Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 6-майы № 272
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Электрондук башкаруу борборун уюштуруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине электрондук башкарууну талаптагыдай жана натыйжалуу киргизүү максатында, "Маалыматташтыруу жөнүндө", "Электрондук документ жана электрондук цифралык колтамга жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 21-январындагы № 11 Жарлыгы менен бекитилген, 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясын эске алып, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алуу менен, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Электрондук башкаруу борбору (мындан ары - Борбор) уюштурулсун.
2. Борбор жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- Борборду финансылоо үчүн акча каражатын издеп тапсын;
- "Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын Борборду күтүүгө финансылык каражаттар каралган долбоорун белгиленген тартипте иштеп чыксын жана киргизсин.
4. Борбордун штаттык саны кенже тейлөөчү персоналды эске албаганда 10 штаттык бирдик санында белгиленсин.
5. Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармалыгы Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Абдымомунов көчөсү 207 дареги боюнча жайгашкан Кыргыз Республикасынын Өкмөт үйүнүн имаратында же башка администрациялык имаратта Борборду туруктуу жайгаштыруу үчүн жайды камсыз кылсын.
6. Министрликтер, мамлекеттик комитет, администрациялык ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде Борбордун иши үчүн зарыл болгон маалыматтарды беришсин;
- Борбордун ишине зарыл болгон көмөктөрдү көрсөтүшсүн.
7. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы ушул токтомдон келип чыгуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун үч айлык мөөнөттө белгиленген тартипте киргизишсин.
8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-июнундагы № 310 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча кеңеш жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1-пункттун үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча кеңеш жөнүндө жободо:
- 6-пункт төмөнкү мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:
"- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Электрондук башкаруу борборунун директорун дайындоо жана бошотуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча кеңеш аныктаган тартипте сунуштарды киргизүүгө;";
- 10-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча кеңештин катчылыгы - Электрондук башкаруунун мамлекеттик борбору" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Электрондук башкаруу борбору" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча кеңештин башкаруу схемасында:
- "МКТ боюнча кеңештин катчылыгы - Электрондук башкаруу мамлекеттик борбору (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары - Электрондук башкаруу мамлекеттик борборунун жетекчиси - МКТ боюнча кеңештин жооптуу катчысы, маалыматташтыруу боюнча мамлекеттик жетекчи)" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Электрондук башкаруу борбору" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын бөлүмдөрү" позициясы күчүн жоготту деп таанылсын.
9. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
10. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |