) ишке ашыруу мөөнөтү;
2) мамлекеттик социалдык заказды аткаруучулардын категориялары;
3) социалдык кызматтарды алуучулар;
4) коомдук пайдалуу максаттар;
5) мамлекеттик социалдык заказды ишке ашыруунун аймагы;
6) мамлекеттик социалдык заказды ишке ашыруунун шарттары жөнүндө башка маалыматтар.
5. Мамлекеттик социалдык заказды ишке ашырууну жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өкүлдөгөн учурда, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын программасын ишке ашыруу планында ушул Мыйзамдын 11-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык мамлекеттик социалдык заказды ишке ашыруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына бериле турган каражаттар каралууга тийиш.
6. Эгерде программанын бир бөлүгүн же баарын ишке ашыруу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ушул Мыйзамдын 8-беренесинин 10-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык анын аймактык бөлүмүнө берилсе, мамлекеттик заказчы катары чыккан ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аталган ыйгарым укуктарын анын тийиштүү аймактык бөлүмү жүргүзөт.
13-берене. Мамлекеттик социалдык заказдын ачыктыгын камсыздоо үчүн расмий же атайын сайттарды пайдалануу
Мамлекеттик заказчы мамлекеттик социалдык заказды ишке ашыруунун ачыктыгын камсыздоо максатында мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө маалыматты өзүнүн расмий сайтында же мыйзамдарда каралган учурларда, атайын сайтта (порталда же системада) жайгаштырат. Расмий сайтты же атайын сайтты пайдалануунун өзгөчөлүктөрү мамлекеттик органдардын расмий сайттарын пайдалануу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынат.
14-берене. Маалыматка жетүү
Программа, программаны жүзөгө ашыруу планы, өткөрүлгөн тендерлер, темалар, сынактарды өткөрүү мөөнөттөрү жана тартиби, сынактардын катышуучулары жана квалификациялык тандоо, жеңүүчүлөрдү тандоо критерийлери, сынакка өтүнмө берген уюмдар жана каржылануучу коомдук пайдалуу долбоорлор жөнүндө маалымат жарандар үчүн жеткиликтүү болууга, мамлекеттик заказчынын расмий сайтында жайгаштырылууга, ал эми расмий сайт болбогон учурда – анын маалыматтык тактасында жана жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланышы керек, анын нускалары жана жайылтуу аймагы потенциалдуу аткаруучулардын, ошондой эле социалдык кызматтарды алуучулардын маалымдуулугун камсыздоого мүмкүндүк берет.
15-берене. Социалдык кызматтарды мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүнүн тартиби
Социалдык кызматтарды мамлекеттик сатып алуулар мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жүзөгө ашат.
16-берене. Мамлекеттик социалдык заказды социалдык кызматтарды мамлекеттик сатып алуулар формасында аткаруучулар
Мамлекеттик социалдык заказды социалдык кызматтарды мамлекеттик сатып алуулар формасында аткаруучулар (жеткирип берүүчүлөр) ушул Мыйзамдын 5-беренесинде каралган чөйрөлөрдө иш жүргүзгөн, мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен кызматтарды жеткирип берүүчүлөргө карата белгиленген талаптарга ылайык юридикалык жактар жана жеке ишкерлер болушу мүмкүн.
17-берене. Мамлекеттик социалдык заказды коомдук пайдалуу долбоорлорду мамлекеттик каржылоо формасында ишке ашыруунун тартиби
1. Коомдук пайдалуу долбоорлорду мамлекеттик каржылоо формасындагы мамлекеттик социалдык заказ социалдык көйгөйлөрдү чечүү жана/же коомдук пайдалуу максаттарга жетүү үчүн төмөнкүдөй тартипте жүргүзүлөт:
1) мамлекеттик заказчы программаны жүзөгө ашыруу планына ылайык коомдук пайдалуу долбоорлордун сынагын өткөрүү жөнүндө мамлекеттик жана/же расмий тилдерде кулактандырууну өзүнүн расмий сайтында, ал эми расмий сайты болбогон учурда - өзүнүн маалыматтык тактасында жайгаштырат жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялайт, алардын нускалары жана жайылтуу аймагы потенциалдуу аткаруучулардын, ошондой эле социалдык кызматтарды алуучулардын маалымдуулугун камсыздоого мүмкүндүк берет;
2) мамлекеттик заказчы гранттык комиссияны түзөт;
3) коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашыруунун сынагына катышууну каалаган коммерциялык эмес уюм мамлекеттик заказчыга тиешелүү арыз жөнөтөт;
4) гранттык комиссия келип түшкөн долбоордук сунуштарды карайт жана ушул Мыйзамдын 31-беренесинде белгиленген критерийлерге ылайык, сынактын жеңүүчүлөрүн аныктайт;
5) мамлекеттик заказчы сынактын жеңүүчүлөрү менен коомдук пайдалуу долбоорлорду жүзөгө ашыруу жөнүндө келишимдерди түзөт жана коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашыруу үчүн гранттар түрүндө аларды каржылайт;
6) сынакта жеңген коммерциялык эмес уюмдар коомдук пайдалуу долбоорлорду жүзөгө ашырышат жана мамлекеттик заказчыга тиешелүү отчетторду беришет.
2. Коомдук пайдалуу долбоорлордун сынагын, анын ичинде гранттарды берүү, гранттык комиссиянын ишинин жана коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашыруу тартиби ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген Жобо менен аныкталат.
18-берене. Коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууга сынакты жарыялоо
1. Коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууга сынак жөнүндө жарыя төмөндөгү маалыматтарды камтууга тийиш:
1) сынактын темасы (чечүү керек болгон социалдык көйгөйлөр жана/же жетүү керек болгон коомдук пайдалуу максаттар; алардын кыскача сүрөттөлүшү);
2) сынактын катышуучуларына ушул Мыйзамдын 25-беренесинде каралган талаптар;
3) сынакка катышуу үчүн ушул Мыйзамдын 26-беренесинде саналган документтердин тизмеги;
4) сынакты өткөрүү убактысы, орду жана тартиби, анын ичинде сынактын жеңүүчүлөрүн тандоо критерийлери жана аныктоо мөөнөттөрү;
5) бир коомдук пайдалуу долбоорду ишке ашырууга гранттын максималдуу суммасы (эгерде мындай сумма белгиленсе);
6) коомдук пайдалуу долбоорду аткаруучунун административдик чыгымдарына карата максималдуу чек (гранттын суммасына пайыз менен, эгерде мындай чек белгиленсе);
7) товарларды сатып алуу жана жумуштарды аткаруу долбоордун максаттарына жетүү үчүн керек болгон учурларда товарларды сатып алууга жана жумуштарды аткарууга максималдуу чек (гранттын суммасына пайыз менен);
8) сынакка катышуу үчүн арыздын бланкын алууга болгон мамлекеттик заказчынын почта дареги, анын ичинде арыздын электрондук бланктарын көчүрүп алууга болгон анын расмий сайтынын дареги;
9) маалымат жана түшүндүрмө алууга кайрылуу үчүн мамлекеттик заказчынын жооптуу адамынын байланыш маалыматтары (аты-жөнү, телефон номери жана электрондук почта дареги);
10) сынактын шарттары боюнча суроолорду жөнөтүү жана түшүндүрмөлөрдү алуу үчүн мөөнөт;
11) сынактын арыздарын жана сынакка катышуу үчүн документтерди жөнөтүү керек болгон почта дареги, электрондук почта дареги жана/же расмий сайттын дареги;
12) сынакка катышуу үчүн арыздарды жана документтерди кабыл алуу мөөнөтү;
13) коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууга сынактын шарттарын түшүндүрүү боюнча маалыматтык жыйынды өткөрүү күнү, убактысы жана орду.
2. Коомдук пайдалуу долбоорду аткаруучунун административдик чыгымдары болуп төмөнкүлөр таанылат:
1) коомдук пайдалуу долбоорду ишке ашырууга тартылган кызматкерлердин эмгек акысы, долбоорду ишке ашырууга байланыштуу алардын иш сапары жана транспорт чыгымдары;
2) долбоор ишке ашырылып жаткан жайды сатып алуу же ижарага алуу боюнча чыгымдар (эгерде мындай жай керек болсо);
3) долбоорду ишке ашыруу менен байланышкан коммуналдык төлөмдөр боюнча чыгымдар;
4) долбоорду ишке ашыруу менен байланышкан кеңсе жана тиричилик товарларына чыгымдар.
19-берене. Маалымат жыйынын өткөрүүнүн тартиби
1. Коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууга сынак жарыялаган мамлекеттик заказчы сынакты өткөрүүнүн шарттарын түшүндүрүү үчүн маалыматтык жыйын өткөрүүгө милдеттүү.
2. Маалыматтык жыйын сынак жөнүндө жарыя жарыяланган күндөн тартып 10 күндөн эрте эмес жана 20 календардык күндөн кеч эмес өткөрүлүүгө тийиш.
3. Маалыматтык жыйынга бардык кызыкдар адамдар катыша алышат.
4. Мамлекеттик заказчы катышкандарга сынактын максаттарын, сынакка арызды жана документтерди даярдоонун жана берүүнүн техникалык талаптарын, гранттык комиссияны түзүү жол-жобосун, сынактын жеңүүчүлөрүн тандоо жол-жобосун жана критерийлерин, коомдук пайдалуу долбоорлорду жүзөгө ашыруудан күтүлүүчү жыйынтыктарды, долбоордук сунуштарды баалоо үчүн эксперттерди тандоо жол-жобосун түшүндүрүүгө, ошондой эле жыйындын катышуучуларынын суроолоруна жооп берүүгө милдеттүү.
5. Маалыматтык жыйын убагында сынакка катышуу үчүн арыз жана документтерди берүү, ошондой эле сынакка катышуу жөнүндө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө жол берилбейт. Ушул талапты бузган коммерциялык эмес уюмдар коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууга жарыяланган сынакка катыштырылбайт.
20-берене. Гранттык комиссияны түзүү
1. Мамлекеттик заказчы коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууга сынактын жеңүүчүлөрүн аныктоо үчүн гранттык комиссияны түзөт.
2. Гранттык комиссия 10 адамдан турат: алардын 5и мамлекеттик заказчынын өкүлдөрү, 5и – жарандык коомдун өкүлдөрү болуп эсептелет.
3. Ушул Мыйзамдын 8-беренесинин 11-бөлүгүнүн 1 жана 2-пункттарында каралган мамлекеттик заказчынын гранттык комиссиясы төмөнкүлөрдөн түзүлөт:
1) бүтүндөй өлкөнүн аймагы боюнча жүзөгө ашырууга тийиш коомдук пайдалуу долбоорлор боюнча мамлекеттик заказчынын өзү;
2) эгерде программанын бир бөлүгүн же баарын жүзөгө ашыруу анын аймактык бөлүмүнө берилсе, мамлекеттик заказчынын аймактык бөлүмүнөн.
4. Гранттык комиссиянын жарандык коомдон мүчөлөрү ушул Мыйзамдын 21-беренесинде каралган тартипте тандалат.
5. Гранттык комиссиянын мамлекеттик заказчыдан мүчөлөрү жарандык коомдон гранттык комиссиянын мүчөлөрүн тандаган күндөн тартып 3 жумушчу күндөн кеч эмес мамлекеттик заказчы тарабынан дайындалат.
6. Гранттык комиссиянын төрагасы мамлекеттик заказчыдан гранттык комиссиянын мүчөлөрүнүн катарынан мамлекеттик заказчы тарабынан дайындалат.
7. Гранттык комиссиянын жеке курамы мамлекеттик заказчынын чечими менен жарандык коомдон гранттык комиссиянын мүчөлөрүн тандоо аяктаган күндөн тартып 5 жумушчу күндөн кеч эмес бекитилет. Гранттык комиссиянын курамы жөнүндө чечим мамлекеттик заказчынын расмий сайтында гранттык комиссиянын курамы жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып 3 жумушчу күндөн кеч эмес, ал эми расмий сайты болбогон учурда – анын маалыматтык тактасында жайгаштырылат.
8. Гранттык комиссиянын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү анын курамы бекитилген күндөн тартып 2 жылды түзөт.
21-берене. Жарандык коомдон гранттык комиссиянын мүчөлөрүн тандоо тартиби
1. Гранттык комиссияны биринчи жолу түзүүдө, жарандык коомдон гранттык комиссиянын мүчөлөрүн тандоо жөнүндө жарыя мамлекеттик заказчы тарабынан коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууга сынак жөнүндө жарыя менен бир убакта жарыяланат. Андан ары жарандык коомдон гранттык комиссиянын мүчөлөрүн тандоо жөнүндө жарыя иштеп жаткан гранттык комиссиянын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганга чейин 2 ай мурун жарыяланат.
2. Гранттык комиссиянын мүчөлөрүн тандоо жөнүндө жарыя төмөнкүдөй маалыматты камтууга тийиш:
1) гранттык комиссиянын мүчөлүгүнө талапкерлерге карата талаптар;
2) жарандык коомдон гранттык комиссиянын мүчөлүгүнө талапкерлер боюнча сунуштарды киргизүүнүн тартиби жана мөөнөтү;
3) маалымат жана түшүндүрмө алууга кайрылуу үчүн мамлекеттик заказчынын ыйгарым укуктуу адамынын байланыш маалыматтары (аты-жөнү, телефон номери, электрондук почта дареги);
4) гранттык комиссиянын мүчөлүгүнө талапкерлерди тандоо күнү, убактысы жана орду.
3. Жарандык коомдон гранттык комиссиянын мүчөлүгүнө талапкерлер коммерциялык эмес уюмдар тарабынан сунушталат. Бир коммерциялык эмес уюмдан бир талапкер сунушталышы мүмкүн.
4. Жарандык коомдон гранттык комиссиянын мүчөлүгүнө талапкерлер 25тен жаш эмес, жогорку билимдүү, мамлекеттик же муниципалдык кызматчы болуп эсептелбеген, ушул Мыйзамдын 5-беренесинде саналган бир же бир нече чөйрөлөрдө иштөө тажрыйбасы бар Кыргыз Республикасынын жарандары боло алышат.
5. Жарандык коомдон талапкерлерди гранттык комиссиянын мүчөлүгүнө кошууга сунуштар тандоо жөнүндө жарыяланган күндөн тартып 15 календардык күндүн ичинде кабыл алынат.
6. Жарандык коомдон гранттык комиссиянын мүчөлүгүнө талапкерлерди тандоо үчүн мамлекеттик заказчынын колуна берүү, почта же электрондук почта менен төмөндөгү документтер берилүүгө тийиш:
1) коммерциялык эмес уюмдан гранттык комиссиянын мүчөлүгүнө талапкерди сунуштоо жөнүндө кат;
2) талапкердин тандоого катышуу арызы;
3) талапкердин билими, иш тажрыйбасы жана кесиптик билимдери жана коомдук ишмердиги жөнүндө автобиографиялык маалыматтарын (резюме) жана байланыш маалыматтарын (телефон номерин, электрондук почта дарегин, почта дарегин) көрсөтүү менен маалыматтар.
7. Гранттык комиссиянын мүчөлүгүнө талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө сунуштар болбогон учурда, мамлекеттик заказчы жарандык коомдон гранттык комиссиянын мүчөлүгүнө талапкерлерди тандоо жөнүндө жарыяны ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө каралган тартипте кайталап жарыялайт. Гранттык комиссиянын мүчөлүгүнө талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө сунуштар кайрадан түшпөгөн учурда, мамлекеттик заказчы ушул Мыйзамдын 5-беренесинде көрсөтүлгөн чөйрөлөрдө иштеген коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрүнө чакыруу жөнөтөт.
8. Мамлекеттик заказчы жарандык коом тарабынан сунушталган талапкерлерди каттоого жана эсепке алууга (арыздарды каттоо журналында тандоого катышуу арызын берген күндү жана убактысын сөзсүз көрсөтүү менен) жана сунуштардын түшүүсүнө жараша сунушталган талапкерлердин аты-жөнүн жана алардын резюмесин өзүнүн расмий сайтында, ал эми расмий сайты болбогон учурда - өзүнүн маалымат тактасында жайгаштырууга милдеттүү. Мамлекеттик заказчы арыз ээсине арыздын кабыл алынышы жөнүндө ырастаманы кириш номерин, тандоого катышуу үчүн документтердин берилген күнүн жана так убактысын көрсөтүү менен берүүгө милдеттүү.
9. Мамлекеттик заказчы талапкерлер боюнча сунуштарды кабыл алуу мөөнөтү аяктаган күндөн тартып 5 календардык күндөн кеч эмес талапкерлер берген маалыматтардын ушул Мыйзамдын жарандык коомдон гранттык комиссиянын мүчөлүгүнө талапкерлерге коюлуучу талаптарына ылайык келишине карата текшерүү жүргүзөт.
10. Жарандык коомдон гранттык комиссиянын мүчөлүгүнө талапкерлерге коюлган талаптарга жооп бербеген талапкерлер тандоого киргизилбейт. Бул туурасында маалымат тиешелүү негиздемеси менен мамлекеттик заказчынын расмий сайтына, ал эми расмий сайты болбогон учурда – анын маалымат тактасында жайгаштырылат.
11. Эгерде мамлекеттик заказчы тарабынан жарандык коомдон гранттык комиссиянын мүчөлүгүнө талапкерлерге коюлган талаптарга жооп бербеген талапкерлерди тандоого киргизбөө жөнүндө чечим кабыл алынгандан кийин 5тен ашпаган талапкер калса, анда алар ушул берененин 12-15-бөлүктөрүндө каралган жол-жоболорду жүргүзбөстөн, жарандык коомдон гранттык комиссиянын курамына тандалып алынган деп эсептелет. Мамлекеттик заказчы бош орундарды ушул Мыйзамдын 5-беренесинде көрсөтүлгөн чөйрөлөрдө иштеген коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрүнө чакыруу жөнөтүү жолу менен толтурат.
12. Эгерде мамлекеттик заказчы тарабынан жарандык коомдон гранттык комиссиянын мүчөлүгүнө талапкерлерге коюлган талаптарга жооп бербеген талапкерлерди тандоого киргизбөө жөнүндө чечим кабыл алынгандан кийин талапкерлердин саны 5 кишиден ашса, анда мамлекеттик заказчы талапкерлер боюнча сунуштарды кабыл алуу мөөнөтү аяктаган күндөн тартып 5 календардык күндөн эрте эмес жана 15 календардык күндөн кеч эмес жарандык коомдон гранттык комиссиянын мүчөлүгүнө талапкерлерге ушул берененин 12-15-бөлүктөрүндө каралган тартипте тандоо жүргүзөт.
13. Мамлекеттик заказчы жарандык коомдон гранттык комиссиянын мүчөлүгүнө талапкерлерге коюлган талаптарга жооп берген талапкерлерге маек жүргүзүү үчүн кат түрүндө чакыруу жөнөтөт.
14. Тандоо өткөрүү күнү жарандык коомдон гранттык комиссиянын мүчөлүгүнө бардык талапкерлер тандоонун катышуучуларынын алдында кезеги менен чыгып сүйлөөгө укуктуу. Бир талапкердин чыгып сүйлөгөн сөзүнүн узактыгы 5 мүнөттөн ашпоого тийиш. Талапкер сөзүн өз каалоосу боюнча түзө алат. Талапкерлердин чыгып сүйлөө кезеги алардын тандоого катышуу үчүн документтерин берген хронологиялык ырааттуулукка ылайык аныкталат. Тандоонун катышуучулары талапкерге ал чыгып сүйлөгөндөн кийин суроо берүүгө укуктуу.
15. Жарандык коомдон гранттык комиссиянын мүчөлүгүнө талапкерлерди тандоо төмөндөгү тартипте өтөт:
1) мамлекеттик заказчы талапкерлерге аларга дайындалган эсеп комиссиясын тааныштырат;
2) тандоо өтүп жаткан жайда добуш берүү үчүн урна орнотулат;
3) эсеп комиссиясынын мүчөлөрү добуш берүү үчүн бош урнаны тандоонун катышуучуларына көрсөтөт;
4) эсеп комиссиясынын мүчөлөрү тандоонун катышуучуларына таза кагаздын бирдей барагын таркатат;
5) ушундан кийин рейтингдик добуш берүү процесси башталат: ар бир талапкер алган кагаз барагында (жашыруун же ачык, өзүнүн кароосу боюнча) жарандык коомдон гранттык комиссияга шайлоо үчүн өз добушун берген 5тен 10го чейинки талапкердин аты-жөнүн жазат, мындан кийин бул баракты добуш берүү урнасына салат;
6) эсеп комиссиясы тандоонун бардык катышуучуларынын катышуусунда, добуштарды ачык санайт;
7) добуштарды саноонун жыйынтыктары боюнча, эсеп комиссиясынын мүчөлөрү тандоонун бардык катышуучуларынын катышуусунда, алынган добуштардын санына жараша талапкерлердин тизмесин түзөт: эң көп добуш алганы тизменин биринчи сабына киргизилет, андан ары алган добуштардын санынын азаюусуна жараша, тизмеге калган талапкерлер киргизилет;
8) айрым талапкерлер алган добуштар тең чыккан учурда, рейтингддик орундар тандоого катышууга алар тарабынан тандоого катышуу үчүн документтердин берилген хронологиялык ырааттуулугуна ылайык жайгаштырылат; бирдей добуш алган талапкерлер документтерди бир убакта берген учурда - мамлекеттик заказчы тарабынан аныкталган тартипте чүчүкулак өткөрүлөт;
9) рейтингдик тизмеде биринчи 5 орунду ээлеген талапкерлер жарандык коомдон гранттык комиссиянын мүчөлүгүнө тандалып алынган деп эсептелет;
10) рейтингдик тизмеде 6-орундан баштап 10-орунга чейин ээлеген талапкерлер жарандык коомдон гранттык комиссиянын мүчөлөрүнүн резервине тандалып алынган деп эсептелет.
16. Мамлекеттик заказчы тандоо өткөрүүнүн жүрүшү жөнүндө протокол жазат.
17. Жарандык коомдон гранттык комиссиянын мүчөсү гранттык комиссиянын курамынан мөөнөтүнөн мурда чыккан учурда, мамлекеттик заказчы анын чыккан күндөн тартып 10 календардык күндөн кеч эмес анын ордуна, калган мөөнөткө, тандоодо коюлган рейтингдик орунга ылайык резервдик талапкерди дайындайт. Резервдик талапкерлер болбогон учурда, мамлекеттик заказчы жарандык коомдон гранттык комиссиянын мүчөсү чыккан күндөн тартып 5 календардык күндөн кеч эмес, ушул Мыйзамдын 5-беренесинде көрсөтүлгөн чөйрөлөрдө иштеген коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрүнө чакыруу жөнөтөт.
22-берене. Гранттык комиссиянын иштөө тартиби
1. Гранттык комиссия анын жеке курамы жарыяланган күндөн тартып 5 календардык күндөн кеч эмес өзүнүн биринчи жыйынын өткөрөт.
2. Мамлекеттик заказчы гранттык комиссиянын катчылыгынын функцияларын аткарат.
1. Гранттык комиссиянын жыйынын гранттык комиссиянын төрагасы алып барат.
2. Гранттык комиссиянын мүчөсүнүн жыйынга катышпагандыгы гранттык комиссиянын жыйынынын протоколуна киргизилет.
3. Жүйөлүү себептер боюнча жок болгон гранттык комиссиянын мүчөсү добуш берүү күнүнө чейин бир күн мурун же добуш берилүүчү күнү комиссиянын мүчөлөрүнө чабарман аркылуу, почта же электрондук почта менен кат жөнөтүү аркылуу күн тартибиндеги маселелер боюнча добуш берүүгө укуктуу.
4. Гранттык комиссиянын чечимдери, эгерде анын жыйындарында гранттык комиссиянын 7ден кем эмес мүчөсү катышса, мыйзамдуу деп табылат.
5. Гранттык комиссиянын чечимдери добуш берүү жолу менен кабыл алынат. Гранттык комиссиянын ар бир мүчөсү бир добушка ээ. “Макул” жана “каршы” добуштары тең чыкканда, гранттык комиссиянын жыйынын төрагалык кылгандын добушу чечүүчү болуп эсептелет.
6. Гранттык комиссиянын чечимдери протоколдор менен таризделет. Протоколго гранттык комиссиянын төрагасы, катчы жана мүчөлөрү кол коюшат. Мамлекеттик заказчы гранттык комиссиянын жыйынынын протоколдорун жазууга жана сактоого жоопкерчилик тартат.
7. Гранттык комиссиянын чечимине макул болбогон учурда, гранттык комиссиянын мүчөсү өзгөчө пикирин билдирүүгө укуктуу, ал гранттык комиссиянын жыйынынын протоколуна киргизилет.
8. Гранттык комиссиянын чечимдери мамлекеттик заказчынын расмий сайтында жарыяланат, ал эми расмий сайты болбогон учурда – анын маалымат тактасында жайгаштырылат.
9. Гранттык комиссиянын мүчөлөрү гранттык комиссиянын ишине акысыз негизде катышат. Жарандык коомдон гранттык комиссиянын мүчөлөрүнө гранттык комиссиянын ишине катышууга байланыштуу транспорттук чыгымдары төлөнөт. Жарандык коомдон гранттык комиссиянын мүчөлөрүнүн транспорттук чыгымдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген иш сапар ордуна баруу жана кайра келүү боюнча чыгымдардын ордун толтуруу ченемине ылайык ушул Мыйзамдын 11-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык мамлекеттик социалдык заказды уюштуруу үчүн каралган каражаттардын эсебинен төлөнөт.
23-берене. Гранттык комиссиянын ыйгарым укуктары
Гранттык комиссияга төмөндөгү ыйгарым укуктар берилет:
1) сынактын катышуучуларынын долбоордук сунуштарын изилдөө жана баалоо;
2) сунушталган долбоорду жүзөгө ашыруу боюнча сынактын катышуучусунун мүмкүнчүлүгүн, зарылдыгына жараша, ал иштеген жерге баруу менен баалоо;
3) ушул Мыйзамга ылайык сынак тандоосунан өткөн долбоордук сунуштарды жактыруу же сынак тандоосунан өтпөй калган долбоордук сунуштарды четке кагуу жөнүндө чечимдерди кабыл алуу;
4) долбоордук сунуштарды баалоого көмөктөшүү үчүн эксперттерди тартуу жөнүндө чечим кабыл алуу;
5) программаны жана коомдук пайдалуу долбоорду жүзөгө ашырууга тиешелүү маселелер боюнча сунуштарды жана сунуштамаларды мамлекеттик заказчынын кароосуна киргизүү;
6) гранттык комиссиянын иши үчүн керектүү маалыматтарды мамлекеттик заказчыдан суроо;
7) мамлекеттик заказчыдан ушул Мыйзамдын ченемдерин аткарууну талап кылуу.
24-берене. Гранттык комиссиянын мүчөлөрүнүн укуктары жана милдеттери
1. Гранттык комиссиянын мүчөсү төмөнкүлөргө укуктуу:
1) сынактын катышуучулары берген арыздарды жана документтерди текшерүүгө;
2) гранттык комиссиянын иш регламентине ылайык гранттык комиссиянын отурумунда чыгып сүйлөөгө;
3) талкууланып жаткан маселе боюнча калгандардан айырмаланган өзгөчө пикирди айтууга жана протоколго киргизүүгө.
2. Гранттык комиссиянын мүчөсү төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) гранттык комиссиянын чечимдерине ылайык долбоордук сунуштарды текшерүүгө;
2) долбоордук сунуштарды баалоого;
3) гранттык комиссиянын жыйындарына өзү катышууга жана добуш берүүгө, өз добушун гранттык комиссиянын башка мүчөсүнө бербөөгө;
4) алынган жана пайдаланылган маалыматтардын жашыруундугун сактоого.
3. Гранттык комиссиянын мүчөлөрүнө кимдир бирөө (сынактын катышуучусу, мамлекеттик заказчы, гранттык комиссиянын айрым мүчөлөрү) менен сынактын тигил же бул катышуучусун жеңүүчү деп таануу (жеңүүчү деп таануудан баш тартуу жөнүндө) жашыруун сүйлөшүүлөрдү же комиссиянын жыйынынан тышкары сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө тыюу салынат.
25-берене. Коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашыруу сынагынын катышуучуларына карата талаптар
1. Ушул Мыйзамдын 5-беренесинде каралган чөйрөлөрдө өз ишин жүргүзгөн, сынактын жарыяланган темасынын чөйрөсүндө бир жылдан кем эмес иш тажрыйбасы бар, салыктар жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүндө карызы жок коммерциялык эмес уюмдар (саясий партиялардан тышкары) сынактын катышуучулары боло алышат.
2. Сынактын катышуучусу юридикалык жак катары катталууга жана өзүнүн банк эсеби болууга тийиш. Эгерде сынактын катышуучусунун банк эсеби болбосо, анда ага сынактын документтерин берген күндөн тартып 10 календардык күндүн ичинде банк эсебин ачууга мүмкүнчүлүк берилет.
3. Бир нече коммерциялык эмес уюмдар келишимдик негизде долбоордук топту (мындан ары - консорциум) түзүп, сынакка катышуу үчүн жалпы арыз жана долбоордук сунуш бере алышат. Бул учурда арызда жана долбоордук сунушта уюмдар арасында функциялар, бюджет, жоопкерчилик жана долбоорду жүзөгө ашырууда алардын ар биринин салымы чектелүүгө, ошондой эле коомдук пайдалуу долбоорлордун сынагынын катышуучусу катары консорциумдун атынан иштей турган консорциумдун мүчөсү аныкталууга тийиш.
4. Бир коммерциялык эмес уюм коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууга сынактын бир темасынын алкагында бир консорциумдун курамында гана катыша алат. Бир коммерциялык эмес уюм коомдук пайдалуу долбоорлордун сынагынын бир темасынын алкагында бир гана арыз бере алат.
26-берене. Коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашыруу сынагына катышуу үчүн керектүү документтер
1. Коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашыруу сынагына катышуу үчүн арызда уюмдун уюштуруу-укуктук формасы, аталышы, почта дареги, телефон номери, уюмдун электрондук почта дареги, уюмдун жетекчисинин уюлдук телефон номери, ошондой эле сунушталган долбоордун темасынын аталышы жөнүндө маалымат камтылууга тийиш.
2. Консорциумдун атынан сынакка катышууга берилген арыз консорциумдун бардык мүчөлөрүнүн уюштуруу-укуктук формасы, аталышы, почта дареги, телефон номери, электрондук почта дареги жана консорциумдун атынан иштеген уюмдун жетекчисинин уюлдук телефон номери, ошондой эле сунушталган долбоордук сунуштун темасынын аталышы жөнүндө маалыматты камтууга тийиш.
3. Арызга төмөндөгү документтер тиркелүүгө тийиш:
1) коммерциялык эмес уюмдун юридикалык жак катары катталышы жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;
2) коммерциялык эмес уюмдун уставынын көчүрмөсү;
3) сынактын темасы менен дал келген ишти жүргүзүү жагынан уюмдун мурдагы жылга (же, сынактын катышуучусунун каалоосу боюнча, өткөн бир нече жылга) карата ишин сүрөттөө;
4) коомдук пайдалуу долбоордун аткаруучуларынын билими жөнүндө тийиштүү документтердин көчүрмөлөрү жана резюмеси (коомдук пайдалуу долбоорду жүзөгө ашыруу белгилүү квалификациясы бар кызматкерлерди тартууну талап кылган учурларда);
5) коммерциялык эмес уюмдун:
а) салыктар жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздарынын жоктугу;
б) коомдук пайдалуу долбоорду жүзөгө ашырууга терс таасирин тийгизиши мүмкүн болгон карыздары жана башка милдеттемелери болбогондугу жөнүндө катышуучунун билдирүүсү;
6) долбоордук сунуш жана анын бюджети.
4. Консорциумдун арызына консорциумдун бардык мүчөлөрүнүн ушул берененин 3-бөлүгүнүн 1-3 жана 5-пункттарында каралган документтери тиркелүүгө тийиш.
5. Сынактын документтери төмөнкүдөй бөлүнөт:
1) ачык:
а) салыктар жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрү жана башка милдеттенмелер боюнча карыздардын жоктугу жөнүндө билдирүү;
б) мурдагы жылга карата уюмдун иши жөнүндө программалык отчеттун, уюмдун юридикалык жак катары катталышы жөнүндө күбөлүктүн, уюмдун уставынын көчүрмөлөрү;
в) коомдук пайдалуу долбоордун аткаруучуларынын билими тууралуу документтеринин көчүрмөсү жана резюмеси (автобиографиялык маалыматтар);
2) жабык (жашыруун) – долбоордук сунуш жана анын бюджети, алар:
а) мөөр басылган конвертте берилет же
б) электрондук почта аркылуу коддолгон формада PDF форматында сканерленген түрдө жөнөтүлөт. Гранттык комиссия долбоордук сунуштарды карап баштоонун алдында коддун шифри гранттык комиссиянын төрагасына анын сурамы боюнча электрондук почта аркылуу жөнөтүлөт.
6. Ушул Мыйзамда каралбаган документтерди талап кылууга жол берилбейт.
27-берене. Сынактын катышуучуларынын электрондук маалыматтар базасы
1. Мамлекеттик заказчы сынактын катышуучуларынын электрондук маалыматтар базасын жүргүзөт. Расмий сайт болгон учурда, сынактын катышуучуларынын электрондук маалыматтар базасын мамлекеттик заказчы өзүнүн расмий сайтында жүргүзөт.
2. Сынактын катышуучуларынын электрондук маалыматтар базасы сынакка катышууга арыз берүү күнү жөнүндө маалыматты, ушул Мыйзамдын 26-беренесинин 1 жана 2-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн маалыматты жана ушул Мыйзамдын 26-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-5-пункттарында көрсөтүлгөн документтердин электрондук версияларын камтыйт.
3. Сынакка катышууга биринчи жолу арыз берген коммерциялык эмес уюм мамлекеттик заказчы тарабынан сынактын катышуучуларынын электрондук маалыматтар базасына катталат.
4. Коммерциялык эмес уюм сынактын катышуучуларынын электрондук маалыматтар базасында катталуу үчүн мамлекеттик заказчыга сынакка катышуу жөнүндө арызды жана ушул Мыйзамдын 26-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-5-пункттарында саналган документтердин көчүрмөлөрүн (кагаз түрүндө), ошондой эле алардын PDF форматындагы электрондук көчүрмөлөрүн берет. Документтерди электрондук почта менен, мамлекеттик заказчынын расмий сайты же атайын Интернет-сайт аркылуу бергенде - документтердин катуу (кагаз) көчүрмөлөрүн берүү талап кылынбайт.
5. Мамлекеттик заказчы коммерциялык эмес уюмдун сынакка катышуу жөнүндө арызын алган күндөн тартып 5 календардык күндөн кеч эмес, ушул Мыйзамдын 26-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-5-пункттарында көрсөтүлгөн документтердин көчүрмөсүн тиркеп, аны сынактын катышуучуларынын электрондук маалыматтар базасына киргизүүгө милдеттүү.
6. Мамлекеттик заказчы коммерциялык эмес уюмду сынактын катышуучуларынын электрондук маалыматтар базасына киргизгенден кийин, келечекте бул коммерциялык эмес уюм коомдук пайдалуу долбоорлордун сынагына катышкан учурда, эгерде мурдагы сынакка катышкан күндөн тартып бул документтерге өзгөртүүлөр киргизилбесе, андан ушул Мыйзамдын 26-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-3-пункттарында саналган документтерди берүү андан талап кылынбайт.
7. Коммерциялык эмес уюм сынактын катышуучуларынын электрондук маалыматтар базасына катталгандан кийин, коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууга ар бир кийинки сынакка катышканда, мамлекеттик заказчыга кат түрүндө төмөнкүлөрдү билдирет:
1) ушул Мыйзамдын 26-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-3-пункттарында саналган анын документтериндеги өзгөрүүлөр жөнүндө жана өзгөргөн документтердин акыркы версияларынын көчүрмөлөрүн билдирүүгө тиркейт, же
2) ушул Мыйзамдын 26-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-3-пункттарында саналган анын документтерине өзгөртүүлөр киргизилбегендиги жөнүндө билдирет.
28-берене. Сынактын документтерин берүү жана кабыл алуу
1. Сынактын документтерин берүү мөөнөтү коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууга сынак жарыяланган күндөн тартып 30 календардык күндөн кем эмес жана 40 календардык күндөн көп эмес болушу керек.
2. Сынакка катышуу жөнүндө арыз, ошондой эле ага тиркелген документтер арыз ээсинин тандоосу боюнча, төмөндөгү жолдордун бири аркылуу берилиши мүмкүн:
1) мамлекеттик заказчы же анын аймактык түзүмү аркылуу гранттык комиссиянын өзүнө берүү;
2) мамлекеттик заказчы аркылуу заказ катты кабарлоо менен почта аркылуу гранттык комиссияга жөнөтүү;
3) сканерлөө жана мамлекеттик заказчы аркылуу ушул Мыйзамдын 26-беренесинин 5-бөлүгүндөгү 2-пунктунун б) пунктчасында каралган тартипте электрондук почта аркылуу гранттык комиссияга жөнөтүү;
4) мамлекеттик заказчынын расмий сайты же ушул Мыйзамдын 13-беренесинде каралган атайын Интернет-сайт аркылуу гранттык комиссияга жөнөтүү.
3. Сынакка катышуу жөнүндө арызды, ошондой эле ага тиркелген документтерди алгандан кийин, мамлекеттик заказчы сынакка катышуу үчүн арызды жана тиркелген документтерди кабыл алуу жөнүндө маалымкатты арыз ээсине берет. Эгерде сынакка катышуу жөнүндө арыз, ошондой эле ага тиркелген документтер почта, электрондук почта, мамлекеттик заказчынын расмий сайты же атайын Интернет-сайт аркылуу алынса, - мамлекеттик заказчы сынакка катышуу үчүн арызды жана тиркелген документтерди электрондук почта аркылуу же арыз ээсинин билдирүүнү алгандыгын ырастоого мүмкүндүк берген башка жол менен алгандыгы жөнүндө арыз ээсине кабарлайт.
4. Мамлекеттик заказчы сынакка катышуучуларды каттоо журналына сынактын катышуучусун каттайт жана ага арыз ээсинин маалыматтарын киргизет.
5. Сынактын катышуучуларын каттоо журналы төмөндөгү маалыматтарды камтууга тийиш:
1) арызды берүүнүн датасы жана убактысы;
2) арыздын каттоо номери;
3) коммерциялык эмес уюмдун аталышы;
4) уюмдун почта дареги, электрондук почта дареги жана телефон номери;
5) уюмдун жетекчисинин аты-жөнү;
6) долбоордук сунуштун аталышы;
7) арыз берген адамдын аты-жөнү;
8) тиркелген документтердин тизмеги.
6. Каттоо журналы мамлекеттик заказчынын каалоосу боюнча кагаз же электрондук түрдө жүргүзүлөт.
7. Коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууга сынакка катышууга арыздар жок болгондо же бир арыз келип түшкөн учурда, сынак өткөн жок деп таанылат.
29-берене. Сынактын катышуучусунун жана анын арызынын сынактын шарттарына ылайык келүүсүн текшерүү
1. Гранттык комиссия сынактын катышуучусунун жана анын арызынын сынактын шарттарына ылайык келүүсүн аныктоо максатында төмөнкүлөрдү текшерет:
1) сынак жөнүндө жарыяда көрсөтүлгөн мөөнөттөрдө сынакка катышуу жөнүндө арыздын, документтердин бардык тизмеси менен өз убагында берилишин;
2) сынакка катышуу жөнүндө арызда ушул Мыйзамдын 26-беренесинин 1 жана 2-бөлүктөрүндө каралган маалыматтын болушун;
3) ушул Мыйзамдын 26-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган документтердин болушун (ушул Мыйзамдын 27-беренесинин 6 жана 7-бөлүктөрүндө каралган шарттарды эске алуу менен).
2. Арыз ээси төмөндөгү учурларда сынакка катышууга киргизилбейт:
1) сынак жөнүндө жарыяда көрсөтүлгөн мөөнөт бүткөндөн кийин арыз берилсе;
2) ушул Мыйзамдын 25-беренесинде коюлган талаптарга арыз ээси-уюм ылайык келбесе;
3) долбоордук сунуш сынактын темасына дал келбесе;
4) сунушталган долбоордун бюджетинин суммасы сынак жөнүндө жарыяда көрсөтүлгөн гранттын максималдуу суммасынан ашса (эгерде жарыяда максималдуу сумма белгиленсе);
5) атайылап жалган маалымат берилсе.
30-берене. Коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууга сынакты өткөн жок деп таануу жана кайталап сынак өткөрүү учурлары
1. Коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууга сынакка бир тема боюнча экиден кем арыз ээси катышууга киргизилген учурда, айрым темалар боюнча сынак өткөн жок деп таанылат.
2. Коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууга сынак өткөн жок деп таанылган учурда, мамлекеттик заказчы таанылган күндөн тартып 10 календардык күндөн кеч эмес коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууга сынакты кайрадан жарыялоого же коомдук пайдалуу долбоорлорго арналган каражаттарды мамлекеттик социалдык заказдын башка формаларын ишке ашырууга колдонууга милдеттүү.
3. Коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууга кайталанган сынак ушул Мыйзамдын 3-бабында каралган эрежелер боюнча өткөрүлөт.
31-берене. Долбоордук сунуштарды баалоо критерийлери
1. Коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууга сынактын катышуучуларынын долбоордук сунуштары төмөндөгү критерийлер боюнча баллдык шкала боюнча бааланат:
1) сунушталган долбоордун жарыяланган сынактын максаттарына жетүүгө багытталгандыгы:
а) долбоордук сунуштун жарыяланган сынактын темасына дал келүү деңгээли;
б) долбоордун максаттарын жана милдеттерин коюунун тактыгы;
в) сунушталган иш-чаралардын жүзөгө ашырыла тургандыгы;
г) коомдук пайдалуу максаттарга жетүүнүн инновациялык ыкмаларынын болушу.
2) долбоорду жүзөгө ашырууга сынактын катышуучусунун ресурстук жана кесиптик мүмкүнчүлүктөрүнүн ылайык келиши:
а) сынактын катышуучусунун техникалык жана мүлктүк дарамети;
б) коюлган маселелерди чечүүдө ийгиликтүү тажрыйбанын болушу;
в) персоналдын кесипкөйлүк деңгээли.
3) долбоордун актуалдуулугу:
а) долбоордун көйгөйлөрдү чечүүгө жана максаттуу топтун муктаждыктарын канааттандырууга багытталышы;
б) убай көрүүчүлөрдү камтуу масштабы.
4) долбоордун бюджети:
а) бюджетте долбоордун иш-чараларын жүзөгө ашыруунун тийиштүү чагылдырылышы;
б) чыгымдардын негиздүүлүгү жана жол берилгендиги.
5) долбоорду жүзөгө ашыруу үчүн башка булактардан кошумча каржылоону тартуу (муну колдонуу мүмкүн болгон учурларда):
а) уюмдун жеке салымынын өлчөмү;
б) кошумча тартылган каражаттардын көлөмү.
6) долбоордон күтүлүүчү натыйжалуулугу:
а) долбоордон күтүлүүчү жыйынтыктардын сандык көрсөткүчтөрүнүн болушу;
б) долбоор аяктагандан кийин максаттуу топ үчүн оң таасири.
7) коомдук пайдалуу долбоордун алкагында долбоорду каржылоо аяктагандан кийин ишти улантуу мүмкүнчүлүгү (муну колдонуу мүмкүн болгон учурларда).
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн баалоо критерийлеринин негизинде мамлекеттик заказчы долбоордук сунуштарды баалоо методикасын жана гранттык комиссия жана тартылган эксперттер тарабынан долбоордук сунуштарды баалоодо колдонулуучу баалоо барагын иштеп чыгат жана бекитет.
3. Мамлекеттик заказчы сынактын жарыяланган темасынын өзгөчөлүктөрүнө жараша долбоордук сунуштарды баалоо үчүн кошумча критерийлерди белгилеп, алардын ар бири боюнча баллдын санын аныктай алат. Кошумча критерийлер боюнча баллдын суммасы ушул берененин 1-бөлүгүндө саналган критерийлер боюнча коюлган баллдын суммасынын 10 пайызынан ашпоого тийиш.
4. Долбоордук сунушта арифметикалык каталар болгон учурда гранттык комиссия табылган арифметикалык каталарды жоюу сунушу менен коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашыруу сынагынын катышуучусуна кайрылууга укуктуу.
32-берене. Долбоордук сунуштарды баалоо үчүн тартылган эксперттер
1. Мамлекеттик социалдык заказды ишке ашырып жаткан ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ушул Мыйзамдын 5-беренесинде каралган чөйрөлөрдөгү долбоордук сунуштарды баалоо үчүн эксперттердин электрондук маалыматтар базасын түзөт, дайыма толуктап жана жаңылап турат жана өзүнүн расмий сайтында аны жайгаштырат.
2. Мамлекеттик социалдык заказды ишке ашырып жаткан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы төмөнкүлөргө укуктуу:
1) ушул Мыйзамдын 5-беренесинде каралган чөйрөлөрдөгү долбоордук сунуштарды баалоо үчүн эксперттердин электрондук маалыматтар базасын түзүүгө, аны дайыма толуктоого жана жаңылоого; же
2) долбоордук сунуштарды баалоо үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан түзүлгөн, алардын расмий сайттарында жайгаштырылган эксперттердин электрондук маалыматтар базасын колдонууга.
3. Ушул Мыйзамдын 5-беренесинде каралган бир же бир нече чөйрөдө 3 жылдан кем эмес ийгиликтүү иш тажрыйбасы бар адамдар эксперттердин электрондук маалыматтар базасына киргизилиши мүмкүн. Маалыматтар базасында эксперттер иш чөйрөсүнө жараша топтоштурулат.
4. Эксперттердин электрондук маалыматтар базасын түзүү жана толтуруу үчүн мамлекеттик заказчы өзүнүн расмий сайтында долбоордук сунуштарды баалоо боюнча эксперттерди тандоо жөнүндө тиешелүү жарыяны жайгаштырат, ошондой эле аны республикалык же жергиликтүү жалпыга маалымат каражаттарында жарыялайт, алардын нускалары жана жайылтуу аймагы потенциалдуу эксперттердин маалымдуулугун камсыздайт.
5. Экспертти электрондук маалыматтар базасына киргизүү үчүн эксперттин арызын жана анын резюмесин, байланыш маалыматтарын, ушул Мыйзамдын 5-беренесинде каралган чөйрөлөрдө анын компетенциясын ырастаган иш тажрыйбасы жөнүндө маалыматтарды, ошондой эле эксперттин кесиптик сапатын көрсөтүп турган иштеген ордун жана ээлеген кызматын көрсөтүү менен үч адамдын байланыш маалыматтарын берүү керек.
6. Мамлекеттик заказчы эксперт жөнүндө берилген маалыматтардын аныктыгын текшерет. Зарыл болгон учурда, билими жөнүндө тиешелүү документтерди сурайт, башка булактардан ал жөнүндө кошумча маалыматты чогултат жана сунушталган адамдын квалификациясы ырасталганда аны эксперттердин электрондук маалыматтар базасына киргизет.
7. Мамлекеттик социалдык заказдын алкагында долбоордук сунуштарды баалоо үчүн эксперттердин электрондук маалыматтар базасын түзүү, толуктоо жана пайдалануу жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
8. Зарылдыгына жараша, жарыяланган сынактын темасы боюнча эксперттердин саны жетиштүү болгон учурда гранттык комиссия долбоордук сунуштарды баалоо үчүн эксперттерди тартуу жөнүндө чечим кабыл алат. Мындай учурларда гранттык комиссия эксперттерди мамлекеттик заказчынын электрондук маалыматтар базасынан тартат. Квалификациясы коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууга жарыяланган сынактын тематикасына ылайык келген эксперттер тартылат.
9. Эгерде маалыматтар базасында сынактын бир темасы боюнча эксперттердин саны үчтөн көп болсо, анда гранттык комиссия тарабынан аныкталган тартипте чүчүкулак өткөрүлөт.
10. Мамлекеттик заказчынын жана гранттык комиссиянын биргелешкен чечими боюнча, эксперттер коомдук пайдалуу долбоорлорду баалоого акы төлөнүүчү же акысыз негизде эксперттер менен макулдашуу боюнча тартылышы мүмкүн.
11. Эксперттерди тарткан учурда гранттык комиссия, өзүнүн кароосу боюнча, эксперттерге коддолгон (баалоонун калыстыгынын деңгээлин жогорулатуу максатында) же коддолбогон долбоордук сунуштарды баалоо үчүн бериши мүмкүн.
33-берене. Коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууга сынактын жеңүүчүлөрүн аныктоодо кызыкчылыктардын келишпестигин алдын алуу, аныктоо жана жоюу
1. Бюджеттик каражаттарды өзүм билемдик негизде, анын ичинде жеке жана башка себептер боюнча берилишин болтурбоо үчүн сынактын жеңүүчүлөрүн тандоо механизми долбоордук сунуштарга калыс жана объективдүү баа берүүнү караштырууга тийиш.
2. Гранттык комиссиянын мүчөсү же эксперт, эгерде анын сынактын кайсы бир катышуучусуна түз же кыйыр кызыгуусу бар болсо (кызыкчылыктардын кагылышынын болушу), бул жөнүндө гранттык комиссияга ачык билдирүүгө жана сынактын бул катышуучусунун долбоордук сунушун талкуулоодо жана/же ал боюнча добуш берүүдө катышпоого милдеттүү.
3. Гранттык комиссиянын тигил же бул мүчөсүнүн же эксперттин түз же кыйыр кызыгуусу (кызыкчылыктардын кагылышынын болуусу) бар экендиги белгилүү болгон сынактын катышуучусу, бул жөнүндө долбоордук сунуштарды баалоону баштаганга чейин гранттык комиссияга жазуу жүзүндө билдирүүгө милдеттүү, ал эми гранттык комиссия ушул берененин 2-бөлүгүндө белгиленген эрежелер боюнча кызыкчылыктардын кагылышын жоюу жөнүндө чечим кабыл алууга тийиш.
4. Гранттык комиссиянын мүчөлөрүндө же эксперттерде кызыкчылыктардын кагылышынын болушу менен кабыл алынган гранттык комиссиянын чечимдери жокко чыгарууга жатат. Сынактын катышуучулары же башка кызыкдар адамдар гранттык комиссия чечим кабыл алган күндөн тартып бир айдан кеч эмес мөөнөттө кызыкчылыктардын кагылышынын болушу менен кабыл алынган гранттык комиссиянын чечимин жокко чыгаруу жөнүндө тийиштүү арыз менен мамлекеттик заказчыга кайрылууга, же мындай чечимди сот тартибинде даттанууга укуктуу.
5. Кызыкчылыктардын кагылышынын болуусу менен кабыл алынган гранттык комиссиянын чечими жокко чыгарылган учурда, коомдук пайдалуу долбоорду жүзөгө ашыруу жөнүндө келишим (эгерде ал түзүлгөн болсо) жараксыз деп табылат, ал эми гранттык комиссия алган баллдын саны боюнча тизмеде кийинки турган сынактын башка катышуучусуна грантты берүү жөнүндө чечим кабыл алат.
6. Кызыкчылыктардын кагылышынын бар экендигин жашырган гранттык комиссиянын мүчөсү же эксперт Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат. Гранттык комиссиянын мүчөсүндө кызыкчылыктардын кагылышы бар экендиги жөнүндө билдирбеген жана сынактын жеңүүчүсү деп таанылган, аны кызыкчылыктардын кагылышы менен кабыл алуу себеби боюнча гранттык комиссиянын чечими жокко чыгарылган сынактын катышуучусу коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашыруу сынагына катышууга 3 жылдын аралыгында киргизилбейт.
34-берене. Долбоордук сунуштарды баалоо ыкмалары
1. Гранттык комиссия долбоордук сунуштарды төмөндөгү ыкмалардын бири менен баалайт:
1) жарыяланган сынактын бардык темалары боюнча сынактын катышуучуларынын бардык долбоордук сунуштарын ушул Мыйзамдын 35-беренесинде каралган тартипте өз алдынча баалайт;
2) келип түшкөн долбоордук сунуштардын бир бөлүгүн өз алдынча баалайт, ал эми долбоордук сунуштардын калган бөлүктөрүн баалоо үчүн эксперттерди тартат;
3) бардык долбоордук сунуштарды баалоо үчүн эксперттерди тартат.
2. Гранттык комиссия долбоордук сунуштарды баалоо ыкмасын тандоо жөнүндө добуш берүү аркылуу чечим кабыл алат. Чечим добуштардын жөнөкөй көпчүлүгү менен кабыл алынат жана гранттык комиссиянын жыйынынын протоколуна киргизилет.
35-берене. Гранттык комиссиянын долбоордук сунуштарды баалашы
1. Долбоордук сунуштар сынактын документтерин кабыл алуу аяктаган күндөн тартып 30 календардык күндүн ичинде бааланат.
2. Гранттык комиссиянын мүчөлөрү тарабынан долбоордук сунуштар төмөндөгү тартипте бааланат:
1) долбоордук сунуштар гранттык комиссиянын мүчөлөрүнө электрондук формада, PDF форматында берилет;
2) гранттык комиссиянын мүчөсү ар бир долбоордук сунушту изилдейт;
3) гранттык комиссиянын мүчөсүнө ар бир долбоордук сунуш боюнча баалоо барагы берилет;
4) долбоордук сунуштарды изилдегенден кийин, гранттык комиссия тарабынан ар бир долбоордук сунуш талкууланат, андан кийин гранттык комиссиянын мүчөсү ар бир баалоо критерийи боюнча баалоо барагында ага балл коёт;
5) гранттык комиссиянын мүчөсү бардык баалоо критерийлери боюнча баалоо барагында койгон балл бир-бирине кошулат жана чыккан сумма гранттык комиссиянын мүчөсүнүн долбоордук сунуш боюнча баасы катары эсептелет;
6) ар бир долбоордук сунуш боюнча гранттык комиссиянын мүчөлөрүнүн койгон баалары кошулат жана баалоо барактарынын санына барабар санга бөлүнөт, алынган орточо сан долбоордук сунуш боюнча жыйынтыктоочу балл болуп эсептелет;
7) долбоордук сунуш боюнча жыйынтыктоочу балл азаюу тартибинде жалпы рейтинг тизмесине киргизилет;
8) эгерде бир нече долбоордук сунуш бирдей санда балл алса, анда алар сынакка катышуу үчүн документтердин бардык пакетин берүү убактысы боюнча (хронологиялык ырааттуулук) рейтинг тизмесине киргизилет; бардык документтердин пакетин бир убакта берген учурда, ушул долбоордук сунуштардын рейтинг тизмесиндеги ордун аныктоо үчүн гранттык комиссия аныктаган тартипте чүчүкулак өткөрүлөт;
9) гранттык комиссиянын чечими менен рейтинг тизмесинде долбоордук сунуштары эң жогорку балл алган сынактын катышуучулары жарыяланган сынактын темасы боюнча жеңүүчүлөрү болуп таанылат.
36-берене. Эксперттерди тартуу менен долбоордук сунуштарды баалоо тартиби
1. Гранттык комиссия эксперттерди тартуу менен сынактын катышуучуларынын долбоордук сунуштарын баалаган учурда долбоордук сунуштар төмөндөгү тартипте бааланат:
1) гранттык комиссия эксперттерге долбоордук сунуштарды кагаз же электрондук түрдө берет;
2) эксперттер мамлекеттик заказчы тарабынан бекитилген баалоо критерийлерине ылайык долбоордук сунуштарды баалайт;
3) гранттык комиссия тарабынан эксперттик баалоо үчүн берилген ар бир долбоордук сунуш мамлекеттик заказчынын эксперттердин электрондук маалыматтар базасынан ушул Мыйзамдын 32-беренесинде белгиленген тартипте тандалган 3төн кем эмес эксперт тарабынан бааланууга тийиш;
4) эксперт баалоо үчүн алынган долбоордук сунушту изилдейт, мамлекеттик заказчы тарабынан иштелип чыккан жана бекитилген баалоо барагын толтурат жана коюлган бааларды негиздөө менен баалоонун жыйынтыктары боюнча корутунду даярдайт;
5) ар бир критерий боюнча эксперт тарабынан коюлган балл кошулат жана келип чыккан сумма долбоордук сунуш боюнча эксперттин баасы болуп эсептелет;
6) баалоодон кийин эксперт гранттык комиссияга толтурулган жана кол коюлган баалоо барактарын жана коюлган баллды негиздөө менен баалоонун жыйынтыктары боюнча корутундуларды берет; эксперттердин баалоо жыйынтыктары сунуштама мүнөзүнө ээ;
7) ар бир долбоордук сунуш боюнча эксперттердин баалары гранттык комиссия тарабынан кошулат жана баалоо барактарынын санына барабар санга бөлүнөт, алынган орточо сан долбоордук сунуш боюнча жыйынтыктоочу балл болуп эсептелет;
8) гранттык комиссия эксперттер тарабынан долбоордук сунуштар боюнча коюлган жыйынтыктоочу баллды протокол түрүндө бекитет (коюлган баллды өзгөртүүсүз) жана ушул Мыйзамдын 35-беренесинин 2-бөлүгүнүн 7-9-пункттарында каралган тартипте рейтинг тизмесин түзөт жана сынактын жеңүүчүлөрүн аныктайт.
2. Гранттык комиссиянын мүчөлөрүнүн көпчүлүгү эксперттердин баалоо жыйынтыктарына макул болбогон учурда, гранттык комиссия ушул Мыйзамдын 35-беренесинде аныкталган тартипте шектенүүлөрдү (кайчы пикирлерди) жараткан долбоордук сунушту өз алдынча баалоого укуктуу.
37-берене. Коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашыруунун жыйынтыгы боюнча сынактын жыйынтыгын чыгаруу жана жыйынтыктары жөнүндө коомчулукка маалымдоо
1. Сынактын ар бир темасы боюнча жеңүүчү катары тааныла турган коомдук пайдалуу долбоорлордун санын гранттык комиссия бюджетте коомдук пайдалуу долбоорлорго каралган каражаттардын көлөмүнө жараша аныктайт.
2. Сынакта жеңген коммерциялык эмес уюмдардын тизмеси гранттык комиссиянын протоколу менен бекитилет, анын негизинде 3 жумушчу күндөн кеч эмес мамлекеттик заказчынын буйругу чыгат. Бул тизме акыркы болуп саналат жана мамлекеттик заказчы тарабынан бир тараптуу тартипте өзгөртүлбөйт.
3. Мамлекеттик заказчынын буйругу жана рейтинг тизмеси мамлекеттик заказчынын расмий сайтына сынакта жеңген уюмдардын аталышын, каржылануучу коомдук пайдалуу долбоорлорду жана алар алган баллды көрсөтүү менен буйрук чыккан күндөн тартып 3 жумушчу күндөн кеч эмес жарыяланат, ал эми расмий сайты болбогон учурда – анын маалымат тактасында жайгаштырылат.
4. Коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууга сынактын жеңүүчүлөрүнүн тизмеси жарыяланган датадан тартып 7 календардык күндүн ичинде сынактын жеңүүчүлөрү гранттык комиссияга салыктар жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызы жоктугу жөнүндө маалымкатты берүүгө милдеттүү.
5. Ушул берененин 4-бөлүгүндө көрсөтүлгөн маалымкаттарды белгиленген мөөнөттө бербөө, же сынактын катышуучусунун карызы бар экендиги жөнүндө маалыматты камтыган маалымкаттарды берүү, же калпыс маалыматты камтыган маалымкаттарды берген учурда, ошондой эле сынактын катышуучусу келишим түзүүдөн баш тарткан учурда, бул катышуучу сынактын жеңүүчүлөрүнүн катарынан чыгарылат, ал эми кийинки эң көп балл алган катышуучу, ал гранттык комиссияга ушул берененин 4-бөлүгүндө көрсөтүлгөн маалымкаттарды аны сынактын жеңүүчүлөрүнүн тизмесине киргизген күндөн тартып 7 календардык күндүн ичинде берген шартта сынактын жеңүүчүсү болуп эсептелет.
6. Ушул берененин 4-бөлүгүндө белгиленген мөөнөттөрдө карызы жоктугу жөнүндө маалымкат берген сынактын жеңүүчүлөрү коомдук пайдалуу долбоордун аткаруучулары статусун алышат.
7. Ушул Мыйзам менен белгиленген эрежелерди бузуп өткөрүлгөн коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууга сынак кызыкдар жактын доосу боюнча сот тарабынан жараксыз деп таанылышы мүмкүн. Сынакты жараксыз деп таануу, - сынактын жеңүүчүлөрү менен түзүлгөн коомдук пайдалуу долбоорлорду жүзөгө ашыруу жөнүндө келишимдердин жараксыздыгына алып келет.
38-берене. Коомдук пайдалуу долбоорду жүзөгө ашыруу жөнүндө келишим
1. Мамлекеттик заказчы коомдук пайдалуу долбоордун аткаруучусу менен ушул Мыйзамда белгиленген тартипте коомдук пайдалуу долбоорду жүзөгө ашыруу жөнүндө келишим түзөт.
2. Коомдук пайдалуу долбоорду жүзөгө ашыруу жөнүндө келишим сынакта жеңген коммерциялык уюмдардын тизмесин бекитүү жөнүндө мамлекеттик заказчынын буйругу чыккан күндөн тартып 14 календардык күндүн ичинде түзүлүүгө тийиш.
3. Коомдук пайдалуу долбоорду жүзөгө ашыруу жөнүндө келишимдин шарттарын тараптар коомдук пайдалуу долбоордун өзгөчөлүгүнө жараша аныкташат. Коомдук пайдалуу долбоорду жүзөгө ашыруу жөнүндө келишим төмөндөгү олуттуу шарттарды караштырууга тийиш:
1) мамлекеттик заказчы тарабынан аткаруучуга коомдук пайдалуу долбоорду жүзөгө ашыруу үчүн берилүүчү гранттын жалпы суммасы, ошондой эле иш-чараларды аткаруу графиги бар кеңири бюджет;
2) тараптардын укуктары, милдеттери жана жоопкерчилиги;
3) долбоордун өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен гранттык каражаттарды которуу шарттары, гранттык каражаттар мамлекеттик заказчы тарабынан аткаруучуга бир төлөм же этабы менен бир нече төлөм боюнча которулушу мүмкүн, мында экинчи жана кийинки төлөмдөрдү которуу шарттары аткаруучунун ар бир мурунку этапта келишимдин жүзөгө ашыруу сапатына жана көлөмүнө жараша болушу мүмкүн;
4) коомдук пайдалуу долбоорду жүзөгө ашыруунун жыйынтыгында жетүүгө тийиш болгон максаттар жана көрсөткүчтөр;
5) коомдук пайдалуу долбоорду аткаруучунун мамлекеттик заказчыга коомдук пайдалуу долбоорду жүзөгө ашыруунун жүрүшү жана жыйынтыктары жөнүндө отчетту, ошондой эле финансылык отчетторду берүү тартиби, мөөнөттөрү жана этаптары;
6) берилген гранттык каражаттар жана коомдук пайдалуу долбоорду жүзөгө ашыруу боюнча коомдук пайдалуу долбоордун аткаруучусунун ишин мамлекеттик заказчы тарабынан текшерүүнүн тартиби.
4. Коомдук пайдалуу долбоорду жүзөгө ашыруу жөнүндө келишимге сынактын катышуучусунун долбоордук сунушунун негизинде түзүлгөн коомдук пайдалуу долбоорду жүзөгө ашырууга техникалык тапшырма тиркелет. Мамлекеттик заказчынын техникалык тапшырмага долбоордук сунуш менен каралбаган кошумча иш-чараларды киргизүүгө укугу жок. Өзгөчө учурларда, тараптардын экөөнүн тең жазуу жүзүндөгү макулдугу боюнча, мамлекеттик заказчы долбоордук сунуштун бюджетинин өзгөрүшүнө таасир этпеген кошумча иш-чараларды аткарууну техникалык тапшырмага кошот.
5. Келишим Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген коомдук пайдалуу долбоорду жүзөгө ашыруу жөнүндө типтүү келишимдин негизинде түзүлөт.
39-берене. Коомдук пайдалуу долбоорду жүзөгө ашыруу
1. Мамлекеттик заказчы коомдук пайдалуу долбоордун аткаруучусуна коомдук пайдалуу долбоорду жүзөгө ашыруу жөнүндө келишимде белгиленген мөөнөттөрдө гранттык каражаттарды которууга милдеттүү.
2. Аткаруучу долбоорду жүзөгө ашыруу үчүн гранттык каражаттарды коомдук пайдалуу долбоорду жүзөгө ашыруу жөнүндө келишимдин шарттарына жана долбоордун бюджетине, иш-чараларды аткаруу графигине жана техникалык тапшырмаларга ылайык колдонууга милдеттүү.
40-берене. Коомдук пайдалуу долбоордун аткаруучусун мамлекеттик колдоо
1. Аткаруучу коомдук пайдалуу долбоорду жүзөгө ашырууда мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары алардын компетенциясынын чегинде ага маалыматтык, консультациялык, усулдук, уюштуруу-техникалык колдоо көрсөтүшөт.
2. Маалыматтык жана консультациялык колдоо Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын түшүндүрүү, коомдук пайдалуу долбоорду жүргүзүү, мамлекеттик, тармактык жана региондук программаларды иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу маселелери боюнча мамлекеттик органдардын иши жөнүндө маалыматты берүү, коомдук пайдалуу долбоорду жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон статистикалык жана башка маалыматтарды берүү аркылуу жүргүзүлөт.
3. Усулдук жана уюштуруу-техникалык колдоо информациялык-маалымдама жана усулдук материалдарды иштеп чыгууга көмөктөшүү, семинарларды, конференцияларды, тренингдерди жана башка иш-чараларды уюштурууда жардамдашуу аркылуу жүргүзүлөт.
41-берене. Коомдук пайдалуу долбоорду жүзөгө ашырууну контролдоо, мониторинг жана баалоо
1. Коомдук пайдалуу долбоорду жүзөгө ашырууну жана гранттык каражаттарды пайдаланууну контролдоо мамлекеттик заказчы, ошондой эле контролдоо жана көзөмөлдөө функциялары ыйгарылган тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан жүргүзүлөт.
2. Мамлекеттик заказчы коомдук пайдалуу долбоорду жүзөгө ашырууга мониторинг жүргүзөт жана баалайт. Коомдук пайдалуу долбоорго мамлекеттик заказчы тарабынан өз алдынча же көз карандысыз эксперттерди тартуу менен мониторинг жүргүзүлөт жана бааланат.
3. Коомдук пайдалуу долбоорду жүзөгө ашырууну контролдоо, мониторинг жүргүзүү жана баалоо тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
4. Ушул берененин 1-бөлүгүндө аталган мамлекеттик заказчы жана башка мамлекеттик органдар тарабынан коомдук пайдалуу долбоорду ишке ашырууну контролдоо, мониторинг жана баалоо коомдук пайдалуу долбоорду ишке ашырууга тоскоол болбоого тийиш.
42-берене. Коомдук пайдалуу долбоорду жүзөгө ашыруу жөнүндө келишимди талаптагыдай эмес аткаруунун кесепеттери
1. Мамлекеттик заказчы коомдук пайдалуу долбоорду жүзөгө ашыруу жөнүндө келишимди аткарбоо же талаптагыдай эмес аткаруу туурасында келип түшкөн маалыматтын негизинде коомдук пайдалуу долбоорду жүзөгө ашырууну текшерүүгө укуктуу. Мамлекеттик заказчы жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча корутунду чыгарат, анда коомдук пайдалуу долбоорду аткаруучунун иши канааттанаарлык же канааттанаарлык эмес экендиги жөнүндө жыйынтыктары чагылдырылат.
2. Эгерде коомдук пайдалуу долбоорду жүзөгө ашыруу жөнүндө келишимдин аткаруучусу келишимдин олуттуу шарттарын бузса, коомдук пайдалуу долбоорду аткаруучу бул жөнүндө мамлекеттик заказчыны келишимди аткаруу токтотулган күнгө чейин 10 календардык күн мурун жазуу жүзүндө эскертүү менен келишимди аткаруудан бир тараптуу баш тартууга укуктуу.
3. Мамлекеттик заказчы коомдук пайдалуу долбоорду жүзөгө ашыруу жөнүндө келишимдин маанилүү шарттарын бузган учурда, коомдук пайдалуу долбоорду аткаруучу мамлекеттик заказчыны бул жөнүндө жазуу түрүндө 10 календардык күн мурун эскертүү менен келишимди аткаруудан бир тараптуу тартипте баш тартууга укуктуу.
4. Аткаруучуну коомдук пайдалуу долбоорду жүзөгө ашыруу жөнүндө келишимди бузуу жөнүндө кабарлаган же мамлекеттик заказчы коомдук пайдалуу долбоордун аткаруучусунан ушул берененин 3-бөлүгүнө ылайык бир тараптуу тартипте келишимди аткаруудан баш тартуу жөнүндө кат түрүндөгү кабарлоо алган күндөн тартып 10 календардык күндөн кеч эмес, мамлекеттик заказчы коомдук пайдалуу долбоордун жүзөгө ашырылган бөлүгүндө аткаруучунун ишмердигинө текшерүү жүргүзөт. Финансылык жана программалык ишин текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча тараптар протоколго кол коюшат, анда токтотуу күнгө карата коомдук пайдалуу долбоорду жүзөгө ашыруу жөнүндө келишимди аткаруунун жыйынтыктары чагылдырылат. Гранттык каражаттардын пайдаланылбаган бөлүгү биргелешкен протоколго кол коюу күнүнөн тартып 3 жумушчу күндүн ичинде мамлекеттик заказчыга кайтарып берүүгө жатат.
5. Эгерде финансылык текшерүүнүн жана коомдук пайдалуу долбоорду жүзөгө ашыруу боюнча аткаруучунун программалык ишин текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча каражаттарды максаттуу эмес пайдалануу фактысы аныкталса, коомдук пайдалуу долбоордун аткаруучусу мамлекеттик заказчыга максаттуу эмес пайдаланылган финансы каражаттарынын ордун толтуруп берүүгө милдеттүү.
6. Эгерде коомдук пайдалуу долбоордун аткаруучусу андан көз каранды болбогон себептер боюнча коомдук пайдалуу долбоорду жүзөгө ашыруу жөнүндө келишимде белгиленген мөөнттөрдө коомдук пайдалуу долбоорду жүзөгө ашырууну аяктабаса, анда, тараптардын макулдашуусу боюнча, келишим кошумча каржылоону бербестен коомдук пайдалуу долбоорду аяктоо үчүн зарыл болгон мөөнөткө узартылышы мүмкүн. Коомдук пайдалуу долбоорду жүзөгө ашыруу жөнүндө келишимдин иштөө мөөнөтүн узартуу кошумча макулдашуу түзүү аркылуу таризделет.
43-берене. Социалдык талондор аркылуу социалдык кызматтарды көрсөтүү формасында мамлекеттик социалдык заказдын аткаруучулары
Социалдык талондор аркылуу социалдык кызматтарды көрсөтүү формасында мамлекеттик социалдык заказдын аткаруучулары (мындан ары – социалдык кызматтарды аткаруучулар) юридикалык жактар (коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдар (саясий партияларды кошпогондо) жана жеке ишкерлер болушу мүмкүн.
44-берене. Социалдык талондор аркылуу социалдык кызматтарды көрсөтүү тартиби
1. Социалдык талондор аркылуу социалдык кызматтарды көрсөтүү формасында мамлекеттик социалдык заказ төмөндөгү тартипте ишке ашырылат:
1) мамлекеттик заказчы программаны жүзөгө ашыруу планына ылайык, белгиленген мөөнөттөрдө, ушул Мыйзамдын 14-беренесинде каралган тартипте төмөнкүлөрдү жарыялайт:
а) жарандарга социалдык талондор аркылуу төлөнүүчү социалдык кызмат көрсөтүү, социалдык кызматты көрсөтүүнүн шарттары (кызмат алууга укуктуу жарандардын категориялары; социалдык талондорду берүү тартиби, мөөнөттөрү жана орду) жөнүндө;
б) социалдык кызматты аткаруучуларды квалификациялык тандоонун башталышы жана ушул Мыйзамдын 46-беренесине ылайык башка маалымат жөнүндө;
2) мамлекеттик социалдык заказды жүзөгө ашырууга катышууну каалаган, жарыяда айтылган квалификациялык талаптарга жооп берген социалдык кызмат аткаруучу мамлекеттик заказчыга белгиленген мөөнөттөрдө арызды жана ушул Мыйзамдын 48-беренесинде каралган керектүү документтерди жөнөтөт;
3) квалификациялык тандоо аяктагандан кийин мамлекеттик заказчы квалификациялык тандоодон өткөн социалдык кызматты аткаруучулар менен ушул Мыйзамдын 51-беренесине ылайык социалдык талондор аркылуу төлөнүүчү социалдык кызматты көрсөтүүгө карата келишим түзөт;
4) мамлекеттик заказчы социалдык кызмат алуучуларга социалдык талондорду, ошондой эле алар кызматын пайдалана алуучу социалдык кызматты аткаруучулардын тизмесин берет;
5) социалдык кызматты көрсөтүүчүлөрдүн тизмеси мамлекеттик заказчы тарабынан социалдык кызматты көрсөтүүчүлөрдүн аталышы боюнча алфавиттик тартипте түзүлөт;
6) социалдык талон берилген социалдык кызматты алуучу тизмеде саналган (өз тандоосу боюнча) каалаган социалдык кызматты аткаруучудан, ага көрсөтүлгөн кызмат үчүн төлөм катары социалдык талонду берүү менен кызматын алууга укуктуу;
7) ар бир календардык ай аяктагандан кийин, социалдык талондор боюнча социалдык кызмат көрсөткөн социалдык кызматты аткаруучу мамлекеттик заказчыга бир ай ичинде алган социалдык талондорду берет, ал эми мамлекеттик заказчы анын банктык эсебине социалдык кызматтарды аткаруучудан алынган социалдык талондордун нак наркына барабар сумманы которот.
2. Социалдык талондор аркылуу социалдык кызматтарды көрсөтүү тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитет.
45-берене. Социалдык талондор аркылуу социалдык кызматтарды көрсөтүү формасындагы программаны жүзөгө ашыруу боюнча пландын бөлүмүнүн мазмуну
Социалдык талондор аркылуу социалдык кызматтарды көрсөтүү формасындагы программаны жүзөгө ашыруу боюнча пландын бөлүмүндө ушул Мыйзамдын 12-беренесинин 4-бөлүгүндө саналган маалыматтардан тышкары, төмөндөгүлөр чагылдырылууга тийиш:
1) социалдык талондор аркылуу көрсөтүлө турган социалдык кызматтардын тизмеси;
2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык социалдык кызматтарды алууга социалдык талондор бериле турган жарандардын категориялары жана саны;
3) социалдык талондор аркылуу көрсөтүлө турган социалдык кызматтарды көрсөтүүгө карата стандарттар же сынактык талаптар;
4) социалдык кызматтарды аткаруучуларга карата квалификациялык талаптар;
5) социалдык талондун акчалай номиналы;
6) социалдык талондорду берүү тартиби, мөөнөтү, орду жана убактысы;
7) социалдык кызматтарды көрсөтүүнүн узактыгы жана мезгилдүүлүгү;
8) социалдык кызматтарды аткаруучуларга социалдык талондордун наркын төлөп берүү тартиби;
9) программаны сапаттуу жүзөгө ашыруу максатындагы башка маалыматтар.
46-берене. Социалдык кызматты аткаруучуларга карата квалификациялык талаптар
1. Социалдык кызматты аткаруучулар төмөндөгү квалификациялык талаптарга жооп берүүгө тийиш:
1) социалдык талондор аркылуу көрсөтүлүүчү социалдык кызматтарды көрсөтүү чөйрөсүндө бир жылдан кем эмес иш тажрыйбанын болушу;
2) салыктар жана социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздын болбошу;
3) банк эсебинин болушу;
4) тиешелүү ишти жүргүзүүгө лицензиянын, аккредитациянын же уруксаттын болушу (эгерде иш лицензияланууга тийиш болсо же кызмат көрсөтүү үчүн башка уруксат керек болсо);
5) түздөн-түз социалдык кызмат көрсөтө турган кызматкерлерде лицензиянын (уруксаттын) болушу (эгерде бул Кыргыз Республикасынын мыйзамдары боюнча талап кылынса).
2. Мамлекеттик заказчы сатылып алынуучу социалдык кызматтын өзгөчөлүгүнө жараша социалдык кызмат аткаруучуларга карата төмөндөгү кошумча талаптарды коюуга укуктуу:
1) адистештирилген транспорттун жана/же жабдуунун болушу;
2) филиалдар же тейлөө түйүндөрүнүн жайылган тармагынын болушу;
3) социалдык кызмат көрсөтүү үчүн керектүү башка талаптар.
3. Социалдык кызматты аткаруучуларга карата талаптар атаандаштыкты чектөөгө багытталган шарттарды, ошондой эле мамлекеттик социалдык заказдын жаңы аткаруучуларынын программага катышуусу үчүн тоскоолдуктарды камтый албайт.
47-берене. Социалдык кызматты аткаруучуларды квалификациялык тандоонун башталышы жөнүндө жарыя
1. Социалдык кызматты аткаруучуларды квалификациялык тандоонун башталышы жөнүндө жарыя төмөндөгү маалыматтарды камтууга тийиш:
1) мамлекеттик заказчынын аталышы, анын байланыш маалыматтары (почта дареги, электрондук почта, расмий сайт дареги, телефон номери жана жооптуу адамдын байланыш маалыматтары);
2) социалдык кызматтын аталышы жана нак баасы;
3) сатылып алынуучу социалдык кызматтын стандарттары же сынактык талаптар;
4) социалдык кызматты аткаруучуларга карата квалификациялык талаптар;
5) социалдык кызматты аткаруучуларды тандоого катышуу үчүн ушул Мыйзамдын 48-беренесине ылайык арыздын мазмунуна карата талаптар жана зарыл документтердин тизмеси;
6) арызды жана тиркелүүчү документтерди берүүнүн жолу (жеке, почта аркылуу, электрондук почта аркылуу же мамлекеттик заказчынын расмий сайты аркылуу);
7) квалификациялык тандоого катышуу үчүн арызды жана документтерди берүүнүн акыркы мөөнөтү.
2. Квалификациялык тандоого катышууга арыздарды жана документтерди кабыл алуу мөөнөтү кулактандыруу жарыяланган күндөн тартып 30 календардык күндөн ашык болбошу керек.
48-берене. Арыздын мазмуну жана тиркелүүчү документтердин тизмеги
1. Квалификациялык тандоого катышууга арызда төмөнкүдөй маалымат камтылууга тийиш:
1) жеке ишкердин аты-жөнү же юридикалык жактын аталышы жана уюштуруу-укуктук формасы;
2) арыз ээси көрсөтүүчү кызматтын сүрөттөлүшү;
3) жетекчинин аты-жөнү жана өз ыйгарым укуктарын жүргүзүүгө негиз болгон документтин аталышы;
4) арыз ээсинин байланыш маалыматтары (почта дареги; жумуштагы, үйдөгү жана уюлдук телефондорунун номерлери; электрондук почтасынын жана Интернет-сайтынын (эгерде болсо) дареги);
5) салык төлөөчүнүн идентификациялык номери (СИН);
6) арыз ээсинин банк реквизиттери.
2. Арызга төмөндөгү документтер тиркелүүгө тийиш:
1) мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн же патенттин көчүрмөсү;
2) арыз ээсинин уюмдаштыруучу документтеринин көчүрмөлөрү (юридикалык жак үчүн);
3) салыктар жана социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздын жоктугу жөнүндө маалымкаттар;
4) кызмат көрсөтүүгө лицензиянын же уруксаттын көчүрмөсү (эгерде иши лицензияланууга тийиш болсо же кызмат көрсөтүү үчүн башка уруксат керек болсо);
5) аккредитациядан өткөндүгүн ырастаган документтин көчүрмөсү (эгер уюмдун мамлекеттик социалдык заказдын алкагында жүргүзгөн иши аккредитацияланууга тийиш болсо);
6) арыз ээсинин персоналынын квалификациясын ырастоочу документтердин көчүрмөлөрү (зарыл болсо);
7) арыз ээсинин уюмунун штаттык тизмеси (зарыл болсо);
8) жабдуунун, имараттардын, транспорт каражаттарынын болушу жөнүндө документтер жана талап кылынган кызматты көрсөтүүгө арыз ээсинин мүмкүнчүлүгүн ырастоочу башка документтер (зарыл болсо).
3. Сатылып алынуучу кызматтын өзгөчөлүгүнө жараша, мамлекеттик заказчы арыз ээсинен анын ушул Мыйзамдын 46-беренесинде каралган талаптарга дал келүүсүн ырастоочу документтерди берүүнү талап кылууга укуктуу.
49-берене. Квалификациялык тандоого катышуу үчүн арызды кабыл алуудан баш тартуу
1. Арыз ээсинин квалификациялык тандоого катышуу үчүн арызы төмөнкүдөй учурларда кабыл алынбашы мүмкүн:
1) жарыяда көрсөтүлгөн мөөнөт аяктагандан кийин арыз берген учурда;
2) арызда ушул Мыйзамдын 48-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган бардык маалыматтардын болбошу;
3) ушул Мыйзамдын 48-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык арызга тиркелүүгө тийиш документтер берилбесе.
2. Арызды кабыл алуудан баш тартуу арызды кабыл алуудан баш тартуунун себеби болгон кемчиликтер жоюлган жана арыз жарыяда көрсөтүлгөн мөөнөт аяктаганга чейин кайрадан берилген шартта, арыз ээсин арызды кайрадан берүү укугунан ажыратпайт.
50-берене. Квалификациялык тандоону өткөрүү тартиби
1. Социалдык кызматты аткаруучуларды квалификациялык тандоо социалдык кызматты аткаруучуларды квалификациялык тандоо жөнүндө жарыялоого чейин, мамлекеттик заказчы тарабынан түзүлүүчү комиссия тарабынан ишке ашырылат.
2. Документтерди кабыл алуу мөөнөтү аяктагандан кийин комиссия арыздарды жана аларга тиркелген документтерди квалификациялык талаптарга ылайык келишин текшерет.
3. Арыз ээсин квалификациялык талаптарга ылайык келүүсүн баалоо максатында комиссия арыз ээсинин иш жүргүзгөн ордун кароого жана арыз ээсинин ыйгарым укуктуу адамдары менен маек жүргүзүүгө укуктуу.
4. Квалификациялык тандоодон өткөн арыз ээлеринин санын чектөөгө жол берилбейт.
5. Социалдык кызматтын аткаруучулары үчүн белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келген арыз ээлери квалификациялык тандоодон өттү деп эсептелет.
6. Арыз ээси төмөндөгү учурларда квалификациялык тандоодон өткөн жок деп эсептелет:
1) социалдык кызматтын аткаруучусу үчүн белгиленген квалификациялык талаптарга арыз ээсинин ылайык келбестиги;
2) арыз ээсинин чындыкка дал келбеген маалыматтарды же документтерди берүүсү.
7. Мамлекеттик заказчы квалификациялык тандоонун жүрүшү жана жыйынтыктары жөнүндө протокол жүргүзөт, ага комиссиянын бардык мүчөлөрү кол коюшат.
8. Квалификациялык тандоонун жыйынтыктары жөнүндө комиссиянын протоколу квалификациялык тандоодон өткөн социалдык кызматты аткаруучулар менен социалдык талондор аркылуу төлөнүүчү социалдык кызматты көрсөтүүгө келишим түзүү үчүн негиздеме болуп саналат. Комиссиянын чечими мамлекеттик заказчынын буйругу менен бекитилет.
9. Квалификациялык тандоонун жыйынтыктарын бекитүү жөнүндө буйрук тандалган социалдык кызматты аткаруучулардын, квалификациялык тандоодон өтпөй калган арыз ээлеринин тизмесин камтыйт, мамлекеттик заказчынын расмий сайтында жайгаштырылат, ал эми расмий сайты болбогон учурда – анын маалымат тактасында жайгаштырылат.
10. Квалификациялык тандоонун жыйынтыктарын бекитүү жөнүндө буйрук сот тартибинде даттанылышы мүмкүн.
11. Квалификациялык тандоо документтерди кабыл алуу аяктаган күндөн тартып 14 календардык күндөн кеч эмес өткөрүлүшү керек.
12. Социалдык кызматты аткаруучуларды квалификациялык тандоо өткөн жок деп таанылган учурда, кайрадан квалификациялык тандоону жарыялоо ушул Мыйзамдын 47-беренесинде белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
51-берене. Социалдык талондор аркылуу төлөнүүчү социалдык кызматты көрсөтүүгө келишим
1. Квалификациялык тандоодон өткөн социалдык кызматты аткаруучу менен келишим мамлекеттик заказчы тарабынан квалификациялык тандоо аяктаган күндөн тартып 10 календардык күндүн ичинде түзүлөт. Келишим Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген социалдык талондор аркылуу төлөнүүчү социалдык кызматты көрсөтүүгө типтүү келишимдин негизинде түзүлөт.
2. Социалдык талондор аркылуу төлөнүүчү социалдык кызматты көрсөтүүгө келишимдин иштөө мөөнөтү программаны жүзөгө ашыруу планында каралган кызматты көрсөтүү мөөнөтүнөн кем болбошу керек.
3. Социалдык талондор аркылуу төлөнүүчү социалдык кызматты көрсөтүүгө келишимдин шарттарын тараптар кызматтын өзгөчөлүгүнө жараша аныктайт. Социалдык талондор аркылуу төлөнүүчү социалдык кызматты көрсөтүүгө келишим төмөндөгү олуттуу шарттарды караштырууга тийиш:
1) социалдык кызматты аткаруучунун жана мамлекеттик заказчынын укуктары жана милдеттери, анын ичинде социалдык кызматты аткаруучунун көрсөтүлүүчү кызматка коюлуучу талаптарды сактоосу жөнүндө шарттар;
2) келишимдин иштөө мөөнөтү;
3) көрсөтүлгөн кызматтар үчүн социалдык кызматты аткаруучу менен эсептешүү тартиби;
4) социалдык талондун формасы жана анын нак наркы;
5) мамлекеттик заказчы тарабынан кызмат аткаруучу көрсөткөн кызматтын сапатына көзөмөл жүргүзүүнүн тартиби;
6) келишимдин шарттары бузулган учурда тараптардын жоопкерчилиги.
4. Социалдык талондор аркылуу төлөнүүчү социалдык кызмат көрсөтүүгө келишим бюджеттен каржыланган учурда жана социалдык кызматты аткаруучулар келишимди талаптагыдай аткарганда кийинки календардык жылга узартылышы мүмкүн.
5. Мамлекеттик заказчы төмөндөгү учурларда социалдык талондор аркылуу төлөнүүчү социалдык кызматты көрсөтүүгө келишимди аткаруудан бир тараптуу баш тартууга же келишимди бузууга укуктуу:
1) социалдык кызматты аткаруучу келишимдин шарттарын бузуп социалдык кызмат алуучуларга бир нече ирет (эки же андан көп ирет) кызмат көрсөтүүдөн баш тартканда;
2) белгиленген талаптарга ылайык келбеген кызмат көрсөткөндө;
3) келишимдин олуттуу шарттары бузулганда.
6. Социалдык кызматы аткаруучу мамлекеттик заказчы келишимдин олуттуу шарттарын бузган учурда, социалдык талондор аркылуу төлөнүүчү социалдык кызмат көрсөтүүгө келишимди аткаруудан баш тартууга же келишимди бузууга укуктуу.
52-берене. Социалдык кызматтарды алууга карата социалдык талондорду берүү
1. Социалдык кызматты алуучуларга социалдык талондорду мамлекеттик заказчы берет.
2. Социалдык талондор арыз ээсинин жазуу жүзүндөгү кайрылуусунун негизинде берилет, анда анын социалдык кызматтарды алуучуларга карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген талаптарга ылайык келүүсү ырасталат. Арызга арыз ээсинин мындай түрдөгү кызматты алуу укугун ырастаган документтер тиркелет.
3. Социалдык талондор менен бирге социалдык кызматты алуучуларга байланыш маалыматтарын (аталышы, жайгашкан орду жана телефон номери) көрсөтүү менен, алар социалдык талондун ордуна социалдык кызмат алууга болгон кызматты аткаруучулардын тизмеси, ошондой эле социалдык кызматты алуучу социалдык талонду пайдаланууда көйгөйлөр пайда болгон учурда мамлекеттик заказчыга кайрылууга боло тургандыгы жөнүндө маалымат берилет.
4. Социалдык талондун нак наркы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте аныкталат.
5. Социалдык талондун типтүү формасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
6. Социалдык кызматтарды алууга карата социалдык талондо төмөндөгү маалыматтар бар:
1) сериясы жана номери;
2) кызматтын аталышы;
3) акчалай номиналы;
4) жарактуулук мөөнөтү;
5) социалдык кызматты алуучунун аты-жөнү жана туулган күнү;
6) берилген датасы;
7) мамлекеттик заказчынын жооптуу адамынын колу жана мамлекеттик заказчынын мөөрү.
7. Социалдык талон социалдык кызматтарды алуучуга берилүүчү бир жолку документ болуп саналат. Бир социалдык талон социалдык талондо көрсөтүлгөн бир социалдык кызматты алууга укук берет.
8. Мамлекеттик заказчы берилген социалдык талондордун реестрин түзөт жана жүргүзөт, ага берилген жана жокко чыгарылган социалдык талондор жөнүндө маалыматтар, анын ичинде социалдык талондун сериясы жана номери, социалдык талонду алуучунун аты-жөнү киргизилет.
9. Мамлекеттик заказчы берилген социалдык талондордун санын, социалдык талондордун номерлерин жана жарактуулук мөөнөттөрүн эсепке алат. Социалдык талондор так отчеттуулуктагы документ болуп саналат.
10. Дал келбестиктерди өз убагында аныктоо жана алардын себептерин белгилөө максатында социалдык кызматтарды аткаруучулар тарабынан төлөө үчүн берилген социалдык талондордун саны жөнүндө маалымат менен берилген социалдык талондордун жалпы саны жөнүндө маалымат дайыма салыштырылып текшерилет.
11. Социалдык кызматты алуучу жоготкон социалдык талондор, социалдык кызматты алуучунун күнөөсү боюнча жоголгондон башка учурларда калыбына келтирилбейт. Жоголгон социалдык талон жараксыз деп саналат жана жокко чыгарууга жатат; бул жөнүндө маалымат берилген социалдык талондордун реестрине киргизилет.
53-берене. Социалдык талондор аркылуу төлөнүүчү социалдык кызматтарды алуучунун укуктары жана милдеттери
1. Социалдык кызматтарды алуучу төмөнкүдөй укуктарга ээ:
1) социалдык кызматын пайдалана турган аткаруучуну өзүнүн кароосу боюнча аныктоого;
2) мамлекеттик заказчыдан социалдык кызматты аткаруучулар жөнүндө маалымат суроого;
3) социалдык кызматтарды алуунун шарттары, тартиби жана бул кызматты көрсөтүүгө коюлуучу талаптар жөнүндө талаптар жөнүндө түшүндүрүүлөрдү жана кеңештерди алууга;
4) белгиленген талаптарга ылайык жана тийиштүү сапаттагы кызматты алууга;
5) мамлекеттик заказчыга аткаруучунун аракетине/аракетсиздигине, көрсөтүлгөн кызматтын сапатына карата даттанууга;
6) өзүнүн даттануусун кароонун жүрүшү жөнүндө маалымат алууга.
2. Социалдык кызматтарды алуучулар төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) мамлекеттик заказчыга алардын жашоосундагы социалдык талонду берүүнү жокко чыгарууга алып келген өзгөрүүлөр башталган күндөн тартып 3 жумушчу күндүн ичинде ал жөнүндө билдирүүгө;
2) социалдык талонду белгиленген мөөнөттүн ичинде пайдаланууга;
3) социалдык талондун сакталышын жана бүтүндүгүн кароого;
4) социалдык талонду башка кишилерге социалдык кызмат алуу үчүн бербөөгө.
54-берене. Социалдык кызматтарды аткаруучуларга социалдык талондордун баасын компенсациялоо тартиби
1. Ар бир айдын бешинчи күнүнө чейин кызматтарды көрсөткөн социалдык кызматтарды аткаруучу мамлекеттик заказчыга социалдык кызматтарды көрсөтүүнүн ордуна алынган социалдык талондордун түп нускасын тиркөө менен төлөө үчүн эсепти берет.
2. Төлөө үчүн алынган эсепке жана тиркелген социалдык талондорго байланыштуу талаш-тартыштар болбогон учурда, мамлекеттик заказчы жогоруда аталган документтерди алган күндөн тартып 10 жумушчу күндүн ичинде, төлөө үчүн берилген эсепке ылайык, аткаруучу көрсөткөн кызматтарга анын банктык эсебине акча каражатын которуу жолу менен төлөйт.
55-берене. Социалдык талондор аркылуу төлөнүүчү социалдык кызматты көрсөтүү келишиминин шарттарын сактоого мониторинг жүргүзүү жана контролдоо
1. Мамлекеттик заказчы социалдык талондор аркылуу төлөнүүчү социалдык кызматты көрсөтүү келишиминин шарттарын социалдык кызматты аткаруучулардын сактоосун төмөндөгү жолдор менен контролдойт:
1) социалдык кызматты алуучулардын даттанууларын жана арыздарын кароо;
2) келишимге ылайык социалдык кызматты аткаруучунун ишин текшерүү.
2. Мамлекеттик заказчы социалдык талондор аркылуу төлөнүүчү социалдык кызматты көрсөтүү келишиминин аткарылуусуна мониторинг жүргүзүүгө укуктуу. Мониторинг социалдык кызматты аткаруучунун ишине тоскоолдук кылбоого тийиш.
3. Мониторингдин жана контролдун мамлекеттик заказчы тарабынан катталган жыйынтыктары социалдык кызматты аткаруучуга карата социалдык талондор аркылуу төлөнүүчү социалдык кызматты көрсөтүүгө карата келишим менен каралган жоопкерчилик чараларын көрүү, анын ичинде келишимди мөөнөтүнөн мурда бузуу үчүн негиз болушу мүмкүн.
56-берене. Социалдык кызматтарга карата стандарттар жана талаптар
1. Эгер сатып алынып жаткан социалдык кызмат боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар жөнүндө мыйзамдарына ылайык бекитилген стандарт болсо, сатып алынуучу социалдык кызмат ошол стандартка ылайык келүүгө тийиш.
2. Эгер сатып алынып жаткан социалдык кызмат боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар жөнүндө мыйзамдарына ылайык бекитилген стандарт болбосо, сатып алынуучу социалдык кызмат мамлекеттик заказчы тарабынан ага коюлган талаптарга ылайык келүүгө тийиш.
57-берене. Мамлекеттик социалдык заказды аткаруучуларга кошумча талаптар
Эгерде мамлекеттик социалдык заказды жүзөгө ашыруу үчүн лицензиянын же башка уруксаттын болушун, же аккредитациядан өтүүнү талап кылган ишти (аракетти) жүргүзүү талап кылынса, анда мындай мамлекеттик социалдык заказдын аткаруучусу тиешелүү лицензиясы, башка уруксаты же аккредитациясы бар юридикалык жак же жеке ишкер гана боло алат.
58-берене. Мамлекеттик социалдык заказды жүзөгө ашыруунун натыйжалуулугун контролдоо жана баалоо
Мамлекеттик социалдык заказды жүзөгө ашыруунун натыйжалуулугун, сапатын контролдоо жана баалоо мамлекеттик заказчы тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте жүргүзүлөт.
59-берене. Программаны жүзөгө ашыруу жөнүндө отчет
Мамлекеттик заказчы программаны жүзөгө ашыруунун жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө программаны жүзөгө ашыруунун жүрүшү жана жетишилген жыйынтыктар жөнүндө отчет берет. Отчет мамлекеттик заказчынын расмий сайтында жана/же Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий сайтында жайгаштырылат.
60-берене. Талаш-тартыштарды кароо
Мамлекеттик социалдык заказды жүзөгө ашыруу боюнча, анын ичинде келтирилген зыяндардын ордун толтуруу жөнүндө талаш-тартыштар жарандык-укуктук талаш-тартыштарды кароо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте каралат.
61-берене. Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө мыйзамдарды бузуу үчүн жоопкерчилик
1. Мамлекеттик социалдык заказды жүзөгө ашырууга алынган каражаттар башка максатка пайдаланылган учурда, мамлекеттик социалдык заказдын аткаруучусу жана социалдык кызматтарды мыйзамсыз алган адамдар, мамлекетке келтирилген зыяндардын ордун толтурууга милдеттүү.
2. Мамлекеттик социалдык заказды жүзөгө ашырууга алынган бюджеттик каражаттарды башка максатка пайдалангандыгы үчүн аткаруучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.
3. Мамлекеттик социалдык заказды жүзөгө ашырууга алынган бюджеттик каражаттарды башка максатка пайдалануу сот тартибинде аныкталган учурда, мамлекеттик заказчы мамлекеттик социалдык заказды аткаруучуну мамлекеттик социалдык заказдын кыянатчыл аткаруучуларынын реестрине киргизет.
4. Мамлекеттик социалдык заказдын кыянатчыл аткаруучуларынын реестрине киргизилген юридикалык жактар жана жеке ишкерлер мамлекеттик социалдык заказды жүзөгө ашырууга катышууга укугу жок. Мамлекеттик социалдык заказдын кыянатчыл аткаруучуларынын реестри мамлекеттик заказчынын расмий сайтында жайгаштырылат.
62-берене. Ушул Мыйзамды колдонууга киргизүү тартиби
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 21-июлундагы № 162 “Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө” Мыйзамы күчүн жоготту деп таанылсын («Эркин тоо» гезити, 2008-жылдын 25-июлу, № 54).
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө ушул Мыйзамды ишке ашыруу үчүн тийиштүү ченемдик укуктук актыларды кабыл алсын.
Кыргыз Республикасынын
Президенти