Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 13-декабрындагы № 675
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 29-апрели № 266
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Чет өлкөдөгү мекендештер менен байланышуу боюнча кеңешти түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын экономикалык, маданий, социалдык динамикалык өнүгүү маселелери боюнча мамлекет менен мекендештердин ортосунда өз ара аракеттенүүнү чыңдоо жана натыйжалуу кызматташтыкты камсыз кылуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Чет өлкөдөгү мекендештер менен байланышуу боюнча кеңеш түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Чет өлкөдөгү мекендештер менен байланышуу боюнча кеңеш жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу | Дж.К.Оторбаев |
Тиркеме
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Чет өлкөдөгү мекендештер менен байланышуу боюнча кеңеш (мындан ары - Кеңеш) чет өлкөдөгү мекендештердин укуктарын жана кызыкчылыктарын колдоо, коргоо маселелерине карата сунуштамаларды жана сунуштарды иштеп чыгуу жана даярдоо боюнча мекендештердин Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары менен өз ара аракеттенүүсүн чыңдоону камсыз кылган коомдук-консультациялык орган болуп саналат.
2. Кеңеш өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алат жана саясий максатты көздөбөйт.
3. Кеңештин негизги иши:
- мамлекеттик бийликтин органдары, муниципалдык органдар, ошондой эле мекендештердин коомдук (өкмөттүк эмес) уюмдары жана бирикмелери менен өз ара аракеттенүү;
- эл аралык уюмдар жана алардын уставдык органдары менен кызматташуу;
- волонтёрдук ишти колдоо жана өнүктүрүү;
- маданий, социалдык, билим берүү, гуманитардык, диний жана башка багыттардагы долбоорлорду иштеп чыгуу жана колдоо, ошондой эле мекендештерге карата мамлекеттик саясатты өркүндөтүү боюнча сунуштамаларды иштеп чыгуу;
- чет өлкөдөгү мекендештердин жашоо сапатын жогорулатуу, этностук маданиятты сактоо боюнча кыргыз диаспораларынын жана бирикмелердин күч-аракеттерин координациялоо;
- чет өлкөдөгү мекендештердин көйгөйлөрү жөнүндө маалымат алмашуу жана коомдун маалымдуулугун жогорулатуу.
2. Кеңештин негизги максаттары, милдеттери, функциялары жана ишинин принциптери
4. Кеңештин негизги максаты Кыргыз Республикасынын динамикалык экономикалык, маданий жана социалдык өнүгүү, чет өлкөдөгү мекендештердин укуктарын жана кызыкчылыктарын колдоо, коргоо маселелери боюнча мамлекет менен мекендештердин ортосунда өз ара аракеттенүүнү чыңдоо жана натыйжалуу кызматташтыкты камсыз кылуу болуп саналат.
5. Коюлган максаттарга жетүү үчүн Кеңеш төмөнкү милдеттерди аткарат:
- мекендештерди колдоо боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу менен байланышкан негизги маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуштарды киргизүү;
- адамдын жана жарандын мыйзамдарда бекитилген негизги укуктарын жана эркиндиктерин ишке ашыруу маселелери боюнча мекендештерге көмөктөшүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуштарды киргизүү.
6. Кеңеш коюлган милдеттерди чечүү үчүн төмөнкүдөй функцияларды ишке ашырат:
- мамлекеттик органдар жана ЖӨБ органдары үчүн сунуштарды жана сунуштамаларды иштеп чыгуу;
- миграция, анын ичинде эмгек миграциясы маселелери боюнча программалык документтерди аныктоого жана иштеп чыгууга катышуу;
- Кыргыз Республикасынын экономикасына түз чет өлкөлүк инвестицияларды тартууга көмөктөшүү;
- Кеңештин алдына коюлган милдеттерди чечүү жолдорун кароо;
- Кыргыз Республикасынын өнүгүшүнө мекендештердин кошкон салымынын жана катышуусунун ийгиликтүү жүзөгө ашырылган эң мыкты практикалары жөнүндө мекендештерге системалуу түрдө маалымат берүү.
7. Кеңештин ишинин негизги принциптери болуп төмөнкүлөр саналат:
- коомдун алдындагы жоопкерчилик;
- Кеңештин мүчөлөрүнүн тең укуктуулугу;
- мекендештер үчүн ачыктык;
- иштин ачык-айкындуулугу;
- даярдалган чечимдердин негиздүүлүгү;
- чечимдерди даярдоодо жана кабыл алууда коомдук пикирди эске алуу;
- акыркы натыйжага багыт алуу.
3. Кеңештин түзүмү жана курамы
8. Кеңештин курамына төрага, төраганын орун басары, мамлекеттик органдардын 7 өкүлү жана мекендештердин 8 өкүлү кирет.
Кеңештин түзүмү төмөнкүдөй негизде аныкталган:
Кеңештин жалпы жыйыны – негизги жумушчу орган;
Кеңештин катчылыгы – аткаруучу орган.
9. Кеңештин катчылыгынын функциясын Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги аткарат.
10. Кеңештин жалпы жыйынынын курамына төмөнкүлөр кирет:
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри – Кеңештин төрагасы;
социалдык маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри – Кеңештин төрагасынын орун басары;
Кеңештин мүчөлөрү:
мамлекеттик органдар менен макулдашуу боюнча Катчылык тарабынан сунушталган жетекчинин орун басарлары деңгээлиндеги аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү;
чет өлкөдөгү мекендештердин өкүлдөрү:
мекендештердин маселелери менен 3 жылдан кем эмес иш алып барган коммерциялык эмес уюмдар, мекендештердин уюмдары, кыргыз коомчолору, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү (элчиликтери), туруктуу өкүлчүлүктөрү, консулдук мекемелери же Кыргыз Республикасынын визалык пункттары тарабынан сунушталган мекендештер.
Кеңештин курамына киргизүү үчүн дайыма чет өлкөдө турган же башка мамлекеттин жараны болуп эсептелген мекендештердин ичинен талапкерлер коммерциялык эмес уюмдардын, мекендештердин бирикмелеринин, кыргыз коомчолорунун сунуштарынын жана сунуштаган коммерциялык эмес уюм катталган жана уставдык иши жүзөгө ашырылган өлкөдөгү Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн (элчиликтеринин), туруктуу өкүлчүлүктөрүнүн, консулдук мекемелеринин же Кыргыз Республикасынын виза пункттарынын сунуштама-каттарынын негизинде каралат;
Кыргыз Республикасында турган жана Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналган мекендештердин өкүлдөрүнүн ичинен талапкерлер үчүн Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн (элчиликтеринин), туруктуу өкүлчүлүктөрүнүн, консулдук мекемелеринин же Кыргыз Республикасынын виза пункттарынын сунуштама-каттары талап кылынбайт.
11. Кеңештин жеке курамы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
12. Кеңештин курамына киргизүү үчүн арыз жана бардык зарыл болгон документтер Кеңештин катчылыгынын жетекчисинин атына жиберилет.
13. Кеңештин курамынын өзгөрүүсү төмөнкүлөрдүн негизинде болот:
- Кеңештин курамынан чыгууну каалаган Кеңештин мүчөсүнүн арызынын;
- эгерде, Кеңештин курамынан чыгуу, чыгаруу жөнүндө чечим Кеңеш тарабынан кворум болгон учурда (Кеңештин 11 мүчөсү) кабыл алынса жана арыз берүүчүдөн алынган документтердин негизинде Кеңештин катчылыгынын жетекчиси тарабынан катталса.
14. Чет өлкөдөгү мекендештердин ичинен талапкердин Кеңештин мүчөлүгүнө киргизүү жөнүндө арызы төмөнкү документтер менен коштолууга тийиш:
- арыз берүүчүнүн коомдук иши жана кесиптик иш тажрыйбасы толук баяндалган таржымалы;
- талапкерди сунушталган коммерциялык эмес уюмдун, мекендештердин бирикмелеринин, кыргыз коомчулугунун сунуштама каты;
- өкүлдү сунуштаган коммерциялык эмес уюмдун негизги ишинин кыскача баяндамасы;
- Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн (элчилигинен), туруктуу өкүлчүлүгүнүн, консулдук мекемесинин же коммерциялык эмес уюм катталган жана уставдык иши жүзөгө ашырылган өлкөдөгү Кыргыз Республикасынын визалык пунктунун сунуштама каты. Бул кат Кыргыз Республикасында турган жана Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналган мекендештердин өкүлдөрүнө талап кылынбайт.
Талапкерлерди сунуштаган мекендештердин коммерциялык эмес уюму жоюлуу, кайра уюштуруу, банкрот процессинде болбоого тийиш.
15. Кеңештин курамынан чыгаруу жөнүндө чечим төмөнкү шарттардын биринин негизинде Кеңештин катчылыгынын сунуштамасы боюнча Кеңештин чечими менен кабыл алынат:
- Кеңештин мүчөсү тарабынан ушул Жобонун талаптары сакталбаганда;
- Кеңештин мүчөсү тарабынан Кеңештин чечими сакталбаганда;
- Кеңештин мүчөсү тарабынан берилген документтерде камтылган маалыматтардын чындыкка дал келбегендиги аныкталганда;
- Кеңештин жыйынына жүйөлүү себептерсиз 2 жолудан көп катышпаганда.
4. Кеңештин жана Кеңештин мүчөлөрүнүн укуктары жана милдеттери
16. Кеңеш коюлган милдеттерди ишке ашыруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
- өзүнүн жыйындарында Кеңештин милдеттеринин чөйрөсүнө кирген маселелер боюнча мамлекеттик башкаруу органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерин угууга;
- эксперттик баалоолорду ишке ашыруу үчүн мамлекеттик органдардын, башка уюмдардын адистерин жана эксперттерди, анын ичинде чет өлкөлүк эксперттерди белгиленген тартипте тартууга;
- мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тиешелүү сунуштамаларды жана сунуштарды киргизүүгө жана кабыл алууга;
- мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган жана Кеңештин милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды сурап алууга.
17. Кеңештин ар бир мүчөсү жүктөлгөн функцияларын аткаруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
- Кеңештин жыйынынын күн тартибин түзүүгө катышууга жана сунуш киргизүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган интеллектуалдык, материалдык, финансылык жана башка ресурстарды тартууга.
18. Кеңештин ар бир мүчөсү жүктөлгөн функцияларын аткаруу үчүн Кеңештин жыйындарына катышууга милдеттүү.
5. Кеңештин ишин уюштуруу
19. Кеңештин жыйынына Кеңештин мүчөлөрү, чакырылган адамдар, ошондой эле коюлган маселенин чечилишине кызыкдар жана Кеңештин катчылыгында каттоо жол-жобосунан өткөн адамдар катышат.
20. Кеңештин жыйыны зарылдыкка жараша, бирок жарым жылда бир жолудан кем эмес өткөрүлөт.
21. Эгер жыйында Кеңештин 11ден кем эмес мүчөсү, анын ичинде Кеңештин төрагасы катышса Кеңештин жыйыны мыйзамдуу (кворум бар) деп эсептелет.
22. Кеңештин чет өлкөдөгү мекендештерден турган мүчөлөрүнүн жыйындарга катышуусу теле жана видео коммуникациялардын он-лайн режими аркылуу алыстан ишке ашырылышы мүмкүн.
23. Кеңештин ишин уюштуруучулук-методикалык жана техникалык камсыз кылуу Кеңештин катчылыгы тарабынан ишке ашырылат.
24. Кеңештин кезексиз жыйыны Кеңештин төрагасы, Кеңештин катчылыгы же Кеңештин төрагасы менен макулдашуу боюнча Кеңештин мүчөлөрүнүн бири тарабынан демилгелениши мүмкүн.
25. Кеңештин мүчөлөрүнө Кеңештин жыйынын чакыруу жөнүндө аны өткөргөнгө чейин 20 календардык күндөн кечиктирбестен күн тартибин, ошондой эле жыйын өткөрүлүүчү убакытты жана жерди көрсөтүү менен кат жүзүндө кабарланат.
6. Кеңештин чечимдери жана алардын аткарылышына мониторинг жүргүзүү
26. Кеңештин чечими Кеңештин жыйынынын протоколу менен таризделет, Кеңештин төрагасынын жана катчылыгынын жетекчисинин колу коюлат.
27. Кеңештин протоколу Кеңештин катчылыгы тарабынан Кеңештин жыйыны өткөн күндөн тартып 3 иш күндүн ичинде түзүлөт жана Кеңештин мүчөлөрүнүн бекитүүсүнө жиберилет.
28. Кеңештин жыйынында чечим кворум болгон учурда кабыл алынат.
29. Кеңештин сунуштамаларынын жана сунуштарынын аткарылышына мониторинг жүргүзүү Кеңештин катчылыгы тарабынан ишке ашырылат.
30. Сунуштамалар жана/же сунуштар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан 15 иш күндүн ичинде каралууга тийиш.
31. Кеңештин чечими сырттан сурамжылоо жолу аркылуу кабыл алынышы мүмкүн. Сырттан добуш берүү аркылуу (сурамжылоо жолу менен) кабыл алынган Кеңештин чечими, эгерде добуш берүүгө Кеңештин 11 ден кем эмес мүчөсү катышса жарактуу деп эсептелет. Сырттан добуш берүү Кеңештин төрагасы жана Кеңештин катчылыгынын жетекчиси кол койгон сурамжылоо барагын, ошондой эле он - лайн режиминде алыстан добуш берүүнү колдонуу менен жүргүзүлөт.