Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 29-апрели № 267
«Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен бул мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Экономика министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу | Дж.К.Оторбаев |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
1-берене
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 922-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 257-берененин 2-бөлүгүндөгү «Экономикалык Шериктештигин» деген сөздөр «экономикалык союздун» деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. 287-берененин 1-бөлүгүндө:
- он тогузунчу сабындагы «2710111100-2710119000, 2710191100-2710191500, 2710192500-2710192900» деген цифралар тиешесине жараша «2710121100-2710129009, 2710191100-2710191500, 2710192500-2710192900» деген цифралар менен алмаштырылсын;
- жыйырма биринчи сабындагы «2710193100-2710194900» деген цифралар «2710193100-2710194800, 2710201100-2710201900» деген цифралар менен алмаштырылсын;
- жыйырма экинчи сабындагы «2710195100- 2710196900» деген цифралар «2710195100-2710196809, 2710203101-2710203909» деген цифралар менен алмаштырылсын;
- жыйырма үчүнчү сабындагы «2709001000, 2710197100-2710199900» деген цифралар «2709001001, 2709001009, 2710197100-2710199800» деген цифралар менен алмаштырылсын;
- жыйырма төртүнчү сабындагы «2709009000» деген цифралар «2709009001-2709009009» деген цифралар менен алмаштырылсын.
2-берене
Ушул Мыйзам 2015-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Ушул Мыйзам жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
Кыргыз Республикасынын
Президенти