КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 29-апрели № 264
"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Н.Мадалиев тарабынан демилге кылынган "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 29-апрелиндеги № 264 токтому менен жактырылган |
"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Н.Мадалиев тарабынан демилгеленген "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып төмөнкүлөрдү билдирет.
Мыйзам долбоорунун 1-беренесине ылайык "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 38-беренесин жаңы редакцияда баяндоо сунушталууда. Сунушталган редакциянын 3-бөлүгүнө ылайык республикалык бюджеттен каржылануучу мамлекеттик мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын, мектептердин, мектептен тышкаркы уюмдардын, балдарга атайын, кошумча билим берүү, өспүрүмдөрдүн, жаштардын, башталгыч кесиптик жана орто кесиптик билим берүү уюмдарынын жетекчилери Кыргыз Республикасынын билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан дайындалат, ал эми жергиликтүү бюджеттен каржыланган уюмдардын жетекчилери мамлекеттик башкаруунун аймактык органдары тарабынан дайындалат.
Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө баш ийген аткаруу бийлигинин органынын ишине тиешелүү болгон кандайдыр бир ченемдерди мыйзам чегинде бекемдөө Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 87-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 11-беренесине каршы келерин белгилейбиз.
Ушуга байланыштуу Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин алтынчы абзацын төмөнкүдөй редакцияда баяндоону сунуштайбыз:
"Мамлекеттик билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин кызмат орундарына дайындоо тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат".
Ушуну менен бирге Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин жетинчи абзацын алып салууну сунуштайбыз.
Жогоруда айтылгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун белгиленген сунуштарды жана сын-пикирлерди эске алуу менен кабыл алууну максатка ылайык деп эсептейт.