Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 29-апрели № 263
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 6-апрелиндеги № 234 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын алдында "Бажы инфраструктурасы" мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө" токтомуна толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдериндеги коллизияларды четтетүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 6-апрелиндеги № 234 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын алдында "Бажы инфраструктурасы" мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүнө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын алдындагы "Бажы инфраструктурасы" мамлекеттик ишканасынын уставында:
14-пункту төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
"- ыйгарым укуктуу органга жана мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга бюджеттин аткарылышы жөнүндө жана финансылык-чарбалык иштердин жыйынтыктары тууралуу отчетторду квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 25ине чейин берүүгө;";
21-пунктунда:
- биринчи абзацындагы "жетекчисинин" деген сөз "жана сунуштардын негизинде мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- төртүнчү абзацындагы "башкы директордун сунушу боюнча ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси" деген сөздөр "ыйгарым укуктуу органдын сунушу менен мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |