Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 27-апрели № 261
"Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министри ушул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
1-берене.
"Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 9, 311-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 2-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2-берене. Баалуу металлдарды жана асыл таштарды жүгүртүү жаатындагы мыйзамдар
Баалуу металлдарды жана асыл таштарды жүгүртүү жаатындагы мыйзамдар Кыргыз Республикасынын Конституциясынан, ушул Мыйзамдан жана башка ченемдик укуктук актылардан, ошондой эле баалуу металлдарды жана асыл таштарды жүгүртүү жаатындагы мамилелерди жөнгө салуучу Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерден турат.".
2. 3-беренеде:
1) 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Асыл таштар - сырьедогу жана (же) иштетилген түрүндө табигый алмаздар, изумруддар, рубиндер, сапфирлер жана александриттер, ошондой эле иштетилбеген (табигый) жана иштетилген түрдөгү табигый бермет. Бөтөнчө янтардык түзүлүштөр Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте асыл таштарга теңештирилет.";
2) төмөнкүдөй мазмундагы 4 жана 8-бөлүктөр менен толукталсын:
"Асыл таштарды экспертизалоо (идентификациялоо) - мамлекеттик контролдоону жүзөгө ашыруу үчүн колдонулуучу классификаторлорго жана прейскуранттарга ылайык жана дүйнөлүк рыноктогу бааларды эске алуу менен асыл таштардын сапаттык-түстүк, сандык жана нарктык мүнөздөмөсүн аныктоо.".
"Атайын эсепке алуу - баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды ишке ашыруучу юридикалык жактар жана жеке ишкерлердин реестрин жүргүзүү, реестрге көрсөтүлгөн адамдарды киргизүү үчүн жыйым алууну болжолдобойт.".
3. 4-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- баалуу металлдар жана асыл таштарды жүгүртүү жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүүнү камсыздайт;
- баалуу металлдар жана асыл таштар менен операциялар үчүн мамлекеттик контролдоону жүзөгө ашырат;
- зергердик жана баалуу металлдардан башка тиричилик буюмдарын сыноонун жана эн белги салуунун тартибин аныктайт.
Баалуу металлдар жана асыл таштарды жүгүртүү жаатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктарын ишке ашыруу ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
Ыйгарым укуктуу орган жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.".
4. 9-берене "юридикалык жана жеке жактар тарабынан жүргүзүлөт" деген сөздөрдөн кийин "Евразия экономикалык комиссиянын чечимдерине жана (же) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык" деген сөздөр менен толукталсын.
5. 10-берене күчүн жоготту деп таанылсын.
6. 11-берене төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:
"Баалуу металлдар жана асыл таштар, алардан жасалган зергер буюмдары (жана мындай буюмдардын сыныктары) менен операцияларды (бүтүмдөрдү) ишке ашыруучу жактар тарабынан терроризмди каржылоого каршы аракеттер жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарынын сакталышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.".
7. 14-берененин 2-бөлүгүндөгү "Өкмөтү белгилеген тартипте баалуу металлдарды жана асыл таштарды пайдаланууну текшерип көзөмөлдөө жана контролдоо ишин жүзөгө ашыруу боюнча иш аракетти камсыз кылуу үчүн пайдаланылган бөлүгүнөн башкасы," деген сөздөр алынып салынсын.
2-берене.
1. Бул Мыйзам расмий жарыяланууга жатат жана 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык союзу жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө келишим күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин;
- ушул Мыйзамдан келип чыгуучу тийиштүү чараларды көрсүн.
Кыргыз Республикасынын
Президенти