Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 30-апрели № 268
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана мамлекеттик эмес карызы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана мамлекеттик эмес карызы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри жана Кыргыз Республикасынын Финансы министри бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү болуп дайындалышсын.
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу | Дж.К.Оторбаев |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана мамлекеттик эмес карызы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" гезити, 2001-жылдын 28-сентябры, № 71) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
8-статьянын 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Мамлекеттик тышкы зайымды алуу жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан өзүнүн ыйгарым укуктарынын чектеринде кабыл алынат.
Кыргыз Республикасына кредиттерди берүү боюнча эл аралык келишим болуп саналган келишим эл аралык мамилелер чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык ратификацияланууга тийиш.
Кыргыз Республикасына кредиттерди берүү боюнча эл аралык келишим болуп саналбаган келишим Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен бекитилет.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Президенти